МАКГРЕГОРДУ ЭРӨӨЛГӨ ЧАКЫРГАН ХАБИБ НУРМАГОМЕДОВ

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж

Украинанын Полтава шаарында эрежесиз уруш боюнча мелдеш өтүп, рингде азербайжандык мушкер менен 20 жаштагы орусиялык спортчу кармашып жатты. Экинчи раунддун ортосунда орто бойлуу орусиялык мушкер атаандашын муунтуу менен жеңишке жетишти. Бул 2008-жылдын сентябрь айы, Хабиб Нурмагомедовдун алгачкы жолу ММА боюнча рингге чыгышы болчу.

Аты-жөнү – Нурмагомедов Хабиб Абдулманапович
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 20-сентябрь
Туулган жери – Орусия, Дагестан Республикасы, Цумадин району
Улуту – Авар
Бою – 179 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Эрежесиз урушта 24 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жетишкен. UFC мушкери.
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

ЧЕМПИОНДОР ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Дагестан республикасы менен АКШны эмне байланыштырат? Бул суроого ар ким ар кандай жооп бериши мүмкүн. Бирок дагестандык бул мушкерди тааныгандын баары Хабиб Нурмагомедов менен UFC (Ultimate Fighting Championship) деп жооп берет.
Нурмагомедовдордун үй-бүлөсүндө 1 эмес, 2 чемпион бар. Хабибдин атасы Абдулманап кезинде эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону болсо, атасынын агасы Нурмагомед самбо боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Бул үй-бүлөдө спорттон алыстоо күнөө болчудай. "Менде тандоо дээрлик жок болчу" деген Хабиб 6 жашынан тарта күрөш, дзюдо жана самбо менен машыгып баштаган.
"Атам мени, инимди жана туугандардын 15тей баласын Махачкаладагы үйүндө чогултуп машыктырчу. Бардыгыбыз чогуу машыгып, тамактанып, окууга барчубуз. Бүгүнкү күндө ал үйдөн бир канча эл аралык класстагы спортчулар тарбияланып чыгышты. Атам туура кылган экен деп эсептейм",- деп балалыгын эскерет Хабиб. Атасы уулун азыркыга чейин машыктырып келет.

КӨЧӨДӨГҮ ЧОҢ МУШТУМ

Атасынын катуу тарбиясынын астында чоңойсо да Хабиб көчөдө чоң муштум болчу. Көчөдө, мектепте жасаган тентектигинен улам үйүндө Хабиб үчүн өзгөчө сабактар өткөрүлчү. "Ал сабактар мени тартипке үйрөттү. Самбо боюнча Дүйнө чемпиону болгондо гана көчөдө урушканды токтоттум окшойт",- дейт өзү.
Хабиб 21 жашка чейин эле панкратион боюнча Европа чемпиону, самбо жана грепплинг боюнча Дүйнө чемпиону аталууга жетишкен. Жаш болсо да олуттуу мүнөздө беттешкен, өжөрлүк сапаты менен өзгөчөлөнгөн мушкерге Орусия жана КМШ өлкөлөрү боюнча татыктуу атаандаш калбай калган. Күрөш десе күрөш, колдору жана буттары менен сокку узатууну мыкты өздөштүргөн тоолук жигитти UFС'нин президенти Дэйна Уайт байкап, өз уюмуна чакырууга шашылган. Анда Хабиб 23 жашта эле.

UFC'деги ӨЗГӨЧӨ СПОРТЧУ

Дагестандык спортчу UFC уюмунда 2012-жылдын январь айында алгачкы беттешин өткөрөт. Ага каршы ирандык Камал Шалорус турган. "Ал кезде UFC'де орусиялыктардан мен гана бар элем. "UFC'де эң жогорку деңгээлдеги беттештер өтөт, ал эми сен өтө эле жашсың" дегендер көп болгон. Бул сөздөр мага шык берип, октагондо эмнеге татыктуу экендигимди көрсөткүм келчү",- дейт спортчу. Ал дебюттук беттештин 3-раундунда атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алат.
2014-жылга дейре Хабиб дүйнөнүн эң популярдуу уюмунда 4 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңишке жетет. UFC'де күрөш жаатын мыкты өздөштүргөн спортчулар саналуу гана, андыктан дагестандык спортчу бул уюмда өзгөчө мушкер катары бааланат. Анын жеңиш формуласынын дагы бири – ал беттештерге өз мекенинин бийик тоолорунда даярданат.
2014-жылы апрелде бразилиялык Рафаэль дос Аньосту калыстардын чечими менен утуп, чемпиондук үчүн ат салышууга камынат. Бирок чоң максаттары бар спортчуну алдыда оор сыноолор күтүп турган, тагыраагы, оор жаракаттар. Ошол жылы жайында тизесинен алган жаракатынан бир жыл дарыланса, 2015-жылы кабыргасын сындырып, 2016-жылга чейин беттешке чыга алган эмес.

"ЖООКЕРЛЕРДЕЙ БОЛ, КОРКОКТОРГО ОКШОП КАЧПА"

Серепчилердин айтымында, ал UFC'нин чемпиону болууга татыктуу. Бирок дайыма ар түрдүү себептерден улам чемпиондук үчүн беттештен куру калып келет. Керектүү учурларда жаракат алып калганын түшүнсө болот. Же Дэйна Уайт үчүн көп сүйлөбөгөн, туура жүргөн мушкер UFC'нин чемпиону аталса кызыксызбы?..
Кандай болгон күндө да 28 жаштагы мушкер жеңил салмак категориясында Конор Макгрегор менен чемпиондук үчүн беттеш өткөрүүгө бардык аракетин жумшоодо. Ирландиялык мушкер Хабиб менен беттешүүгө шашылбай тургандыгын билдиргенден тарта орусиялык спортчу маалымдоо каражаттарында трештокингди баштады. "Ирландиялык жоокерлердей бол, коркокторго окшоп качпа", "Макгрегордун мурдун бат эле түздөйм" деген сыяктуу чакырыктарды таштап келет. UFC уюму Хабибди тынчтандыруу аракетин көрүп, 2017-жылы Тони Фергюсон – Хабиб Нурмагомедов беттешин өткөрүүгө белсенди.

Хабиб Нурмагомедов UFC'де жалпы 8 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңип чыккан.

Абель Трухильо менен болгон беттеште Нурмагомедов атаандашын 21 жолу көтөрүп жыккан (тейкдаун). Бул UFC беттештериндеги рекорд болуп саналат.

Биринчи UFC беттешинде Хабиб 16 миң АКШ долларын алса, акыркы беттешинде 57 миң доллар алган.

Инстаграмдагы баракчасына 1,1 миллиондон ашык колдонуучу жазылган. Дагестандык спортчу аталган социалдык тармакта Орусиянын эң популярдуу спортчуларынын катарына кирет.

Беттештен соң Хабиб христиандарча чокунат. Ушундай таризде EA Sports компаниясы UFС компьютердик оюнунда спортчу мусулман экендигин унутуп коюшкан. Кийинчерээк бул мүчүлүштүк үчүн компания кечирим сурап, оңдоп чыгышкан.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
28.12.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнеге христиандарча чокунат болду экен?
28.12.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ал играда чокунткан да играны чыгарган ком.янын катасы
28.12.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нациясы аварбы? Даг деп ойлогом
28.12.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nur1k,даг деген улут жок. Дагестан Республикасында 30 улут жашайт, авар, лезгин дегендей. Ар кимисинин тили ар башка.
30.12.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omur_alay, мен даргин деген мааниде айттым. Дагестанец деген улут жок экенин билем
28.12.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даг деген улут болбойт мага Дагестандык балдар айткан менда Биринчи укканда ишенбегем.аварец ингуш лезгин ж.б улуттар бар Дагестанда .бизге окшоп улут улут уруу уруу болуп болунушпой алар Дагестандык бы все болду.
28.12.2016. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Фергюсондун чачын точно алат.Макгрегор менен боюн айта албайм.Айтыш кыйын.Неси болсо да бойду кутобуз,кызыктуу болот,ишенем!
29.12.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хабиб мыкты баарынан, МакГрегор Хабибтен коркот
29.12.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Конор менен Хабиб экоо куч сынашса сонун болмок куч атасын тааныбайт ким женчуу экен абдан эле кызыктуу
29.12.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Макгрегорго сайылбай эле койсо болмок эгер экоо мушташса хабибти уктат конор.
31.12.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э аман эле болушсунчу
03.01.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мага болсо чын журоктон баары бир!!!
27.02.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5- мартта Тони Фергюсон менен Хабибтин бою болот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо