№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги жасоо боюнча өткөргөн тендери жыйынтыкталды. Ага ылайык, төш белгилерди "Медальер" ЖЧКсы жасаса, күбөлүктөрдү болсо "Алтын тамга" полиграфиялык борбору даярдап бермекчи. Жалпы 9 миң депутатка төш белги жасоо үчүн 3 миллион 420 миң сом жумшалат, ал эми күбөлүк баасы 1 миллион 305 миң сомго бааланды. Тендерге 11 компания катышып, сунуштаган баасынын кымбаттыгы боюнча 4-орунда турган компания утуп чыккан. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, Кытайда жасалуучу төш белгилер 75 сомдон турат, ал эми сапаттуу жана талаптарга жооп берген металлдан жасалганы 300 сомдон жогору. "Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сапаты шекти туудурган Кытайдын арзан төш белгилерин тагынып жүрө алышпайт",- деди БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Натыйжада кымбаттыгына карабай 380 сомдук төш белгини тандашкан. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |