Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БУЛ МЕНИН ЭҢ БАКТЫЛУУ ЖАҢЫ ЖЫЛЫМ

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж

Атым Жыпаргүл, быйыл менин 27-кышым. Шаарда тигүүчү цехтердин биринде бычмачы болуп иштейм. Кесиптештерим жалаң кыздар. Кыскасы, менин ашыкча салмагыма көп көңүл бурулбайт, өзүмдү ыңгайсыз сезбейм. Бирок акыркы учурда үйдөгүлөрдүн "деги сүйлөшкөнүң барбы?" деген суроосу кулагымдын кужурун алчу болду. Бир да жолу жигит жандап көрбөгөм. Жадакалса жоопсуз сүйүүгө да кабылбаптырмын. Балким, толук болгонумдан тартынып, бирөөнү сүйүүгө батынбагандырмын.
– Кызым, мени туура түшүн, жаштыгың калган жок. Сүйлөшкөнүң бар болсо айт. Турмушка чыгышың керек. Болбосо өзүбүз тааныштыралы.
– Апа, болдучу.
Мындай сөздөрдү укканда канчалык өзүмдү эч кимге кереги жок сезип кыйналарымды билишсечи. Өзүм деле сүйүүнү көксөп, мырзанын мээримине зар болуп турганымды кимге айтам? Айрыкча көчөдөн арык, бою узун, келишкен сулууларды көрсөм Жаратканга ушунчалык нааразы болуп кетем. Эмнеге мени алардай кылып жаратпады, мен деле мырзалардын сүйүүсүнө татыктуу болсом болбойт беле? Курдаштарым менен бир жакка барыштан да заарканам, себеби жигиттердин бири да мага көңүл бурушпайт. Жеңил музыкага бийлөө кезеги келгенде дайыма жалгыз калам. Ушундай кызыксыз күндөрдүн биринде апам дагы баягы сөздөрүн баштады:
– Кел, сүйлөшөлүчү кызым. Атаңдын туугандары сени бирөө менен тааныштыралы деп жатышат. Кандай дейсиң?
– Мен сиздерге ашыкча болуп жатамбы? Эмне эле мени кетиргени шашылдыңар?
– Андай дебе, болгону сени бактысын тапсын деп жатабыз да.
– Апа, тоюп кеттим бул кептерден. Ушуга чейин семиз кызыңды сүйсө сүйөт эле да, жок дегенде бир жигит. Түшүнүп жатасызбы? Эч кимге жакпайм. Мен деле сүйүүгө жолугуп бактылуу болгум келет. Жараткан эч кимге жакпас кылып жаратып койсо эмне кылайын? Ичимдеги болгон бугумду, жан дүйнөмдү жанчыган нерселердин баарын бул ирет апама айтып жаттым. Качан гана "кызым, капаланбачы баары жакшы болот" деген атамдын үнүн укканда ушунчалык уялып кеттим, жер жарылса ошол жакка түшүп кетсем аздык кылмак. Ал түнү уйкум качты. Бала кезимди эстедим, ойлосом ата-энем мага дайыма "биздин сулуубуз, алтыныбыз, жалгызыбыз" деген сөздөрдү айтышчу экен. Кайдан жүрүп өзүмдүн келбетиме болгон жек көрүү пайда болду, түшүнбөй жаттым. Ал учурда жаздап жаткан жаздыгым мончок-мончок жаштарымды жута берди. Акыры апамдын көңүлү жай алсын деген максатта үйдөгүлөр сунуштаган жигит менен жолугушууга бармай болдум. Дүйшөмбү күнү жумуштан чыгып, "жолугам, баары бир жакпайм анан дароо үйгө кетем" деген ойдо шаардагы кафелердин бирине жөнөдүм. Азыр мени биринчи жолугушууга эрте барып алып ыңгайсыз абалда болушкан кыздар гана түшүнбөсө, башка эч ким түшүнбөйт. 1 жарым саат баягы кафенин жанында турдум. Бир учурда капкара Мерседес үлгүсүндөгү унаадан бою узун, кашы-көзү кара, келишкен жигит түштү. Албетте ичимден суктандым да, мен жолукчу жигитти күтүүнү уланттым. Ал жигит кафеге кирип кайра чыкты. Көздөрү менен бирөөнү издегендей телефонун тере баштады. Мына, тагдырдын тамашасы, коңгуроо менин телефонума келип жатпайбы. "Сүрөтүн көргөнүмдө өлсөм да келбейт болчумун го" дедим ичимден.
– Кечиресиз, көпкө күтүп калдыңызбы?
– Сиз Кумарсызбы?
– Ооба, жүрүңүз ичкериге кирип сүйлөшөбүз.
"Шарт бурулуп кетип калсамбы?" деген ой келди. Бирок жумуштан кийин аябай ачка болгон элем, жок дегенде тамактанып алайынчы дедим. Бул да болсо тагдыр тура. Ошондо кетип калсам деле болмок, бирок мени бир белгисиз күч жетелеп баратты. Тамактанмак турсун чай иче алган жокмун. Кумар болсо тамашалап сүйлөп, күлдүрүп жатты. Бир учурда мага жагынууга аракет кылгандай туюлду. Өзүмө ишенбеген мен "токтот бул ойлоруңду, мындай жигиттер менин теңим эмес" деп кыялдарымды тыйып койдум. Бирок эртеси Кумар жолугушууга дагы чакырды. Шылдыңдап жатат деген ойго да жетелендим. Байкасам алдабаган өңдүү, бара-бара анын мага жасаган мамилеси, жактырып калгандыгы тууралуу кептери кулагымды гана эмес, жүрөгүмдү да жибитип баратты... Бул тууралуу апама айткандан чочуладым, себеби Кумар бир күнү арык, сулуу кызды ээрчип кетчүдөй туюла берчү. Акыры келип бул жигит менин жашоомду 180 градуска өзгөрттү. Ал үчүн 10 килограммга арыктоо максатында диетага отурдум, келбетиме өзгөчө көңүл буруп, өзүмө болгон ишеничке жан киргиздим. Бир жума мурун Кумардын ата-энеси мага сөйкө салып кетишти. Буюрса, 30-декабрь күнү сүйүктүүм мени үйүмдөн өзүнө жубай кылып алып кетет. Менден өтүп апам байкуштун сүйүнгөнүчү, "жоолук, кийит алып, дасторконду өзгөчө жасаш керек" деп эле чуркап жүрөт. А бул менин эң бактылуу Жаңы жылым. Себеби аны жолдошумдун жанында тосом. Кыздарга айтарым, эч качан өзүңөргө болгон ишеничти өлтүрбөгүлө!

Жыпаргүл


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(34)
28.12.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болунуз
28.12.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бактылуу болунуздар
28.12.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эээх тууганым, менин маанайымды абдан котордун. Болбоду дегенде тамак жеп алайынчы дегенин абдан жакты. Деги эле биздин ар бир Кыргыз кызы сулуу. Баарынар бактылуу болгула, айланып кетейиндерим.
28.12.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aibars,айиий, комментиңиз эле көзгө жаш айландырат го))
29.12.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aibars,Мага да аябай жакты)))Мен качан жолуктурам бактымды билбейм????Баарыбызга ыйман, бакыт ден соолук кааллайм!!!
28.12.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол, чын дилден жакшылыктарды каалайм.
28.12.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сенин жанында тургандай раса суйунуп кеттимго бактылуу бол
28.12.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз кыздарынын баары сулуу
28.12.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жан дуйносу сулуу адам бактылуу болот
28.12.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men da oz tenimdi tapkym kelet(((
28.12.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун окуя экен!!! Тамактанып алайынчы дегениниз жакты хехе ))
28.12.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюмча сулуу эмес кыз болбойт, геп бир эле келбетте эмеско дейм. Мамиледе, журуш турушта, адамдык сапатта. Канча сулуумун дегендер ажырашып кетатат го, бекеринен эместир.
28.12.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болун,,жакшы суротун корбой барыпсыз болбосо барбай коет элениз)))
28.12.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биринчи эле көздөр көрөт көлөмдү.
Бул эмнеси?Же мен ооруу экемби?!
Көрүп калсам толмочураак кыздарды.
Жүрөк чыгат эки айланып денемди))
Мейли мени ооруу десин башкалар.
Ой тамаша, эй ооруу эй ташка бар.
Эмне кылам, менде табит ушундай.
Толмоч жолук, жолукпагын башка жар))
Ичте жаткан тилеги бар ар кимдин.
Табит окшош табитине галкиндин.
Пугачева кара кандай көлөмдүү.
Билинбестен тилегидир ал миңдин))

Таирбек Ерматов
28.12.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула бизгеда насип кылса экен бактылуу коз ирмемдер
28.12.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болсун!
28.12.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
28.12.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!! Маанайды которчу окуя экен
28.12.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык. Толук болгону кудайдын жаратканы дейби. Кудайым сени жакшынаа кылып жараткан. Толук болсон озун куноолусун тамакты эрежеси менен жесен толук болбойт элен. Жаратканга нааразы болбош керек ар бир адам озунун колго алышты, озун бактылуу болушу учун аракет кылыш керек.
29.12.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара кыздын,агынан эмес,багынан дейт кыргызда адамдын корку чупурок.негизи озун жоготпой кудайга ишенсе журогунун жарымын табат.сиздин окуяныз меникинен женил туура.бактылуу болунуз!
29.12.2016. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз дагы бир жылдан кийин наристе жытын искеп жаны жыл тосу сизге насип кылсын.
30.12.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен жигитим менен суйлошо баштаганда аябай толук болчум (86кг). Ага жагынам деп эч нерсе жебей суу ичип коюп журдум бир куну эсим ооп кулап калгам ошондо билген ага жагынам деп ачка жургонумду. аябай урушкан. азыр болсо ал куйоом. азыр очойто жесем деле семирбей койдум(57кг)
01.01.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толмоч кыздар жагат мага
01.01.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толук кыздарды көрө элекмин
01.01.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен бактылуу болунуз
02.01.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол
02.01.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуяларды супер инфо кайдан алып жазат? Же катты кай жакка таштаса болот?
erkekyz1 түзөттү 2017-01-02 20:44:49
03.01.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekyz1, саламатсызбы? Lira@super.kg дарегине жөнөтсөңүз болот.
03.01.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз! Мага да тамактанып алайын дегени жакты. Мен куйоомо тийгиче арык эле болчумун (54кг),азыр семирип кеттим(65кг) , арыкташ керек го деп коюп журом
06.01.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам ар кандай суйлойт да. Талдоонун кереги жок менин оюмча. Жакшы бала экен мындай балдар аялынын да кадырын билет. Ал баланын суйуусун кызгангандын кереги жоок. Апакесине болгон суйуусун ошентип билдирет экен. Сонун создор кээ бир инсандар апа мен сизди жакшы кором дей албайт... аттин
06.01.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин
06.01.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи караганда балдардын козу кор ишенчеек келет анан. Сизди тушуном себеби мен дагы бир убакта семиз болчумун. Суйот десе суйуп алыпмын ал мени суйбойт эле. Мен суйгон жигиттин кызы менен бирге жашадым аны унутуу учун бирок пайда чыкпады. Себеби журогум аны тантады. Акылым жок алыста сенин кадырына жетпейт деген сайын журогум энсеп кыйналат элем. Эрте менен турганда аны атын атап анан турат болчумун. Убакыт отуп журогум андан конулу калды. Ушунчалык озгордум арыктап сулуу болуп калдым.
06.01.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
may102015, анан эмне болду? Окуяңыз кызык экен)
15.01.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз ар дайым☺☺!! Ал бактыныз эч качан соолубасын☺☺☺!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо