БАНК КЫЗМАТКЕРИ 80ДЕН АШЫК АДАМДЫН АТЫНАН НАСЫЯ АЛЫП КАЧЫП КЕТКЕН

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Кеңсебизге "Азия банкында" иштеген кызматкер 80ден ашык адамдын үстүнөн жасалма документ менен насыя алып качып кетти" деген жарандар кайрылышты. Алардын кээ бирлерине сот банкка насыяны төлөй турган чечимди чыгарып салган. Бул иштин кандайча болгонун иликтеп көрдүк.

"ЖАЛГЫЗ БИР КЫЗМАТКЕРДИН КОЛУНАН КЕЛБЕЙТ БОЛЧУ"

Жабырлануучулардын бири Чолпонбек Эдилбеков окуяны айтып берди:
– 2015-жылдын октябрь айында Махмуд деген досум менден паспортумдун көчүрмөсүн сураган. Дагы бир досум экөөбүз паспортторубуздун көчүрмөлөрүн бергенбиз. Махмуд "паспорттун көчүрмөсү менен насыя алса болобу?" деп сураганда биз "болбосо керек" дегенбиз. Ошондон 1 жыл өткөндөн кийин "Азия банкынын" кызматкерлери мага телефон чалып, "сиз насыяңызды төлөбөй жүрөт экенсиз" дешти. Кайсы насыя, эмне болгон насыя деп эле изилдей баштадык. Көрсө, ошол эле банктын Жылдыз Касымалиева деген кызматкери 80ден ашык адамдын документтерин ар кандай жолдор менен алып, алардын атынан насыя алган экен. Кээ биринен акча которуу, студенттерге болсо бир аз акча берип жана айылда жашаган карапайым адамдарды алдап документтерин көчүрмөсү менен алган. Мага ал кызматкер "Арча-Бешик конушунда жашайт, "Дордой" базарында баш кийим сатып иштейт" деп документ толтуруптур. Мен эч кандай ал жерлерде жашап, иштеген эмесмин. Арча-Бешикте мени "жашайт" деп маалым кат жазып берген Аманжан аттуу кишиге жолуксам, ал "колумду койгонум чын, бирок ичин мен жазган эмесмин, уурдап алган окшойт" дейт.
Мен Жылдыз Касымалиева дегенди көргөн да эмесмин. Банкка барып анын кайда экенин сурасак, "2016-жылдын март айында өз каалоосу менен жумуштан кеткен" дешти. "Силер ал кетип жатканда жумушун текшерип, анан кетирбейсиңерби?" десек, "бул ишти ал кеткенден кийин гана билдик. Ага чейин билген эмеспиз" дешти. Менин оюмча, булар аны атайын эле качырып жиберишкен. Себеби бул иштин баарын жасаш жалгыз анын колунан келбейт да.
Дагы бир кызыгы, адамдар насыя алып жатканда күрөөгө бир нерсе коюшу шарт да. Бул жерде күрөөсүз эле насыя берилген. Көбүнчө жалаң жаш студент кыздар, балдарды жана айылда жашаган карапайым адамдарды пайдаланышыптыр. Себеби аларды алдап коюу оңой болгон. Мени "Дордой" базарында иштейт" деп жазышкандыктан, "Дордой" ассоциациясына барсак, ал жактан "2 жылдан бери "Дордойдо" иштейм дегендерге банктар насыя бербей калган" деп жооп беришти. Банк кызматкерлери бизди 4-5тен кылып насыя алышкан. Биздин топто 4 адам экенбиз, үстүбүздөн 400 миң сом насыя алышыптыр. Бул топтогу адамдар жадакалса бири-бирибизди тааныбайбыз. Угушумча, ал кызматкер жалпы 8 миллион сомдой акча алдап кетиптир.
Ошентип бул иш сотко жетип, 2016-жылдын 24-октябрында сот башталды. Менин күйгөнүм, соттор банктын эле сөзүн сүйлөп туруп алышты, менде жактоочу жалдаганга акчам жок болчу, ошондуктан да жеңилип калдык. Сот "силер төлөйсүңөр" деп чечим чыгарып берди. Эмне үчүн биз албаган акчаны төлөшүбүз керек?!
Дагы бир таң каларлык нерсе, банк бизге "силер 1 жылдан бери акчаны төлөбөй жүрүптүрсүңөр" деп телефон чалган. Бирок соттун экинчи отурумунда болсо "март айына чейин төлөнүп келип, токтоп калган" деп айтып жатат. Биз ошол замат "ким төлөдү анда бул акчаны, дүмүрчөк алып келгилечи?" десек, "таппай жатабыз" деп чыгышты.
"Азия банкы" күнөөнү Жылдыз Касымалиевага гана оодарууда. Банк насыя берүүдөгү жөнөкөй эрежелерин сактабай жатат. Бардыгын Жылдыз Касымалиевага түртө салууда. Бул ишке кириптер кылган досум Москвада жүрөт, ал деле булардын курмандыгы болуп калган окшойт, сүйлөшө элекпиз. Эми үйүм болсо азыркы тапта арестте турат.

"ДОКУМЕНТТЕРИБИЗДИ ЭЧ КИМ КАРАГАН ЭМЕС"

Дагы бир жабырлануучу Самат Нусупов "Жылдыз Касымалиеванын кайниси аркылуу ушул ишке кириптер болгом" дейт:
– Банкта иштеген Жылдыз Касымалиеванын кайниси Султан "насыя алып жаткам, банкка барып кепил болуп берчи" дегенинен баргам. Барсам банкта айылдаш дагы 3 бала бар экен. Банкка кирип эле кол коюп чыктык. "Кийин бир нерсе болуп кетпейби?" десек, Султан "жеңем бардыгын камсыздайт, коркпой эле койгулачы" деп койгон. Эч ким документтерибизди сураган да, караган да эмес. Көп убакыт өткөндөн кийин айылдагы үйгө "насыя төлөнбөй жатат" деген кат келди. Султан болсо "жеңем төлөмөк" деп ага шылтап жатат.

"ЭМНЕ БОЛГОНУН МЕН ДА БИЛБЕЙМ"

Арча-Бешик конушунун айыл башчысы Аманжан Өмүрканов кантип маалым кат бергенине токтолду:
– Маалым катты башка бирөө толтурган, бирок коюлган кол меники экен. Мен да билбей жатам, качан ушундай окуя болуп кеткенин. Ал жерде маалым кат толук толтурулган эмес. Эмнеге аны банктагы кызматкерлер учурунда караган эмес, алар атайын жазылган дарекке келип, үйдү көрүп текшериши керек эле да. Жабырлануучулар мага келип "сиз жазып бериптирсиз" дешкенинен жашаган эместигин тактап, "жашаган эмес" деп кайра маалым кат жазып бердим.

"КЫЗМАТКЕРИБИЗ КАЧЫП КЕТКЕН"

"Азия банкынын" башкармалыгынын төрагасы Нурлан Алдаяровго байланышканыбызда, ал буларга токтолду:
– Жылдыз Касымалиева биздин кызматкер болгон. Бирок ал туура эмес насыя берип, качып кеткен. Азыркы тапта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ал эми сиздерге кайрылган Чолпонбек Эдилбеков жана башкалардын насыя алгандыгы чындык.

Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Жылдыз Касымалиеваны издөө иштери жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, ал Орусиянын Москва шаарында болушу мүмкүн. Биздин тергөөчүлөр аны Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттерди көрүп жатышат.

"КОЛДУН КОЮЛБАГАНЫН ЭКСПЕРТИЗА АНЫКТАЙТ"

Жогорудагы окуя боюнча юрист Нурбек Абдалиев төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Бул туура эмес кылынган иш. Эгерде жөн гана паспорттун көчүрмөсүн берип койгону үчүн бирөөнүн атынан насыя алынып жатса, анда жабырлануучулар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылып, ал банк кызматкеринин үстүнөн арыз жазуулары керек. Кызмат алардын колу коюлбаганын тийиштүү экспертизалардын негизинде аныктап чыгат. Эгер сот "төлөйсүңөр" деп чечим чыгарган болсо, кийинки инстанцияга апелляция арызын жазышы керек. Кылмышкердин жазага тартылышы үчүн сөзсүз түрдө соттук экспертизанын негизинде колдун коюлбаганы аныкталып чыгышы керек. Ошондо гана банк тарабынан чечилген чечим жокко чыгарылат. Антпесе банкка акча төлөп калышы мүмкүн.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
21.12.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кудай сактасын. бул эмне деген шумдук. Карапайым кишилерди колдонгон кандай ХХХ киши
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-12-21 09:35:33
21.12.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Guzya, этика нормаларын сактаңыз.
26.12.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурлан Алдаяров ырчы эмеспи???
21.12.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир кишинин колунан келбейт мындай нерсе,.
21.12.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кор болсун ак ийилет бирок сынбайт. Сабыр кылгыла айла жок
21.12.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Keremet008,Ак ийилет бирок сынбайт деген соз азыр заманга жараша тарс еле сынат акчасын толосон, бул сөз азыр ескирген.
21.12.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча акчаны алып кантип тынч жашап жyрот?
21.12.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элементарный нерсе. Банктан акча алып жатканда, келишим тузугондо алган киши кол коюшу керек. Аны экспертизадан эле билип алса болот, кимдин койгонун. Ал эми карабай эле алдым деп кол коюп алгандар толоп калышат, мындан кийинки жашоосуна сабак болуп, корунгон жерге кол койбой калышат.
21.12.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушундай бей бечараларды алдагандар кыжырды кайнатат.
21.12.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
8 адамдын атынан алышса да мейли эле 80 адамга кредит жасалма док жасап жатканда каяка карап турушту кассирлер и башкалар же азия банкта бир эле жылдыз отурчу беле жалгыз офисте 10 в одном болуп
21.12.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди ХХХ кылбасынчы. Кайра кайра текшеришет го негизи
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-22 10:24:22
21.12.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиа банктан которулган акчаны да албайт экенбиз да эми..
22.12.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумудугун кур ээй эмне деген заман болуп баратат заман онолот деген сайын кайра артына кетет го
22.12.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азия банкынын жалганчы кызматкерлерин жана ошол паракор соттордун кудай жазасын берсин!
22.12.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азия банкта дайыма ушундай проблемаго ал банкты жаап эле салыш керек окшойт
26.12.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон банкго бул жаап салгыла пайдасы жок мындай банктын тем более насыя беруунун тартибин билбейт экенсинер . насыя беруу боюнча караган комиссияны кошуп издеш керек .
27.12.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Азия банкта оз ишин билбегендер, оздору тушунбой туруп, берки кишилерди убаракерчиликке салышат. Мен биринчи жолу которулган акчаны алганы барып, озум кубомун.Такыр азыр АйылБанк менен которуу жургузбойм, элге дагы которуу жолу менен башка банк менен кызматташуусун айтам. Убарага салышат. Оз адистигин билбегендин жана жоопкерчилик жок экендигинин далили жогорудагы маселе.Билишпейт оз аткарып жаткан жумуштарын жана орой мамиле жасашат.
28.12.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кнтип болсун ушул чогу жасашкан бул ишти.Корбой туруп кантип кредит берсин баарын жоопко тартыш керек тиги качып кеткен кызды тапса болотда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо