№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж
Адамдын организмин байырлаган мите курттар медицинада "гельминттер" деп аталат. Алардын зыяндуулугу өтө жогору. Мисалы, бала акыл-эс жана физикалык жактан өспөй калат. Баш мээни байырлап калгандары мээни "жейт". Толугураак маалыматты Бишкектеги Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбековдон алалы.
ОРГАНИЗМГЕ КИРҮҮ ЖОЛДОРУ
МИТЕ КУРТТАРДЫН ОРГАНИЗМДЕ БАР ЭКЕНДИГИНИН БЕЛГИЛЕРИ
ОРГАНИЗМГЕ КЕЛТИРГЕН ЗЫЯНДАРЫ
ДАРЫЛОО, ДИАГНОЗ
Диагноз үчүн керектелет:
Дарылоо
ЭҢ КӨП ТАРАГАНДАРЫ ҮЧӨӨ
Аскарида. Узундугу 15-25 сантиметр. Бул жараткан оору аскаридоз деп аталат. Ургаачысы 1 суткада эле 240 миңдей жумуртка тууйт. Бир жылга чейин жашайт. Көбөйүп кетишкенде 1 суткада адамдын 0,5 литр канын соруп алууга жетет. Көбүнчө жуулбаган жашылча-жемиштерден жугат.
Лямблия. Денесинин узундугу 10-18 микрометр (мкм). 2-4 айга чейин жашашат. Булар жараткан оору лямблиоз деп аталат. Булганган суу, тамак-аш, кир кол аркылуу жугат.
Чүчөк курттар. Узундугу 2-12 миллиметрге чейин. Жашоосунун узактыгы 2-4 апта. Булар жараткан дарттын аталышы – энтеробиоз. Адамга кир кол, булганган тамак-аш, кээде булганыч суу аркылуу жугат. Чүчөк курттар түнкүсүн көтөн чучук аркылуу сыртка чыгып, анын айланасында жумуртка таштап өлөт. Анын бул кыймыл-аракети кычышууну жаратат. Тырмаганда тырмак ичине жумурткасы кирип кетсе, ал буюмдарга, анан ошол буюмдар же кол аркылуу оозго кирет. Ошентип адамга кайра жугат.
АЛДЫН АЛУУ


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |