Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айжамал Кабылова: "КИМДИН КИМ ЭКЕНИН ИРГЕП АЛГАНЫМДЫН ӨЗҮ ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИК"

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Айжамалды жакындан көргөн киши “Кабылова ушулбу, кичинекей эле кыз турбайбы” деши мүмкүн. Бирок кара торусунан келген бул айым сахнада ырдап жатып жылмайганда мырзалар өзүн араң кармашат. Ал эч нерсе эмес, бут кийимин чечип салып бийлегендечи... Мына ушул баарыбыз сүйгөн Айжамал бүгүн бизде мейманда.

– Айжамал, келе жаткан Жаңы жылың менен! Бул жыл сен үчүн унутулгус жылдардан болду окшойт.
– Рахмат, силердин да Жаңы жылыңар менен. Негизи ар бир жыл жакшы да, жаман да окуялары менен эсте калат эмеспи. Өзүңүздөр байкагандай, жыл башында өтө оор сыноону башымдан өткөрдүм. Бирок мөгдүрөп отуруп калбай, жүрөгүм эңсеп, жан дүйнөм дегдеген чыгармачылыкка кайтып жакшы ырларды элге жеткире алдым. Клип тарттырып, дуэттерди жаздырып, Ош шаарында Гүлнара Калдарова менен биргеликте дуэт концерт берип, элдин алкышына ээ болдук. Өзүңүздөр билгендей, Малайзияга барып эс алып кайттым, балдарым мектеп босогосун атташты, айтор, ийгиликтүү, унутулгус жылдардан болду десем жаңылышпайм. Жакшылыкты элден айрыбасын дейт элем, Кудайдын куттуу күнү тойлордо кызмат кылып жаттым. Ал жактан тапканым балдарымдын ырыскысы деп билем. Жакында эле балдарым үчүн темир тулпар алдым, кичине болсо да ак эмгектин акыбети. Суукта жөжөлөрүм мектепке машина менен барып жыргап калышты.

– Сыноого сынбай, тескерисинче чыйралып, ийгилик жаратуу ар бир эле адамдын колунан келе бербесе керек...
– Сыноону да Кудай көтөрө алган адамга берсе керек. Айрымдарга байлык-бийлик берип сынаса, кай бирлерди жакындарын алып коюп кыйнайт экен. Мени үй-бүлөмдөн ажыратып сынады, Кудайга миң мертебе шүгүр, ушундай тагдыр бергенине. Элдин колдоосу, жакындарымдын жардамы менен андай кыйынчылыктан чыгып кеттим. Өкүнбөйм, тескерисинче, бул тагдырыма ыраазымын. Анткени көзүм ачылып, мага ким дос, ким кас, жакындарымдын кимиси күйүп, кимиси күлөрүн билип алдым. Ак-караны ажыратып, жадакалса өмүрлүк жолдошумдун ким экенин иргеп алганымдын өзү чоң жетишкендик. Мындай кыйынчылыкка сынмак турсун, турмуштук сабак алдым десем болот. Башкача айтканда, мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы.

– "Мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы" деп калдың, балдарды жалгыз тарбиялоо кыйынчылык жаратпайбы?
– Жалгыздын иши жалгыз, албетте, оорчулук болот. Кээде сабактарына көз сала албай калам. Ошондуктан кызым Жыпараны сабактан кийин кошумча ийримдерге бердим. Мен сабактарына каралаша албай калганда үй тапшырмаларын ошол жактан даярдайт. Өзү дагы зирек, кабыл алуусу күчтүү, жакшы окуйт. Балдарымдын мага берген жардамы, колдоосу мына ушул сабакты жакшы окуганы.
Андан сырткары жакында иним үйлөнүп кайнеже болдум. Келиндин кызматын көрүп колум узарып калган убак. Мен борборго келгенде же той-топурга кеткенде келиним менен иним балдарымды карашат. Мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы деп жан дүйнөмдүн тынчтыгын айтып жатам. Учурда балдарым жанымда, жакындарым кашымда. Сүйүктүү чыгармачылыгым менен алектенип жатам, албетте, азыркы жашоом жакшы да.

– Өзүң дайыма күлүп жүргөнүң менен, мүнөзүң катуудай сезилет...
– Ошон үчүн артистмин да (күлүп), ачууга алдырбай, кыялыңды ката билүү да маданият. Сахнада күлүп-жайнаган менен, сахнанын артындагы Айжамал такыр башка. Тактап айтканда, балдарыма катаал энемин, аларды катуу кармайм. Эзилип, элжиреп отура берген энелердин катарына кирбейм. Тартипке бекем кылып тарбиялайм. Ал эми мүнөзүмдү жанымда жүргөндөр айтпаса өзүмдү мактай да, жамандай да албайм. “Кемчиликсиз адам болбойт” дейт го. Ит жылында төрөлгөм, “жылыңа жараша кыялың бар” деп апам урушуп калган күндөр болгон.

– Сенин жүрөгүңдү ооруткан адамды кечире аласыңбы?
– Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик, өтө ишенчээк болот. Жакшыны да, жаманды да жүрөккө жакын кабыл алабыз. Жал­ганды сүйлөй албайбыз, таарынсак да бат жазылабыз. Анан ушундай мүнөздү башкалардан да күтөбүз. Бирок көбүнчө баары тескерисинче болуп кетип, жүрөктөр жабыркап калган учурлар чанда кездешет. Мен эмне деген кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм, баарына туруштук бере алдым. Демек, баарына чыдаган Айжамал андайларды кечирип, унута да алат. Кечире билүү да чоң эрдик.

– Жаңы жылды кимдер менен, каяктан тосоюн деп пландап жатасың, жакындарыңа белек-бечкек даярдап койдуңбу?
– Жаңы жылды Ошто апам, бир туугандарым, балдарым менен тосом. Буюрса, даярдыктар жакшы, белек-бечкегимди камдап койдум. Балдарым Аяз атага катты 1 ай мурун эле жазып беришкен. Аларга өзүм Аяз ата болуп, тилектерин орундатканга аракет кылдым. Мен Аяз атага, Жаңы жылга байланышкан ар кандай ырым-жырымдарга деле ишене бербейм. Ошентсе да Жаңы жылда балдарымдын амандыгын, ыйманын, келечегин сурайм. Анан да эч бир аялзатынын көз жашы акпаса экен дейт элем. Адам баласы алдыга умтулуп жашайт эмеспи, алдыда максаттар, пландар көп. Алардын бирин айта кетсем, жазында Бишкекте жеке концерт берсемби деп жатам.

– Чыгармачыл адамдар үчүн Ошко караганда борбордо иштөө ыңгайлуу эмеспи, Бишкекке көчүп келүү планың жокпу?
– Үйдө апам жалгыз, ошондуктан апамдын жанындамын. Балдарымды да Оштогу мектепке окуттум. Ушундай шартка байланыштуу ал жакта жашасам да бир бутум Бишкекте. Анткени теле, радио, гезиттердин баары борбордо эмеспи. Кудай буюрса, бул жакка келе турган ойлор бар. Баарын убакыт көрсөтөт.

– Маегиңе чоң рахмат!

"Балдарым наристе болгонуна карабай менин абалымды түшүнүп, ширин сөздөрү менен көңүлүмдү көтөрүп турушат".


"Малайзияда эстен кеткис эс алуу чыгармачылыгыма эргүү тартуулады".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Айжамал Кабылова: "Ак-караны ылгап турган кезим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(108)
05.01.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр кандай ырларды ырдап жатат билбейм,мурда көп жакшы ырлары бар эле.Негизи жакшы ырчы кыз.
05.01.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Айжамал сен аябай кучтуу болуп кеттин сага чыгармачылык ийгилик.
05.01.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мынча коро албассынар, ийгилик каалап койгула, жакшы соз айтууга ниеттенбесер жаман созда айтпагыла, Айжамал эже азаматсыз ар кандай сындар айтыла берет ага маани берип капалануунун кажети жок, сиз суперсиз алдыны карай умтула бериниз.
05.01.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баары сонун, койногу, чач жасалгасы, макияжы, фигурасы, суротко тушкону баары орду мн.анан озунун жашынан жаш корунот го.
06.01.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жараткан балдарынын омурун озуно ден соолук берсин. кыргызда жакшы соз бар ат айланып казыгын табат.кечиримдуу болгонун жакшы баарынын эле колунан келе бербейт кечиримдуулук!!!
06.01.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
көрө албагандар силер да бар болгула✌
силер болбосоңор Айжими мынча ийгилике жетишмек эмес...
06.01.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адам деген созго татыктуу болгулачы ,мынча ичинер таар ыя???
06.01.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балдары мынча ширин көз тийбесин. Азамат алтындай бала менин классташым.
06.01.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул жерде баары эле Азаматты каралап салышкан го.Мен билгендей Азамат, Айжамалды катуу сүйүп үйлөнгөн. Дүңгүрөтүп той жасап айткан калынын берип.Азамат Айжамалды мактап ырларын угуп жүрдү,сүйүү күнүндө белек даярдап. Эми мынтип сүйүп үйлөнгөн жары,балдарынан алыста жерди карап отурат. Мүнөзү шайыр,боорукер бала.Айжамалды алаканында көтөрүп жүрө тургандай бала.Айжамалга айтарым, карьераны үй-бүлөдөн жогору койбо.Бул нерсе убактылуу баарибир балдарга өз атасы керек.Анжеликадан үлгү алсан болмок.
07.01.2017. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
belosnejka1,Туура айтасын. Кошулам.
31.01.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1,кайын эже болуп келин жумшап дептир, Москвада озу кайын эжесине ичкен идиштеринди жууп кой, Мен Айжамал Кабыловамын дейт экен дешкен. Уй булоону сактай албаган озундо да куноо бар. Шапалак бир колдон чыкбайт. Таланты жонундогу маселе башка, уну, сулуулугу бар таланттуу кыз
06.01.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул дагы эптеп тирилигин кылып батат да. Эми балдарын атасыз болсо да татыктуу тарбия берсин.
06.01.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жаман эле болдуго ажырашкан ушул эле болгонсуп ак караны ажыраттым деп.балким эрин менен тагдырын бирдир Аллах билетда ошондо эмне дээр экенсин.убагында Гулкайыр эжени жамандаган эле кайра эле ошол сага жардам берип жатат
06.01.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Турмуштун сыноосун ар кимге Жараткан ар кандай маселелерди жаратуу менен буйруйт. Мен Айжамалга ийгилик коштогон жалан жакшылыктарды каалайм. Азаматсын.
SUPER.KG видео
06.01.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жакшынакай эле суйлоп жатат. Коро албай оозго келген созду суйло берген туура эмес!!!
06.01.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коменттер бир тараптуу го. Азамат чынында коп тил билген акыл эстуу акылдуу атына заты жарашкан ыймандуу бала го. Айжамалы деген айыл кыштакты аралап эски УАЗга тушуп алып айыл кыштакты аралап ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-09 10:08:55
09.01.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
arzuuu, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
07.01.2017. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айжамал эжени мен ото жакшы кором да бир озуң бол ырын кундо бир жолу укбасам жинди болуп калам ото жакшы кором да аттиң чон экен деп коем
SUPER.KG видео
07.01.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айжамал озун кечке эле озун пиярлай берет экенда
07.01.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайраттай конкурстарга катышкан ырчы болсо
Мен бааламакмын!!!!
Конкурстарга катышкан адамдар ырчы деген статуска ээ!!!!
07.01.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Супер инфо дагы
Айжамалды кайра кайра чыгарып уят эле кылдыңар убагында жашырып элге чыгарбай эле койсоңор болмоктааа
Кызыктуу БОЛОТ элге деп
Ызуучусун элге тартуулап!!!!!
07.01.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан боюнча бир эле Айжамал ажырашкансып , аябай сындадык го. Ар кимдин озунун турмушу,озу билет.Биз кийгилишпей жон эле жашайлы.
07.01.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Журналистер суроо берсе жооп беретда, анан оозун жаап алсынбы кызык элесинерда
09.01.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ritulek, далилсиз такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз!
08.01.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул жерде кыйын болуп жатасынар атасы жок балдары кантет эми ойнош керек деп силердин башынарга тушсо ошондой тагдыр,чыдап жашай бергиле ошондой эркек мн жашагыча озун басынтып, малай болуп,андан коро Ошондой эркек мн жашабай койгону жакшы. Любовник керек баарибир дегендерге айтат элем силердин катындарынар ошентсин же карындаштарынар ошентип любовник кутсо жакшыбы? Эмне Аял затынын баары эле силерге окшош женил ой чыдамы жок деп жатасынарбы? Айжамалды чакырышты суроо беришти жооп берди.
09.01.2017. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Kazaf, Куйоосу Айжамал ойноп кетти деп чыкканго. Тунку звоноктор, смстери бар, куноосун моюна алган деген. Айжамал болсо ошол смс, звоноктор жонундо эч нерсе жооп берген жок. Кайдагы почтоларды айтып теманы буруп салды. Эмне учун? Демек смс, звоноктор кундо, тун жарымда, балдарын уктатып коюп чын экенда. Сыноо эмес. Оз колу менен Оз уй-булоосун талкалаптыр Айжамал.
31.01.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina76.65,талкалаганы аз келгенсип мен катуу апамын, балдарга катуу тием дегеничи. Атасынан ажыратканын аз келгенсип эми тартиптуу болсун деп катуу тийгенин жарабайт. Биринчи озунду тарбияла
08.01.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мындай без Пафоса жонокой Болсоно боло бизди кандай турмуш кутуп жатат бир гана Алла билет бул жерге отуруп алып бирону табалабай тескеринче соз болсо да жакшы создор мн конул которуш керек.
09.01.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ар кимдин башына ар кандай тагдыр келет. Айжамал чыгармачылыгы аркылуу таанылып , көптүн көзүндө жүргөн чыгармачыл инсан, ошондуктан мен ага ийгилик гана каалайм! Ал эми калганыбыз дайны жок эле сын пикир айта бербейли. Сиз экөөбүздү жалпы эл тааныбайт, ошондуктан биздин чакчелекей түшкөн ички дүйнөбүздөгү будуң чаңды эч ким билбейт. Биз каалоо, эгер суранса кеп- кеңеш айтууга акыбыз бар , а бирок дайны жок сындаганга акыбыз жок!
09.01.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ийгилик каалайбыз таланты бар ак ийилет,бирок сынбайт.
10.01.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскасы аялы да эркеги да акмак ))) тагдырга заманга шылтабагыла, убагында озунор кыласынар баарын, ортодо балдарга эле оор
10.01.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Адамдарга таң калам көрө албастыкка белчесинен батып кеткен. Баары эле бир нерсенин чын жалганын билип билбей жамандап киришет. Жакшы сөз айтуу колуңдан келбейби, анда жаман сөз дагы айтпа... Ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша сүйлөйт... Айжамал сиз алдыдасыз себеби сизди сиздин артыңыздагы адамдар сөз кылып жатат... Урматтуу мусулман бир туугандар эч качан бирөөнү гыйбат кылбагыла, күнөөгө батпагыла...Бирөөнү гыйбат кылып үстүнөн күлбөй жакшы иштерди жасап акыретке даярданалы..
17.01.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобо баарынар эле кыйын болуп, акылдуу болуп, тим эле шумдук сынчы болуп кетесинер да, жанында чогуу жашап, чогуу ырдап жургонсуп. Эн негизгиси таланттуу дагы, акылдуу дагы, сулуу дагы бул ырчы айым. Ал силер сындаган мырзалар дагы, айымдар дагы кыйын болсонор ушундай ийгиликтерге жетип алгыла
09.04.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамалдын куйоосун кордум Москвадан Кенже эже менен жургонун что то нитоооо деп ойлоп койдум
11.05.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамалго норма вот куйоосу точно ХХХ экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-11 15:22:03
11.05.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bellacvetochek, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
SUPER.KG видео
11.05.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу кара. Акты билбейт короче сен анан куйон да лох экенсинер хаха
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо