Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАЛ АЛЫП КЕЛҮҮ ҮЧҮН КЕТКЕН 2 ЖИГИТ ТОҢУП КАЗА БОЛДУ

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Өткөн жумада Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда кыштоодон мал алып келгени кеткен 2 жаш жигит тоңуп каза болду. Биринин денеси 8-декабрда табылса, экинчисинин денеси 11-декабрда табылды.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ

Маалыматтарга караганда, 7-декабрь күнү түштөн кийин Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылынын тургуну 1994-жылы туулган Адамата Камчы уулу менен Байгөнчөк айылынын тургуну 1993-жылы туулган Эламан Бактыбаев Кара-Таш кыштоосуна мал алып келүү үчүн кетишкен. Аларды Адаматанын атасы автоунаасы менен жарым жолго чейин алып барып, унаа суудан өтө албай калганда экөөнү таштап, өзү келе берген. Тилекке каршы, алар бара турган жерине жетпей суукта калып, тоңуп каза болушкан. 8-декабрь күнү Кара-Таш кыштоосунан айылга түшүп келе жаткан малчылар Мелис ашуусунан жолдун боюнда тоңуп жаткан Адамата Камчы уулунун денесин көрүп, бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнө билдиришкен. Ал эми Эламан Бактыбаевдин денеси 11-декабрда табылган.

“КАЗА БОЛГОНДОР УУРУЛУК КЫЛМЫШЫНА ШЕКТЕЛИП ЖАТКАН”

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Ишти карап жаткан Ак-Талаа РИИБинин тергөөчүсү Гүлбарчын Болотова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 8-декабрда бизге кыштоодон түшүп келе жаткан малчылар Уу-Өтөк чөлкөмүндөгү кыядан тоңуп каза болгон адамдын денесин көргөндүгүн айтып келишкен. Биз малчылар айткан жерге баруу үчүн унаа менен, кар жаап жол жабылып калгандыктан андан ары 4 саат жөө жүрүп барып денени таап, алып келгенбиз.
Каза болгон Баетов айылынын тургуну Адамата Камчы уулу болуп чыкты. Ал кыштоого жалгыз эмес, Байгөнчөк айылынын тургуну Эламан Бактыбаев менен кеткени белгилүү болду. Бир малчы аларга кой бермек болуп, экөө Кара-Таш кыштоосуна ошол койлорду алып келүү үчүн кетишкен экен. Эламан Бактыбаев 8-декабрь түнү агасына телефон чалып, “үшүп жатам, шайым жок” деп айткан экен. Бирок агасы “эмне үчүн түндө чаласың?” деп урушуп салыптыр.
Тирүү же өлүү экендиги белгисиз болгон Эламан Бактыбаевди издөө үчүн 10-декабрда ӨКМ, РИИБ кызматкерлеринен жана Бактыбаевдин туугандарынан турган топ түзүлүп, жалпысы 6 киши ат менен чыгып издөө иштерин жүргүзүшкөн. 11-декабрда гана анын денеси Күйгөн-Өтөк чөлкөмүнөн табылып, райондун борборуна алынып келинди. 10-декабрда Адамата Камчы уулу, 14-декабрда Эламан Бактыбаев жерге берилди.
Каза болгон экөө тең ушул жылдын ноябрь айында уурулукка шектелип кармалышкан эле. 19-ноябрда алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан. Экөө жеке кепилдик менен эркиндикке чыгарылган болчу.

6 кишиден турган топ ат менен издөө иштерин жүргүзүшкөн.


Маркум Эламан Бактыбаевдин денесинин үстүнө кар жаап койгон.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
21.12.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Уруулук мн кармалышып, тергоо болуп
жатса... Элге шерменде кылдынар деп атайын эле таштап кетишкен го тоого алпарып деген ой кетет экен. Машинасы мн алпарып жоо жалан таштап салса, жардам сурап чалып атса урушуп койсо... Жаш балдар экен байкуштар, жаткан жери жайлуу болсун!
21.12.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуy болсyн!
21.12.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Журогум жаман ооруду,он гулунун бир гулу ачыла элек жаш балдар
21.12.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уурулук болсо ишти эптеп жабайын деп мал алганы кетишкенго. Айтор жаннатын берсин. Кайдыгерлик болуптур озу. Атасы анан урушуп койгон ьайкеси куноолу. Ушуп атам десе курушуп койгон кандай неме аа?
21.12.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жеринер жайлуу болсун((
21.12.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле атайын эле алып барып таштап салгандай сезилет экен.
21.12.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аянычтуу
21.12.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото аянычтуу
21.12.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы ХХХ го!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-21 16:51:06
21.12.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIZAD, этика нормаларын сактаңыз.
21.12.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жерлери жайлуу болсун окунучтуу да
21.12.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкущтардын тонуп олгонун элестетип жаман болуп кеттим. Кичине ушусом эле титиреп болбой калам мен.
21.12.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Малы башында калсын кой берем алып кет деп чакырган киши дагы машинасы мн жарым жолго алып барып таштап келе берген атасы дагы ХХХ адамдар экен эми ошо коюн кучактап отура берсин балдарга бооруң ооруйт байкуштар хотя телефон чалганда издеп барышпайбы кыйраткансып урушуп өчүрүп койбой
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-22 10:16:39
22.12.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bubu88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
22.12.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянычтуу.
22.12.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ ушу мал деп малдын артынан журо бергендерге танмын да'Мээрими деле жаныбарларга окшошпу дейин десен мал деле балам деп турат'Ай Ким билет азыркынын атасына баласына дагы тансын''
24.12.2016. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat86,айрыкча кыргыздар ХХХ десе беттери мн түшөт
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-24 10:53:49
24.12.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
25.12.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутунда өтүк эмес красофкиби карасаңар
26.12.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйналып жан бергени айдан ачык. Кудайдын берген дарты менен ооруп, кайтыш болсо, анда "ооруду эле да" деп озунду сооротуп, ыза басты болосун. Мындай алты саны аман, дени-карды соо адамдын сууктан тонуп, олуп калганы бир топ куйут болот да. Атайын талаага алып барып таштаган го чамасы... Болбосо акыл-эси соо балдар ушуп жатканда кайра кайтмак. Ошол кайтууга жетишпей калышканбы... ким билсин... Себеби, ушук дароо башталбайт да. Акырындык менен муздатат да...
27.12.2016. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннаттан болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо