САЙКАЛ КОНЦЕРТИНДЕ БААРЫН ЖАШЫТТЫ...

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Концерттин датасы – 1-декабрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:30 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 105 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Алып баруучулар – Нурзат Токтосунова, Чыңгыз Мырзаев
Билет баасы – 400-600 сом
Мыкты номер – Сайкалдын Назбек Кенчинбаев менен биргеликте черткен күүсү, "Алымканды" жандуу үн менен созолонткону

Сайкал Садыбакасова сахна босогосун аттаганына быйыл 15 жыл болгонун белгилеп, алгачкы тушоо кесүү концертин берди. Концерттерден калбаган жаным кеч киргенде мен да Спорт Ордосун көздөй бет алдым. Залга кирсем эл көп, арасында жаш-кары, жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап там-туң баскан балага чейин бар экен. Ыйлап энесинин эсин оодарып жаткан наристеге карап биз, кыргыздар, концерт көрүү маданиятын үйрөнө элекпиз дедим. Даңкылдаган музыкадан жаш бала ырахат албай эле жү­рө­гү түшүп ыйлайт да. Кеченин жү­рү­шүнө келсек, сахна жасалгасында кынтык жок, Сайкал мыкты даярданыптыр. Сахнадагы чоң экрандардан ырчынын секелек кезиндеги сүрөттөрүн, видеолорун көрсөткөнү кызыктуу болду. Түрдүү аспаптарда ойногон музыканттар, ар бир ырды коштогон бийчилер концерттин көркүн ачышты. Кемчиликтер да көрүнүп жатты. Өтө көп бийчилер тар сахнага батпай, өздөрүнө ыңгайсыздык жаралып жатканы одоно байкалып турду. Микрофон жетпей, алпаруучулар Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев биринен-бири микрофон күткөн учурлар, сахнага же алпаруучулар, же ырчылар чыкпай күттүргөн абалдар болуп жатты.
Сайкал "Асыл апам" деген ырын ырдап жатканда Гүл­ша­йыр Садыбакасова гүл кө­тө­рүп чыгып, кызына арнаган ырын окуп берип залдагыларды жашытты. Элди көрүп Сайкал кошо жашып, айтор, көпчүлүк сезимтал айымдардын көзүнө жаш тегеренип кеткенин байкадым. Кечеде Сайкалдын бир тууган иниси Эркин да ырга шыктуу экенин белгилеп англис тилинде ыр созду. Чыгарманын музыкасын эле уктум, сөздөрү угулган жок.
Өзгөчөлүк катары Сайкал ара­кет кылып Назбек Кенчинбаев менен комуз чертип залда отургандардын кол чабуусуна арзыды. Ал эми Токтогул атабыздын "Алымканын" жандуу созгондо көрүүчүлөр кыйкырып-ышкырып жатып калышты. 15 жылда ырчы бир топ эле хит ырларды аткарыптыр, алардын баарын концерттик программасына батыра албай кыйналганбы, попурри ырларды көп камдаптыр. Ырчыны куттуктап Жийдеш Идири­со­ва, Гүлнара Калдарова, Ай­жа­мал Кабылова, Чолпонай, Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип, Казакстандан ырчы Индира Елемес келип ыр сунуп, каалоо-тилектерин айтып кетишти. Кечигип башталган концертте антракт болбоду. Чыдабай кеттиби, артымда отурган жаш кыз курбусуна "бул жүрүштө концерт азыр бүтпөйт, жүр эшикке чыгып келели" деп жатканда Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев чыгып "концерт бүттү" деп жар салышты. Концерттин кызыгына кирип алгандар тойбой калгандай болду. Анткени 19:30да башталган концерт саат 21:40та аяктап, көрүүчүлөр "бат эле бүтүп калды" деп сүйлөнүп баратканын кулагым эшитип калды. Биринчи концерт үчүн көзгө түшкөн кемчиликтерге карабай жакшы деген баа берүүгө болот. Сайкал кийинки концертине так программа түзүп, кимден кийин ким ырдаарын, алпаруучулар качан чыгып эмне деп сүйлөөрүн тактап, микрофонду керектүү санда даярдайт деп ойлойм.





Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(34)
14.12.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бышкан ашка сынчы коп
14.12.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушу Толик сынчыны бир корушум барда )))
14.12.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
leilekstan_1987аны баары коргусу келет,
14.12.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
leilekstan_1987,Толикти шоу бизнесте 20 жылдан ашуун жургон Борончу байкебиз ким экенин ащыркыга чейин коро албай журотко. Сен умуттонбой деле койсон болчудай
18.12.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
leilekstan_1987,Толик сынчы Максат болуш керек
14.12.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Толик сынчы кыз деп аттышат беле
14.12.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kansulu,ооба кыз
14.12.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jarkyn_jakta_jasha,анда неге Толик,эркек баланын аты эмеспи
15.12.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Eleko,Толик деген кыздын эмес, бул жон гана псевдоним .
14.12.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы озу кимге окшош? Апасына такыр окшобойт. Атасына окшошпу?
14.12.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сынчыга соз жок
14.12.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толубай сынчы
14.12.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сайкал Гулнара Калдаровага окшош ээ аябай. бирок озу такыр жакпайт.
14.12.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик кыз бала экени жазган стилистикасынан эле билсе болот
14.12.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толик деген бул супер инфонун жааматы эле болуш керек
14.12.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Сайкал алга!!! Уну бар талант бар анан неге чет жактарга конкурстарга катышып Кыргыз элинин атын даназалабайт. Барса жакшы болмок.
14.12.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок дегенде суротун чыгарып коюшса жакшы болот беле
14.12.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Толик сынчы алмашып кеткен окшойт
14.12.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Суроо да Г.Садыбакасова ХХХ ХХХ бар??? Мен да бироолордон уктум.Талап кетмей жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-15 11:02:45
15.12.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
KAPAGAT, кимдир-бирөөнү мазактоого, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
14.12.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал жагат мага
14.12.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кенже апасында чакырып койсо болмок конок катары канткен кундода баккан апам деп айтып калчуу эле...
14.12.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
alik25,чакырса чакыргандыр биз каяктан билебиз... Чакырбадым деп суйлогон жери бардай акыл уйротупсунор да???
Djal1987 түзөттү 2016-12-14 23:25:43
14.12.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кенже апасын да чакырып койсо болмок конок катары канткен кундода баккан апам деп Сайкал озу айтып калчуу элего.
15.12.2016. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал окуп алып, Толикти бир коргум бар деп журсо керек.
16.12.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик сынчы бул жонеле псевдоним да, укмуш сындайт бирок ))))
16.12.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Толик сынчы алмашканго менимче 3,4жыл мурун окуганым эсимде,анда гезиттен окуганмын,кыска нуска бирок ток этер жерлерин жазганкен ..мынанда болсо анча уйкалышпай калыптыр.
Сайкалга ийгилик!
16.12.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал эжеге ийгилик
17.12.2016. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буралып ушу кыз кимге тийет экен ээ?)))
17.12.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бешэнесине жазылган бироо даярданып турса керек да
17.12.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булардын аталары ким озу
17.12.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал мн инисинин атасы ким озу
krem түзөттү 2016-12-17 17:46:10
17.12.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы озун Толубай сынчы сезип алса керек.Бироону сындаш,кемчилигин издеш оной.Сайкалга чыгармачылык ийгилик каалайм.Бактылуу бол.
21.12.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулшайыр эжени сыйлайм ото кучтуу аял заты баарын тушунгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо