9-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине арналган супер концерт болуп өттү. Аталган мааракени баарыбыз чыдамсыздык менен күткөн «Супер сулуу-2016» сынагы коштоду. Концертте көптөгөн кызыктар менен кошо эки муунду бириктирген дуэт ырлар жаңырды. 8-жолу өтүп жаткан «Супер сулуу-2016» сынагынын 16 финалчы кыздары 4 тапшырма боюнча өз өнөрлөрүн калыстар тобунун сынына коюшту.
Концертти Эрлан Нанаев түркүн түскө боёлгон лазердик шоу менен ачып берди. Андан соң комуз менен скрипканы «сыздаткан» таттуу түгөйлөр дуэт Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева «Маш ботой» чыгармасын өзгөчө стилде аткарып, элдин колдоосуна арзышты.
Бул жолу алып баруучулук тизгинди Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков, Эрмек Нурбаев жана Урмат Усенов аркалады.
Жылдыздар 1990-жылдардагы хит ырларды дуэт аткарып көрүүчүлөргө сюрприз тартуулашты. Динара Акулова, Асел Турдалиева, Кенже Дүйшеева, Гүлжигит Сатыбеков, Ильяз Абдыразаков, Гүлжигит Калыков, Съездбек Искеналиев, Самара Каримова, Курал Чокоев, Турдакун Ниязалив, Асема, Ильяз Андаш, Айгерим Расул кызы, Алихан, Эрнист Бөрүбаев, Клара Алибекова, Аяна Касымова, Кундуз Канатбек кызы, Асел Кадырбекова, Адилет Азимов, Бегиш, Каспер жана башка бир топ аттуу-баштуу ырчылар менен учурдун мегажылдыздары кечени шаңга бөлөштү. Ошондой эле «Non-Stop», «Кыз-Бурак», «Заман», «Добулбас», «Жебе», «Биз» топтору күйөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Атайын супер концертке Малайзиядан келген Фарра Фаттахтын кыргыз көйнөгүн кийип, «Кара жоргону» кыргыз тилинде ырдаганын көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты.
Кымча бел сулуулардын мыктысын аныктамакка калыстар тобунда «Beeline» компаниясынын каржы боюнча директору Тилек Акматов, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, шоумен, ди-джей Алтын Камчиев, «Saima Телеком» компаниясынын каржы боюнча директору Дамира Кебекова, «Азия банкы» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Алдаяров, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлү Усен уулу Аскар, ММКларды колдоо борборунун өкүлү Бакыт Дыйканов, «Супер сулуу-2009» сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева, «Тумар» радиосунун жана телеканалынын директору Алексей Сидоров, «Азаттык» үналгысынын жетекчиси Султан Каназаров, «Нур Телеком» компаниясынын өкүлү Улугбек Ахмедов болушту. Ал эми калыстар тобунун төрайымынын милдети стилист, дизайнер Замира Молдошевага жүктөлгөн.
Концерттин өзгөчөлүгү катары ырчылар сахнада атайын жасалган столдо отуруп көрүүчүлөр менен кошо кеченин кызыгына батышканын айтууга болот. Жадакалса минтип бийлегендер да болду.
Super.kg порталынын 10 жылдыгына арналган видеосынактын жеңүүчүлөрүнө белектер ыйгарылды. 1-орунду алган Жанеля Светюковага ноутбук, 2-орунду алган Абиталиф Ариновго планшет, ал эми 3-орунду алган Бакыт Бекташевге уюлдук телефон тапшырылды. Ошондой эле Жанелянын Нурлан Насип менен сүрөткө түшсөм деген кыялы орундалып, кичинекей жеңүүчү сүйүктүү ырчысынын колунан гүлдесте алды.
"Жарайт City" долбоорунан Нурсултан Курсанали уулу, Мыктыбек Мукаев жана "Эл эмне дейт?" долбоорунан Актан Рыскелдиев баштаган "Позитифф" командасынын жигиттери элди күлкүгө бөлөштү.
Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл сулуулар jeans style тапшырмасы боюнча подиумга чыгышты.
«Супер сулуу-2016» сынагы старт алып, сулуулар коктейль көйнөкчөн сахнага чыгышып өздөрүн элге жана калыстарга тааныштырышты.
Сынактын кульминациялык учуру чыгыш бийин бийлөө болду. Алгач 16 сулуу тобу менен бийлеп, андан соң ар бир катышуучу урма аспаптын коштоосунда жалгыздап өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кыздардын бийин залдагы эл сурантпай кол чабуу менен коштоп турду.
Кыздардын ажарын ачкан кече көйнөктөрүнүн көргөзмөсү.
Сынактын катышуучуларын гана эмес, көрүүчүлөрдү кошо толкунданткан жеңүүчүнү аныктоо мезгили келди. «SUPER.KG ажары» наамын 10-номерде чыккан Аида Карабаева багынтса, калыстар тобунун добушу менен «Сымбаттуу сулуу» наамы 8-номердеги Алтынай Эмильбековага, «Ажарлуу сулуу» наамы 7-номерде чыккан Айзада Абанбековага ыйгарылды. Ал эми «Супер сулуу-2016» наамы менен катар Бали аралына жолдомону 1-номердеги Бактыгүл Орозбаева утуп алды. Ага таажыны «Супер сулуу-2013» наамынын ээси Орункүл Шабралиева кийгизип, Бали аралына жолдомону «Супер-Инфо» гезитинин директору Шайиста Шатманова тапшырды.
Концерт Каныкей, Омар, Нурлан Насип, Жийдеш жана Баястандын порталдын 10 жылдыгына арналып жазылган «Super.kg'ге арноо ыры» менен жыйынтыкталды.
Бактыгүл Орозбаева: «СУПЕР СУЛУУ» БОЛУП ТААЖЫ ТАГЫНДЫМ, АГА ТАТЫКТУУ БОЛОМ»
– Бактыгүл, жеңиш кут болсун! Кандай сезимдер болуп жатат?
– Рахмат, аябай кубанып жатам, сезимдерди сөз менен айтып бере албайм. Учурда менден өткөн бактылуу адам жок болушу керек. Мен эле эмес, ата-энем да кубанып жатышат. Анткени бул сынакка апамдын сунушу менен катышып, жеңишке жетүүмө да апам көп салым кошту десем болот.
– Жеңишке жетем деп өзүңө ишенип жаттың беле?
– Негизи кыздардын баары сулуу, баары татыктуу болчу. Арасынан 3 кызды жеңүүчү болот деп ойлогом. Албетте, алардын арасында өзүм да бар болчумун. Менин окуум менен алектенип, кесибим менен эле иштейм деген пландарым бар эле, эми «Супер сулуу» болуп таажы тагынгандан кийин бул наамга да татыктуу болом деген максат койдум. Буюрса, моделдик, сулуулук жаатында көп ийгиликтерди жаратам.
Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев, Замир Жумабаев,
Аскар Думанаев, Саадат Эрнисова
star@super.kg
Тамаша албетте
Айтып койгулачы, сураныч...