Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "АПАМ МЕНИН АТЫМДЫ АЙТПАЙ "МЫРЗА КЫЗ" ДЕП ТЕРГЕЙТ"

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

"Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" аттуу ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Алина Жетигенова эки апанын кызы. Бири 9 ай боор алдына көтөрүп төрөсө, бири эркелетип чоңойткон. "Өз апамдын аты Бермет, 6 баланын энеси. Мен чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойгондуктан өз атамды байке, апамды жеңе деп калгам",- деген ырчынын апасы, чоң апасы тууралуу кызыктуу баянына чогуу көз жүгүртөлү.

"ЧОҢ АТАМ МЕНЕН ЧОҢ АПАМА ЭРКЕЛЕП ЧОҢОЙДУМ"

– Мен бир үй-бүлөнүн тун кызымын. Апам мени 17 жашында төрөп, чоң атам менен чоң апамдын колуна бериптир. Ошол себептен ата-энемди байке, жеңе деп калгам. Чоң ата-чоң апам мени бөпөлөп эркелетип, куурчактай кылып чоңойтушту. Атам 3-класска чейин моюнуна көтөрүп сабакка алып барып, алып келип жүрдү. Мектептен келгенден кийин балдар менен чүкө ойноп, кубалашып эле жүрчүмүн. Чоң апам тамашалап сүйлөп, шайыр жүргөн асыл адам болчу. Ал кишинин урушканын деле эстей албайм. Жумуш жасайын десем эле колумдан ишти жулуп алчу, жарыктыгым. Бир жолу алар конокко кеткенде уурданып уйду саап коёюн дедим. Биринчи жолу уй саап жаткандыктан колдорумдун эби келбей чаканы кучактап бир саат отуруп кичине сүт чыгардым. Уй сааганыма сүйүнүп чакамды короонун сыртына коюп койсом, сүттү эшек ичип салып аябай ыйлаганым эсимден кетпейт.

"ЧОҢ АПАМДЫН КӨМӨЧҮНДӨЙ ДААМДУУ КӨМӨЧ БОЛБОСО КЕРЕК"

– Чоң апамдын бышырган көмөчү башкача болчу, даамын сөз менен айта албайм. Ал нанды эстесем секелек кезим, апамдын күлүп турган элеси көз алдыма тартылат. Эмнегедир сүттүн каймагын жеп алсам эле мурдум канай берчү. Ал көмөчтүн камырын сүткө жууругандыктан бышырарда мага "сүттүн каймагын жебей алып кел, мурдуң канап кыйналасың" дечү. Аны укмак белем, каймакты жеп алып мурдум канап ыйлап эле жүрчүмүн.

"ЧОҢ АПАМА АРНАП ЫР ЫРДАСАМ ЫЙЛАП ЖИБЕРГЕН"

– Чоң атам мугалим болчу, айылда аны Абдылда Жетигенов деп элдин баары сыйлашар эле. Ал мени "кызым, чоңоюп калдың, ырдап бүттүң, эми иште" десе, апам "Алина иште дегениңди түшүнбөйт, ырдай берсин. Кызым, бети-башыңды көп боёбо. Оозуңду кызыл, кашыңды кара кылып койсоң жетиштүү" деп колдоп коёр эле. Бир жолу Таласка концерт коюп бардым. Апама арнап:

"Сарсанаага батпачы,
Кайгыга башың салбачы.
Ак сүтүңдү актачу

Балдарыңдын максаты",- деген ырды ырдап, бетинен өөп кучактасам ыйлап жиберди. Апамдын ыйлаганын көрүп Мирлан Жетигенов себебин сураса "жөн эле ыйладым, бутум ооруп кетпедиби" деп элдин баарын күлдүргөн.
Апамдын орусча сөздөрдү айтканы укмуш эле, губернаторду аккумулятор, ипподромду аэроплан деп күлдүрө берчү. Чоң атам экөө уруша кеткенде анын согуштагы күндөрүн эскерип "ай, көр немис, ай! Сени кантип көрбөй калды экен? Окопто эле бекинип жаткансың да. Атып эле салса болмок" деп ого бетер ачуусуна тийип калчу.

"ӨЗ АПАМ ЭКӨӨБҮЗ КУРБУДАЙБЫЗ"

– Башка үй-бүлөдө чоңойгондуктан өз апамды көрчү деле эмесмин, ошондуктан ал апам тууралуу көп деле билбейм. Бой жетип калганда "ушулар сенин чыныгы ата-энең" дешсе, "калп айтып жатасыңар" деп кабыл алгым келчү эмес. Азыркы учурда экөөбүз курбудайбыз. Ал менин атымды айтпай "мырза кыз" деп тергейт. Үйүнө барып калсам "кайын сиңдим келди, жакшылап чай бергиле, ушактап кетпесин" деп турат. Мен ага "ай, мен деген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистимин, мени менен жакшынакай сүйлөшкүлө" деп тамашалайм. Апамды сыйлайм, урматтайм, аябай жакшы көрөм. Бирок кичинемден жанында өспөгөндүктөн анча деле мээрим төгө албайм. Экөөбүздүн кебетебиз окшош, мүнөздөрүбүз башка. Ал шашма, мен сабырдуумун. Көбүнчө тил табыша албайбыз. Бир темада 5 мүнөт эле сүйлөшсөк жетиштүү, анан уруша кетебиз (күлүп).

"Апам жана сиңдилерим Назгүл, Наргиза, Назира. Баарыбыз апамдын аман жүрүшүн тилейбиз".


Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(19)
21.12.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун апасы окуп алып таарынса керек. Мээрим того бербейм деген созуно.
21.12.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакты интервью бергени эженин))
ЧОН атасынын кызы экенда.
21.12.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калычтуу го.
21.12.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bawym iwtevei kaldy Apasyna meerim tokpoi uruwa ketkenine....
21.12.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина айым 50дон ашып калды. эми уят да,дагы деле мени чон энем чонойткон деп оз апасын огойлонто бергеничи. Бермет эже аябай жакшы адам. карып да баратыптыр. кыргыз кочодон салам. шаршеноваларга.
21.12.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апей чон аял да ошентеби мээрим токпосо 9 ай которду сыздап толготуп тороду ошонусун ойлобойбу озу деле эне го. Бойдок жаш кыздай маек бериптир. Апасы накта таарынат эми. Байкуш апасы кызганып жаман болоот го. А так бу ырчы жаш кыз сезе берет да озунчу ошонуск жакпайт . Мисалы айчурок жашына тууралуу журот.
21.12.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасынын маегин жакында окугам башка гезиттен дал ушу сүрөттү койгон анда да . Апасы кайненесине эмес абысынына берген экен. Алмакан болчу аты деп кийин Алина болгон деген.
22.12.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
alykul,Алина болбой эле Алмакан паспортунда. анан да баары шаршеновалар. Жетмгенова эмей эле. мектепте назирасы да,алмаканы да шаршенова болуп журушчу,эми эле жетигенова болуп алышты го. Кыргыз кочосунон салам,Шаршеноваларга
22.12.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni.,раса эле салам жолдодунуз го а)))
22.12.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz,ошондой болтат го
23.12.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni.,Мекендешим Алмаканбы,Бурмаканбы иши кылып Алина бир кезде жанып алды жылдыз болуп.Алинага эч кимиси тен келе албаган учурлвр болгон.Кантсе да КР эмгек синирген артисти сиз сыймыктанбайсызбы табалагандын оордуна,айылдашыныз экен го?Пас экенсиз
24.12.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
shamshiev.80,сыймыктана албайм ырчылар менен. коп жылдан бери аралашып журом. кобун билем ,анан ошо сыймтанганга татыктуу эмес болуп кетишет.
21.12.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Синдилери чёткий го
23.12.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле айтат болуш керек мээрим тогуп эркелей албайм, уруша кетем дегенде. Биздин иштеген жерде бир эже бар 55 жашка чыкты , айтып калат бир нерсе жакпай калса силер мени баккан эмессинер деп соз талаша кеткенин.
24.12.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болбосун энени сыйлоо керек,чон еле аял жаштарга айткан созу ушубу мээрим того бербейм .Алина сизге суроо сизде озу мээрим барбы ?Эне ыраазы Аллах ыраазы !
24.12.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
переходной возвраст болсо бир жон Алина айым. озу неберелуу болупкалды,мээрим тогуп коюнуз апанызга. бул жакта окуп алып биз уялып атавыз. Бермет эже алтындай адам го. кыргыз кочосунон салам Шаршеноваларга.
25.12.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,ушу сиз кайсы ырчы болдунуз экен кызык
26.12.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,кечке эле салам деп бутпой койдунго
27.12.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Izdeim_seni.,эмне эле болуп атасыз ботом?)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо