№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
"11 жыл ичинде жол кырсыктарында каза болгондордун саны Ооган согушунда көз жумгандарга караганда көп. 10 жылга созулган согушта 13 800 жоокер кайтыш болсо, 11 жылда Кыргыз өлкөсүндө жол кырсыктарында 60 миңден ашуун киши набыт болгон",- деди депутат Акылбек Жапаров. Аты аталган эл өкүлү менен Алтынбек Сулайманов жол кырсыктарынын келип чыгышынын башкы себебин мас айдоочулардан көрүп жатышат. Андыктан эки депутат мас абалында машина айдаган айдоочулар үчүн административдик жазаны күчөтүүнү демилгелеп чыгышты. Эгер айдоочу мас абалында кармалса, 10 миң сомдук айып пул салынат же 1 жылга айдоочулук күбөлүксүз калат; экинчи ирет кармалса, 5 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт; эгер мас учурунда жол кырсыгына кабылып, адам каза болсо, өмүр бою айдоочулук укугунан ажыратылат. Мас айдоочуга жетиштүү чара колдонбогону үчүн патрулдук милициянын кызматкери 20 миң сом айыпка жыгылып, жумуштан алынышы мүмкүн. Бул демилгени парламенттин депутаттары 1-окууда колдошту. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
15
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |