Жаркынбек, Жийдеш Идирисованын бир тууганы: «ЭЖЕМ МЕНИ БОЁНТУП СИҢДИСИНДЕЙ КЫЛЫП ЭЭРЧИТИП АЛЧУ»

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж

«Ура-аа! Жанымдай көргөн жалгыз бир тууганым Жаркоша Германиядагы окуусун аяктады. Мен ал үчүн өтө кубанычтамын жана сыймыктанам»,- деп жазды Жийдеш Идирисова интернеттеги баракчасына. Ырчынын инисин туугандары Жаку, Жаркош, достору Жака дешет экен. Эми биз азан чакырылган аты Жаркынбек деп кайрылалы. Жаркынбек эжеси Жийдеш тууралуу кенен токтолот.

БИР ТУУГАН ИДИРИСОВДОР

Жийдеш Идирисова
– 31 жашта, ырчы
Жаркынбек Идирисов – 28 жашта. Германиянын Линген шаарындагы медициналык колледжди аяктады.

– Жаркынбек, Жийдештин кичине чагын эстегенде эмнелер көз алдыңа келет?
– Эжемдин кичине кезин эстесем, анын мага караганда бир нерсени бат өздөштүргөнү, кандай тапшырма берилбесин тез түшүнүп, тез аткарганы көз алдыма тартылат. Ал кичинесинен эле тың болчу. Үйгө конок келгенде кимисин жакшы тааныса, ошонун кулагына бир нерселерди шыбырай берчү. Анан ал киши «Ажар, кызың бизге ырдап бербейби, ыя?» деп калчу. Көрсө, эжем «мени ырдат деп апама айтыңызчы» дечү экен. Эжем дароо столго чыга калып ырдап кирчү. Анан да көчөнүн балдарын чогултуп, күйүгүп калганча чуркап концерт уюштурганы азыр да эсимде. Мектеп, район аралык сынактарга дайыма катышкан шайыр кыз эле.

– Улуулук кылып сени башкарчу беле?
– Мен эжем эмне айтса ошону аткарып жүрө берген бала болчумун. Бирок кээде уруша да кетчүбүз. Андайда апама даттанып барчумун. Мен күнөөлүү болсом да апам эжемди урушуп, сабап койчу. Ал менин айымдан көп таяк жеди. Апам күндүз жумушта да, мени эжеме каратып койчу. Кээде экөөбүз тең оюнга алаксып тамак ичпей калсак же мен жыгылып кийимдеримди булгап алсам да эжем күнөөлүү болор эле.
Мен кичинекейимде коркок болсом керек, ал кумурска, ар кандай курттарды кармап алып мени коркутканга маш эле. Анан да кичирээк кезимде мени сиңдисиндей кылып ээрчитип алчу. Өзүнүн көйнөктөрүн кийгизип, бетиме упа сүйкөп, көзүмдү, кашымды, оозумду боёп, чачыма бантик тага берчү. Кийин чоңоюп калганда боётпой качып калдым.

– Үй жумуштарын жасаганда бөлүшүп алчу белеңер?
– Эжем дайыма үй шыпырчу, мен пол жуучумун. Кээде эжем менин үй тапшырмаларымды аткарып берсе, мен анын ордуна үй да шыпырып, пол да жуучумун. Көп кабаттуу үйдө жашачу элек. Апам кээде көчөгө ойнобойсуңар деп сыртыбыздан бекитип кеткенде ийнеси жок шприцтерге суу толтуруп, суу болбойлу деп баштарыбызга целлофан баштык кийип алып бири-бирибиз менен атышып ойночубуз. Экөөбүз тең бала экенбиз да, башыбыз суу болбосо эле болду деп кийимдерибизди, үйдү ойлобоптурбуз.

– Мектепти аяктаган соң борбордо чогуу жашадыңарбы?
– Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек Гуманитардык университетинде окуп калдым. Эжем ал кезде Кыргыз улуттук консерваториясында окучу. Ошол убакта чогуу жашап калдык. «Мага 10 эле сом жетет, ашыкча бербей эле коюңуз» десем болбой, «тыныгуу учурунда тамак алып жейсиң, адашып калсаң үйдү таап келгениңе да акча керек болот» деп күнүгө 30-50 сом берчү. Анда маршруттук таксилер 5 сом эле. Үйүбүз окуу жайга жакын болгондуктан жол киреге деле акча кетчү эмес. Кийин «башка студенттердей болуп кафеде официант болуп иштеп акча табам» деп чыктым. «Сен иштегени эмес, окуганы келдиң. Окууну гана ойлошуң керек» деп иштетпей өзү бакты.

– Эжеңдин мүнөзү кандай?
– Нарында бизге окшогондорду орус чалыштар деп коюшчу. Мактанбайын, айтканыбызды аткарган, сөзүбүзгө турган, убагы менен жүргөн адамдарбыз. Эжем кичинесинен эле шайыр, ачык, түз эле бетке айтат, тиги адам таарынып калабы иши деле жок. Анан да боорукер. Нарында жүргөндө жер тамда да жашап калдык. Үйүбүз электр жылыткычы менен жылычу. Ал жакта кыш укмуш катуу болот эмеспи. Үйүбүз суук эле, экөөбүз тең эртең менен окучубуз. «Ким биринчи турса ошол электр жылыткычынын жанына туруп кийинет» деп сүйлөшүп алганбыз. Көп учурда эжем менден эрте турчу, кыскасы, кышы менен ошол жылыткыч үчүн күрөшчүбүз. Кээде мага боору ооруп жылыткычтын жанында кийинүүгө уруксат берчү.
Эжемдин келбетин апама окшоштурам, меникине караганда экөөнүн көзү чоң. Аны элдин көбү корей же монгол кыздарына окшоштурушар эле.

– «Немис кызды алып ошол жакта калып калба» дейби, же каршы деле эмеспи?
– Эркек досторумдун көбү «немис кызды эле алып ал» дешсе, кыз досторум «кыргыз кызын эле ал» дей беришет. Эжем мага «эң негизгиси бактыңды тап, сен кимди тандаба мен сени колдойм, сенин сүйүүңө каршы чыкканга укугум жок» дейт. Тигил улуттан ал, же кыргызга үйлөнөсүң дебейт. Жадакалса менин Германияда калышыма деле каршы эмес. Кыргызстанда немис тилинен котормочу адистигин бүтүрүп, жумуш таппай канча жүрдүм. Азыр бул жакта медициналык колледжди аяктадым.
Кыргызда уул бала ата-энени карайт эмеспи. Мен Германияда болгонум менен, апам азыр Нарында жалгыз эмес. Эжемдин кызы Севара менен жашайт, туугандарыбыздын баары ошол жакта. Эжем апамды өзүнүн жанына Бишкекке алып келем деп канча аракет кылды, бирок такыр көнбөй койду. «Ысык Бишкегиңерге барсам кан басымым көтөрүлүп, башым ооруйт»,- дей берет.

– Маегиңе рахмат!

"Жийдеш эжем менен сыймыктанам. Бир тууган экенибизди билгендер дароо эле жашын сурашат. Менден улуу экенин айтсам, "карындашың го дегенбиз" дешет".


"Сүрөткө кайсы майрамда түшкөнүбүз эсимде жок. Бирок кийип турган кийимдерибизди майрамдарга гана кийчүбүз. Апам бизди жалгыз чоңойткондуктан көп деле кийимибиз жок болчу".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(18)
28.12.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы,,кеп жок...
28.12.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакайго)
28.12.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ERNlS, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
28.12.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгиликтер коштоп ынтымагынар арта берсин ырыскынар кемибесин.
28.12.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Иниси да корейлерге окшош экен. Эжеси туурасында жакшы айтып бериптир. Жийдеш ийгилик сага!
28.12.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суротун коруп ким эле деп такыр эстей албай жатсам, БГУ да коруптурмун студент кезде. Узун сумканы ийинге илип коюп, тыкыйып журчу. Бирин серин эркек бала окуган учун козго сразу корунушоор эле
28.12.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ынтымагынар бекем болсун. Эжеси жонундо коп кызыктарды айтып отуптур.)))
28.12.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул кыз Ким. Эмне кылат, качантан бери кылат, каякта кылат, кантип кылат. Билгендер жазып койгулачы
28.12.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bahbrat,[moderated]ка Ж.Идирисова деп жазсан айтып берет
28.12.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болгон экен балалыктары. Мен дагы эжемден коркконуман, пол жууп, уй жыйнап салчум. Корсо бир тууганым озуно керек болот деп тарбиялаган экен. Таза тыкан болуп оссун деп.
28.12.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир туган бари бир бир туган башка бирө бир туган сага боло албайт экен
28.12.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир тууганынындын ордун бул жашоодо эч ким баса албайт Бир туугандар ар дайым ынтымакта болгулачы
28.12.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп отуруп эжем экообуз эсиме тушту бизда кагазга жазып кагаздарды буктоп аралаштврат элек киге эмне тушсо ошону кылат деп,эжем пол жуугусу келсе иий мага уй шыпырган тушсо экен деп тиленет эле корсо уй шыпырган тушуп калса мен созсуз сага оной келди алмаштыралычы дейт элемда. Экообуздун размерибизда бирдей эле мен кызыл койнокту кийем десе менда кызыл койнокту кийем дечумун анан мага берип озу озуно жакан ак койнокту кийчу. Алда таарынчу эмес менда довольная болчум. Эжемдин акылмандыгы болчу)
28.12.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainura220888,мага жакты,ушул комментарий.(анча мынча катасы эле болбосо...)
29.12.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arkingul,грамотнаясынго бали сага!
29.12.2016. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эжелердин баары ушундай акылман болушабы... окуп алып мен да балалыкты эстедим... менин да эжем ото тын жана акылман
29.12.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин эжем жумшай берчуу эле, тезиреек турмушка чыкса экен дечуумун
29.12.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мени эжем чыбык менен чыпылдап сабаганы эсимде. Ойоп келбей койсом уйго, укпай койсом айтканын. Эх балалык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо