АСЕЛИНО ФРЕЙТАС КАЙРАДАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ

№183 5-11-май, 2006-ж.

АКШда өткөн Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) чемпионатында бразилиялык Аселино Фрейтас чемпиондукту камсыз кылды.

Аселино рингге америкалык Захир Рахим менен чыгып, 12 раунддун жыйынтыгында 116-112 эсеби менен Захирдин үстүнөн жеңишке жетишти. Фрейтас мушташты жакшы деңгээлде баштап, артыкчылыгын көрсөтүп жатты. Бирок, беттеш жарымдап калганда актив­дүүлүгү төмөн­дөп, ийгилик ташы Захирге ооду. Рингге чемпиондукту утууну максат кылып чыккан Аселино абалды баамдап, өзүн колго алды. Ошентип, 12 раунд аяктагыча артыкчылык улам бирине ооп жатты. Жыйынтыгында Аселино чемпион болууга жетишти. Эскерте кетсек, эки боксчу тең 61 килограмм салмактагы балбандар. Захир Рахим болсо учурда дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунда турат. Антсе да бул ирет ийгилик аны жылоолой алган жок.

(Спорт темасындагы мындан башка кызыктуу макалаларды “Супер-Инфо” гезитинен окуңуздар)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо