Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айчүрөк Иманалиева: "ИНТРИГАЛАРДАН ТАЖАП, САХНАДАН КЕТКЕНИ ЖАТАМ"

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Сахнанын түйшүгү оңой эмес, өзгөчө аял кишиге. Эл алдында өз ордун жоготпой, үй-бүлө очогун өчүрбөй экөөнү эриш-аркак алып кетүү андан да кыйын. Бүгүнкү мейманыбыз Айчүрөк Иманалиеванын сахнада жүргөнүнө 30 жыл болуптур. Отуз жыл айтканга оңой болгону менен өзүнө эмне деген эмгекти камтыйт. Отуз жылдык өмүрүн, эмгегин сахнага арнаган ырчы сахнаны таштоо алдында турганын айтты.

– Саламатсызбы? Айчүрөк эже, маекти дароо эле ток этер жеринен баштасак. Шоу-бизнестен чарчадым деп жатасыз, эмнеси чарчатты сизди?
–Саламатчылык. Кыргызстанда шоу-бизнес деген сөз мындан он жыл мурун пайда болду десек болот. Ошондон бери бул казан боркулдап эле кайнап жатат. Менин эстрада жанрында иштеп келе жатканыма 30 жылга аяк басыптыр. Мурун "аранжировкачыдан, композитордон, акындан ыр сатып алуу" деген түшүнүк жок болчу. Алар акчаны эмес, жаратчу чыгармасын ойлоп болгон демин, күчүн жумшагандыктан, ошол кезде жаралган ырларды улам кийинки муун жаңылап ырдап жатышат деп ойлойм. Мен жаңы чыккан кезде ырды жараткандар эмес, аткаргандар акча алчубуз. Эсимде, 1992-жылы ошол учурдун популярдуу долбоору "Мыскыл жана тамашага" катышып, ал үчүн жакшы акча алгам. Азыр турмуш-шарт ушуга түртүп жатат окшойт, баарын сатып аласың, эч ким бекер иштебейт. Анда да жөн иштебей ким көп акча төлөсө ага сатып жиберебиз. Жан дүйнөңдөн сызылып чыккан чыгарма метр менен өлчөнүп, таразага тартылбашы керек деп ойлойм. Азыркы шоу-бизнестин интригалары да укмуш. Өзүм эч нерсе дебесем, күнөөм жок болсо дагы, атымды илештирип алып, психологиялык жактан чарчатып салышкан учурлар көп. Ушундай нерселердин айынан эки жыл съёмкаларга барбай, интервью бербей жүрдүм. Бирок чет өлкө менен иштешип, 2 жылдын ичинде байгелүү 7 орун алып келдик. Бул да болсо менин кыргыз эстрадасына кошкон тамчыдай салымым деп билем.

– Эл аралык сынактарда калыс катары барып жүргөнүңүз тууралуу айтып жатсаңыз керек. Калыстар арасында отуруп бизден барган катышуучуга жакшы бааңызды бересиз, калган бааны ырчы өзүнүн таланты менен алып жатпайбы...
– Мамлекеттин атынан калыс болгон соң күчтүү катышуучуну алып барганга аракет кыласың. Чынында ал жакта деле тааныш- билиштикке салуу бар. Калыстар тобунда отуруу өзүнчө бир саясат десем болот. Мисалы, Прагада өткөн сынакта Курал Чокоев алдыңкы ондукка кирбей калса болобу? Курал, балким, ал түнү уктап жаткан чыгар. Биз, жолдошум Таалай экөөбүз эртең мененки жетиге чейин ар кимге телефон чалып отуруп, ондукка кирбей калган ырчыбызга 3-орунду алып бердик. "Биздин аранжировкабыз ушундай болчу, силер байкаган жоксуңар, формабыз мындай болду",- деп өзүбүздүкүн алга сүрөдүк.

– Сахна адамы катары сизди бул чөйрөнүн эмнеси ыраазы, эмнеси нааразы кылат?
– 1996-1997-1998-жылдары "Азия дауысы" Эл аралык фестивалына барып, сахнанын жасалгасына оозум ачылып аябай суктанып келгеним эсимде. "Бизде качан сахналар ушундай жасалат?" дегем. Азыр ошондой жасалган сахна бизде да бар. Мисалы, кечээ эле "Супер концерт-2016" өттү, сахна кандай укмуш жасалды. Жөн эле керемет. Сахнадан кетпей ырдай гана бергиң келет. "Ордендин эки жагы бар" дегендей, көрө албастардын капкаяктагы ушактарды жаратып таратканы, кичүүлөрдүн улууларга, улуулардын кичүүлөргө ызаатынын жоголуп баратканы нааразы кылат. Чогулуп алып сахна талашкандары аябай жүрөгүңдү оорутат. Өткөндө кайрымдуулук концерттерине бардым. Көрүүчүлөрдөн ырчылар көп. Кимиси ырдай алат, аны тескеген адам жок. Андайда ырдамыш болуп жүргөнү деле улуулардын башын аттап кеткени аянычтуу. Тойго барсаң деле ошо. Азыркы жаштар улуу муунду автомат менен атса, аларды кийинки муун замбирек менен тосуп аларын унутушпаса. Мындан улам, тынч эле жашап сахнадан кетсемби деп жүрөм.

– Сахнаны таштаганга эркиңиз жетеби?
– Жогоруда ар кандай интригалардан чарчадым дебедимби. Ошондон улам эч кимдин көзүндө, кулагында, сөзүндө болгум келбей, жан-дүйнөм кыйналган учурлар болот. Өзүмдүн отчёттук концертимди берип, анан кетейин дедим. Концертимди жыл жаңырары менен январь айына тууралагам, бирок жетишпей жаткандыктан февралга жылдырдым. Ошондо кызым, Аэлита буюрса сахнага алгачкы кадамын таштайт. Ырчылыкты таштоого эрким жетпей баратса кызыма продюсер болуп алам да (күлүп).

– Жеке жашоону да камтый кетели. Жылдар өткөн сайын үй-бүлөдөгү аял-күйөө мамилеси ар түрдүүчө өзгөрөт экен, сиздердики кандай өңүткө өзгөрдү?
– Таалай иштегенден бери эртең менен бир, кечинде бир көрөм. Жылдар өткөнү эки адамдын ортосундагы сүйүү балдардын артына жашынгандай болот экен. Башкача айтканда, балдар деп жашап калдык. Балким бирөөлөргө үй-бүлөсүн башкарган күчтүү аял көрүнөм. Бирок жолдошумдун да өзүнө тиешелүү мүнөзү бар. Жашаганыбызга 22 жыл болду. "Кичинекей мамлекетибиз урабасын" деп көп учурда мен артка бир кадам таштап турам. Мага караганда Таалай көк бет, кээде бир апта деле сүйлөбөй коёт. "Андай кылалы, мындай жасайлы" деп үй-бүлөнү сүйрөгөн мен. Сүйрөбөсөм да болбойт. Отуз жылдан бери элим мени сахнадан түшүрбөй кол чаап келет, бул да болсо талыкпаган эмгегимдин акыбети. Кичинекей бизнесимди ачып алдым. Мунун баары балдарым үчүн, балдарым мендей кыйналбаса дейм.

– Балдарым мендей кыйналбаса экен деп 2-3 жолу айттыңыз. Эл ырчыларды жыргап эле тойдо, концертте жүргөндөй көрүшөт...
–Айылда гастролдоп жүргөнүбүздө кээде лак жок калып, чачыбызды дарбыздын ширеси менен тургузган күндөр болду. Кышында бензин түгөнүп машинада, мейманканага жатканга акча жок концерттик костюмдарыбызды жамынып талаага да түнөдүк. Бир жолу Арлен алты айлык боюмда барда Ошто "Айчүрөк" эстрада театры кырк күн концерт бердик. Концерт бергенибизге бир ай болгондо 2-3 күнгө эс алдык. Бир айлык гастролдун акчасын учак менен Бишкекке алып келип үйдөгү шифоньердин астына катып кетип жатпаймынбы. Аны кассага деле салып койсом болмок экен. Ал топтогу 20га чукул адамдын бир айлык иштеп тапкан чоң суммадагы акчасы болчу. Кайра Ошко барып он күндүк гастролубузду бүтүрүп келсем акчам жок. Үйүмдө жашап жаткан туугандарым уурдап кетиптир. Анда да стресс болуп ооруканага жатып калдым. Уурдагандар акчага алтын, кийим алышып, ресторанда жыргап жүрүшүптүр. Ошондон кийин ал туугандар менен катышпай калдым. Бул мен көргөн кыйынчылыктын чети гана.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

"Кызым Аэлита азыр 6-класстын окуучусу. 1-классынан бери француз багытындагы жана музыкалык багыттагы мектепте окуйт. Эки мектеп бири-бирине жакын, ошондуктан эч бир сабактан калбайт. Аэлита Кыргызстанда эле жүрө бербей чет өлкөдө да аты чыккан мыкты музыкант болсо дейм".


"Мени жарык дүйнөгө алып келген апам. Апамдын ырчы болом деген кыялын мен орундаттым".



Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(57)
21.12.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эжени стресс кылган бир эле ХХХ ХХХ. Ошонун айынан канча стресс ооруп жаман болду. ХХХ .Бирок жакшы эже аябай суктанам уй булосун да жакшы караган аялдай сезилет.балдары да татынашкалар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-22 11:43:35
22.12.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arzuuu, далилсиз маалымат жазып кимдир-бирөөнү каралоодон алыс болуңуз. Эскертүү!
21.12.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ ачү эже эч жакка кетпениз сиз деген примадонна наоборот монополия түзүнүз сиздин электен өткөндөр гана ырдай турган кылыныз мындан кыйынчылыктарды көтөрсөнүз керек сизде деле тааныш өйдө жакта бардыр кысып бийликке салып болсо дагы ирээтке келтирин а так каашасы чыгып кеттиго чиркин кыргыз эстраданын
21.12.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куралга орун алып бергенин айтып ьутушпойт такыр эле. эми уят да ушинтип тундо барып суйлошуп,анан орун алдык дегени. умереть не встать. анан ызы чуу салып жиберишет,оой биз европага барып биринчи орунду алдык деп. Бобкова да калп чынды айтып аран басыдды эле гт
21.12.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл суйлой берет
Кетпениз
21.12.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушу ырчыларга танмын. биз кыйналавыз,гастролдойбу деше беришет. башка кесип ээлери эмне тукуруп койсо эле акча табылып калыптырбы. кыйналсаныз ацылга барып фасоль айданыз. кандай эле королу женил оокатт экенин талаа жумуштары
22.12.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убaгындa ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-12-22 09:20:56
22.12.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KyrgyzTrump,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
22.12.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошентип уй боломду судуруп журом дейт го ага чейин жолдошун мактап жатты Эле Эми канткенде да туура жолду тандапсыз
22.12.2016. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчур эжекени Гулнур абижем жакшы эле ХХХ гоо.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-22 10:14:06
22.12.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat86, Izdeim_seni., кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
22.12.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура эле.депутаттардай болуп каарыгыча жүрө бербей,эс алганыңыз оң.ушу ырчылар балдарынын үнү жок болсо деле ырчы кыла бергендери жакпайт,Аэлитаны да көрөбүз го.
22.12.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага такыр жакпайт бул айым. Корсом эле нерв боло берем. Интервьюсун чыдап окудум. Эми озун аябай эле актаптыр. Шоу бизнесте озу кылып келген туура эмес иштери, каталары менен да болушо кетпептир. Суйунуп атам кетем дегенине.
22.12.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага анча эле жага бербейт. Гулнур эжеге да тийиштирип суйлогонго менимче. Озун аябай эле актаптыр.
22.12.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн сонун ырчы баарынын эле тушунугу жете бербейт ырчыларды баалаганга.
22.12.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айчурок, бир кездерде сени кары жашыбызга карабай суйдукко.. чиркин..
22.12.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында азыр ким ырчы акчасы көптөр ырчы.Баары сатылып калды деген сөз чындык..
22.12.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
казыр баары сатылат деп кейимиш болуп коет,озц бекер ырдайт бекен бир жолу хотябы ,а???
23.12.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай соонун жанылык! Эми созуно туруп кетсе экен ?! Чынында бул эжекебизди ким угат,кыйналып ырдайт. Интриганы ушул уабака чейин кобунчо силер жаратасынар го!
23.12.2016. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага такыр жакбайт алайын десен тузук ыры деле жокко
23.12.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
артист депутат беле чыныгы артист олгондо гана кетет сахнадан а чыныгы депутат 5 жылда кетиш керек
24.12.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кыласыз.Жаштардан сахна талашпай кетип калыныз.Жашыныз дагы келип калды.
24.12.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акаев президент убакта бул ырчы концерт коюп келгенде билеттерин ишканаларга таркатчу. Ал убакта жашообуз оор болчу жолдошумдун иштеген жерге да адам башын эсептеп концертке билет таркатыптыр айлыгынан акчасын кармап калат барса барбаса да. Айчурок эженин уну жетпей калат экен ырдаганда. Концерт буткончо ушул эжени жек коруп олтургам
24.12.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийин гезитке интервью бериптир "мен сахнаны роза гулдор менен кооздодум эле эл аз келип чыгымды актабады"деп жазыптыр. Эл келбесе демек убактысы бутту. Жаш кезинде жакшы ырдачу. Жарк этип кайра очсо эл куноолуу эмес да
24.12.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок ото кичипейил жонокой экен деп айтчу бир эжем.азыркы ырчы соройлор бир клип тартса дардандашат да.чын эле коптор ак эмгегин колдонуп анан тукуруп кетишти. Айрыкча Желикалар.бирок бумеранг деген нерсе бар кайрылып келе турган. Аны да коро жатабыз го.
24.12.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кетсе кетеберсин ансызда ырчылар кобойуп кеттигооо
24.12.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кэтсе кете берсин жакшы болот
24.12.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулнур эжени жамандап жатасызбы кетип жатып дагы
24.12.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келгиле,хор менен баарыбыз ДАВАЙТЕ,до свидание. деп коелу
26.12.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nado byt' silnee vragov i ne pokazyvat' im vawe slabost'i
26.12.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
flower_soul, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
28.12.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульнур апчем ордуна койгон экен ээ,
25.01.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курал чокоевди айтпай эле койбойбу. эми ал чыгат бир кунун озум эле жетишкемдеп,гезиттин бир бетин ээлеп
25.02.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок созундо туруп кетчи. Сен ырдабайле койчу сен ырдасан нерф болобуз. Кыйналып ырдайсын. Жаштарга бер сен карып калдын. Биз барыбыз хором до свиданья дейбиз ты кто такой. Чвкпачы сенден суранабыз. Ырдава ырын эч ким укпайт сенен тажадык
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо