ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

АКШ

СУТКАДА 25 СААТ БОЛОБУ?



Гарварддык окумуштуулар түнгө караганда күндүн узактыгы акырындык менен өсүп баратканын билдиришет. Буга климаттын глобалдык түрдө жылып башташы, мөңгүлөрдүн эриши, деңиз деңгээлинин өзгөрүшү себеп.
Адистердин айтымында, эриген муздардын аянттарынын кыскарышы Жер планетасынын айлануусуна терс таасирин тийгизип, температуралык өзгөрүүлөргө алып келет. Күндүн узарышынан улам 200 жылдан кийин Жер планетасындагы бир сутка 25 саатка узарат деп билдиришет. Планетада суунун көбөйүшүнө байланыштуу Жердин айлануусу акырындайт.

Индонезия

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН 102 КИШИ КУРМАН БОЛДУ



Күчү 6,5 баллга жеткен кырсык 7-декабрда Аче аймагында катталып, ондогон имараттар кыйраган. Курман болгондордун саны 102, алардын 7өө жаш балдар. Ошондой эле 700дөн ашуун адамдын акыбалы оор. Зилзала Пидиджия провинциясынын кыйрашына алып келген. Мечиттер кыйрап, ооруканалар жабыркаган адамдарга жык толду. Аймактын тургундары үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Индонезиянын метеорология борбору цунами коркунучу жок экенин билдирди. Индонезия Тынч океандын "вулкан шакегинде" жайгашкандыктан, жер титирөө көп катталат.

АКШ

"FACEBOOK", "MICROSOFT", "TWITTER" ЖАНА "YOUTUBE" КОМПАНИЯЛАРЫ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШӨТ



Интернет айдыңында иштеген "Facebook", "Microsoft", "Twitter" жана "YouTube" компаниялары өздөрүнүн веб-сайттарында экстремисттик сүрөт жана видеолордун жайылып кетишине бөгөт коюу максатында кызматташууну чечишти.
Ал үчүн "виртуалдык бармак издери" деген атайын база түзүүнү пландаштырууда. Бул базанын жардамы менен алар сайтка радикалдуу, үрөй учурган сүрөт жана видеоматериалдарды жүктөө процессин көзөмөлдөй алат. Жана колдонуучулар тарабынан жайыла электен мурун сайт баракчасынан өчүрө алышат. Максаты – браузердеги контентте колдонуучулардын терроризмге тиешелүү маалыматтарды жайылтуусуна жол бербөө. Эгерде бул тууралуу билдирме келсе, дароо эле ага каршы иш-аракеттер жасалат.
Бул аракет 2017-жылдан тартып өз ишин баштайт. Аталган төрт компания бул жаатта тыгыз кызматташуу чечимине Европалык биримдиктин кысымынан кийин келген. Мындан жарым жыл мурда "Facebook", "Microsoft", "Twitter" жана "YouTube" 24 сааттын ичинде улутчулдук жана кастык мазмунундагы пикирлерди өчүрүү милдетин моюнуна алышкан.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
14.12.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Деги Кыргызстанда интернет Качан онолот.
15.12.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы кылышат, торт компания абдан сонун чечимге келип жатыптыр, ийгилик. Жер титироо жаман болуптур, кудай озу сактасын.
20.12.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч качан интернет онолбойт...
20.12.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким озун ондогондо баары онолот буйурса баардык жакшылыктар алдыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо