"СЕРИАЛ-КОНЦЕРТТЕ" ГҮЛЖИГИТ ГҮЛ ТАШУУДАН ЭРИНДИ

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Концерттин аталышы – «3-серия»
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 19-20-21-декабрь Башталышы – 20:00 (билетте 19:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (21-декабрь)
Билет баасы – 400-600 сом

Демейде мезгилден артта калбаган жаным бул ирет Гүлжигиттин концерти болорун кеч уктум. "Эски жылга калтырбай концерт берип алайын" деп шашылган ырчынын концертинин акыркы күнүнө шашкан боюнча "кечиктим" деп саат 7де барып, бири-бирин түртүшкөн адамдар менен мен да залга кирип бардым. 1 жыл мурун ырчынын "Репетиция", ушул жылдын башында "Кусалык жана төрт мезгил" аттуу концерттерине барып купулум толуп, көргөнүмдү окурмандар менен бөлүшкөн элем. Эшиктин алдында турган элдин "кечээ да концерт кечигип башталып, бирок сонун болду" дегенин кулагым чалып калды. "Демек, бүгүн дагы жакшы "концерт-сериалдар" уланат экен" деп ичимден божомолдодум. Концерт "кыпкыргызча" 1 саатка кечигип башталды. Жарк-журк этип жарыктар жанып, залдагы чоң экрандар күйүп сахна бир укмуш болуп чыга келди. Айрыкча, сахнанын төбөсүндө Гүлжигит Сатыбеков деген жазуунун күйүп-жанып турганы да өзүнчө көрк берди окшойт. Мындай сахна жасалгасын ар бир ырчынын эле концертинде көрө бербегендиктен "канча каражат кетти экен?" деп ойлонуп койгом. Көрсө, сахнага Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов демөөрчүлүк кылган экен.
Салтты бузбай бул жолу да алып баруучулук милдетти "Беш тапандын" 1 тапаны Союзбек Сейитказиев аркалады. Сахнага көзүм тийип кеттиби, айтор, Гүлжигит чыгып алгачкы ырын ырдап баштаганда музыка өчүп калса болобу. Ырчынын артында коштоп турган "абышка-музыканттардын" (ред. "Старики разбойники" тобу) ойногон музыкалары жакшы угулбай калды. Аңгыча, алып баруучу чыга калып элден интернет иштетпей туруусун, сахна жасалгасы Wi-Fi менен иштээрин түшүндүрдү. "Кечээ да ушундай болду эле, "Старики разбойники" даярбызбы?" деген ырчы концертин баштады. Демейде жата калып, тура калып ырды, ырчыны коштоп бийлеген шылдыракчы Кадырбек Мураталиев бул жолу музыканттардын катарында тушап койгондой эле шылдырагын ойноп музыканы коштоп турган. Качан гана Гүлжигит: "ии, Кадырбек аке, келиңизчи" дегенде ырчынын жанында бийлеп, шылдыракты башына кие калып, айтор, ырга шаң кошуп жатты. Бир орунда туруп ырдаган Гүлжигиттин бийлей албасын Кадырбек акеси ушинтип билдирбей кеткенге аракет кылды окшойт. Ырчы андан кийин дагы бир бийлей турган ырына Бактарбек Абдразаковду чакырып чогуу ырдатты дагы, бийлетти дагы.
Ырчыны куттуктап Гүлнара Кахарова "Сүйөм деп айтпаса экен" деген чыгармасын ырдап берди. Бул ырдын обону концерттин "күнөөкөрүнө" таандык экенин билебиз. Гүлжигит концерттин кайсы жеринде фонограмма ырдады байкаган жокмун, бирок бул эжемдин жандуу үн менен ырдабаганын дароо билип койдум. Гүлнара эжеме иштебеген микрофон берип койгон экен ыры бүткүчөктү микрофонду чукулап иштете албай койду. Ырдап бүтүп, микрофонду алмаштырып анан сөз сүйлөдү. "Менин чыгармачылыгыма экинчи дем тартуулаган ыр Гүлжигиттин "Сүйөм деп айтпаса экен" чыгармасы болду. Гүлжигиттей жигитти тарбиялаган ата-энесине рахмат",- деп ырчынын ата-энесин ордунан тургузуп, экинчи ырын ырдап коюп көздөн кайым болду. Гүлжигит "Ошко 3 күн концерт берип гүлдөрдү портер менен жүктөп кеттим эле. Гүл албай эле концерттен кийин такси менен кетип калган оң го" деп күйөрмандарынан келген гүлдөрдү бир жыттап, андан соң "келиндер" деп тамашалап "Беш тапандын" жигиттерин бирден чакырып, гүлдөрүн аларга берип жатты. Бул топтун анча-мынча эле тамашалары жаңыланбаса мурунку эле тамашаларына күбө болдук. Гүлжигит деле репертуарына 4 чакты жаңы ыр кошуптур. Ырчы өзү бийлей албаса да катыра ырдап, элди бийлете аларына дагы бир жолу ынандым. Ошентип 8де башталган концерт түнкү 11ден өтүп бүттү.
Ырчынын чыгармаларын эл жактырганы үчүн залга батпай, суранып жатып концертин 2 күнгө узарткандарына да күбө болгонбуз. "Гүлжигиттин ырларынын сөздөрү жеңил, "тико" деген ыр кантип болсун?! "Москвасы" деле обону жакшы болгону менен сөздөрү жүрөк жылытпайт, "Исфанасына" го сөз жок",- деп сындагандар да четтен чыгат. Бирок, дал ушул ырларын эл жактырып угуп, жыргап бийлешип, жакшы кабыл аларын ырчы дагы бир ирет далилдеди.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
04.01.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азаматсын.Жонокой адамдарга жагат ырлары.Гулжигитти элита ырчылары сындаган.Карапайым кыргыз Эли мызыкасы,жанры америкалыктарга окшогон кыргызча ырларды укпайт экен.Капа болбогула элита ырчылары.
04.01.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын! Дагы да коптогон ийгиликтерди багынта бер
04.01.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жигитин гулу Гулжигит азамат журоктон чыккан ырлар журоко жетет
04.01.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azamat yrlary a9bai jagat
04.01.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул байкенин уну Бек Борбиевдин унуно окшоп кетет екен кечее бир ырын угуп кордум кызыгып.Анан ойлоп койдум,Бек байке мени туурабай озунорду тапкыла,изденгиле деп Гулжигитке байланыштырып жазганбы деп.Кандай болгон кундо да екоо тен Чон талант еелери.
04.01.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырлары мага аябай жагат, айрыкча ,,Агенттеги махабат" , " Сагынам" деген ырлары. Чыгармачылык ийгилик!
04.01.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага коштоошуусу жагат
05.01.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик мен сыйлаган жакшы коргон ырчым
05.01.2017. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик!!!
05.01.2017. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага копчулук кыргыз элиме Гулжигиттин ырлары жагат аябай жонокой жана жагымдуу, бир эле айтаар нерсем аябай эле бат баттан концерт берип жатасыз элди тажатып албан, бирок ошентседа кыргыз элим колдоп жакшы барып жатышат экен ийгилик
05.01.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага коз жаш аттуу чыгармасы жагат
05.01.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырлары ото жакшы .ийгилик дагы дагы жакшы ырларды кутобуз уй булообуз менен суйуп угабыз
05.01.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле го ырлары...
05.01.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Гулжигит талантын оркундой берсин, дагы да жакшы ырларды жарата бер.
06.01.2017. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат! канча жыл отсо да коштошуу ырын тажабай угам мен учун жазып койгондой..
06.01.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун ырдайт.Талантына таазим.
08.01.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Илгери тойлордун коркун ачкан даврага туш болсо,азыр Гулжигиттин ырлары,Музтв сураныч Гулжигиттинда ырларын бергилечи.
08.01.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында жакшы ырлары бар, Гульнара Кахарова аткарган ыры да жагат. Сөзү обонуна төп келет. Тойлордо ырдачу ырлары көп эле, эми орчундууларынан жаратса дейм
08.01.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм ырлары мыкты.
09.01.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Гулжигит иним. Талантын ташкындай берсин. Ырларындын баары биздин уйбулообузго жагат. Кожомкул Спорт сарайында берген концертинде 5 жаштагы кызым Айнусканын суранычы менен "Кара каш" аттуу ырынды кайрадан аткарып бергенине Айнуска кызым баш болуп баарыбыз кубанып уктук.Чыгырмачылыгына ийгиликтерди каалайм.
09.01.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге эл артиси деген наам берилбейт.Аз маз эл артиси наам алган ырчыларга караганда Гулжигит Сатыбековдун ырларын денгеели алда канча ойдо.Ырларын мааниси обондору ушунчалык элге жеткиликтуу го.
10.01.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек борбиевге голосу окшобойт.Ырлары обондору баары озу жазат,алга баардык ырын уккан сайын уккун келет
10.01.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл артиси деген наам албаса да эл баалайт ушул убакытка чейин Бек Борбиевге беришпейт бул да болсо ойдодо олтургандардын иши да Бекке бериш керек эл артиси наамын
10.01.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NURDANCHIK,Бек Борбиевге Минскийге барып Бакиевке концерт берип келгени учун берилбей калды да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо