№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
Көпчүлүк үчүн Жаңы жыл өзгөчө майрам. Айрыкча ушул жылы түтүн булатып үй-бүлө кургандар Жаңы жылды алгачкы жолу жан шериги менен тосуп жатышат. Ал атактуулар кимдер?
Гүлжигит Калыков: "ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ БОЛУП ТОСКОНДУН ЫРЫСКЫСЫ БАШКА"
– Жубайым Айпери экөөбүз көп жыл кыз-жигит болуп жүрүп үйлөндүк. Буга чейин Жаңы жылды бир үйдө отуруп тоспосок да, убакыт таап белектеримди алып барып сөзсүз куттуктап кетчүмүн. Жаңы жылды бойдокчулукта тоскондун ырыскысы башка, үй-бүлөлүү болуп тоскондун ырыскысы башка болсо керек. Быйыл Кудай буюруп карындаштарым, инилерим жеңеси менен биринчи жолу чогуу майрам тосушат экен. Өтүп бараткан жыл жакшылыктарга бай болду. Бир тууган эжем тун наристесин жарыкка алып келип мени жээндүү кылса, Айперинин байкеси үйлөндү, андан соң эле биз үйлөндүк.
Жаңы жылга байланыштуу бир кызыктуу окуябыз бар. Бир жолу Жаңы жыл алдында мен, Айпери, досубуз Кубат Кубанычбеков, анын жубайы Айжан болуп Караколго лыжа тепкени барып калдык. Ал жакта лыжа тепкендерди тоого алып чыкчу асма жол саат 16:00гө чейин эле иштейт экен. Куба экөөбүз аны билчүбүз. Атайын кыздарды тамашага салалы деп акыркы маршрут менен тоого чыкканда асма жол токтоп калды. 3040 метр бийиктикте турабыз, анда Айжан менен Айпери лыжа тепкенди жакшы билишпейт болчу. Кайра түшө албай кыйналып, тоңуп шолоктоп ыйлап алышкан, караса тиги жагы да, бул жагы да жар. Анан "биздин артыбызга жабышып түшкүлө" дедик. Лыжасын чечип жөө басканга да аракет кылышты, болгон жок. Акыры лыжа менен бизге жабышып түшүшкөн. Ошондон кийин экөө тең лыжа тепкенди жакшы билип калышты. Бирок азыр экөө тең ал окуяны эстегиси келбейт.
Адилет Эркинбеков, "STYLE МIX" триосунун ырчысы: «ИЛИМА АЗЫР ДЕЛЕ АЯЗ АТАГА ИШЕНЕТ»
– Жаңы жылды биз бойдок кезде 3-4 жыл чогуу тостук. Анткени "Style Мix" триосу менен той, корпоративдик кечелерде, концерттерде ырдап, түнкү саат 12ге үйгө барууга жетишпей сахна артында Жаңы жыл тосуп калган күндөрүбүз болгон. Бул жылы үй-бүлө катары алгачкы жолу тособуз го. Азыркы жаш балдар эрте чоңоюп жатышабы билбейм, оңою менен Аяз атага ишенишпейт. Менин деле Аяз атага болгон ишенимим эрте кеткен. Бирок Илима азыр деле Аяз атанын бар экенине ишенет, белек күтөт. Мен анын Аяз атасымын (күлүп).
Бир жолу Жаңы жыл алдында Илимага белек алмай болдум. Өзү "ушундай атырым болсо" деп бир атырдын жытын аябай жактырып жүргөн. Мен ал атырдын аталышын билбейт болчумун. Дүкөнгө барып бардык атырлардын жытын жыттап жүрүп, үч күн дегенде араң тапкам.
2017-жыл жаңырары менен чыгармачылыкка кызуу киришели деп жатабыз. Биз үчүн келе жаткан жыл чыгармачылыкта жемиштүү жылдардан болсо деп тилек кылабыз.
Дайыр Исмадияров: "ТООК ЖЫЛЫНАН НАРИСТЕ КҮТӨБҮЗ"
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кұлүп алдым )
Салондон курбу кызы менен суйлошуп отурганда байкагам.