Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИР ИРМЕМ...

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бирок сен ал жооп берет деген ойдосуң?
– Ооба.
– Элиза, Айдайдын бул жакка келиши менен сен Эрлан агайыңдан ажырай турганыңды түшүнүп жатасың да, ээ?
– Ооба. Башкысы агай жакшы болуп кетсинчи. Анын бул жерде жүргөнүнө менин жүрөгүм чыдабай жатат. Мейли, ал Айдайы менен болобу же башкасы мененби, негизгиси бактылуу болсо болду.
"Жакшы көргөн адамым эле бактылуу болсун" деген адамдар тууралуу мен чыгармалардан гана окугам. Ал китептер да ХХ кылымда жазылган. Андай адамдар жок го десе, көрсө, бар турбайбы,- Рита Мадиевна Элизаны жылмайып карап койду.
– Элиза, сен үйүңө бара бер. Мен Эрлан менен сүйлөшүп көрөйүнчү. Эгер Айдай байланышка чыкса мага кабарлап кой.

ххх

Эрлан Рита Мадиевна аны чакырып жатканын угуп кыжалат болду. Дарыгер айым ар убак анын талуу жерине тийчү сөздөрдү айтат. Намысына тиет. Рита Мадиевнанын жанына барганда Эрлан өзүн эки ажырым жолдо тургандай эле сезет. Анын бир тарабында Айдайы бар. Аны жакшы көрөт, жашоосун түстүү кылып жаткан ошол кыз. А дарыгер айым болсо Эрланга Айдайынан мурун чыныгы жашоону, ата-энесин тандоону айтат. Мындайда жигиттин башы чыңалып ооруп чыгат. Азыр кыжалат болуп чыкканынын себеби ушул.
– Кир, Эрлан...- Рита Мадиевна бир нерсени чиймелеп жазып жаткан экен, башын көтөрбөй эле кол жаңсады. Жигит анын маңдайына келип отурду.
– Мен дарыларымды ичип жатам. Калтырган жокмун,- жигит актана кетти. Эртерээк эле ушул бөлмөдөн чыгып кетсем дегенде эки көзү төрт.
– Дайым эле качып жүрө берген болбойт,- Рита Мадиевна жазып жатканын токтотпой сүйлөдү.
– Ал эмне дегениңиз?
– Сени чыныгы жашоо менен байланыштырып турган азыр мен элемин да. А сен менден, ошол кадимки жашоодон качкың келет. "Дарыларымды ичтим" дегениң, "мен кете берейинчи" деген эле сөзүң да. Реалдуулуктан кача албайсың.
– Философия башталды...- Эрлан үшкүрүп койду.
А Рита Мадиевна бир жылмайып карап алды:
– Философия эмес, Айдай тууралуу сүйлөшөбүз. Ал кайда?
– Палатада калды.
– Палатада башка эркектер бар го. Сен эмне, Айдайды алардан кызганбайсыңбы?
– Ал мага эле көрүнөт да.
– Жакшы. Жылыш бар. Айдай азыр чынында Сиднейде, ал келе элек. Элиза аны менен байланышыптыр. Абдан сулуу кыз экен дейт. Мен ушуга чейин ал кызды сени ойлоп таап алган деген божомолума көбүрөөк ишенип келгем. Көрсө, ал чыныгы жашоодо бар кыз турбайбы. Аны менен байланышып сүйлөшүүң керек.
– Жок!- Эрландын үнү ызалуу чыкты.
– Эмнеге?
– Айдай азыр менин жанымда. Мага ошол эле жетиштүү...
– Палатадагы жок Айдайбы?
– Ооба.
– Эрлан, билесиңби, мен сени жакшы эле эркелеттим. Мен сени башкача жол менен дарылап коё алмакмын. Күнүгө дарыга сугарып, жөөлүтүп туруп Айдайыңды оңой эле башыңдан тазалап коюуга күчүм жетмек. Билесиңби, эмнеге анткен жокмун? Анткени менин да сендей уулум бар. Алгач сени көргөндө эле уулума окшоштургам. Жалгыз уул болуп эрке чоңоюптурсуң. Чыкыйган сулуу жигит экенсиң. Чын жашооңду бузгум келген жок. Жөн эле сөз менен дарылап коёюн дедим. Анткен сайын сен Айдайыңа чап жабышып калдың. Мени башка жолдорго барууга аргасыз кылба! Өзүңдүн ден соолугуңду эле бузуп аласың! Кыскасы, ошол Айдай азыр Сиднейде, ал Бишкекке келген эмес. А баса, ал сени тааныбайм деп коюптур. Сен аны жакшы көргөнчөлүк ал сени жакшы көрбөйт окшойт. Бара бер!- Рита Мадиевна өктөм сүйлөдү.
Эрландын ындыны өчүп, бөлмөдөн суз чыкты. Жан дүйнөсү алай-дүлөй болуп жатты. Палатага шашып жөнөдү. Айдай жок экен.
– Кана ал? Айдай кана?- өзү менен чогуу жаткандарга кыйкырды. Бирок алар өз дүйнөлөрү менен алпурушуп жүрүшкөн, Эрланга көңүл бөлүшкөн да жок.

ххх

Элиза андан кийин эки күн бою Айдай менен байланышууга аракет кылды. Бирок жыйынтык чыккан жок. Чыдамы кеткенде Эрлан агайын азапка салган Айдайды сөгүп да алды.
Азыр да компьютердин маңдайында маанайы суз отурат. Капыстан ага скайп аркылуу чалуу келди. Айдай экен.
– Саламатсызбы?- Айдай биринчи учурашты.
– Кандайсыз, сизди аябай күттүм эле. Эрлан агайды тааныйсыз да, ээ? Мен ага жакында эле барып келдим...- Элиза шашып оюна келгенди сүйлөп баштады.
– Биз жолуга алабызбы? Мени Эрланга алып барыңызчы?
– А сиз эмне?..
– Ооба, мен Кыргызстанга келдим...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Башка сандарда:
БИР ИРМЕМ (сериал) 722-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 723-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 724-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 725-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 726-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 727-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 728-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 729-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 730-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 731-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 732-сан
БИР ИРМЕМ (сериал) 733-сан
БИР ИРМЕМ... 734-сан
БИР ИРМЕМ... 735-сан
БИР ИРМЕМ... 737-сан
БИР ИРМЕМ… 738-сан
БИР ИРМЕМ... 739-сан
БИР ИРМЕМ… 740-сан
БИР ИРМЕМ… 741-сан
БИР ИРМЕМ… 742-сан
БИР ИРМЕМ… 743-сан
БИР ИРМЕМ… 744-сан
БИР ИРМЕМ... 745-сан
БИР ИРМЕМ... 746-сан
Комментарийлер(39)
14.12.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызыгына келдиго
14.12.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эмне болот экен?
14.12.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
эскиси элего откондо эле окугам
14.12.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эскиси экен
14.12.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эң акыркы
14.12.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгат да ,уйлонот ))))
14.12.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эми кызыгып окуй баштадым эле бутуп калды го дагы бир жума кутуш керек эми
14.12.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче эми жолугат го.
14.12.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э дагы кызыктуу жеринен буттуп калды. Эми дагы бир жума кутуш керек
14.12.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык жеринен бутуросунор да супер... Атайын башталгандан бери эч окубадым эле баардыгын чогуу окуймун деп бутойун деген го?- деп окуса
14.12.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииий эми эмне болот кызыгына келгенде бутуп калдыгоооо. Кааап ушшууууу
14.12.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи болсонор эле муйуз чыктыбы
14.12.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуунун керемети эми башталат окшобойбу...
14.12.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы чыгарма экен
14.12.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына кызыык! Эми эмне болот?
15.12.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы
15.12.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уууу акыркымын дагы хе хе хееее
15.12.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыбырчылап кеттим го
15.12.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал өзүнө келди окшойт. Палатадан таппай калды го.
15.12.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кино кылып тартышса да болот экен.негизи жакшы чыгарма..
16.12.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кино кылып тартса окшошпой калат, андан кору озун окууп кино кылып элестеткенин жакшы
16.12.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азго бугун.
16.12.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми качан чыгат
17.12.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аз го эми Эрлан не болот экен
18.12.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо Эрлан жакшы болуп кетет. Эми Айдайды коруп ал башка менен жашап атканын тушунот. ЭЛИЗА менен турмуш курат менин оюм.
19.12.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тыбырчылап кеттим ..
19.12.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны саны качан чыгат жоко дагы деле
19.12.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbakg91, саламатсызбы? Жаңы сан порталга шаршемби күнү жайгаштырылат, порталга баш багып туруңуз.
19.12.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, emnege sharshembi? Duishonbudo chygat elego?
20.12.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге
20.12.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жаны саны качан чыгат
20.12.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzygul.95, саламатсызбы? Жаңы сан порталга шаршемби күнү жайгаштырылат, порталга баш багып туруңуз.
20.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйшомбу кундору чыгарса болбойбу? :-(
20.12.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге интернетке кеч чыгып жатат жаны саны?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо