Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шахтадагы урандыга көмүлүп, аман калган адам: "МЕН ДА ӨЛӨТ ЭКЕНМИН ДЕП ОЙЛОГОМ"

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж

Өткөн жумада Таш-Көмүр шаарында шахтадан көмүр казып жаткан 4 адам урандынын астында калган. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы экөөсү бактыга жараша аман калышты.

ОКУЯ ТУУРАЛУУ

ӨКМнын маалыматына ылайык, 2016-жылдын 16-декабрында Таш-Көмүр шаарындагы Северный шахтасынын жанында өз алдынча көмүр казып жаткан 4 адамды уранды басып калган. Бул адамдардын урандынын астында калганын ошо тегеректе иштеп жүргөндөр байкап, куткаруучуларды чакырышкан. Натыйжада 2 адам куткарылып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы, дагы экөө: 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын тургуну Ч.Б. менен Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну У.Н. аттуу жарандар куткаруучулар келгиче эле каза болуп, алардын жансыз денелери чыгарылды.

"БАРСАК БАШТАРЫН ЧЫГАРЫП КОЮШУПТУР"

ӨКМнын куткаруучу отрядынын командири Азан Буланов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ошол күнү саат 10 жарымдар чамасында бизге шахтада көмүр казып жүргөндөрдөн "бул жерде иштеп жаткандардын машинасы турат, өздөрү жок. Аларды шахта басып калган окшойт" деген маалымат түштү. Ошол замат 20дан ашуун куткаруучу окуя болгон жерге жетип бардык. Биз барган учурда ал жерде иштегендер урандыны ачып, 3 адамдын башын чыгарып коюшуптур, денелери урандынын астында турат. Экөөсү каза болуп калыптыр. 6 сааттын аралыгында үчөөнү алып чыктык. Тирүү жигитти чыгарганыбызда ал "бутум" деп кыйкырып жаткан, буту сынса керек, аны "Тез жардам" алып кетти, каза болгондорду болсо өлүкканага жөнөттүк.
"Дагы бирөө калды" дешкенинен улам аны да издей баштадык. Кечки саат 11лер чамасында шахта астынан онтогон үн чыгып калды. Ошол жердеги адамдар менен биргеликте казып отуруп, саат 11 жарымдарда шахтанын астында калгандардын төртүнчүсүн алып чыктык.

"ШЕРИКТЕРИМДИ КӨЧКҮ БАСПАСА КЕРЕК ДЕП ОЙЛОГОМ"

Шахтанын астында калып, куткарылгандардын бири Дамирбек Канатбековдун буту, жамбашы сынса, экинчиси Дайырбек Байыскуловдун омурткасынан жарака кеткен. Экөө учурда Таш-Көмүр шаардык ооруканасында дарыланышууда. Оорукананын кызматкери Айдана Копонбаеванын айтымында, экөөнүн тең абалы туруктуу. 11 сааттай урандынын астында жаткан Дайырбек Байыскулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен Аксы районунун Кичи Ак-Жол айылынын тургунумун. Үй-бүлөлүүмүн, 3 балам бар. Досумдун чакыруусу менен көмүр казып иштөө үчүн Таш-Көмүргө келгениме 1 жумадай болгон. Ал шахтаны 1-2 күн мурун трактор казып ачып, ошол күнү биринчи жолу көмүр казып баштаган элек. Дамир, Нурбек, Бакыт болуп төртөөбүз иштеп жатканбыз. Эң чуңкур жеринде, жерден 5 метрдей ылдыйда мен иштеп жаткам, калганы ооз жакта болчу. Бир убакта шагыл аралаш топурак көчүп үстүмдү басып калды. Жарым сааттай качан мени чыгарып алышат деп турдум, анан аба жетпей эсим ооп калыптыр.
Менин шериктеримди көчкү баспаса керек, алар жардам чакырып келет деп ойлогом, кийин уксам аларды да басып калган экен. Бир убакта эсиме келсем, үстүмдө казып жатышыптыр. Аларга кыйкырып жаткам, кайра эсим ооп калып, чыгаргандан кийин гана эсиме келдим.

"ҮМҮТ ҮЗҮП КОЙГОН ЭЛЕМ"

"Эртерээк операция жасалып, жакшы болуп калсам экен" деген Дамирбек Канатбеков кантип урандынын астында калганын айтып берди:
– Мен 1978-жылы Таш-Көмүр шаарында туулгам. Үй-бүлөлүүмүн, 2 кыз, 1 уулум бар. Жай айынан бери көмүр казып иштеп жүргөм. Кырсык болгон күнү 4 адам көмүр казып жаткан элек. Бирөө шахтанын ичине кирип, үчөөбүз сыртта сүйлөшүп турганбыз. Ошол убакта шуулдаган үн чыгып, капталда үйүлүп турган шагыл урап бизди басып калды. Корккондо бут да иштебей калат экен, качканга үлгүрбөй калдык. Көмүлгөн абалда 1 сааттай турдук. Же дем жетпейт, бул убакта көп нерсе көзгө тартылды. Балдарымды эстедим, кызыма Жаңы жылга белек алып койгон элем, эми аны бербей каламбы деп ойлодум. Жанымдагы шеригимдин кыйналганын угуп жаттым, бир убакта ал тынчып калды. Жардам келбей калды деп үмүт үзүп, мен да өлөт экенмин деп ойлогом. Бир убакта бирөөлөрдүн үнү чыгып калды, эптеп үн чыгардым. Угушту окшойт, 5-10 мүнөттө үстүбүздү ача коюшту. Анан куткаруучулар келип чыгарышты.
Аман калышыма курткамдын капюшону жардам берди. Көчкү түшкөн маалда ал үстүмө жабылып калыптыр, ошондогу аба менен дем алып жаттым.

Урандынын астында калгандарды куткаруу иши жүрүп жаткан убак.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
28.12.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаткан жерлери жайлуу болсун аман калгандарга ден соолук аллахтын амири бул дагы
28.12.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
жаткан жери жайлуу болсун.тируу калгандарга Аллах дагы омур бериптирда.Эми булар козу ачык болуп алышпаса эле бир олуп тирлигенбиз деп
28.12.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коментти эч жон жазбайсынар ээ?
28.12.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Козу ачык болуп жиндиби? байкуштар аман калганына суйунушотта
28.12.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жерлери жайлуу болсун.калгандарынын омуру бар экен аман калышыптыр Аллахым озу ден солук берсин.
29.12.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ Алла Таалам озун сакта баарыбызды.
29.12.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундайларды окусам боорум ооруп кетет. Тируулорго кудайым ден-соолук берсин! Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсон арты кайрылуу болсун.
29.12.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлүм акыйкат. Бул окуя да биз пенделерге чоң сабак бар! Жаткан жерлери жайлуу болсун! Тирүү калгандарга Кудайым узун өмүр ден-соолук берсин.
02.01.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо