Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“КЫЗ-БУРАК” ЧЫККЫНЧЫЛАРДЫ КАНТИП ЖАЗАЛАЙТ?

№386 26-март - 1-апрель, 2010-ж.

Жылдыздар турмушунан

Атактуу “Кыз-Бурак” тобунда ырдап таанылган Айпери Сыдыкованын топтон эмне себептен кеткени, негизи эле ортодогу чыр-чатак тууралуу маек курдук. Айпери тууралуу сураганыбызда Гүлшайыр Садыбакасова да өз пикирин билдирди.

Айпери Сыдыкова: “КЫЗ-БУРАККА” ЭМЕС,
ӨЗҮМӨ КЫЗМАТ КЫЛГЫМ КЕЛДИ”

– Айпери, саламатсыңбы? “Апакай ак куу” аттуу ырыңа клип тартып жатат деп уктум эле...
– Саламатчылык. Ооба, буюрса, клип тартылып бүттү. Бул менин жеке ырчы катары аткарган ырыма тартылган алгачкы клибим. Аны өзбек режиссёру Тахир Макситов тартты.
– “Апакай ак куудан” башка дагы ыр жаздырдыңбы?
– Ооба, “Таарынба тагдырга”, “Сагындым” аттуу эки ыр жаздырдым.
– “Кыз-Бурак” тобунда ырдагандан жеке ырдоонун айырмасы бар бекен?
– Албетте, айырма бар. Жеке ырчы катары ырдоонун мага эмнеси жакты? Эркиндик. Жөн гана эркиндик эмес, толук эркиндик. Мага бирөө келип “саат мынчага бул жакка барышың керек” деп айтпайт. Ырдагым келсе, барып ырдайм. Эгер жакпаса барбайм. “Муну кыл, тигини аткар” дегендер жок.
– Топтон эмне үчүн кеттиң?
– Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө самаган кыялы болот эмеспи. Менин кыялым – жеке ырчы болуп, атымды таанытуу болчу. Ал эми “Кыз-Буракта” топтун атына иштейсиң. Мен болсо өзүмдүн атыма иштегим келди. 4 жылдын ичинде аталган топтон көптөгөн тажрыйба топтоп, сабак алдым. Бул үчүн Гүлшайыр, Кенже эжелерге рахматымды айтам.
– Топтон кетерде жетекчиси Гүл­шайыр Садыбакасовага себебин эмне деп түшүндүрдүң эле?
– Топтон кетүүнү өзүм көп­төн бери каалап жүргөм. Бирок эмне деген себепти айтарымды билчү эмесмин. Мүмкүн, себебин айтпай иштен кетип калганым менин катачылыгым болгондур. Бирок муну чоң күнөө деп эсептебейм.
– Келишимди бузганың чынбы?
– Биз расмий түрдө келишим түзгөн эмеспиз. Бул сөз оозеки айтылып келчү. Эгер келишим менен иш баштаган болсом мени жумушка албайт эле. Себеби анда мен 17 жашта болчумун. Топко келгенде 5 кыз мени менен чогуу келген. Мисалы, Гүлбахар, Мирана жана башкалар. Баарыбызга оозеки “он жыл иштешиңер керек” деп эле айтылган. Анан да “материалдык жактан бул кызга каражат жумшадык” деп айтышууда. Мен аларга 4 жыл иштеп бердим да. Менин иштеп тапканым кийимиме, бирдигиме, күнүмдүк баскан-турганыма эле жетчү. Баары эле так эсептелди деп ойлойм.
– Билишимче, топтон кеткениңе эки жыл болду. Чыгармачылыкта көбүрөөк тыныгуу кылган жоксуңбу?
– Топтон чыккандан кийин эле өзүнчө ыр жаздырып ырдап чыксам болмок. Даярга тап болуп чыгып алгандай болбоюн деп бир аз тыныгуу жасап, анан кайра нөлдөн баштайын деп Орусияга кетип калгам. Ал жакта ресторандарда ырдап, иштеп жүрдүм. Ошентип, эки жыл өтүп кетти.
– Ырчылык сен үчүн кесиппи же...
– Жок, кесип эмес. Бул мен үчүн хобби. Өзүм үчүн эле ырдап рахат алам. Бийликтеги адамдын креслосун алып коюшу мүмкүн, ал эми адамдагы талантты алып коюуга болбойт. Ошондуктан талантымды эч ким ала албасына ишенип, аны өстүрүүгө даярмын.
– Айпери, сага ийгилик. Алдыга койгон максатың ишке ашсын.


Гүлшайыр Садыбакасова:
“АЙПЕРИДЕЙ ЧЫККЫНЧЫНЫ КЕЧИРБЕЙБИЗ”

– Бир кезде Айпери Сыдыкова деген ысымды эч ким билчү эмес. Биз аны миңдеген кыздын арасынан сууруп чыгып ырчы кылганбыз. Аны таптап, тарбиялап топко кошконбуз. Ага сабак берип, канча каражат кетирдик. Бир кызды ырчы кылыш үчүн акыл каражатың да, акча каражатың да сарпталат. Мисалы, бир кызга вокалдан сабак бериш үчүн бир жылга мугалимге 40 миң сом, сахна маданиятын үйрөтүүгө да 40 миң сом кетет. Андан тышкары бир ыр сөзү, обону менен аз дегенде 12 миң сом турат. Аны аранжировкалоо 8 миң сом, ал эми 1 клип тартуу болбоду дегенде 1000 доллар. Сахна кийимин тиктирүү 20 миң сомду чапчыйт, ал эми 1 эле фотосессия 15 миң сом. Бул саналган сандар сарпталган каражаттын чети эле.
Айпериге 5 ыр жаздырып, клип тарттырганбыз. Жогорудагы сумманы көбөйтсөң канча акча? Ал эми популярдуу кылыш үчүн белгилүү ырчы менен ырдатуунун өзү жок дегенде 500 доллар. Биз Айжамал Кабылованын “жок, ырдабайм, жакпайт бул кызыңдын келбет-мүчөсү” деген каршылыгына карабай дуэт ырдаттык. Айжамал менен ырдаган “Ак куулардын арманы” аттуу ыр бул кызды кандай популярдуу кылган. Анан ушунун баарын ойлоп уялып, бети кызарышы керек го.
Айперинин бул жоругун чыккынчылык деп эсептейм. “Кыз-Бурактын” тарыхында мындай чыккынчы чыккан эмес. Айперидей чыккынчыны кечирбейбиз. Ортодогу түзүлгөн келишимди бузду. Келишим расмий түрдө түзүлгөн. Силерге өзү кол коюп берген келишимдин көчүрмөсүн көрсөтө алам. Миң ырдагысы келсе да, тымызын кетпей батамды алып, уруксат сурап кетсе болот эле го. Кеткенде да унчукпай кеткен. Башында даярдыктарга такыр келбей, 3-4 ай өткөндөн кийин апасы тортун, бир сумка токочун көтөрүп алып “кызымды бир жылга Москвага жөнөтүп жатам. Өзүңүз билесиз, жашоо шартыбыз начар, бир аз каражат таап келсин. Келген соң кайра топтон ишин улантат” дегенинен кийин макул деп жөнөткөнбүз.
Орусиядан келгенден кийин өзүнчө эле ыр жаздырып, аларды радио-телевидениеге тараткан экен. Келишимди бузуп кеткенден кийин да топтун ички жобосу боюнча чоң айып төлөнөт. Сотко берсек материалдык да, моралдык да каражатты төлөп берет. Сотко берүү үчүн тиешелүү кагаз топтолду. Мен каражатты өндүрүп алуу үчүн эмес, мындай жорук башкаларга сабак болушу үчүн да сотко берем.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
29.03.2010. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jash kyzga ochoshup sotko chein berip jindi go.
29.03.2010. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле койсо болмок сотко бербей эле
30.03.2010. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гүлшайыр Садыбакасова айткан сөздөрүң тим эле менин тамырларымды какшатып жиберди. Ооойй.
Айпериге көөөөп асылба. Билем, ал кийин өнүгүп кеткенде бут тозмой дегенден алыс турбайсың да. Адамдык сапат үчүн, чындап ал эгер жамандык кылган болсо, Кудайга кой. Сен көрө албастыкка алдырба, "адам" бол, "адам"!
30.03.2010. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бир чети Айпери деле туура эмес кылыптыр. Чын созду айтып кеткенде жакшы болмок экен. Бирок арк имдин оз эрки да кандай жашаш кандай кылыш, аны жайына койсо деле болмок беле! Бирок суротун карагылачы аябай ачууланып алыптыр. Менимче биз билбеген дагы коп сырлары бар ортолорунда. Же куру намыс.
30.03.2010. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тим эле Айжамал Кабылованар мисс красавица болгонсуп ырдавайм Айперинин келбет мучосу жакпайт деп! Озунордун кыздарынарды крап алгылачы, бир сулуусу жок, и накрашенные страшные и не накрашенные!
Топто иштеп силердин жаман жакшыларынардын барына кубо болгондур, бирок бир да жаман соз айткан жок, а силерчи! уйбулолук проблемасына чейин айтып салгансынар. Эмне кереги бар?
30.03.2010. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде бут тосмой жерибиз бар.Корунуп эле турбайбы бут тосуп жатканы. Бул это чон уят. Айпер алга!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
30.03.2010. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura..Abroyun ketirip emne kilasiz al menen sottoshup..TIm ele koyush kerek..Jek ozu dele зщзгднфквггдглег alishina kozum jetpeit
30.03.2010. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу бул Кыз-Бурак тобунун кыздырга берген тарбиясы баарыбызга белгилуу!!!! Бул Садыбакасовада каяктан мынча акча деп ойлосунар.. Ошол байкуш кыздарды эшектей иштетип акча кылатта!!! Анан болсо уялбай мен ушунча акча кетирдим ушунча кызга деп айтат, акчаны кетиргенинден кийин пайдасы бар да ошого кетиресин!!!! Ошол айылдык кыздарды алдап эле шаардык жашоо менен алардын устундон акча кылат!
30.03.2010. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men birinchi Ak kuulardyn armany degen klipti korgondo, maga Aiperi jakkan Aijamalga karaganda. Birok kiin korunboi ketti. Gulshair eje 2-jyldyn ichinde emnege unchukpai jurdunuz? Yrdap aty chykkandan kiin asyla bashtadynyz, albette sizdin afteritetiniz chon siz emne deseniz sotu da bashkasy da sizdi koldoit. Myndai katuu ekensiz namystansanyz oshondo 2-jyl murda ech kandai Rossiya bizde kelishim bar dep kaira chakyrtysh kerek bolchu. Je bolboso oshondo sotko berishiniz kerek ele.
31.03.2010. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу кишинин айтчу созу, кылчу иши эмес, аша чапкандык го мунун баары. Морально сындыруунун аракети менен гана чектелбестен, акчалай айып да салгысы келгени кадыр алып келбейт го бул эжеге, атын булгап.
31.03.2010. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiperini elge taanytkan Kyz Burak da!
Bilbeym,bul makalany okugandan k-n Aiperiden konulum kalyp kaldy!
31.03.2010. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kozduu shakek jerde jatpait degendei. Aaperi Kyz Buraksyz dele elge taanylmak.
Aijamaldyn Bul kyz menen yrdabaim maga jakpait degenine karaganda toptun arasynda yntymaktyn joktugu korunup turat. Aijamaldyn kantip oozu bardy eken oshentip aitkanga, birge jashap birge jatyp birge yrdap jurgon adamga. Albette oshentip kysym korgozup jakshy yrlardy Aijamalga okshogon kyzdaryna yrdatyp atsa ketpei anan emne kylsyn. Kenje birok erkek kyz.
31.03.2010. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
35- jashtagy Kyz Burak tobu, 30-ga chyga elek kyz menen sottoshkonu uiat elego!!!
Aiperi korkpo sen dele 4-jyl altyndai bolgon ubaktyndy Kyz Burak tobuna arnadyn. Anyn ustuno klipterdi senin ozun uchun tartkan emes da, Kyz Burak tobunun atynan tartylgan klipter.
31.03.2010. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульшайыр эже Айпериге кудай таразаласын деп эле койсо болмок.Уй турмушу жонундо деле билет экен.Озунун кызын Айперинин ордуна коюп коруп.Сотко берип, акылсыздык кылды дедирбей.Дагы да болсо ойлонот деп ойлойм.Ушу жашка бекер келбесе керек.Кыз Бурактын энеси да, ал эми энелер дайым кечиримдуу, айкол болушат
31.03.2010. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гульшайыр эженин коп кыжырын кайнаткан го бул кыз.Экоондо тен куноо Айпери жакшына коштошуп кетсе, Эже да сотко бермек эмес. Оздорунун проблемасы.
31.03.2010. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулшайыр эже, Айперини кылганы топко терс таасирин тийгизбесин деген ою да туура бир жагынан.
01.04.2010. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizilya kantip ters taasirin tigissin. Mumkun Aiperi topton bolunup jalgyz Akkuu bolup uchkusu keldi. Myndai bolo berse ech kim prodyserler menen ishteshpei kalatko. Byltyr Kyz Burak tobu janylanganda dagy bir tatynakai kyz bar bolchu al kyz da korunboi kaldy, kaida ketti oshol kyz kim bilet? Je al dagy 2-jyldan kiin ozuncho yrdap chygyp any da sotko berebi:(
01.04.2010. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sottoshsor elge ele uyat bolosunar
01.04.2010. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmushu oor bollup moskvaga ketken dep jazyptyr bul tuura emes. biroodyn turmushun elge jaryialash.ertenki turmushun emne bolushun ech kim bilbeit.
01.04.2010. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айпери негизинен туура эмес кылып коюптур. Келишимди кармаш керек болчу, же болбосо Гулшайыр эженин да ыраазычылыгын алып чыкканы жакшы эле. Бирок бул жашоодо ар ким озу каалаганына укуктуу. Айпери болсо бираз туура эмес кадам жасап коюптур. А Гулшайыр эже озунун аброюна чон эле доо кетирип алыптыр.
01.04.2010. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulashayir eje mintip jashtarga but tosup kaerge cheyin baram dep oyloysuz??? juzu jok adam ekeninizdi el bilet go...
02.04.2010. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай келишимди бузгандарды жазасын бериш керек
02.04.2010. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин угушумча,Кыз буракта иштеш аябай кыйын экен,кыздарды коп урушат дейт,ошого чыдабаса керек да,бирок Айпери,Айжамалга караганда уну жакшы и сонун ырдайт.Кыз буракты эч ким деле укбай калды го азыр.
03.04.2010. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gruppa "Kyz Burak" mne soovsem ne simpatichen i ya ne slushayu ih pesni.Allllergiya u menya na nih.Stil' u nih kakoi-to ne ponyatnyi.Besvkusiza,da i tol'ko!!!
03.04.2010. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи Кыз бурака кирип жатканда эч ким кыйнабайт да ,бизден ырда же,бизде кал деп.Ар ким оз каалоолору менен келет.Анан алар оздорунун болгон условияларын коюшат.Ошого чыдасак иштейсин ,чыдабасан кетесин деп.Бирок тартип каттуу мен аны билем,ал жагы туура,жаш кыздарды алат,10 жыл контракт боюнча иштешет,10 жыл иштейсин эч ким менен суйлошпойсун,эгер жаш болсон ,10 жылдан кийин деле суйлошконго жетишесин да.Популярдуу болуп,Гульшайыр эженин ишеничине кирсен албетте 10 жылдан кийин озунун батасын
03.04.2010. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамалдын бирөө менен ырдаган шандуу ыры бар экен, эжемдин телефонунда. озбекче-кыргызча, вуаааааххххх сонун ырдаптыр. уну бир башкача жагымдуу тим эле. Назик дагы кучтуу дагы. А Айперини мен тааныбайт экем. БИрок "озум" дегенде кеп жатпайбы. Кыз буракка кирбей эле башынан эле "озу" чыкпайт беле анда.
04.04.2010. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери со вкусом и с голосом!Молодец, дерзай на зло им!Тебя народ поддерживает!
06.04.2010. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SUPER INFO. Emnege Aiperinin klibin Media-Portaldan alyp saldynar? Kaira juktop koigula.
06.04.2010. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne ele menimn Gulshair ejeme asylyp jatasynar,
Gulshair eje jashoodo oto kichi peil kechirimduu aial, birok bir jini kelse toktotush kyiyn, ushundai kattulugunan 35-40 jyldan beri KYZ-BURAK tobu jogolboi kele jatat. Kecheki ele paida bolgon toptor jogolup jatpaiby. Bashka prodyserler 1-2 yrchyny bashkara albai urushup ele jatyshpaiby elelstetsener 4-5 kyzdy bashkargandy.
19.04.2010. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiperinin yrlary kana? media-portalda klibi da, audiodo yry da jok. nege andai kylasynar? juktop koigula,pls. uwudan da bilse bolot da... but tosuunu...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо