Аида Робертова, модельер-дизайнер: "ПРОСТО МАРИЯ" СЕРИАЛЫ МОДАГА БОЛГОН СҮЙҮҮМДҮ ОЙГОТТУ"

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Орусиялыктардын Биринчи каналындагы «Модный приговор» берүүсүнүн алпаруучусу, сүрөтчү-модельер Вячеслав Зайцевдин жаш модельерлерди тарбиялоочу лабораториясы бар. Моданын тилин түшүнгөн маэстродон сабак алып, лабораториясын бүтүрүп, мода жаатында өзүнүн брендин түптөп, батышка багыт алам деген кыргызстандык жаш модельер Аида Робертова бүгүн бизде конокто.

– Салам, Аида. Фамилияң өзгөчө экен, Роберт бул псевдонимби же чоң атаңдын аты ушундайбы?
– Саламатсыздарбы? Мен ким менен таанышпайын баары "өзүңдүн эле фамилияңбы?" деп көп сурашат. Роберт бул өзүмдүн атамдын ысымы. Чоң атам кезинде испан, англис, немис тилдеринен сабак берчү экен. Батыш жазуучуларынын чыгармаларын көп окуган ал шотландиялык акын Роберт Бёрнстун ырларынан таасирленип жүргөндө менин атам төрөлүп, ысымын ошондой белгилүү акын болсун деп Роберт коюптур.

– Биз сени Вячеслав Зайцевден сабак алган кыргызстандык жаш модельер катары билебиз, ал адамдын окуусуна өтүү оңой болдубу?
– Мен Вячеслав Зайцевди "Модный приговор" телеберүүсүнөн улам жакшы таанычумун. Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы колледжди бүтүп эле Москва шаарына бардым. Маэстронун лабораториясына тапшыргысы келген модельерлер толтура экен. Мен эң акыркы болуп кирдим. Кирсем эле "оо, азиатка" деп баары кубаттап калышты. Мага мода чөйрөсүндөгү адамдар азиаттарды абдан жакшы көрүшкөндөй сезилди. Мугалимдер түрдүү суроолорду жаадырып, эмгектеримди көрүп жактырышты. Акырында "эмнеге Зайцевдин лабораториясында окугуң келет?" деп сураганда, "бул менин ата-энемдин өтүнүчү, бул кесип менин жашоом" деп жооп бердим. "Сен окууга өттүң" дешкенде сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Мени менен кошо 40-50 башталгыч модельер окууга тапшырган, алардын ичинен 24үбүз эле өтүп, лабораторияны толук 17 модельер эле бүтүп чыктык.

– Кичинекей өлкөдөн барган жаш модельер үчүн чоң шаарда өзүн көрсөтүү кыйынбы?
– Чындыгында кыйын эле болду. Анткени бул менин биринчи жолу чоң шаарга чыгышым эле. Бирок Москвага бат эле көнүп кеттим. Окууда мугалимдерим чоң жардам беришти. Вячеслав Михайлович карып калганына карабай абдан талапты бекем койгон окутуучу. Бир нерсени түшүнбөй же жумушун жасаганга жетишпей жаткан студенттерди урушчу.

– Сендеги модага болгон сүйүү эмнеден улам башталган?
– Секелек кезимде куурчактарыма көйнөк тигип жүрчүмүн. Модага болгон кызыгуу ошондо башталган окшойт. Анан бала кезимде "Просто Мария" деген сериалды аябай жакшы көрөр элем, андагы Мария Лопес деген каарманга окшошкум келчү. Аталган сериал модага болгон сүйүүмдү ойготту окшойт.

– Коллекция жаратууда эргүүнү каяктан аласың?
– Эргүүнү ар ким ар кайсы булактан алат. Мисалы, менде күтүлбөгөн жерден идея, образ жаралат. Жадакалса материалдын түсүнөн бери элестетип алам. Айрым кийимдердин фасондору түшүмө кирген учурлар да болгон (күлүп).

– Вячеслав Зайцевдин окуусун бүтүп учурда Бишкектесиң, чыгармачылыгыңды бул жактан улантасыңбы?
– Ооба, Бишкекке ата-энемдин суранычы менен келдим. Москвадан сунуштар түштү, бирок ал жакта иштешиме ата-энем каршы. Ар бир ата-эне кызынын алыста жүргөнүн каалабайт эмеспи. Өзүмдүн "Aida Robertova" деген брендим бар, ага чет өлкөлүктөр көп кызыгууда. Учурда бул брендди өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатам.

– Орусиялык жылдыздарды кийинткенге жетиштиңби?
– Орусияда көпчүлүк атактуулар менин коллекцияма кызыгып, иштешүү тууралуу сунушун киргизишкен. Ал учурда өзүмдүн брендимдин үстүнөн иштеп жаткандыктан буйрутма алганга убактым жок болчу. Буга чейин мени менен байланышка ырчы Валериянын кызы Анна Шульгина, режиссёр жана актёр Фёдор Бондарчук, "Quest Pistols Show" тобу, "Harper`s Bazaar" журналынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн стилисттери, лос-анжелестик модель Одри Китчинг чалып иштешүү тууралуу сунуш киргизишкен. Андан башка да атактуулар "кийимдериңди кайдан тапсак болот?" деп кызыгып социалдык тармактардан жазып калышат.

– Бишкектин көчөлөрүнөн мода менен кийинген, стилдүү жаштарды көрө алдыңбы?
– Бизде мода деген түшүнүк башкача. Мода менен кийингендерди көрө алган жокмун, бирок стилдүү кийингендерди тапса болчудай. Кыргызстанда ким тиккенди билсе эле ошону дизайнер деп айта беришет. Дизайнер тикпейт, бирөөнүн эмгегин көчүрбөйт. Дизайнер – бул жаңы кийимдердин моделин ойлоп таап, аны ишке ашырчу адам.

– Өзүң тууралуу кыскача айтып кетсең?
– 1995-жылы Жалал-Абадда төрөлгөм. 8 жашыма чейин Кара-Кулжада чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Чоң энем өзүнө кийим тигип, кийиз жасачу, мен ага көп жардамдашар элем. Дизайнер болуп калышыма чоң энемдин да таасири тийсе керек. Ата-энем борборго көчүп келгенине байланыштуу мектепти Бишкектен аяктадым.
Кичинемден өжөр кыз болгондуктан кыялдарымды четинен ишке ашырып келе жатам. Алдыда мода чөйрөсүндө өзүмдү көрсөтүп, дүйнөнүн ийгиликтүү модельерлеринин катарын толуктагым келет.

"Вячеслав Зайцев мага кызындай мамиле кылып жатты".


Аиданын Москвадагы "Mercedes-Benz Fashion Week Russia" көргөзмөсүндөгү коллекциясынан.



"Вячеслав Зайцевдин кол алдында тарбияланган жаш профессионал модельерлердин арасында өткөн «Үмүт» деген сынакта мен Гран-прини жеңип алгам".


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(35)
21.12.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ишине ийгилик,ойлогон ой максатына жет Келечек алдыда
21.12.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Сулуу эмес экен
21.12.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Nuriza.kubatova,
Сулуулугун эмне чайга чылап ичмек белен?
Сага караганда интеллекти жогору турат.
21.12.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Nuriza.kubatova, Буга караганда мен сулуумун дегин бар окшойт эккн эле ыя)?
21.12.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Nuriza.kubatova,сиз модель менен модельерди алмаштырып алдыныз окшойт)
21.12.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Nuriza.kubatova,модельер-дизайнерлер сулуу болуп эмне кылат?Алар болгону кийимдин фасонун ойлоп табышат. Моделдер кийишет. Козду чонураак ачып,теренирек ой жугуртсонуз мынчалык примитивный комментарий жазбайт белениз дегеним:)Кулкум келди просто.
21.12.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азаматсын!!!
Кыргызымдын чыгаан кыздарынан бол.
Дуйнолук денгээлдеги дизайнер модельер болушуна тилектешмин.
21.12.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сен озунду ото сулуу деп ойлойт окшойсун.кеп сулуулукта эмес
21.12.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ooi supsuluu ele bolup turat! Nuriza ozundun kebetendi korgum kelip jatat!Bul degen dizainer a ne model'!Ne putai marajenoe s pirojnym!!En bashkysy talanty bar eken. Ojor kyz eken AZAMAT!!! Dagy da iygilik!
23.12.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,
Суперстанга кирсең сүрөтү бар.
21.12.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хахалар коп ээ?сулуу эмес экен деп)))
21.12.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
1995жылкы болсо Азамат экен.Жаш туруп ушул ийгиликтерге жетиптир.Ийгилик каалайм
21.12.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аааиииййй бир гана ийгилик, азаматсын Аида. Онорун оркундосун.
21.12.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ интервьюсун жуктоп койгулачы, сураныч!
21.12.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuban-95, саламатсызбы? Тилекке каршы, видео версиясы жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-21 17:51:46
21.12.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш болсода коп нерсеге жетигиптир
21.12.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
аиии чон эле кыз деп ойлопмун азаматсын жаш туруп жетишкен ийгилигин карачы суктанып кеттим кара кулжалыктар кыйын болот озу.
21.12.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо чон аталары биздин айылдан го. Азаматсын Аида. Алдыда дагы коп ийгиликтерди багындырышына тилектешпиз.
22.12.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
isa-80-80,
Ооба биздин жердеш экен браво
22.12.2016. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец, ата энеси билимге угуттоп тарбия берген да бала кезинен, ошон учун эрте ийгилике жетишти да.
22.12.2016. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Просто Мария 93 жылы корсотулсо бул 95 жылы туулса кайдан коруп журот? Ушул жери окшобой калды го.
22.12.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
poloot, Просто Мария толтура каналдардан берилген ар кайсы жылы, турдуу каналдан,мурунку 80-жылдардагы сериалдарды деле кайталап берип журушпойбу. Мен просто марияны жакында дисктен кордум. Бул кыз деле сериал чыккан жылы корбосо керек:)
24.12.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
poloot,93тон кийин ал кино такыр корсотулбой калдыбы.
23.12.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Кулжанын кызы болсо Сиңдим тура . кайсы айылдан болду экен
23.12.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2007 жылы тороп калып домашный каналы бар спутникте просто мария эмес,богатые тоже плачут,дикая розаны да коргозгон кайталап алар негизи 1992-93жылдары биринчи каналдан корсотулгон...ошондо коргондур спутниктен...
24.12.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
интернет тимеле кучоп аткан заманда,просто Мария 92жылы корсоткон де оозун чоет да кээ бирлер. азыр любой маалда коро бер диск-миск дебей эле комптончу.
24.12.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жон гана Азамат дегим келди
24.12.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец. лично мага жакты. коллекциясын толук коргум келип жатат.
ийгиликтер буюрса али алдында экен)) жапжаш турбайсынбы))
24.12.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик. Азамат экенсин.
24.12.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
25.12.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
25.12.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуулугун не кыласынар акылдуу болсо болду да
26.12.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ойлогондой эле Каракулжадан болот экен биринчи укканымда ии окшош екен деп койдум эле, 2-же 3- класска чейин биз менен окуган Каракулжада,Чон атасы мектепте англис тили мугалими , чон энеси математика мугалими,биз менен окуп жургондо Роберт кызы болчу, дагы да ийгиликтер болсун жердеш!
27.12.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байрагыбызды желбиретеер сиздей кыздар көбөйсүн
28.12.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аябай атактуу адамдар иштешели деп сунуш кылды дейт бул пиарбы же матанычпы же калп айтуубу ата энеси каршы болсо ошончолук Москвага окууга жибербесе керек эле сүйлөйт десе эле сүйлөй беришет оозун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо