Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"АПАМДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ..."

№737 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж

Менин атым Жанара, 16 жаштамын. Бул катты жазбайын деп көпкө кармандым. Бирок көөдөнүмдөгү күйүт чыдатпай койду...
Мен эс тарткандан бери таята-таенемдин колунда өстүм. Апам мекенибиздин миңдеген жарандарындай эле Орусияда иштеп жүрөт. Чал-кемпирдин колунда жүрүп ар кандай күндөрдү башымдан кечирдим. Таятам ачуусу чукул киши, сабактан кеч келсем, тамагын убагында бербесем сөзсүз таяк жейм. Апам жанымда болсо минтип кордук көрбөйт элем. "Апа, мени алып кетчи" деп бакырып-бакырып ыйлап алам. Кайра "аз калды, чыдасам апам келет, ал мага эч кимдин колун тийгизбейт" деген ойлор жоошутчу. Бирок мындай кыялдар жакында эле тыптыйпыл болуп жоголду...
Апам таенем экөөбүздү Орусияга чакырганын укканда менден бактылуу адам жок эле. Таятамдын карылуу колдору эми мага тийбейт, мен эми апам менен жашайм деген сезим ою-түшүмдөн кетпей койду. Учакка отуруп жатып да өзүмчө кудуңдап алгам. Менин кубанычым сыртымдан карап турган кишиге да көрүнүп турган экен. Качан гана таенем:
– Ай, кыз, жиндилерге окшоп күлө бербечи!- дегенде өзүмө келдим. Ошондо да бир нече сааттан кийин апамдын жытын жыттап, анын кучагына батам, экөөбүз жетелешип шаар кыдырабыз деп көп нерселерди элестетип жибердим. Быйыл апам менен көрүшпөгөнүбүзгө 5 жыл болуптур...
Москва шаарына барып кондук, бизди негедир апам эмес, бейтааныш киши тосуп алды. Менин элестеткеним боюнча аэропорттон апам экөөбүз катуу кучакташып көрүшмөкпүз. Тиги байке бизди бир батирге алып барып "Алима азыр келет, күтүп тургула" деп кетип калды. Апама алып барган нерселерибиздин баарын астыбызга коюп, чакан ашканада күтүп отурдук. Бирок апам бизди көпкө күттүрүп, түн киргенде араң келди.
– Силерди тосуп ала албадым, жумушум ушундай кеч бүтөт,- деп эле көзүн ала качты. Мени бетимден сүйгөнү эле болбосо, андай деле үйрүлүп түшүп, кызым деп бооруна тарткан жок. Мостоюп эле отуруп калдым. Таенем менен деле көп кеп-сөзгө келбей, бизди төшөк салып жаткызып койду. Ишенесизби, ошондо биринчи жолу апамдын жанына барганыма өкүндүм. Ал күнү чарчап келсе керек деп өзүмдү жооткотуп койгон элем, бирок адашыптырмын... Күндө таң атпай жумушуна кетет, түн бир оокумда келет. Эне-бала болуп же таенем менен, же мени менен сүйлөшүп отурган жок. Барганыбызга бир жума болгондо бизди көзгө илбей эле чоочун кишилер менен ээрчишип келе баштады. Кечке ашканада тамеки тартып, арак ичип отурушат. Адатта түн ичи келгенде биз уктап калчубуз. Бул жолу эркек кишинин катуу күлкүсүнөн чочуп кеттим. Коридорго чыгып, ашканада апам бир кишинин тизесинде отурганын көрдүм. Жийиркенип кеттим.
– Апа, жүрү эс алыңызчы,- дедим чыдабай.
– Бар укта, чоң кишилердин ишине аралашпа!- деп мени жеп ийчүдөй карады.
– Кызың ушубу, чоңоюп калыптыр го. Кел дебейсиңби?- бөтөлкөлөшү бул сөздөрдү айтканда апамдын жини келип кетти. Ордунан шарт туруп, мени түрткүлөп бөлмөгө кирип кетишимди талап кылды.
Мындай көрүнүшкө, ызама чыдабай ыйлап жибердим. Апама "ичпей эле коюңузчу" деп жабышсам, баштан ары бир чаап, чыгып кетти. Мына, менин күткөн апам, менин жашоого болгон үмүтүм. Мен жашоонун ушундай чындыгын көрүш үчүн келген экем да! Апам мени карап да койгон жок. Эки бүктөлүп бутумду кучактап таң атырдым. Таенем да негедир апама "ай, кой" дей алган жок...
Күндө уруш-талаш болуп жүрүп эки жума өтүп кетти. Бул күндөр ичинде сабаса дагы таятамды сагындым. Апамдын кийингенин, тамеки тартканын, каткырып күлгөнүн, боёнгонун, сөгүнгөнүн эстесем итиркейим келет. Жок, жок, ал менин апам эмес деп ойлоп кетем. Бирок бул чындык. Анан таятам акча салды, ага билет алып Кыргызстанга келе бердик. Ошол бойдон апам менен телефон аркылуу да сүйлөшкөн жокмун. Себеби ал менин жүрөгүмдөгү сүйүүнү аракка, көңүлдөштөрүнө алмаштырып жиберген. Өзүмө эне болсом балдарымды эч качан урбайм, мээримимди төгүп карайм, таштап кетпейм, ал эми Орусияга эми ачка калсам да басып барбайм деп сөз бердим!

Жанара


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  25 
Комментарийлер(63)
22.12.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Allahtyn synoosu bul da kapa bolbo rossiyada ishtep jurgondor tushunotko deim chyndygynda kyiyn ishin bolboso bir kundo jok bolosun ,oz bir tuuganyna batpasan ele alys tuugan batyrbait .... namaz okuu Allahtan oz baktyndy dua kyl
22.12.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Койчу ай ишенбейм бул жалган .
22.12.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алладан умутунду узбо.карындаш келечегин алдыда.
22.12.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ана Москва
22.12.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эххе Москва ушундай екенда
22.12.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп журогум ооруду,биздин эжебиздинда уулу бар 10 жашта,анын создору чопчон менин ойума келбеген нерселер,бул кыз 16 да болсо чон эле адам десе болот. Булда болсо турмуш экенда.
22.12.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Апана капа болбо хотья бы сени омурткасы сыздап жарык дуйного алып келгендиги учун .
23.12.2016. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх карындашым сабыр кыл, кудай сага бакыт таалай берсин, сага бут жакшылыктарды каалайм. Таятана ачык эле айт сизди жакшы кором го мени экинчи урбаныз депеле,капа болбо жашоон али алдыда, сени канча канча сонун кундор кутуп турат кудай кааласа, балачакалуу болосун жакшы ниет кыл бир гана
23.12.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанара окуп аябай зеенип кейиди. козумо жаш да алдым. Келечегин алдыда эстуу кыз бол! Албетте сен бактылуу кыз болосун. Жомоктогудай Бактылуу болосун!
23.12.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жазганын чын болбо ото еле аянычтуу екен тагдырын сабыр кыл сабырдын тугу сары алтын деп коюшатка чондоп и бактылуу бол мага койсо бактылуу кылмакмын озум еле
23.12.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх сенин ичиндеги арзуу ойлорунду апан билсе экен кее бирки аялдардан "ЭНЕ" деген созду алып салса эч ким болбой калат. андайларды "Эне" деген соз эле бетин жаап турат.
23.12.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ана Москва, мына Москва..
Көз жаштарга ишенбеген шаарым Москва.
Кээ бирөөгө күндө майрам,
Кээ бирөөгө бүтпөс арман.. дегендей да
23.12.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таятанды да апанды да кечире турган адамдар эмес. Сен терпеть эт. Келечегин алдыда. Укугунду бил. Озун учун курош.
23.12.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Москвада андай жашоо жок 30адам бир үйдө жашашат
23.12.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге апасы чакыртты экен Москвага, тайнеси экоону?
24.12.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мени да элдер айта берет Сен апана муздаксын деп.Журогумду муздатып салса эмне кылайын.Сан жеткис ойнош кутуп элге уят кылып буткон.канча ойношунун таягын жедим,тийишкендери да болду.3-4жашыман эле ар кимге таштап таяк жедиртти.ачкадан бироонун чийки этин уурдап жеген кундорум болгон.ооруп тошокто жатканымда мас болуп келип башыма муштум менен урган апам.мектептен келип кышында кечке чейин кочодо турган кундорумду унутпайм.ойноштору менен болгондо ачпай койчу.эми оз балдарым бар алар учун олом
24.12.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч кыжалат болбо бул күндөрүңда өтүп кетет арта еч кайрылба өткөндү унут намаз окуу апаңды да намазга жыгыт апаңда бир күн өкүнүп келет
24.12.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар бир адам өз тагдырын өзү тандайт, адамдын жаман же жакшы болушуна ал адам өзү кана күнөөлүү, бузулган, бузулуп жатат, жакшы жүргөн , жакшы эле жүрөт.Россия , Москва эч кимди бузган жок, Россия, Москваны көтөрө албай бузулуп кетип жатышат.
27.12.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zheko,туура соз!
25.12.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul kundor da otup ketet. Jakwy kundor ali aldyda... Sabyr tubu sary altyn.
25.12.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар адамдын тагдыры ар кандай, Миң жаман болсода Атадан же Эненден баш тартуу болбош керек. Мүнкүн аларда турмуштун сыноосуна чыдабай ошол жолгө түшкөндүр. Жек көрбөөгө аракет кылыш керек
25.12.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоо татаал кээде баштан откоргон кыйынчылыкты эстесем жашоого келгенге нааразы болуп кетем,бирок айла жок сабыр кылыш керек,Москвага келип кимдин ким экенин билет экенсин айылда баары белый пушистый боло беришет адамдын чыныгы жузун Москва ачтыго,келгениме нааразы эмесмин...
26.12.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эххх азыр ушул акылым болгондо ушуну кылмак эмесмин дейтта бир кун келип. Ошол бир кун келгенче канча кун өтөт бир гана Кудайым билет.
26.12.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу...,бирок бул чындык озун жазгандай.Кыргыздын кыз-келиндери орусияга же дагы башка шаарларга барганда ата-энесин,уй-булоо,бала-чакасын ойношторуна,(болгондо да тажик,армян,озбектерге)ичимдиктерге алмашканы ачуу чындык.
26.12.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерден болосун мен ушундай турмушка бышкан кыздарды издегем ватсап +996778425723
26.12.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогоруда айтылган Москва куноолу деген создорго кошулгум келбейт...себеби канча деген эжелерди байкелерди коруп журом Москвага келип жакшынакай эле бузулбай иштеп журушот..Россия Москва эмес адамдар озу куноолуу..канча деген жарандарыбыз уй булоосун багып жатышат Россияда иштеп..миндеген мисал келтирип бере алам..адамдар озунорду куноологуло башка нерсеге шылтоо кылбай..а сага айтаарым акылдуу ыймандуу кыз болуп чоной..апан бир кун тушунот..бирок кеч болуп калат..ден соолук сага ийгилик
27.12.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул теманы окуганда эле сени ушундай жемейин деп киргем. Окугандан кийин тилимди тишиме каттым. Адамдын адам болуусуна эки адам себепкер болот дейт. Бири жакшы,бири жаман адам. Жакшыны көрүп үлгү алат,жаманды көрүп жийиркенет. Мен дагы атамдын араккорлук,апамды сабаган мүнөзүнөн улам учурда жубайыма бир да иреет кол көтөрбөйм. Жана ичкилик менен тамекинин душманымын. Аллах сени жакшылыктарга ыроолосун. Бактылуу бол!
27.12.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ар дуйшонбу куну саат ондордо дайыма жаны макала чыкчу эле гоо Эмне учун андай болбой калган Же озгоруу киргенби тушунбой Атам жооп берип коюнчу
Gulzat86 түзөттү 2016-12-27 16:04:00
27.12.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat86, саламатсызбы? Гезиттин жаңы саны порталга шаршемби күнү жарыяланат.
27.12.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адамдын озунон да беш кол тен емес бар андайлар да ичип чегип бузулгандар не только аялдар кыздарда , эми ыйман берсин журокторуно аллахым , кечиресин жанара ичип чексе да апанго анчалыка барба ойлон апандын жакшы жактары да коп болсо керек
27.12.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр да женил адам экен апан,эми сен кучтуу бол,жолун ачык болсун синдим:((
28.12.2016. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким укпайт, эч ким көрбөйт деп, ар кандай жашоону өткөрүп жүргөн жердештерибиз жок эмес. Баарын көрдүк. Жакабызды кармап эле отурабыз. Баарыбызга Жаратканыбыз ынсап берсин.
kofesmolokom түзөттү 2016-12-28 02:18:58
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо