ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

АПЕЛЬСИН ШАМДАРЫ



Эгерде сиз жагымдуу кече уюштуруп, бирок сү­йүк­түү­ңүздү «кантип таң калтырам?» деп жатсаңыз жөнөкөй жана оригиналдуу шамдарды жасаңыз. Ал үчүн апельсиндин башын кесип алабыз. Андан кийин ичин кашык менен тазалап алуу керек. Себеби сырткы кабыгы формасын жоготпошу керек. Эми апельсиндин ичине жалпак шамдан салабыз. Даярдап алгандан кийин столго коюп, күйгүзө берсеңиз болот.

БЛЕНДЕРДИ ТАЗАЛООНУН ЫҢГАЙЛУУ ЖОЛУ


Блендерди оңой таза­лоо­нун жолун билбей жүргөн бол­соңуз, бул ыкманы кол­донуңуз. Ал үчүн блендердин жарымына чейин жылуу суу куюп, үстүнө идиш жуучу самындан тамчылатып, андан соң 1-2 мүнөткө иштетип коёсуз. Эми самын сууну төгүп, жөнөкөй эле суу менен жакшылап чайкап койсоңуз, блендер жалтырап калат.

КӨК ПИЯЗДЫ ҮЙДӨ ӨСТҮРӨБҮЗ



Ал үчүн сизге желим бөтөлкөлөр (5 литрлик суунун бөтөлкөсү) керектелет. Алгач бөтөлкөнүн ар кайсы жерин тегерек кылып кесип аласыз. Андан соң ичин топурак менен толтуруп чыгасыз. Ал эми желим бөтөлкөнүн кесилген жерине майда пияздан салып, топуракка жарым-жартылай көмүп коёсуз. Бир канча убакыттан кийин пияз көктөп чыгат. Анын көгүн тамак-ашка колдоно бересиз.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
05.01.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго
06.01.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кенештер экен рахмат.
06.01.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кол жуyгуч жасайбыз.
5 литрлик бакалашканын тyбунун чекесин кичине кылып кесип, аны кол жуyй тyрган жерге кадимкидей эле илебиз.
Сyу куюп жатканда тешикти кол мн жаап тyрабыз, сyу толгoндoн кийин баклашканын оозун бекем жаап коебуз, тешиктен сyу акпай тyруп калат,
Сyу керек болгондо оозун ачасын тешиктен сyу чыгат, жабасын сyу токтойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо