Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЯЛЫН ЖАНА КАЙНАТА-КАЙНЕНЕСИН ӨЛТҮРГӨН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРГӨН

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Сузак районунда 31 жаштагы жаран аялы менен кайната-кайненесин бычактап өлтүрүп, андан кийин үйүнө барып өз жанын кыйган. Бул үрөй учурган окуяга кичинекей балдар да күбө болушкан.

КЫЛМЫШКЕР ҮЧӨӨНҮ ӨЛТҮРҮП, ИЗ ЖАШЫРГАН

Ушул жылдын 6-декабрынан 7сине караган түнү Жалал-Абад облусундагы Сузак
РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге барган оперативдүү-тергөө тобу киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 3 кишинин сөөгүн көрүшкөн. Алар: 1938-жылы туулган үй ээси Токур Рустамов, анын байбичеси 1944-жылы туулган Орунбү Рустамова жана алардын кызы 1987-жылы туулган Рахима Рустамова экендиги аныкталган. Үчөөнүн тең көкүрөк тушуна бычак сайылган жаракаттар болгон. Ал эми бул оор кылмышты жасаган адам изин суутуп кеткен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышты жасаган адам Рахима Рустамованын күйөөсү, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл айылында 1985-жылы туулган, кийин Орусиянын жарандыгын алган Замирбек Ташиев экендиги аныкталган.

"МЕН СИЛЕРДИ ӨЛТҮРГӨНҮ КЕЛДИМ!"

Иликтөөдө белгилүү болгондой, 3 кишини бычактап өлтүргөн Замирбек Ташиев маркум Рахима Рустамованын күйөөсү. Экөө тең мурун Орусияда иштеп жүрүшкөн. 1 жылдай экөө таарынышып жүрүшкөн экен, Рахима Рустамова бул убакта ата-энесинин үйүндө жашап турган. Экөөнүн ортосунда 3 бала бар, Рустамованын мурунку турмушунан да бир кызы бар. Кылмыш болгон убакта үйдө 8 киши, анын бешөө кичинекей балдар болгон. Анын төртөө маркум Рахима Рустамованын балдары болсо, бирөө анын агасынын уулу. Бул балдардын ичинен экөө кандуу окуяга күбө болушкан, калган үчөө уктап жатышкан.
Маркум Рахима Рустамованын окуяга күбө болгон 9 жаштагы кызы өзүнүн өгөй атасы Замирбек Ташиев колуна бычак көтөрүп келип бычактаганын милиция кызматкерлерине айтып берген. Анын айтымына караганда, мас абалдагы өгөй атасы түнкү саат 11 жарым чамасында үйдүн эшигин бузуп кирип келген. Тура калып "эмнеге келдиң?" деген кайненесине "мен силерди өлтүргөнү келдим!" деп Замирбек Ташиев кайненесинин, аялынын жүрөк тушуна бычак урган. Коркуп калган кыз уктап жаткан таятасын ойготкон. Замирбек Ташиев туруп келген 78 жаштагы кайнатасына да жүрөк тушка бычак сайган.
Андан соң үйдөн чыгып кайнатасынын кошунасы 27 жаштагы Болотбек Калбаевдин үйүнө кирип, ага Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасын айдатып алып Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылына барган. Айдоочуга "азыр агамдан акча алып жол киреңди төлөп берем" дейт да, агасына жолугат. Агасына өзү жасаган кылмышын айтып берип, Замирбек Ташиев өзүнө да бычак сайган. Алган жаракатынан улам ал Өзгөн райондук ооруканасына жетпей каза болгон.

"ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЛТҮРГӨНҮ АЗЫРЫНЧА БЕЛГИСИЗ"

Бул кылмыш тууралуу ИИМдин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (2 же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Топтолгон материалдар Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүндө катталып, каза болгон адамдарга карата соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.
Кечээ, 7-декабрда каза болгондордун баары жерге берилди. Балдар коркуп, чочуп калышкан, алар психологиялык жардамга муктаж. Учурда апасынын туугандарынын колунда. Замирбек Ташиевдин эмне үчүн бул кадамга барганы азырынча белгисиз, тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(25)
14.12.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өлдү заман..
14.12.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арак ичбесе мындай болбойт беле
14.12.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кандай жакшы адамдар эле,менин аяш атам, аяш энем,аяш синдим,жаткан жери жайлуу, жайы жаннаттан болсун,бул уй -булоо ото жакшы адамдар эле ,Хадийча аксакалы сен сабыр берсин баарын тегиздеп кетесин дос,биз сени менен дос,классташтарын
14.12.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
билгендер жазгылачы Замир 2005частта контрактник болуп иштегенби ошто
14.12.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
MAKALAK,Россиянын жаранын күч органдары жумушка албаса керек
14.12.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dosym,2005 иштеп айдалып кеткен кийин Россияга кетсе керек да
14.12.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,канчанчы жылкы,фамилия сы кандай.
14.12.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alhamdulillah,Ташиев Замир 85 мандайында алтын тиши бар эле здоровый чон бала эле
15.12.2016. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,Ана-Кызылдан болсо анда ошол Замир тишин билбедим бирок 85жылкы Ташиев Замир жакшы эле бала болчу эмнеге бул ишке барды.
14.12.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне адам олтургон ушунчалык жонокой болуп калганбы? Сени олтуром деп эле олтуруп коюшат, ошол мыкаачылардын адам олтуруп жатканда ою кайда, эмнени ойлоп олтурушот, боору дагы оорубайт экен да жырткычтардын. Жаткан жерлери жайлуу болсун, жакындарына Кудайым сабыр берсин.
18.12.2016. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asylai88,эээ бул балекетти шайтан минип алганда.тооба кылдым.дуа кылып журуш керек туугандар келме келтирип. Бул шайтандын сийдиги арак деген нерсе.
14.12.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичкиликтин азабы да. Мас киши озунун кылып жаткан ишине жооп бере албай калат...
14.12.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичкилик эмне гана кылдырбайт. Мас адам кылып жаткан ишине жооп бере албай калат козу тумандап...
14.12.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайтан кирип алганго.Балдары жетим калбадыбы.Балдарын ойлобойбу кыямат болуп кетсе дагы.
14.12.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул аты очкур арак тубуно жетиптир да.. балдарына кыйын болду байкуштар..
14.12.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой журогум...((( ушундай жинди адамдар эмнеге жаралат экен!
14.12.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул закондун начардыгы го. Тээ илгери кандай катууу кармашчу чет олкодо да мыйзам кучундо. Эмне учун озбекстанда бир да мындай окуя укпайбыз. Оттто отто окунучтуу кимге барып арызданабыз. Ким элек ким болдук жор эле журок оорутаарлык...
15.12.2016. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай мынча мыкаачы болуп баратышат
15.12.2016. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчанын айынан болуптур деп уктум! Бирок...... Деген соз бар эмеспи , миллион акча эмес милярд акча берсен да, бироосун тирилте албайсын! Ото окунучтуу((( балдарына кыйын болду. Тортонун ажалына себеп кер , кыздын акеси экен! Коп суммада акча алып бербей журуп , ошол акесинин айынан аялы менен ажырашып жургон экен. Ал акчаны пешене тери менен, оруссияда, 5,6 жыл иштеп тапкан Замирдин акчасы экен. Ошонун очун алам деп ичип барган го менимче
16.12.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aby_elli, ooba, men da oshol ayildan bolom. ayildagylardam uktum. birinchi al markum ayaldyn agasy zamirdin kop summadagy akchasyn alyp bychaktap koyup Rossiyaga kachyp ketiptir, anan al och algany kelip kaynagasyn tappay koyot, anan ushul ishke barytyr, emi al baaryn bashtap koygon agasy zamirdin ata enesin olturom dep jatyptyr ASTAFURALLAH, ALLA OZU SAKTASYN
15.12.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир туугандар арасында акчасыз эле сый мамиле болгону дурус го.мына эми аягы не болду?
16.12.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tooba...
16.12.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын айынан эмнелер гана болбойт.
18.12.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун ыйман бер баарыбызга
16.01.2017. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жаткан жайларын жаннатан кылсын жакындарына сабыр берсин.Аллах аракты арам кылган.Ошондуктан арак баардык жамандыктын башаты деп бекеринен айтпаган .Бул маркумдардын олумуно куноокор 1-арак чыгарган завод 2-аны саткан.3-аны ичкен баары куноокор.Закон боюнча олтургон куноокор болсо шарият боюнча баары куноокор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо