Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Малика Дина: "МЕН ҮЧҮН ТЫНЧСЫЗДАНГАНДАРГА АЙТАРЫМ, МЕНДЕ БААРЫ ЖАКШЫ"

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Ырчы Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы Малика 5 жашынан ырдап эл көзүндө чоңойду. Турмушка чыгып, эне болгон ырчы алгачкы чыгармачылык кечесин берем деп камынып турат. "Сахнаны, микрофонду аябай сагынып ностальгия болуп жатам" деген коногум бүгүнкү берген маеги менен артынан айтылып келген ушактарга чекит койду көрүнөт.

– Малика, биздин куттуу төргө куш келипсиң. Эне болгон кандай экен? Турмушка чыгардын алдында берген маегиңде жок дегенде 6 балалуу болом деген элең, бул оюңдан кайта элексиңби?
– Рахмат, эне болуу сөз менен айтып бере алгыс өзгөчө сезим экенин билген эмесмин. Төрөтүм аябай оор болуп, кесарево жолу менен төрөп реанимацияда бир канча күн жатып калдым. Кыйналып жатканда акушер врачым келип, "бир жылдан кийин экинчи төрөтүңдө көрүшкөнчө" десе, "жок, болду экинчи төрөбөйм" дегем. Азыр кызымдын кылыктарына эзилип, экинчисин деле пландап, эркек бала да төрөп алсамбы деп ойлоп калдым. Балалуу болгондон кийин апамдын баркын билип, ар бир сөзүн, эмгегин баалап баштадым. Көрсө, эне деген бала үчүн баарына даяр болот турбайбы.

– Аялдарда төрөттөн кийин толуп кетүү коркунучу бар, айрыкча бул сахна адамы үчүн чоң маселе болсо керек?
– Эмнегедир төрөгөндөн кийин арыктап кеткем, болбосо кызым деле жоош болду. Азыр, тескерисинче, кичине толуп калдым. Айрымдар "жакшынакай болуп калыпсың" дешсе, айрымдары "толуп кетипсиң" дешет, баарына жага бербейсиң да. Эне болуп келбетим эле эмес, мүнөзүм да өзгөрдү. Мурункуга салыштырмалуу токтолуп, бирөө сүйлөсө аягына чейин угуп, анан жооп берип калдым. Мурда сүйлөп баштаганда эле жообун берип койчумун. Кызымдын да азыртадан эле кыялы бар, аны көрүп чочулай баштадым, анткени өзүмдүн мүнөзүмдү билем да.

– "Алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи, кыял деле балага ата-энеден өтөт да.
– Ооба, мен өзүм 11 жашка чейин атамдын көчүрмөсү болчумун. Бой жетип баштаганда эле апама окшошуп кеттим окшойт. Азыр туугандар "басканың, сүйлөгөнүң, каткырганың апаң эле" деп калышат. Апам жөнөкөй, башкача адам, мен да ошондой жумшак болгум келет. Бирок атамдын каны күчтүү окшойт, кыялым чорт. А кызымдын кыялын эске албаганда атасынын эле көчүрмөсү. Таенесине аябай жакын, анткени төрөлөрү менен апамдын бооруна жаткан, атын да Айгүн деп таенеси койгон. Кезинде апама "биз чоңойдук, эми турмушка чыгыңыз, өзүңүздүн жашооңузду да жашашыңыз керек" десем укпай койгон. Ошондуктан жаңы турмушка чыкканымда апам жалгыз калды, төрөсөм кыз болобу, уул болобу апама жакын өстүрөм деп ойлой берчүмүн. Азыр Айгүн таенесинин жанында жүрсө көңүлүм тынч болуп, өзүмдүн эне экенимди унутуп деле коём. "Мама" деп артымдан чуркап келсе эстейм, өзүң жаш болсоң кызың бөбөгүңдөй эле болуп калат тура. Бизди бир кучактап сагынычын таратып алып эле апамды издеп жөнөйт. Апам деле таенесинин колунда чоңойгон, таененин тарбиясы башкача болот. Ошондуктан кызым апамдай болсо деп тилек кылам.

– Апаңда Айгүндөн башка да 3 небереси бар эмеспи, таене талашка түшүп кызгануулар болуп жатса керек?
– Албетте, андай учурлар болот. Апам "кичүү кызыңдын кызы ширин болот" деп мени кубантып коёт. Кичинекейлер эле эмес, кээде апамды кызым экөөбүз талашып калабыз. Азыр "мама, папа, дай, эне" деген сөздөрдү окшоштуруп айтып, басып калды.

– Небересин таятасы көрдү беле?
– Таятасы көрө элек, атамдын убактысы өтө аз окшойт, тойго да чакырсам келе алган жок. Балким, шаарда болбой калгандыр. Элдер "атасы менен катышпайт, урушуп кетишкен" деп айтышат экен, андай эмес, сүйлөшүп эле турабыз. Андан сырткары Мээрим (ред. Шайыр Касымалиеванын кызы) эжем менен да жакынмын. Мери Дина эжеме караганда Мээрим эжеме көбүрөөк окшошмун, тиштерибизден көздөрүбүзгө чейин.

– Апасынын эркеси Малика Дина кайын журтка кандай келин экени баарына кызык...
– Турмушка чыга электе кандай эркелеп жашап, кандай жүрсөм кайын журтка барганда деле ошол бойдонмун. Эч кимден "муну жаса" деген катуу сөз уккан жокмун. Бирдеме кылайын десем эле "жөн эле кой, сенден башка келиндер толтура" деп апам (кайненем) келип калат. Жадакалса чай да куйдурбай катуу эле эркелетти. Мен үйдүн улуу келинимин.

– Демек, "Малика турмушка чыгып 15 күндөн кийин эле ажырашып кетти" дегендер ушак кептер экен да.
– Чынын айтсам, боюмда бар кезден бери эле ушак угуп келе жатам. Социалдык тармактардагы баракчама "жолдошуңдун сүрөтүн көрсөт, эмне күйөөсү жок эле төрөп алайын деп чечтиңби?" деп жазгандар болду. Бирөө менен байке катары сүйлөшүп, учурашып койсом же тууганым менен бир жерге тамактанууга кирсем эле жүрдүрүп коюшат. "15 күн жашап ажырашты" дегендерге түшүнбөйм. Үлпөт тойдон кийин кайын журтум менен 2 ай конок тостук. "Күйөөң кайда?" дегендерге анын баскан-турганын сүрөткө тартып көрсөтүп далилдеп жашашым керекпи? Мен үчүн тынчсыздангандарга "сарсанаа болбогула, менде баары жакшы, баары сонун" демекчимин. Апам белек кылган үйдү оңдоп-түзөп жаткандыктан апам менен чогуу жашап жатабыз.

– Бирок Динара эже өткөндө берген маегинде силерди "таарынышып жүрүшөт, жаш үйлөнүп алышты окшойт" деди эле?
– Бир да таарынышпай идеалдуу жашаган үй-бүлө барбы? Аялы-күйөөсү эмес, ата менен баланын, эне менен кыздын деле ортосунда келишпестиктер жаралат го. Биз пендебиз, ар бирибиздин кыялыбыз бар, кээде бизде деле мүнөздөрүбүз келишпей калган учурлар болот. Аялдарда төрөткө чейинки, төрөттөн кийинки депрессия болот эмеспи. Мен төрөттөн кийинки депрессияга аябай катуу кабылдым окшойт.

– Жолдошуңдун кесиби ким экенин билсек болобу?
– Жолдошум жеке иштери менен алек. Эркек кайдан, кантип акча таап келет, анын милдети. Мен анын жумушуна көп деле кийлигише бербейм. Эң негизгиси кызын, мени каржыласа болду. Бош болуп калганда таксист деле болуп кетет. Ак эмгеги менен иштеп акча тапкандын уяты жок.

"Кызымды 2 жашка чейин эмизем дечү элем, бирок 6 айында болбой эле эмчектен чыгып кетти".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Малика Дина: "Кайын журтума өз үйүмдөгүдөй эркелеп жүрдүм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(94)
15.12.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тундук туштук. Дегеле кыргыз келиндер милдеттуу официантка!


Медиа-портал
15.12.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол
15.12.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
админ сураныч Алькамилден да кабар алгылачы
15.12.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilana, саламатсызбы? Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
15.12.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың
15.12.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун! Бактылуу бол...
15.12.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ. Сойку кыздарды коргогон милиция кызматкери жаны жумушка кирген жонундогу билдирмени элдик кабарларга чыгарып койгулачы эрте менен эле жазгам чыкпай жатат.алдын ала рахмат
16.12.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_bala_, саламатсызбы? Суранычыңызды тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
15.12.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика,бактылуу бол! Билбейм эмнеге,но ушу кызды ОБОЖАЮ. Вроде ырларын деле коп укпайм. Но Малика жондо жазылган макалаларды, интервьюларын калтырбай окуйм. Самоочарование
Медиа-портал
15.12.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuosuno silerdin suuk kozunor tiet oshon uchun korsotpoit :))))
16.12.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол
16.12.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол, илгери анча маани бербечумун, сопсонун кыз турбайбы, орду орду менен суйлоп, жонокой, сылык.... Уй булолук бакыт каалайм.
16.12.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Малика бактылуу бол.Ал эми ушак суйлогондор алар тарбиясыздар.Тундук болобу туштук болобу акылдуу тарбиялуу кыздар озунун келиндик милдетин билет а кеебир аткаралбаган женил ойлуу кыздар тундук туштук болуп болуно берет.
16.12.2016. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы таланттын ээси
16.12.2016. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
apam berdi , apam kyldy dep ele maktangan akyly jok kelin boluptur, kaiyn jurtu okusa emne bolot? menin dagy jenem bar apam berdi koidu dei beret, apasy olup kalsa achka kalyshaby dep korkom.
17.12.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nora,Apasy koldoso emnege bolbosun?Uulu bolbogondon kiyin Malikaga beret da,je saga beriw kk bele?
19.12.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nora,колунан келип турган эне, кызына белек кылып берет
16.12.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чын эле апасы уй алып бергенин айтпай эле койбоптур
SUPER.KG видео
16.12.2016. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтолуп соонун болуп калыптырго. Ийгилик. Жолдошун менен бактылуу бол.
16.12.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик калайм.
16.12.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Admin Aziz Muradillaevden interviu algylachy. Raxmat
16.12.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MinuTolik, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
16.12.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
17.12.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Шайыр Касымалиеванын кызы маликага кандай тиешеси бар???? Тушунуксуз мага
17.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuriwka,атасы биринчи шайыр касымалиеваны алып адан бир кызы бар да окшош бирок екообу аябай
17.12.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малика кыз бала болуп атасын ойлоор. бирок шерматовго эми соз жок. жашы келип калса деле далактап эле журот. Кызы Маликаны ойлобойт деле болуш керек. канчалык ойлогону кызынын тоюна келбей койгонунан эле корунуп турат
18.12.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni., балким тойго акчасы жоктур же наркы аялы выбор койгондур
17.12.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
18.12.2016. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика менин вкусумдагы кызго азаматсын
18.12.2016. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыыыынк кыскасы Азаматсыңар
18.12.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол.
19.12.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий Малика жакшына келин болупсун!Апанын атын булгабай мындан да акылылдуу аял бол!Эми атана таарынбай эле койсон болмок...Кантип Динара айым турмушка чыкты экен.Ыраа корбой кетем...Атан журот да мактанып коюп?...
20.12.2016. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу омур сурсон болду МаликаДина.Аман бол!!!
20.12.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!
SUPER.KG видео
20.12.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Беш жаштан бери ырдаса дагы Бир да ырын билбейт экем.
20.12.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
???
21.12.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын сыйлайм
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо