Дайыр Исмадияров: «ЖУБАЙЫМ СЕКСУАЛДУУ БОЛСО...»

№386 26-март - 1-апрель, 2010-ж.

Бойдоктор бурчу

Сүйүү ырларын созгондордун арасында жаш ырчы мырза бар. Ал – Өзгөндүн өрт жигити Дайыр Исмадияров. Көпчүлүк кыздар Дайырды корейлерге окшоштуруп сүйүп келишет. Эмесе, кыздар, “Бойдоктор бурчунда” корей эмес, кыргыз жигити Дайыр конокто.

  • Туулган жылы, айы, күнү – 1986-жыл, 16-июль.
  • Туулган жери – Өзгөн району, Мырзаке айылы.
  • Жылдыз белгиси – Бөйөн.
  • Билими – Жогорку. Кыргыз агрардык университетин аяктаган.
  • Хоббиси – Сууда сүзүү, видеомонтаждоо.
  • Материалдык байлыгы – Машинасы, дачасы жана банктагы эсебинде топтогон акчасы бар.
  • “МҮНӨЗҮМ ШАЙЫР, БИРОК КӨК БЕТТИГИМ БАР”
    – Өзүм абдан шайырмын. Ушул мүнөзүм жүзүмдөн да байкалса керек. Кээде капа болуп турсам да, ал нерсе өңүмдөн байкалбайт. Ушундан улам жамандык болгон жерге барсам айрымдар “бул эмне жыргайт?” деп ойлоп калышат болуш керек. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, өтө эркемин, анан көк бетмин. Бирөө менен таарынышып кетсем, эгер көңүлүмдү абдан оорутса, ал адам менен такыр сүйлөшпөй коюшум мүмкүн. Бирок жакындарым менен эмес. Кыскасы, өжөрмүн. Алдыма эмне максат койсом, ага жетмейинче жаным жай албайт.

    “КЫЗДАР КӨЗҮМДҮ ЖАКТЫРЫШАТ”
    – Келбетим боюнча айтсам. Кудай ай, эмне мынча сулуумун дебейминби. Тамаша, албетте. Көчөгө чыгарда күзгү алдында көп деле турбайм. Ашып кетсе 10 мүнөт. Сахнада болсо оозумду, көзүмдү боёбойм. Өзүмдү сексуалдуумун деп эсептейм. Ал эми көпчүлүк кыздар “сенин көзүң...” деп көзүмө арбалышат го. Бирок көзүм өзүмө жакпайт.

    “МУЗЫКА ЖАНА МЕН”
    – Кээде тамашалап, менин атым эле «дай, ыр» деп айтып турат дейм. Кай жерде жүрбөйүн, кыңылдап эле ырдап жүрө берем. Бирок обон жаратып көрө элекмин. Ырчылыкты хобби деп да, кесип деп да атабайм. Кесип дейин десем, музыкалык билимим же дипломум жок. Хобби дейин десем хоббим эмес. Музыка – жөн гана жашоомдун бир бөлүгү. Достор менен той-тамашада отурганда ырдабайм. Кайра алардын мага ырдап берүүсүн өтүнөм.

    “КЫЗДАРДЫН ЭРИНДЕРИН ЖЕЙ ТУРГАН НЕРСЕДЕЙ ЭЛЕСТЕТИП...”
    – Сүйүү мага келе элек. Болгон, бирок тоок сүйүүлөр да. Түнү менен уктабай, ал кыз менен ээрчишип жүргөнүмдү элестетип толкунданып дегендей... Ал эми алгачкы өбүшкөнүм эсимде. Өбүшөт десе эле мен кыздардын эриндерин жей турган нерседей элестетип алган экенмин...
    Достукка бекеммин. Продюсерим Канат Кадыржан – жакын досум. Кыскасы, досторум көп. Анын арасында кыздар да бар. Эгер телефонумдун номерин алмаштырсам, сөзсүз түрдө күйөрман кыздарга кабарлайм. Кызыгы, күйөрман кыздар алгач сүйүүсүн арнап киришет, бирок аягында дос болуп калабыз.

    “БОЛОЧОКТОГУ ЖУБАЙЫМ...”
    – Мага жөпжөнөкөй, өтө арык да эмес, өтө толук да эмес келбеттеги кыздар жагат. Өтө шайыр кыздардан бат тажап кетем. Болочок жубайым биринчи кезекте сексуалдуу болушу керек. Анткени секс үй-бүлөнү бекемдейт да. Кудайдын бергени дечи, бирок 2 кыз, 2 уулдуу болсом дейм.
    Буюрса, Нарындагы концертимден соң түштүктү түрө кыдырып, 12-13-апрелде Ошто, 14-апрелде Мырзакеде концерт бергени жатам. Ким билет, балким, болочок жубайымды концертимден таап калаттырмын.

    Кара көз сулуулар, Дайыр «бир жылдан кийин үйлөнөм» дейт. Өзгөн палоосун басып, көк чайын Дайырга сунгуңуз келсе, Ismadiarov@mail.ru электрондук почтасы аркылуу байланышыңыз.

    Бурул Исмаилова
    star@super.kg


    "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


    Рейтинг: Рейтинг  0 
    Комментарийлер(8)
    29.03.2010. 18:17 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    Азыр ырчылар жаандан кийинки козу карындай болуп кобойуп кетишти.
    29.03.2010. 22:35 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    "Таш ыргытсаң ырчыга тиет" деңизчи?
    31.03.2010. 01:46 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    Aman bol, birok yrdabai ele koichu!!!! Ozundun kesibin menen ele ishte,tynchyraak.
    31.03.2010. 02:58 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    Татынакай жигит экен, ырлары да жаман эмес, анан да ачыктыгы баалоого татыктуу, ийгилик Дайыр!
    31.03.2010. 05:12 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    achyktygy jakshy, birok mentalitetke karap soz suilosok jakshy bolmok, emne ozuna kelse suiloi berbei...
    01.04.2010. 11:48 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    Даайыр байке Нарындагы концертиниз жакшы болду.Сизге ийгилик!
    11.05.2010. 11:12 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    Дайыр сизге ийгилик!Ар дайым кулуп, эле журо беришинизге тилектешмин.Ата энениз жана бир туугандарыныз менен тынч болунуз.Булбулдай болгон унунуз эч качан очпосун!Оштук карындаштарыныздан Гулбурак.
    11.05.2010. 11:29 
    Тайпасы:
    Комментарийлердин саны:
    Катталган:
    01-01-1970
    Соӊку аракети:
    01-01-1970 00:00
    Жынысы:
    Белгисиз
    0
    Дайыр озунуз ыр жазасызбы? Эгерде бул комментрийди окуп калсаныз,мен кээде олтуруп ыр жаып калам, балким ырларым жагып калса,ал ырларга обон жаратсаныз болор беле,ырларым кобунчо суйуу темасында Оштон Гулбурак.Бул номерге кайрылсаныз брлот 0778044703.
    1
    Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
     
    К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
    Супер-Инфо 20 жашта
    Шоу дүйнө
    Маданият
    Саясат
    Иликтөө
    Турмуш
    Крим-инфо
    Спорт
    Эробекет
    Жан дүйнө
    Түркүн дүйнө
    Алтын балалык
    Укуктук кеӊеш
    Илим жана техника
    Ден соолук жана сулуулук
    Психология жана үй-бүлө
    Тиричилик, бизнес
    Ашкана сырлары
    Жылдыз төлгө
    Маалымдама
    Көз караш
    Эмгек жарчысы
    Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
    Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
    Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
    Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
    SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
    p
    Рейтинг@Mail.ru
    Биз социалдык тармактарда:
    Кирүү
    Каттоо