Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

РОНАЛДУ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ "АЛТЫН ТОПТУ" УТТУ

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

12-декабрь күнү Франциянын беделдүү басылмасы аталган "France Football" 2016-жылдын мыкты футболчусун аныктап, "Алтын топ" ээсин жарыялады. Көпчүлүк күткөндөй эле быйылкы жылдын мыкты футболчусу болуп португалиялык Криштиану Роналду аталды. Месси жана Гризманнды артта калтырган Роналду өз карьерасында 4-ирет "Алтын топ" ээси аталып отурат.

КРИШТИАНУ РОНАЛДУ 2016-ЖЫЛЫ:

  • Роналду "Алтын топту" 2008, 2013, 2014-жылдары утуп келген, 2016-жылы буга 4-топту кошту.
  • Май айында өз карьерасында 3-ирет Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болду.
  • Чемпиондор Лигасында 16 гол киргизип, мыкты бомбардир аталган.
  • УЕФАнын версиясы боюнча Европанын мыкты футболчусу.
  • Португалия менен "Евро-2016нын" жеңүүчүсү.
  • 2016-жылдагы статистика: 52 оюнда 48 гол киргизип,18 гол жараткан пас берген.
  • Ноябрда "Реал" менен 2021-жылга чейин келишимди узартып, жылына 21 миллион евро айлык алат.


ФИФА МЕНЕН "FRANCE FOOTBALL" АЖЫРАШТЫ

Акыркы жылдары дүйнөнүн мыкты футболчусу наамын ФИФА менен "France Football" басылмасы чогуу ыйгарып келишкен. Бирок быйылкы жылдан тарта ар бири өз алдынча жеңүүчүнү аныкташат. 1956-жылдан бери "Алтын топту" ыйгарып келген франциялык басылма бул жылы негизги 3 талапкер катары Роналду, Месси жана Гризманнды жарыялаган. Жеңүүчүлөр журналисттер берген добуштардын жыйынтыгы менен аныкталып, 745 добуш алган Роналду жеңүүчү аталды. Экинчи орунда 316 добуш алган Лионель Месси, ал эми Антуан Гризманн 198 добуш менен 3-орунду алды.
Быйылкы жыл 31 жаштагы Криштиану Роналду үчүн карьерасындагы эң ийгиликтүү жыл болду. Май айында Чемпиондор Лигасында "Реал" менен жеңүүчү аталса, "Евро-2016да" Португалия курама командасы менен Европа чемпиондугун жеңип алды. "Төртүнчү ирет "Алтын топту" утуп жатсам да, биринчи жолу утуп жаткандай сезимдер болууда. 4 жолу мыкты футболчу аталарыма ишенчү да эмесмин. Мен бактылуумун",- деп билдирди жеңүүчү. Роналду Японияда клубдар арасында өтчү Дүйнөлүк чемпиондукка катышып жаткандыктан сыйлык тапшыруу аземине катышкан жок.

9 ЖЫЛГА СОЗУЛГАН МЕССИ-РОНАЛДУ ДООРУ

Эки футболчу 2007-жылдан бери дүйнөнүн 3 мыкты футболчуларынын катарына кирип келе жатышат. Ал жылы бразилиялык Кака "Алтын топ" уткан, андан кийинки жылдары бул сыйлыкты алмак-салмак Месси менен Роналду гана жеңип келүүдө. "Дээрлик 9 жылга созулган бул доор качан соңуна чыгат?" деп суроо салгандар четтен чыгат. Чындыгында 5 жолку "Мыкты футболчу" ээси Месси жана бул сыйлыкты 4 жолу уткан Роналду ар жылы өздөрүнүн жогорку деңгээлинен түшпөй ойноп келе жаткандыгына таң берсе болот. Булар үчүн жылына 50 гол киргизүү эң төмөнкү тепкич болуп саналат, бир оюнда бирден эмес 2-3 гол киргизүү көнүмүш адатка айланган. Ооба, 9 жыл ичинде суроо туудурган жыйынтыктар болуп келгенин айтса болот, мүмкүн, Снейдер, Рибери же Хави, Иньеста сыяктуу футболчулар да "Алтын топко" татыктуу болгондур, бирок... Ар түрдүү жарнама, социалдык роликтер жана медианын өнүгүүсү менен бул 2 футболчу эң таасирдүү дүйнөлүк брендге айлана алышты. "Ден соолугум болсо 40 жашка чейин ойнойм" деген Роналду жана Дүйнө чемпиондугун утуу үчүн болгон аракетин жумшаган Мессинин доору жакынкы жылдары бүтчүдөй эмес...

ЖАШТАР КАЧАН ҮН КАТАТ?

Месси-Роналду доорунун узакка созулушунун дагы бир себеби, жаш футболчулардын даремети анчейин жетишпей жаткандыгында. Быйылкы жылы мыкты үчилтикке француз футболчусу Антуан Гризманн илешти. "Эки легенданын артында болуу мен үчүн сыймык. Гол киргизүүнү, талыкпай иштөө менен күйөрмандарды кубантууну улантышым керек. Кийинки жылы Месси жана Роналдудан ашып түшүү оор болот, бирок мен болгон аракетимди жумшайм",- дейт "Атлетиконун" чабуулчусу.
Төртүнчү жана бешинчи болуп тизмеде Луис Суарес менен Неймар орун алышкан. "Барселонанын" чабуулчулары кандай жетишкендиктерге жетишпесин Месси турганда дайыма экинчи орунда калары бышык. Алдыңкы ондукка Уэльс менен "Евродо" чаң салган Гарет Бейл, "Лестер" жомогунун башкы каармандары Жейми Варди менен Рияд Махрез да киришти. Жаш футболчулар бир оюнда эң мыкты оюн көргөзүшсө, экинчисинде аларды талаадан таппай калган учурлар болот. Ар бир оюнда жогорку деңгээлде ойноо алда канча кыйын, андыктан Месси-Роналду деңгээлине жетүү үчүн калган талапкерлер дагы аракет кылуусу керектигин жакшы түшүнүшөт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
21.12.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун Криш!!!
Жакшы макала даярдаптыр автор
22.12.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун рон дагыда игиликтерди жаратабер
22.12.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул алтын топко Месси гана татыктуу ойноду.Ал эми ранолдо бул голдорду оз мээнеттери менен сайган жок.Жалан даяр топторду сайып жатты 90%(пенальти,угловой,штрафной)
22.12.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baiel.d,за то гол сайды да
23.12.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baiel.d, эн мыкты ойунчу бул Бензима болду ранольдо болсо дагы жакшы ойноду а месси анча ойной албады бул жылы
23.12.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baiel.d,татыктуу болсо алат эле да демек 100% татыксыз
05.01.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ronaldu татыктуу эле алды 100% Мессиге караган командага коп эле жардамы тийди.
03.02.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо