Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-декабрдан 18-декабрга чейин)

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичи жакындарыңыздан көп жолу жардам суроого мажбур болосуз. Күнүмдүк түйшүк менен убара боло бербей, ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз. Жылдыздар ооруп калышыңыз мүмкүн экенин айтышууда.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта бою сизди жагымдуу таанышуулар күтүп турат. Жаңы тапкан досторуңуздун арасында өмүрлүк жарыңыз да болушу мүмкүн. Ошондуктан аларга жакшылап көз чаптырыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул жылдыз белгисинин астында төрөлгөндөр апта ичи жасаган жумушунан өзгөчө ырахат алышат. Ага жараша капчыктары кыйла калыңдашы мүмкүн. Тамак-ашка ууланып калуу коркунучу бар, андыктан сак болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жан дүйнөңүз көңүл ачууну дегдеп, күнүмдүк түйшүктөн алыс качууну каалайсыз. Бирок ал үчүн ишеничтүү достордун курчоосунда болушуңуз зарыл экенин унутпаңыз. Себеби жагымсыз окуяларга кабылып калышыңыз күтүлүүдө.


АРСТАН (23.07-23.08)
Чыдамкайлыкты бул аптада досуңузга айлантыңыз. Сиз ушунчалык көп сыноолорго кабыласыз. Аткарган ишиңиз энергияңызды бүтүндөй жутат. Акырында депрессия менен беттешкиңиз келбесе чыдаңыз, андан башка аргаңыз жок.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Колуңуздан келсе үйдөн чыкпай эс алганыңыз оң. Себеби аптада оору жугузуп алуу коркунучу жогору дешет жылдыздар. Анын үстүнө кайсы ишке урунбаңыз, жыйынтыгы баары бир көңүл толчудай болбойт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жаман адаттарыңыздан арылуу үчүн жакшы апта. Баштаган жумушуңуздун өтөсүнө чыгып, ийгилик кушун колуңузга кондурууга мүмкүн болот. Убактыңызды текке кетирбей, аракетиңизди баштаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Ден соолугуңузга байланыштуу көп жумуштарыңызды токтотуп турууга аргасыз болосуз. Бирок аз убакытта жакындарыңыздын жардамы менен баары мурунку калыбына кайтат. Алыстан жагымдуу кабар угасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өзүңүздү оор жумуш менен кыйнабаңыз, жыйынтыгы жаман аяктайт. Апта ичи тапкан каражаттарыңыздын баары карыздан кутулууга жумшалат. Бирок кошумча киреше табууңуз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көптөн бери айта албай жүргөн сезимдериңизди ашыгыңызга билдирүү үчүн эң ылайыктуу апта. Эгерде сүйүктүүңүз менен көптөн бери мамиле куруп жүрсөңүз, анда баш кошуу үчүн сонун шарттар түзүлөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жетекчилик тарабынан аткарган жумушуңуз үчүн мактоого татыйсыз. Андыктан катылып жаткан фантазияңыздын баарын сыртка чыгарып, кесиптештериңизди таң калтырууга умтулуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
"Аракет кылсаң берекет" накыл кеби сиздин урааныңызга айланышы керек. Себеби апта ичи максатыңызга жетүү үчүн жасаган ар бир аракетиңиздин акыбети сөзсүз кайтат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо