"КЫШ, ЭМИ СЕНИ ЖАМАН КӨРБӨЙМ"

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

Кичинемден эле негедир кышты жаман көрөм. Шаарга келип студент болгондо да кышты жек көргөнүм өзгөрүп кеткен жок. Шаардын көчөлөрүндөгү көк жалтаң музу менин оюмду бекемдегендей эле болду. Эшикке чыксаң бири-бири менен шайыр-шаңдуу бет карашып сүйлөшкөн адамдарды көрбөйсүң. Кабактары түйүлө, сууктан бүт денесин тырыштыра бүкүрөйүп аярлай басышат. Коомдук транспортко түшсөң үйүңө жеткенче Кудайлап барасың, кайсы убакта дөңгөлөгү тайгаланып омкорулуп калар экенбиз деп.
Канчалык мен кышты жаман көргөн сайын ошончолук ушул мезгил мага эрте келгендей туюла берет. Студенттик доор бүтүп, эми жумуштун түбүнө түшчүдөй болуп жүрөм. Айланада болсо кайра эле кыш. Жумушум кеч бүтөт, анын үстүнө кечкисин жол тыгында үйгө жетиш дагы кошумча убакытты алат. Аялдамадан түшүп, эки тарабы бак-дарактар менен курчалган тротуар менен жөнөдүм. Кечки саат 10го чукулдап калыптыр, адамдардын ары-бери басканы токтоп, мен эле калгандай сезилди. Дагы деле кар жаап жатат, ар бир кадамымды аяр таштаган сайын тайгаланып эгер бирөө жарым көз салып байкап турса күлкүлүү эле көрүнсөм керек, сербелеңдеп. Жакшы эле басып бараткам, бир маалда кандай учуп кеткенимди байкабай калдым. Эки бутум асманга көтөрүлө жерге күп эле дей түштүм. Көзүмдөн жылдызыбы, чымчыгыбы, айтор, баары кошулуп учкандай болду. Жата бердим, кыймылдагым келген жок, өзүмө-өзүм ызалана буулугуп чыктым.
– Чоң кыз, эч нерсеңиз сынган жокпу? Катуу жыгылдыңыз да, абайлабайт белеңиз?- жаныма келген киши колуман тартты. Араң турган жаным:
– Эмне ишиңиз бар, жыгылгым келди, жыгылдым! Өз жолуңуз менен кете бериңиз!- деп бурк эттим.
– Мен жакшылык эле кааладым. Эмне, мен түртүп ийдимби сени?!
– Байке, кете бериңиз дейм, менден башка жумушуңуз жокпу?!

Киши дегеним жаш жигит эле экен, мени таңыркай карап, же ачууланарын билбей, же күлөрүн билбей бир аз турду да карды кыртылдата басып кетти. Айлана тыптынч эле, бетиме жумшак жааган кар мени сооротконсуп жаным жай ала түштү. Бет маңдайымда ажайып сулуулук турган. Бактардын бутактары кардан "артист көйнөк" кийгендей жылтылдашат тим эле, алардан жогорураакта анда-санда жымыңдаган жылдыздар, ай да толуп калыптыр, не деген сулуулук... Кырт-кырт-кырт... Тынчтыкты бузган үн. Мен карап турган сулуулукту тосуп алды караан, дагы каткырып коёт.
– Чоң кыз, ушинтип жата бересиңби? Тур, суук тиет.
– Тоспочу маңдайымды, сулуулуктун баарын жаап салдың,- маанайым ачылып калгангабы, урушкум келген жок.
– Сулуулукту?!- жогору караган ал бир саамга унчукпай турду да анан менин катарыма жата кетти. – Чын эле, керемет экен, э?
– Ооба, мен кышкысын ушундай сулуулук болорун билбептирмин. Мындай кереметти көрүш үчүн сөзсүз жыгылыш керек окшобойбу, ха-ха...
– Ар бир мезгилдин өзүнчө сулуулугу болот да, бирок биз көп учурда байкай бербейбиз.
– Балким. Негизгиси азыр эс ала түштүм. Эртеңкини көрө жатарбыз.
Ордунан шарт турган жигит мага кол сунду.
– Жүрү, сени узатып коёюн. Менин атым Айдар.
– Меники Асел. Рахмат, кайрылып келгениңе.
– Биринчи жообуңду укканда аябай жиним келген, сооп болуптур жыгылганы депчи... Анан кайра боорум ооруп кетти.
– Сооп болуптур дечи, ха-ха...
– Асел, телефонуңду бересиңби?
– Макул. 0555 ...
– Жаздым. Ушинтип бир сураганда эле берип коёсуңбу?
– Кыздар эмес, ушу эркектер өзүңөр бир кызыктай жансыңар да. Бербесең "эмне бааланып жатасың?" дейсиңер, берсең "оңой эле берип койдуң" дейсиңер. Деги эмне керек силерге?!
– Тамашалап койдум, таарынбасаң... Сен мага жактың.
– Бир көргөндө элеби, ха-ха...
Эки караан ушинтип божураша узап баратты. Кырт-кырт-кырт...
Баса, мен ушул кышта бактымды таптым. Бактылуумун! Кыш, мен эми сени жаман көрбөйм...

Асел


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(36)
14.12.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен да кышты ото суйом, мен негизи бут бардык мезгилди суйом. Кышында жаны жыл бар учунбу, кандайдыр бир сыйкырдуу нерсе боло тургандай эле отуп кетет тим эле жакшынакай бойдон. Кышты жаман коргондорго дайым айтам, татынакай, жылуу, озунорго жаккан жана жарашкан кийимди кийип алсанар эч кайсы кубулуш конулду буза албайт деп. Аллахка шугур, бизге бир жыл ичинде ар турдуу мезгилдерди ар кандай муноздо тузуп берип койгонуна. Жашоо керемет, туугандар, жон эле жыргап жашагыла.
14.12.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда жолдошумду кышта 2-январда таанышып 7-январда биринчи свиданиеге баргам. Арадан уч жыл откон сон 9-январда уйлондук. Бирок кыш вообще жакбайт мага. Жай болуп жука кийинип эле журо берсек. Калготка кийсем эле жудой берем кычыштыра берет))))) шуба дубленка кийсем устумо журкан оронуп алгандай сезем. Шапка кийсем башым кычыша берет)))) кароче кышында кычышып чыгып кетем. Озум шаарда коп кабатуу уйдо турам ойлобогула кышы менен жуунбайт экен деп. Просто жакбайм журогум сыгыла берет кышында.
04.10.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,боорум эзилгиче кулдумгоо катыра жазыпсынар.))
14.12.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
соонун экенгоо .бирок кар жаап жатып жылдыз мн айдын толгонун коро калганы кызык
14.12.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен жаман кором кышты
14.12.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stervella415,боорум эзилип калды
14.12.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда жолдошума кышта жолуккам тойдо аябай ушугонбуз туугандарда биздин тойду эстегенде ушугонбуз деп калышат азыр ойлой берем жазда тийем десем не болмок деп
14.12.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп апамдардын тойу кышта болот окшойт деп ойлоп калдым. Же жалан тойу кышта болгондор комент калтырып сатабызбы билбейм. Менин тойум да кышта. Акемдин тойу да кышта болду. Атам айтмакчы, атамын балдарынын гулдору кышта ачылат экен ха ха калгандарыны кудай сактасын суукта тойдо экинчи кызмат кылгым келбейле калды, акемдин тойунан кийин Бир жума оруп жаттым го. Оо кудайым синдилерим менен инимдин тойлору жылуу эле мезгилде болушунуз насип эт. Ошентсе да кышта суйом башка мезгилге Караганда себеби
14.12.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби, сонун да ишине барып келип ысык печте тамак чай кылып отурсан. Кышкысын айылда иш аз, ошого да жакшы корсом керек. Каталары кетип калды жогорудагы смсте кечиргиле. Мен тура эле жазгам озгоруп кетип калыптыр
14.12.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кыш мезгилин абдан жакшы кором :)
15.12.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун
15.12.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кыш мезгили дегенде балачагымды эстейм. Айылда мектептен ушуп ойноп, суу болуп келсем печкада буркурап чай кайнап, тамак бышып, мээримдуу апакем жылуу тосуп алчу... Балалык кундорго кайра кетким келет эх...
15.12.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы кышты жаман кором. Менин тоюм да кычыраган кышта болгон. Жолдошум кышта кастюмчан мен койноктун устунон накетка жамынып бир кун кечке закста жургон элек. Азыр эстесем кулобуз. Суйунун кучу керемет экен эле деп. Бизди коргондор тан калышкан.
15.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кышты Жакшы кором....ызы чуу..тайгак ...модуль. .сессия. ..анан туулган кунум....пфф..
15.12.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага кыш аябай жагат неге дегенде азарт бирдемем бар.. кекиликке кылтак коймой ..ансыз туралбайм алкаш немедей кыскасы жан алгычмын
15.12.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыш соонунда.түн узун көбүрөөк уктайсын
15.12.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыштын суугу жакпайт мага суукка жокмун. А кар жаап атканда жылуу болот го. Ошонусу жагат.
15.12.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козумдон жылдызыбы,чымчыгыбы, айтор, баары кошулуп учкандай болду... Деген жери жакты
16.12.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушугондо таарынып алам кышка.
16.12.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жаман кором кышты суукту ииий тонгонду.(мас болуп кышта суукта калып кеткемда )))
16.12.2016. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да куйом мн кышта танышкам. Туулган кунум кышта. Ошентсе деле кышты коп жактыра бербейм. Ушукчулмум.
16.12.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бала чагымда кыш сонун болчу,кар калын жаап,каналга муз калын тончу,анан биз хоккейдин чон атасын таанытчубуз,чана менен дондон ылдый жылгаяк тепчубуз,азыр андай кар да жок..
16.12.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго бактылуу бол ушундай дайыма.
16.12.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун окуя экен
16.12.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышты менда жаман кором. Себеби кыш:суук, ушуйсун, калын кийинип жудойсун, маршрутка,автобуска батпайсын. Айрыкча Россиянын суугу эстен кетпейт. Студент мезгилим Россиянын бир шаарындада откон. Кышкы сессияда Ольга Сергеевна деген эжей жакшы эле жооп берсем 4 коюп койгон, мындан улам аны менен адилетсиз койгон баасы учун каяша суйлоп абдан урушуп кеткем. Ошондон кийин туура бир Айдан кийин, кыш, тайгалак. Эртелеп сабакка жыгылып, тайып кетип атсам, алдымда шыпылдап басып Ольга Сергеевна отту з
16.12.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
" Ольга Сергеевна,здравствуйте, можно" деп созум бутпой, чап кенедей жабышып бекем колтуктап алдым. Кетип атабыз, мен тайып коем, ал колун чыгара албай суйлонот,сенда олуп кетсин деп бекем колтуктап алгам. " Вы что отпустите, сейчас студенты увидят,мне не удобно"- деп суйлонуп коет. Ошентип факультетке жеткенде"спасибо" дедимда кирип кеттим. Курсташтарыма айтып берсем боорлору эзилип кулушкон.Карагылачы бул кыш деген кээде, ушундай адамды подводить.
16.12.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада кыш аябай жагат.Бирок эле кобуроок сыркоолоп калам.
17.12.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба мен кышты жакшы кором анткени кышта бактымды тапай куздо тапкам
18.12.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кышты жаман кором. Мына мынтип суйгонумдон кол узгон сон туура эки кыш отуп жатат а мен дагы деле жалгызмын... эээх кычырага кыш жадыраган жайдагы суйуумду алып кетти
18.12.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун окуя екен
23.12.2016. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх..кышында кыздардын койнуна кар тыгып ойногон жагатго мага ...
16.03.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир мезгилди корууну насип кылган Аллаhка мин мертебе шугур!Кышта ушугон эле жакпайт да,и айылда от жаккан да жакпайт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо