МОСКВАДАГЫ КЫСЫМ, ДЕПОРТАЦИЯ... КАЙРЫЛГАНДАРГА ЭЛЧИЛИК ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛАБЫ?

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Орусиядагы мекендештерибиз Москва шаарынын полиция кызматкерлери тарабынан акыркы убакта тынбай текшерүүлөр, депортациялар жана күчөтүлгөн кысым кыргызстандыктарга гана болуп жатканын билдиришүүдө. Мындай учурда мекендештерибиздин ишенген кожосу элчилик экени талашсыз. Бирок "элчиликтен жарытылуу жардам ала албай, тескерисинче, алардын орой мамилесине дуушар болуудабыз" деген мекендештерибиздин абалын билүүнү чечтик.

МЭРДИН СӨЗҮНӨН УЛАМ БАШТАЛГАН КЫСЫМ

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ушул жылдын 28-ноябрында жумуш мигранттарын легалдаштыруу башталганын айткан. "Борбор шаардагы мигранттардын 40 пайыздан ашууну легалсыз иштегендер. Айрыкча ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген мигранттар көйгөй жаратууда. Кыргызстандан барган мигранттар эмгек келишимин түзүшпөйт, салык төлөбөйт, көбүнчө өнөр жай зоналарында антисанитардык шарттарда жашашат. Ошондуктан Орусия өкмөтү менен биргеликте бул көйгөйдү мыйзамдуу түрдө чечүүнүн жолун карап жатабыз. Москва эми мигранттар үчүн короо эмес",- деген мэр мыйзамсыз миграцияны табууну, анын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды улантууну Москва полициясынан суранган. Ага элчилик "абийирсиз жумуш берүүчүлөр кыргыз мигранттарын "мыйзамсыз" макамына ээ кылышууда" деген жооп кайтарган.
Москва мэринин сөзүнөн кийин эле кыргыз мигранттары катуу кысымга кабылышканын Орусиядагы мекендештерибиз айтып чыгышты. Мындан улам кыргыз мигранттары арыз-муңун айтканы Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине 9-декабрда чогулушкан. Ошол күнү "элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынып, 5 автобус ОМОН келгенине кыргыз жарандары түшүнбөй калышкан. "Элчиликке өз укуктарын талап кылып барган кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти, элчилик өзү чакыртып салып берди. Биз ишенген элчилик ушундай кылып жатса, анда мигранттар кайда барабыз, үнүбүздү ким угат?!" деп билдирген Кубаныч аттуу мекендешибиз.
Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги "жолугушуунун жүрүшүндө миграция, депортация, каттоо жана "кара тизме" маселелери талкууланып, суроолорго жооп алынгандан кийин Жогорку Кеңешке кат жолдоо чечими чыккан. Социалдык тармактардагы "кыргыздар, чогулгула, элчиликке барабыз" деген билдирүүлөргө Орусиянын органдары тийиштүү реакция жасап, ОМОН жиберген" деп билдирген.

РЕЙД ЖҮРҮП ЖАТАТ

Москва бийлигинин бул жолку "мыйзамдаштыруу" аракети кантип аяктаары, мигранттарга дагы кандай табышмактар бар экени али белгисиз. Ошондой эле Орусия полициясы тарабынан текшерүүлөр күчөп, жазалар катуулашы күтүлүүдө. Бул жагдай Москвада иштеп жүргөн мекендештерибизди тынчсыздантат. Анткени "тазалоо иштерине" мыйзамсыз жүргөнү да, түз жүргөнү да илинип калышы мүмкүн. Москвада 25-декабрга чейин "Мигрант" деген рейд жүрүп жатат. Дагы башка эрежелер чыгып, рейд уланышы мүмкүн, андыктан элчилик бул маселени чечүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Учурда Москвада кармалган кыргыз мигранттары Сахарово айылындагы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда. Өткөн жумада кармалгандардын саны 92ге жеткен.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирип жатканда Орусия менен Казакстанда иштеген жарандарыбыздын жүктөрү бир азга болсо да жеңилдейт деп айтылган. Ал жеңилдиктер Орусияга кирген Кыргыз Республикасынын жарандарын 30 күндүн ичинде каттоого туруу, орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшыруу, жумушка орношууда патент алуу милдетинен бошотуу жана башкалар болчу. Бирок аталган өлкөдө иштеген жарандарыбыздын абалы баягы эле бойдон калып жатканын айтышууда.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын жарым жылдыгында мигранттар Москванын казынасына 7 миллиард рубль өлчөмүндө салык төлөшкөн. Москвада мыйзамсыз иштөө боюнча маселе барып эле патенттин учурдагы баасы кымбат экенине такалат.

"ЭЛЧИЛИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ"
 
Мигранттардын нааразычылыгын билдирген видеокайрылуу жасаган Тилек Таалайбеков бул маселе олуттуу болгону үчүн кайрылуу жасаганын айтып, кошумча дагы төмөнкүлөргө токтолду:
– Биз социалдык тармактар аркылуу митинг кылалы деп кыргыздарды чакырганыбыздын себеби, элчилик кызматкерлеринин бизге кылган мамилесинин оройлугу. Биз буга чейин да элчиликке барганбыз, бирок бизди жакшы кабыл албай коюшкан. Негизи эле элчилик кызматкерлери мекендештерибизге орой мамиле кылып келишет. Жардам сурап барганда "өз көйгөйлөрүңөрдү өзүңөр чече албасаңар Орусияга эмнеге келесиңер?" деп кетирип жиберишет. Мындайча айтканда, ал жакта бизге күйгөн эч ким жок. Ушундай мамиледен улам биз социалдык тармактар аркылуу чакырык жасап, чогулганбыз.
Миңдеген адамдар элчиликке нааразы, качан гана кыргыз өкмөтү бизди коргой турган жактоочуларды бул жерге алып келип, бизди коргогондо гана иш оңолушу мүмкүн. Эмне үчүн кыргыздарды гана камап жатат, башка улуттарды камашпайт? Анткени алардын элчиликтери жакшы иштейт да. Биз 9-декабрда болгону ушундай жөнөкөй талаптар менен элчиликке барганбыз. Биз элчилик кызматкерлери менен жолугуп чыгып баратканда ОМОНдор баарыбызды кармашты. Биз бир сааттан ашык полиция бөлүмүндө отурдук. Таң калтырганы, башкаларды коё берип, элдин арасынан биздин топтун балдарын тандап камап жатышты. Полиция кызматкерлери бизди ары-бери жулкуп, автобустарга салып кетишти. Угушубузча, элчиликте иштегендер эле полицияга шыбырап, атайын бизди салып беришиптир. Ошол учурдагы абалды интернетке чыгарганыбыздан кийин гана ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев келип бизди чыгарды. Азыр полиция кызматкерлери документтери туура болсо деле, болбосо деле мекендештерибизди депортация кылып салууда.

"ОРОЙ МАМИЛЕ КЫЛБАЙБЫЗ"

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине болгон арыздануулардан улам биз элчиликке чын-бышыгын билүү үчүн суроо узатканыбызда, маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова буларга токтолду:
– Эч кандай орой мамиле кылбайбыз. Бир күндө ар бир кызматкерибизге жүздөн ашуун киши суроосу менен келет. Бир топ жардамдарды беребиз. Биздин жарандардын арасында жаза албаган, өзүнүн укугун коргомок турсун, орусча эки сөздү кошуп сүйлөй албагандары да бар, алар менен иштөө кыйын. Бизде 4 видеокамера иштейт. Аларды элчи өзү карап турат, коопсуздук тартипти караган кызматкер бар, алар дагы карайт. Эгерде орой мамиле болуп жатса, ошол замат консулга айтсын. Ошондой эле элчиликте митинг болгон жок, чогулуш гана болду. Келген мигранттар баары мекенчил жаш жигиттер. Алар 4 күн мурун социалдык түйүндөрдөн жарыя жасашкан, "келгиле, кыргыздар, метродон чогулалы" деп. Бирок мындай баш аламандык мыйзамга туура келбейт.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(54)
21.12.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оздору билет бекен озу орусча? Корбосок бир жон эле...
21.12.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элчилик туп тамыры менен алмашсын!!! Кичинекейинен чонуна чейин, охранасыны кошуп. Тим эле орусча эки созду кошуп суйлой албайт деп, ошону суйлоштон мурун уялбадынбы!! Силер кыйын болсонор Кыргыздар кыйналбай журот эле, ошонтип суйлоп аткандан кийин созсуз ушул адам орой мамиле кылат. Мен регистрация, печать жонундо сурайын деп чалсам, орусча суйлойт кыргызча суйлосом, кыргызча суйлосо тили тешилип калабы! Макул мен орусча билет экем, билбесем тушунбой калып кетмек экем да.
21.12.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анан жообуна тушунбой калып кайра сурасам орой мамиледе жооп кайтарды, кулагын дулойбу деген тондо. ХХХ ХХХ, МЕКЕНИМ КЫРГЫЗЫМ ДЕГЕН АДАМДАР КЕЛИП ИШТЕСИН. Булар жаны жыл менен алек болсо керек азыр, бизди ойлогонго убактысы жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-22 12:11:56
22.12.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
talant83, провокация жарата турган билдирүүгө тыюу салынган.
21.12.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кандай жардам беришпейт,жеке мен озум жакшына мамиле кылгандарын коро элекмин,оозуна батышынча сурайт адамга туз карап мамиле кылганды билишпейт жер тиктеп суйлошот дагы эки созду орусча билишпейт дейт оздору асмандан тушконсуп.
21.12.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошо орусча билбеген кыргыздардын укугун корго деп жөнөткөн го буларды туура мойунга алыш керек азыр мен орусядамын мен дагы билбейм орусчаны бул жакка келгенден алдын орусчаны жаакшы уйронүп келиш керек деп ойлоп калдым
21.12.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Орусча билбегендер менен иштеш кыйын деп, орустар айтса жарашат. А сен Гулбарчын Байымбетова, кыргызсын да. Неге Ошол Орус тилин билбегендер менен орусча суйлошкун келет. Демек сен да орустарга жагынгын келет, кыргызча суйлогон жагынып. Негизинен ар нерсени айтып чалкалабай, копчулукко менен иштей албасан ал жакта отурбай эле кой.
21.12.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жазып тайып барып калсан, текеберденишип корсоюп суйлогулору келбейт.Жер которое котор, которой албасан таштап жибер болуп алышат.
21.12.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу супер инфо,сиздерден умутубуз чон,элдин унун жеткиресиздер деген! Орусча билбегенин,жардамга муктаж адамдар барат да ал жерге!
22.12.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Комментарий 100% элчилик кетсин болуптур эми ушул элдин жазганын угуп бийликтегилер алмаштырат бекен же дагы эле ошолор иштей береби???
22.12.2016. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргыздар орусча билбесе - уят эмес!
Кыргыз болуп туруп, кыргыз тилин билбесе - ошол уят!!!
22.12.2016. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өз кызматын так аткара албаган "чиновниктер", күнөөнү өздөрүнөн эмес, башкадан издейт.
22.12.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайран кыргызым ай кордукту башка жерде да башкалардан эмес оз кыргыздардан коруп келет.Колуна кенедей бийлик тийсе озун кудай сезип калмай ар кыргыздын канында бар го сыягы.Кыргызды кыргыз чет жерде да алдап сабап тоноп кордоп атканы жалганбы.Башка улуттар бардык жерде бирин бири котормолоп мурун келгени кийин келгенине жумуш акча жагынан жардам берип котормолоп турганын коруп кыргыз кайда баратат деп ичин куйот.
22.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тим эле орусча суйлоп туулгандайсын го чиркин, Гулбарчын Байымбетова Алар менен иштешкидей чогуу иштеп атасынбы? Созду да орду менен суйлосонор,ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-22 12:23:31
22.12.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи москвадагы элчилик жардам бербейт.коп убакта бир жолу жардам берсе.1жыл мактанышат чет жакта журсон.жардам колун сунбаса не кереги бар.анда элчиликтин
22.12.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулбарчын айым.мигранттар деле жырганынан барбайтат.ал жака элдин жашоосун билбейсиз.да жашоо шартын.не кыргызча тушунбой.орусча эле тушуносузбу?кыйратыпсыз
23.12.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саламатсыздарбы??Бизда балага вкладыш жазаганы синдим барса .Бир жума кутосун кутпойм десен мин рубль деп алышкан акча.Анан кииин билдик что вкладыш негизи бекер экенин.
23.12.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдагандын ордуна ушу маселени чечип берсе жакшы болмок,пайдалуу иш жасамак
23.12.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашыруун камера кармап элчилике барып коргуло суперчилер
24.12.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элчиликте отурган акча соргуч ХХХ,айлыкты алышат анан бей бечералардын эсебинен чонтокторун кампайтышат,,,силер адам эмессинер!!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-24 10:55:17
26.12.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanpiter, этика нормаларын сактаңыз!
24.12.2016. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде жабалактабай рас ошончо орой мамиле кылат экен карабайт экен скрытый камера диктофон мн барып тартып алып анан интернетке чыгарыш керек ошондо моюндарына коё аласың
24.12.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшегине жараша тушагы деген заман да. Кыргызстанда бир ууч Олигарх байлар бийликти болуп алып акча жасоонун гана аракетин коруудо. Москвадагы Кыргыз элчилиги да оз жарандарынын устунон акча жасоочу мекеме, алардын укугун коргоочу эмес! Аттин ай, мен президент болуп калганымда ушул элчиликте иштегендер бири калбай камалат эле го арты 2, алды 10 жылга чейин, "жегендерин кускандан" кийин.

Канчалаган нааразы пикир айтылса да президент, Окмот жана Жогорку Кенеш билмексен болуп
24.12.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайында чогу иштеген озбек кыз менен озбектердин элчилигине барып калдым эшиктен киргенде эле учурашып мархамад деп озбек тилинде эле сылык суйлошот экен. анан Айдын башында озубуздун посольствага биринчи жолу бардым. Решоткасынын ичинен бекитип алышыптыр тоолтура Адам суукта тонуп кутуп отурат. Ичине киргенде дагы ,,саламатсызбы'' десен ,,слуушаю!!'' деп кагып силкип суйлойт экен аябай тан калдым. Суукта 3 саат кутуп туруп анан эч кандай жардам ала албадым.
24.12.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан да тигиге мынча мин рубль моога мынча мин рубль толойсун дейт экен. анан кассага беремби десем жок мага деп айтты тан калдым.
25.12.2016. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элчиликте иштегендер силерге жок дегенде бироо ыраазы болгонбу, бул эмне деген мамиле, теги силерде адамгерчилик деген тушунугу жашайбы? Мен ал жакка эч качан барган эмесмин, бирок комментарийлерди окуп эле тушундум.
26.12.2016. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле болушсун элге жардам бере албагандан кийин. Элчиликти жап салгыла . Эл өз көгөйүн өзү тартып келген дагы эле тарта берет силерсиз деле.
27.12.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uyaty jok elchilik kyrgyzga kuigondun orduna kuidurosunor!
28.12.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо орустун арасында тушунушуп иштеп нан таап атып жердештер анан КЫРГЫЗ сага келгенде орусчадан кыйналып калдыбы???Орус тилди тушунбогон адам жок.
28.12.2016. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диктофон которуп барбайсынарбы доказательство болуш учун,бир еле емес бир нече Адам ошондой записьтерди чогултсанар жакшы болмок. ХХХ алган маянасын акташса Боло жок дегенде.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-28 09:28:09
28.12.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azita, этика нормаларын сактаңыз.
28.12.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОТКОНДО иним айдикардын жоготуп алып Санкт-Петербург шаарындагы консульствого барып справка алды. Убактылуу 2 айга. 5000 рубльга... супер Инфо, билип бере аласынарбы ушуну мыйзамдуубу?
28.12.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо, силерде полномочие бар го. Ошол консульстволордун "прайс лист" дегенин билип жарыялап койсонуздар. Каймы справкага канча толонооорун,кандай жардамдар канча тураарын и кайсылары Бекер...
28.12.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santini, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо