Эрлан Андашев, ырчы: "КЫРГЫЗ БАР ЖЕРДЕ ТОЙ БАР, НЬЮ-ЙОРК МЕНЕН ЧИКАГОГО ТОЙЛОРГО КӨП БАРАМ"

№736 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж

"Сүйүп калдым, кантейин?", "Сагындырба" деген ырлар эсиңизде болсо керек. Ал чыгармаларды аткарган ырчы Эрлан Андашев АКШнын Огайо штатында жашап-иштеп жатканына 4 жылга чукул убакыт өттү. Андан бери ырчынын жашоосунда эмне өзгөрдү, мындан ары эмнелерди күтөбүз?..

– Салам, Эрлан. Эл-жериңизден алыс, океандын ары жагында жашап-иштеп жүрүп, жакынкы күндөрү чыгармачылыкка билек түрө киришкениңизди билдирдиңиз...
– Салам. Ооба, жакында эле Элмирбек Иманалиев агабызга таандык "Жалгыздык" деген чыгарманы жаңылап ырдап, ага Нью-Йорк шаарында клип тартууга жетиштик. Буюрса, клип жаңы жылга жакын элге тартууланат деп турам. Бул ырды мурдатан эле жактырып ырдап жүрчүмүн. Андан тышкары "Сүйбөс болдум" деген аталыштагы дагы бир чыгарманын үстүнөн иштеп жаткан кезим.
Бул жакка келгениме 4 жыл болуп калды, ошол аралыкта бир дагы ыр жаздырган жокмун. Анан кыргыз бар жерде той да бар экен (күлүп), бул жакта деле кыргыз туугандардын жакшылык, тойлоруна чакырылып ырдап жүрөм. Нью-Йоркто, Чикагодо тойлор көп болот, Таласка, Караколго барып ырдап келгендей эле каттап калдык. "Сүйүп калдым, кантейин?", "Сагындырба" деген ырларымды ырдай берип акырында өзүм уялып бүттүм. Тойго барсам да башка эле орусча, англисче ырлардан ырдап койчу элем. Жаңы ырларды тойлор үчүн жаздырып жатам дегенден деле алысмын, 10 жылдап ушул жаатта билим алып, аздыр-көптүр бул тармакта иштеп калган соң таптакыр таштап койгон болбойт го.

– Албетте, АКШда ыр жаздырууда сапаты жактан да, акысы жактан да чоң айырма болсо керек.
– Орусиялык атактуу ырчылар Кристина Орбакайте, Авраам Руссо үн жаздырган студиядан жаздырдык. Ооба, акысы жактан алда канча эле кымбат болот экен, ошентсе да өзүңө жаккан иш менен алектенүү ар дайым ырахат тартуулайт эмеспи. Сапаты да сонун. Үндү абдан тунук берет, өзгөрбөйт, чоюлбайт, кысылбайт. Ал эми аранжировкасын Кыргызстандан Азамат Такырбашев жасады.

– Бөтөн элдин жашоо шартына, баалуулуктарына, өзгөчөлүктөрүнө көнүп калган чыгарсыздар?
– Ооба, көндүк. Антип-минтип документтерибизди жайына келтирип, бир нукка түшкүчө эле жылдар өтүп кетти. Азыр баары жакшы, орун-очок алып отурукташып калдык. Буюрса, жакында бул жактан үй алалы деп турабыз. Кызыбыз Раяна ушул күнгө чейин чоң апасы менен Кыргызстанда болчу, жакында АКШга келип калат деп чыдамсыздык менен күтүп турган чагыбыз. Бул жакта балдарга абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Мектепке балдар 5 жашынан баргандыктан Раяна келсе эле мектеп босогосун аттайт.
Андан тышкары Кыргызстандагыга караганда жашоо ыргагыбыз да өзгөрдү десем болот. Бир да мүнөттү текке кетиргиң келбейт, ар дайым бир нерсе менен алек болуп туруу керек. Мисалы, бош убактыбызда залга барып ден соолукка кам көрүп турабыз. Адамдарга болгон ишеним күч алды. Ишенчээк болуп, өзүм да айткан сөзүмө турганга көндүм. Анткени бул жактагылар айткан сөзүнө турат, алдабайт жана мыйзамга баш ийишет.

– Ал жакта эмне менен алектенип жатасыздар?
– Келинчегим Перизат окуп жатат. "Убактыңды, күчүңдү, энергияңды окууга гана жумша" дегем, анткени анын билим алып жакшы бир кесиптин ээси катары иш тапканга эрки жетет, а менин андайга эрким жетпейт экен. Өзүм келгенден бери эле бир кафеде музыкант болуп иштеп келем, андан тышкары азыр жүк ташуучу унаа айдап алыскы жолдорго чыгып жатам. Мурда андай унааларды көргөндө сүрүнөн, чоңдугунан эле чочулап, "унаалардын узундугу эле 22 метрди түзсө кантип айдашат?" деп таң кала берчүмүн. Адам баласы үйрөнсө баары эле колунан келет экен. Окуп, үйрөнүп айдоочунун күбөлүгүн алгам. Бул жакта мендей болуп алыскы каттамдарга жүк ташуучу машиналарды айдаган кыргыздар көп. Анан да бул иш өтө оор деле эмес. Мындан бир канча жылдар мурун ушинтип унаа айдайм деп ойлогон эмес экенмин. Чыгармачыл адамга өз алдыңча ойлонгонго алыскы жолго чыккан деле жакшы экен.

– Алыс жолдо жүргөн айдоочуларга атайын шарттар каралып, жолдору да абдан жакшы болсо керек?
– Жолдору эң сонун. Ар бир 50 чакырым сайын атайын жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары үчүн аялдамалар бар. Анда бекер душка түшүп, эс алсаң болот. Бирок унаалардын ичинде деле бүт шарты бар. Кадимки бир бөлмөлүү батирдей эле. Эки кабат керебети, муздаткычы, айтор, өзүңдү үйдө жүргөндөй эле сезесиң.

– Алдыга койгон пландарыңыз тууралуу кеп кылсаңыз.
– Кыргызстанды көрсөм дегенде эки көзүм төрт, ал жөнүндө айтсам ыйлап калам (күлүп). Баарын сагындым, буюрса, жаз алды менен барып сагынычымды таратып келсем деп пландап жатам. Бирок азырынча биротоло кайтпайм го. Ал эми чыгармачылык жаатында болсо пландар көп. Жаңы чыгармаларды жаратып, клиптерди тартууга кириштим. Эми сынактарга барууга жол издейм. Мисалы, Американын "The Voice", Орусиянын "Голос" деген музыкалык шоу сынактары.

– Алдыга койгон максаттарыңыз орундалсын. Маегиңизге чоң рахмат!

"Спорт – бул ден соолук. Ден соолукка кышы-жайы кам көрүп туруу зарыл".


"Жубайым Перизат экөөбүз бош убактыбызды кызыктуу өткөргөнгө аракет кылабыз".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(22)
14.12.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менда кетким келип атат Америкага
14.12.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвадай эмес болуш керек
14.12.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djal1987,
Москва эми бул проходной дворда
Айырмасы абдан чон!!!
Америкага барыш абдан оор,
баргандан кийин баскан турганын да налог.
14.12.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы кантип кетсе болот экен ээ.
14.12.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,ал жака барыш учун билимин болсо тил билсен кыйналбайсын.
14.12.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
14.12.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун!!! Менда баргым келип жатат
14.12.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эр жигиттке оз жеринен оттору жок мин мактаса деле. Саякаттап коноктоп турист болуп барганга не жетсин. А дейбиз бу дейбиз айла жоктун иши. Мамлекетибиз онугуп бизде да баардык условья болоттур. Бирок ар бир шайлоо окшош эле сериал, озгору жок жеп ичкичтер уялбай былкылдабай журушот бири бирин андып.
15.12.2016. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан жонундо айтсам ыйлагым келет дегенде мен ыйлап калдым бул жактан.
15.12.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эрлан сенсиз деле бул жакта ырчылар толтура)
15.12.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу бала да жакшы ырдайт
16.12.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эрлан Кыргызстанга келбей эле кой,бул жакка келсен жашоо шарттарды коруп конулун чогот.Бизде кайрадан эле референдум шайлоо кылышты,баякы эле карышкырлар шайланышты,зокондорун оздоруно ылайык кылып тузуп алышты.Эми мындан ары да эшекминерлер элдин канын сорот,мамлекетти ооноп жейт.Кыргызстан мындай адамдар менен 50 жылда онолбой артка кетет отвечаю.
16.12.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура онолбойт.Азыркы учурда элибиз озу иштеп,озу таап кыскасы бут оздору каржылайт.Бийликтен толк жок баарын ХХХ кк.Кыргызстанга келбей эле кой.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-16 13:22:38
16.12.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
defne15, провокация жарата турган билдирүүгө тыюу салынган.
16.12.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
70% америкалыктар арендадагы квартирада торолуп арендадагы уйдо чонойуп анан ошо арендадагы уйундо олушот. Амерлер учун уй сатып алуу бул бир омурлук мечтаго . Анан 4 жыл иштеген иммигрант кантип уй ала алат ?
17.12.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AKCAHAT,
Siz bilbeit ekensiz America da credit sistema bar. owol arkiluu uy alsa bolot. kyrgyzdar kobu ele alip jatat. Misali: Erlan Ohio state jawait. Al jakta uy arzan. chicago do kyrgyzdar dele alip jatat akirindan birok uy kimbat
21.12.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,туура айтасыз, мен да танмын 4 жылда эле уй алып жиберсе бул ото ото кол жеткиз жетишкендик!!!
17.12.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koooop ele maktai berbechi uwul Amerikandy,al jakta jalgyz ozundun muktajdygyn uchun jurosun a omurun otup jatkany mn iwun jok,jenil jawoosuna kyzygyp ata-enendin kaarylygyn korboi jatasyn.
19.12.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ramina -malina эгер сага деле ушундай возможность келсе эки бутунду колунду которуп жоносон керек калпеле жаза бересинер
19.12.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам Нью-Йоркту коргондо кинодон чыгып эле Американы элестетип даман болгом. тил билсен жакшыго дейм уйронуш кк экен
20.12.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздарда дуйного тааныган ырчы жок. Сен болсон жок дегенде деген умутубуз чон
04.02.2017. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatsizdarby super kg jamaaty Bul yrchy myrzanin apasinin Aty Elmira emespi???kamtip bailanishsa bolot???suroolor bar ele bul jakka jaza berbei turgan.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо