Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛБАНЫБЫЗ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

10-13-декабрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өтүп, анда кыргыз балбаны Эламан Догдурбек уулу эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта коло медаль тагынууга жетишти. Аталган чемпиондук кандай өткөнү тууралуу Эламан айтып берди.

– Жеңиш кут болсун! Бул Дүйнөлүк чемпиондукка даярдык кандай болду эле?
– Рахмат! Даярдык жакшы деңгээлде болгон. Бирок мелдешке бир жума калганда ооруп калдым. Аз убакыттын ичинде мыкты калыпка келүү керек эле. Ушул себептерден улам алгачкы беттешимди уттуруп жибердим окшойт.

– Биринчи беттеште эле утулуп, бирок атаандаштын финалга чейин жеткенинен улам мелдешти уланттың...
– Биринчи беттеште эле атаандашымдан утулуп калганда "ийгилик мен жакта болбой калды, үмүт актабай үйгө сапар аламбы" деп ойлогом. Бирок мени уткан казак балбаны финалга чыгып, мага коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондо кайра чыйралып, дагы да болсо мүмкүнчүлүктөрүм бар деп жаттым.
Кийинки беттеште үй ээсинин спортчусун 5:4 эсебинде жеңген соң өзүмө болгон ишеним кайтты. Калган беттештерге улам күчтөнүп, барган сайын жеңишке болгон аракетим өсүп жатты. Андан кийинки кармашта молдовалык Михаил Саваны 8:2 эсебинде жеңдим. Ал эми 3-орун үчүн чечүүчү кармашта япониялык Набуёси Такожима менен беттештим. Мында алгачкы упай алгандан тарта эч токтобой күрөшүү керек болду. Жыйынтыгы жаман болгон жок, аны 11:0 эсебинде утуп, коло медалга жеттим.
Жеңишимди мени тарбиялаган машыктыруучуларыма, мага ишенген күйөрмандарга, үй-бүлөмө жана албетте, кыргыз элиме арнайм.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
21.12.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толька вперёд борчиктер!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо