КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫ КАЙДА БАРАТАТ?

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

"Мен музыкага суусап турам. Менин жан дүйнөмө азык болчу музыка жок..." Бул бир карапайым адамдын сөзү. Ошол кептен кийин ойлонуп көрсөм, чын эле мурункудай хит ырлар жаралбай калыптыр. Бир кезде жүрөктөн түнөк тапкан ырлардын авторлору деле жүрүшөт, иштеп жатышат, бирок жыйынтык жок. Карапайым адамдын ою мени төмөнкү макаланы жазууга түрттү. 1-2 ырлардын мисалында азыркы кыргыз эстрадасынын деңгээли түшүп баратканын айткым келди.

БААРЫ ФОНОГРАММАДАН БАШТАЛДЫБЫ?

1990-жылдары Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып кыргыз эстрадасына жеке ырчы деген түшүнүк кирди. Мурун баары план менен болсо, эми ырчылар өз арабасын өзү тартып талантына, чөнтөгүнө жараша иштеп калышты. Алгач теле, радио үчүн колдонулган фонограмманы ырчылар күнүмдүк жашоодо пайдаланып, жыргап эле калбадыбы. Жакшы экен да, тердеп-кургабай туруп каалагандай ырды созолонтуп сала беришсе...
Азыр фонограмма менен ырдаса да ал кез жакшы болчу экен деп кетем. Анткени анда жан дүйнө сүйүп уккан ырлар чыккан. Айчүрөк Иманалиеванын "Роза гүлү", Алина Жетигенованын "Кыздын сыры" деген ырлары укмуш чыкканын билесиздер да? Сыймык Бейшекеевдин "Бөлөмө" ырын угуп алып бөлөсү үчүн өлүп кеткиси келгендер канча болду. Ал кезде элде азыркыдай чөнтөк телефон деген түшүнүк жок. Магнитофондун кассетасын кайра-кайра түрдүрүп угуп, бири-бирине көчүрүп укмай. Же болбосо радиону күнү-түнү аңдымай болчу.

ЖАҢЫ МУУН, ЖАҢЫ ДЕМ...

2005-жылдары кыргыз эстрадасына жаңы доор келди. Концерт өтчү залдардан эл ашып-ташып, анын азабын талкаланган эшиктер, коопсуздук кызматкерлери эле көрдү го, чиркин! Темир Назаров "Оо, туулган жер" деп сахнага чыкканда, "Махабатым" деп жүрөк тушун мыкчып Султан Садыралиев ырдаганда кайран аккан көз жаштар, кыздардын уйкусуз өткөн түндөрү дечүмүн. Ырчыларга метрлеп кат жазып, үйүнө чейин кайтарган күйөрмандары чыкпады беле. Мунун баары эмне үчүн болду? Анткени ал кезде алардын дартына даба болчу ырлар жаралган. Мирбек Иманбековдун "Жаным", "Таластык кыз", Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат" деген ырлары дагы деле кулагымда. Мумиё дары болгусу келгендер канча болду, кара тору балакай Ильяз Абдыразаков канча кызды "Азап" ыры менен азапка салды. Сапар, Артык дуэтинин "Атага кат" ырычы... Уккан сайын муунду бошотуп жиберчү эмес беле. "Бардык нерсенин өз доору болот" дегени чын белем, ал кез деле өттү-кетти. Ырчы мырзалар үчүн азапка баткандардын да, кат жазгандардын да аягы суюлуп калгансыды.

"ЭЛИТАЛЫК" ЭМЕС, "КОЛХОЗ ЫРЧЫ" ХИТ ЖАРАТКАНДА...

2010-жылдары мурункудай байма-бай хит ырлар жаралбаса да, бирин-экин чыгып калчу. Продюсер Канат Кадыржандын канатынан чыккан Нурлан Насиптин "Унута албайм" деген ырын дагы деле унута электирсиз. Мурункудай кыздардын жан дүйнөсүн ээлеп, жүрөк оору кылбаса да Аскат Мусабековдун "Аруузатым", Гүлжигит Сатыбековдун "Коштошуу" ырлары телефондун чалуусунда да, музыкасында да ойноп калган го.
Эсимде, Мирлан Баековдун "Кызыл өрүк", Гүлжигит Сатыбековдун "Лейлектик кызга" чыгармалары чыкканда телевидение, радиолорго жеңил ыр деп албай коюшкан. Ошол кезде ырчылар арасында "элиталык", "колхоз" ырчы деген түшүнүк бар болчу. Бирок эмнесине антип аталып калды, себебин дале түшүнө албай келем. Себеби өзүн элиталык ырчыга кошкондордун саналуусунда эле музыкалык билим бар. Жадакалса көрүнүктүү деле хит ырды чыгара албай жүргөндөр арбын.

ӨЗҮМ БИЛЕМ, ӨТҮГҮМДҮ ТӨРГӨ ИЛЕМ!

Канчалык орой угулбасын азыркы ырчылардын абалын мен ушинтип атамакмын. Мына, 1-2 жыл мурун Турдакун Ниязалиевдин "Жубайыма" аттуу ыры катуу чыкты. Кайда барба "Кандай сезим сүйүү деген, балдай сезим сүйүү терең..." деген саптарын угуп калдык. Болду, ошону менен кыргыз эстрадасы мемиреп уктап жаткандай.
Учурда ырчылардын баары той-топур менен күн көрүп калды. Репертуарын жаңырткысы келгендер аз. Барат дагы эски ырды жаңылап ырдап коёт, болду. Ага ашыкча изденүүнүн деле кереги жок. Сөзүнө, обонуна акчаны кайдан табам деп баш катырбайт дагы. Араң сахнага чыгып келе жатканы деле, мегажылдызмын дегени деле ушул ыкманы үйрөнүп алды. Же болбосо экинчи вариант, тойго элди бийлете турган той ырларын жаздырат. Башында "колхоз" ырчылардын деңгээли деп мурдун чүйрүгөндөрү деле ырларын тойго ылайыктап жаздырып башташты. Элди тойдо жыргатканы менен, кулак сүйүнткөн, жүрөктөн чыккан ырларды жаратса, күйөрмандар да сүйүнүп калышмак беле?
"Шоу-бизнес деген ушундай болушу керек да" деп түшүндүрчүлөр чыгат. Албетте, элдин жакшылыгында кызмат кылып, кошумча каражат табуу бул ырчылардын негизги булагы. Бирок бизнес деп эле тойдун артынан кууп кете берсек жалпы эстраданын абалы кайда барат? Барган сайын эстрадабыздын деңгээли көтөрүлбөй эле, түшүп кете бербейби?..

ЭМНЕ ҮЧҮН УЧУРДА ХИТ ЫРЛАР ЖАРАЛБАЙ ЖАТАТ?

Жамиля Муратова, композитор:

– Учурда биздин маданият тойго айланып кетти. Ырчылардын көбү тойго ылайыкталган шаңдуу, жеңил-желпи ырларды жаздырып жатышат. Мындай ырлардын элге жайылышына теле, радио да салым кошууда. Алар профессионалдар жазган ырларды "биздин форматка туура келбейт" деп албайт экен. Билим жок болсо ушундай сапатсыз ырлар жаралат да. Ошондуктан биздин ыр маданиятынын деңгээли түшүп кетти.

Мирбек Иманбеков, ырчы:

– Мен азыркы учурда башка жумуш менен алек болуп жаткандыктан "Таластык кыз" сыяктуу ырлар жаралбай жатса керек. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкта эле жүрөт. Жүрөгүмдө андай ырлар бар, буюрса, убакыт-сааты келгенде жарыкка чыгат. Болгону азыр жан дүйнө кризиси дейбизби, же тыныгуу мезгили дейбизби, айтор, өткөөл мезгил болуп жатат. Башкаларды билбейм, мен эч качан атайын тойго басым жасап ыр жаздырган эмесмин.

Жыпара Исабаева, акын:

– Хит ырлар деп бир укканда адамдын сергитип, жүрөккө кубаныч тартуулагандарын түшүнөм. Текст менен обон шайкеш келбей калганда же жакшы чыгарманы аткаруучу ийине жеткире ырдай албаса ыр элге жетпей калат. Азыр жашоо ыргактары каражат менен өлчөнүп калбадыбы. Той нан табуунун жакшы бир булагы десек болот. Бирок мунун баары убактылуу, хит ырлар али алдыда жаралат деп ишенем.

Мирлан Баеков, ырчы:

–Мен чынында эле акыркы 3 жылдан бери хит ыр жаза албай жүрөм. Сөз жок, "Кызыл өрүк", "Ата тилеги" деген ырларым жакшы чыкты. Ырчылардын чыгармачылыгында гүлдөп өскөн, анан орто заар мезгили болот окшойт. Өзүмдүн студиям бар, жаңы ырларды деле жаздырып жатам, тойлордо тынбай ырдап жүрөм, бирок баары эле "көрүнбөй каякта жүрөсүң?" деп сурашат. Азыр кыргыз эстрадасында оомал-төкмөл мезгил болуп жатат.

Динара Эсенгулова, мурунку продюсер:

– Жакшы ырлар деле жаралып жатат, баары эле той ырлары болуп кетти дегенден алысмын. Хит ырлардын жаралышы угармандардан да көз каранды болот. Анткени ырга көңүл буруп, аны кайра-кайра угуп хит кылып алыш элдин колунда. Балким, эл ырларга маани бербей, өз түйшүгү менен алек болуп жаткандыр. "Нан болсо, ыр да болот" демекчи, кризистин таасири деле болушу мүмкүн.

Ильяз Абдыразаков, ырчы:

– Бул ар бир адамдын көз карашынан болсо керек. Анткени азыр деле хит ырлар жаралып жатат. Чыгармачылык менен иштеп, изденип эле жатабыз. Ал арада тойлорго чакырып жатса барып ырдап коёбуз. Анын эч кандай терс жагы жок деп ойлойм. Биз деле угармандардын табитине, учурдун талабына жараша ыр жаратабыз да. Бул ырчылардан гана эмес, угармандардын суроо-талабынан да көз каранды.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(54)
21.12.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Азыр 'ирепер' кошуп эле бир кызык эле тообо... Эмне дейт, "Сүйүүнүн аты сүйүнүч, күйүнүн аты күйүнүч", дейт, кудай сактааа..

Дагы, "Тайнооо" деген ырды ырдаган эки жигиттин ордуна мен уялып жүрөм..
Аман болушсун!
21.12.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jemile,туура айтасын.
21.12.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jemile,кошулам сизге.
21.12.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jemile,)))))))))))bashkanyn orduna siz yrlypao jurgounuz boordu ezdi
25.12.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jemile, ха хааа уялганынар жакшы экен
26.12.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jemile,Куйоо издейм деген ырды угуп таң калдым
21.12.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир ырды тантып ырдап сахнанында коркун бузгандар коп,МузТв теле каналында куну туну музыка,тааныбаган ырчылар бир ырын бир кундо он жолу угасын же ырдын мааниси болсочу,реп айткандарычы коруштон уяласын небере тербетип отура турган аял,кемпирлер кепка кийип,жарашпаган кылыктарды жасашат,бул жаштарга кандай таалим тарбия болот,Кыргыз эстрадасын жогорулатыш учун сапатсыз ырчыларды азайтуу керек.
21.12.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aisanur_89kg,азаматсыз
22.12.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырын текст и маанилуу маңыздуу болсо обону шайкеш келсе ыр хит б т.Көбүнчөсү ырчылар мисалы:бир теманы тандап атаандашуу аркылуу ырлар чыгууда.Айта кетсем бийле бийле,аруу кызым,кызыма,окшош сапаты жеңил желпи үч төрт жолу угуп андан соң уккун келбейт.
21.12.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тумонбай Колдошовтун ырлары уккулуктуу мыкты,аны эмне айтышпайт. Жакшы ырлар жаралбай жаткандыктын себеби "таланты жок таанышы куч акчасы коп"жаштар каалаган ырын ырдап тайрандап жаткан мезгил. Ак караны ылгабай пулун болсо кулунмун деген заман. Таланты бар таанышы жок акчасы аз жаштарыбыз комускодо калып заманы таарып журушот. Заманын боору болсо боору бол,тулку болсо тулку болуп жашап жаткан кез замандаштар.
21.12.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр жон эле суйлошкон создорду ыр кылып коюшкандай
21.12.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азыр ушул теледеги Динара Канаттардын тарбиясындагылар гана кетет эфирден Мисалы жанагы ХХХ ырчылардан чыгат хит ырлар муз канал Динараныкы КТР Канат Култаев ээлеп алган Анан Гулжигиттин Бектин Сыймыктын Мирландын Ынактын ырларын бербейт качан КтРден Канат Муз каналдан Динара кеткенде Биз озубуздун табитибиздеги ырларды угалсак керек теле радиодон бербесе интернеттен коруп эле Тим болобуз
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-22 11:15:59
22.12.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
altynbek_84kg, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
21.12.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озун элита сезгендер мтрбек анжелика чолпонай омар арсен сарышка анын жигити бактыгул жб калгандары колхозго кирет имиш укканым бобнча.
21.12.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчылар акчага баарына даяр болуп калышыптыр. Соз жок. Инстаграмда да реклама кыла коюшуп, Бекер боенуп жасанып, кийинип, тойдон тушкон акчаларга сайрандап. Адамдарга тушунбойм, ырчылар келип ырдап тоюн откорсо бактылуу болуп кетишеби. Кыйналып тапкан акчасын фонограмма менен 1-2ыр ырдап алып кетип калышат.
24.12.2016. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sirenaaaaa,туура айтасың андан көрө өздөрү ыр кесе уюштуруп ырдашса нак таланттуу ырчылар ошондо чыгат бул өздөрүн ырчы сезгендерди ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-24 10:54:23
21.12.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мисалы азыркы чыгып жаткан ырчылар концерт берсе бекер десе да барбайм Чындап, каяктагы куйоо издейм, туфули, келин келгенский, ж/б толтура ырлар бар, аттары анан азур мазур анель дека мека Ии алергия келет да.
21.12.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Слезы тикли налево слезы тикли направо слезы тикли вверх
22.12.2016. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
anonymous, ушул ырды угуп же ыйлаарымды билбедим, же кулоорумду билбедим. Коз жаштын онго-солго, ойдо ылдый акканын ушул ХХХ ырчылардан уктум.Кыргыздын кылымдан берки алп эпостордо сакталып келген нарк-насилдуу создору 'слези тикли вверх))) деген сыяктуу уккан адамдын кускусун келтирген рептер мн алмашып баратканы кандай аянычтуу!((
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-22 11:39:50
22.12.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Shahrizaada, кимдир-бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
21.12.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хит ыр чыкпай атат чын
21.12.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы Апоов апоов деген ыр бар временный тойдун сезону буткондо ал да бутот )))
22.12.2016. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен азыркы ырларды укпайм вообще...маанисиз создор...анан орусча акцент менен ырдашат кообу. Жаман жинге тийет...озгочо."л"тамгассын бир кызыктай ырдашат тооба. Жок дегенде таза,акцентсиз ырдашса болотле!Кыргызча! Коп ырлар "фаст-фуда" сыяктуу....
22.12.2016. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле азыр таланты бары деле жогу деле тойдун артынан чуркап калышты го чиркин инстаграмга кирсен жалаң аштан тойдон калбаган ХХХ толуп алышкан дагы элибиздин жакшылыгындабыз деп болушунча бадырайып суротко түшүп киргизип коюшат дагы салам жакшы адамдар деп алгандарычы бири жүрөт ооруп өлөйүн деп атып дагы тойдо жүрөт бизге ооруганга убакыт жок деп бирдеме десең ХХХ ХХХ бойдон өтүп кетебиз
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-22 11:37:34
22.12.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Bubu88, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
22.12.2016. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ болуп жан талашып биринен бири өтүп жар жарды жаздырып ырдап атышат бири жайыраак бири бир аз шашылыш ырдап айлан жок кулосун ээй иши кылып аман болгула дагы бешенерге эл бар экен кичине тыйын тыпыр берип элден кем кылбай багып жатат эл болбосо кантмек экен элеңер байкуштар ырынар жок ыр жаздырайын десенер акчанар жок
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-22 10:10:18
22.12.2016. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажобуз элдин эң чоң уулу депуттар балдары кыздары өкмөт неберелери ырчы чоорчуларыбыз чеберелери байкуш ушуларды багабыз деп курган кыргызым америкага чейин тентип кетти го
22.12.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озун элита сезгендерге кулкум келетта,кантип кайсы аарынарга элитасынар же Кыргызстанадан башка жака чыгып сынака катышпасанар же жарытылуу хит ыр чыгарбасан же фонаграммасыз ырдабасанар. Ошол эле колхозу деле элитасы деле эптеп тойго жарагандай ыр болсо болду . Ушуларга налог толотуш керек тойдон тушкон сумманын 5% мамлекеттке токуло деп. Анткени баары оной эки тойдон тушкон каражатынды которуп алышып студяга жоношот аны компьютер менен кооздошот аны алып алып фонагрмма м.н ырдайт ошол эн оной
22.12.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланнтын баары айылда!
22.12.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында эле азыр ырчыларда изденуу деген болбой калды. Баары эле тойго барып женил-желпи ырларды ырдап тапкан акчасын кайра эле студиядан бир-эки ыр жаздырып фонограмма менен кооздоп коюп жатышат. Чыныгы озунун авазы менен эл аралык конкурстарга катышкандары жокко эсе. Ошо тойдон тапкан каражатына анан зангыратып уйду салып алышып оздорун элита сезип журушот. Биринчиден тапкан кирешеси боюнча мамлекетке толоп турушу учун налог салыш керек.
22.12.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экинчиден чон сахнага чыгаарда бирине-бири продюссер болуп тааныш-билиш кылып эле ырчы кылып салбай элге таанымал композитор, музыкант ага-эжелер тарабынан сынак уюштуруп ошол сынактан женгендерди гана сахнага чыгарыш керек. А то жаандан кийинки козу карындай болуп же ырынын сапаты жок же уну жок кыргыз эстрадасын точно эле уятка калтырышат кошуна олколордун алдында
22.12.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык ырды кайра кайра угуп элдер хит кылабы Динара Эсенкулова айтатго ,бирок ырчылар сахнаны унутуп калышты тойдо журушот.
22.12.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыркы ырларды такыр укпайм. Нурлан Насип муз каналды ээлеп алганбы качан койбоюн сыйкырчы жан белен тата пата деп ырдап бутпойт ай. Хит ырлар жаралбаса койсун саны бар сапаты жок кылбай сахнадан кеткиле да ырдабай койгула. Эски ырларды уга беребиз! Просто жан кашайат 10кг макияж жасатып алышып ырдай беришет жарым жыланач болуп
22.12.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизге Бек, Сыймык, Мирбек, Ильяз, Омар, Гулнур. Биз тобу, Султан, Алина ушул эле ырчылар керек.
23.12.2016. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай суранам Сапар Эркебаевдин дайынын билгилечи соонун ырдачу
23.12.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulu-5kg, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-23 09:58:19
23.12.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы өздөрүн "биз эл адамдары"деп суйлогондо күйүп кетесинда
24.12.2016. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын дагы доору бүтөт элдер да барып барып түшүнүп баштайт акчаларын бекер эле чачып жаткандарын ашып барса 2 жыл анан дагы эмнени ойлоп чыгышаар экен
24.12.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саны бар сапаты жок
25.12.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ ХХХ качан Дмнара менен Канат телелен кетсе анан биз оз табитибмздеги ыр угабыз азыр биз Канат менен Динарага жаккан ырлалды угуп келебиз ошол учун
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-26 10:09:15
26.12.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynbek_84kg, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
25.12.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин эстрададагы мега супер деген жылдыздарыбыз орустардын "Синяя птица"долбоорундагы 6-7жаштагы балдардын денгээлине жете албайт экенин коруп аман эле болуп той аштын фонограмма менен ырдаган эле ырчылары болуп журушун кудайдан тиледим овв !!!
26.12.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар ырчыларды звезда девей ар ким озуно звезда болгон момент.Мурдагыдай эмес даже ырчыларды кимсин деп да койбогон заман
27.12.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара Эсенгуловага жооп: сен Канат Култаев экоон КТРди менчиктеп алып, озунордун ырчыларынардын супсак ырларын КТР менен радиолордон кунуно 30-50 жолу кайталап койсонор да, элдин журогуно жол таппаса кайдан хит болот?!! Силердин жогорку ыкманардын доору отту кетти, мына азыр силер тоготпогон Гулжигит Сатыбековдун, Самара Каримованын ырларын эл суйуп угат, Ниязалиевдин "жубайыма" деген ырын да. Ал эми силердин саны коп сапаты жок ырчыларынардын супсак ырларын ким уксун?!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо