Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СИҢДИМДИ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ 5 АЙДАН БЕРИ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ»

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

«Жашоодо жакын адамдарыңдан айрылуу кандай гана азап. Жаныңда жадырап күлүп, алдына койгон максатына умтулуп, эл көзүнө көрүнүп калганда ажалдын колдон сууруп кеткенине айла жок тура. Сиңдимди сүзүп өлтүрүп кеткен айдоочу дагы деле табыла элек. Балким, муну окуса, абийири ойгонгон айдоочу күнөөсүн сезип өзү келер»,- деген Айнура Салиева кеңсебизге келиптир.

«КҮБӨЛӨР СҮЗГӨН УНАА ВМW Х5 БОЛЧУ ДЕП АЙТЫП ЖАТЫШАТ»

– Биз Баткен облусунун Лейлек районунан болобуз. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 2 кыз, 2 уул. Сиңдим Жумакан экинчиси эле, ал 2001-жылы туулган. Быйыл ал 9-классты, мен 11-классты бүтүрүп, экөөбүз тең Бишкекке окууга тапшырганы келгенбиз. Бирок ата-энеме каралашуу үчүн ал кайра айылга кете турган болгон.
Менин окуум башталганча «Мадина» базарында иштеген туугандарыбыз ошол жерге жумушка экөөбүздү тең киргизип койгон. Ал жерде жакшы эле иштеп жүргөнбүз. 30-июль күнү Жумакан жумушка чыккан эмес, ал ошол күнү эс алмак. Мен жумушта жүрсөм кечке маал келип калды. Чачын кырктырып, жаңы кийимдерин кийип, сулуу болуп алыптыр. «Эмнеге келдиң?» деп сурасам, «силерди көргүм келди» деп койду. Ошентип кечки 8де жумуштан Жумакан, мен, дагы бир эжем болуп чогуу чыкканбыз. Кечки саат 9дарда маршруттук такси менен барып, Ала-Тоо конушуна бурула турган бурулуштан түшүп калдык. Жолдун аркы тарабына өтүшүбүз керек эле. Ал жерде жол чырак бар, бирок биз андан 40 метрдей алыс турганбыз. Жолдун ортосундагы сызыкта үчөөбүз тең кол кармашып турганбыз. Ошол убакта Жумаканды бир машина сүзүп кетти. Биз ал машинанын кайсыл жактан келгенин деле байкабай калдык. Билгеним, Бишкектен Сокулук тарапка бара жаткан багытта болчу. Жумаканды машина сүзгөндө ал 10 метрдей алыс ыргып кетти. Мен аны сүзгөн машинаны карабай да калыптырмын. Болгону сиңдиме чуркап барып, анын башынан сүйөп «Жумакан» деп эле кыйкыра бердим. Анын үстүнө мен жетип барганча дагы бир машина бутун да тебелеп кетти. Жумаканды машина сүзгөндөн кийин сыртынан денесинин бир да жеринде жаракат жок болчу, болгону оозунан кан чыгып, өзү ээси ооп калгандай болуп эле жатып калган.
Кырсык болгон жерге жакын дүкөндөр, кафелер бар болгондуктан, ал жактагы адамдар чуркап чыга калышты. Алардын айткандары боюнча сиңдимди сүзгөн машиналар кубалашып келе жатышыптыр. Сүзгөн унааны ошол жердегилер чала көрүп калышып, «BMW Х5 автоунаасы болчу» деп айтышты. «Тез жардам» чакырсак Сокулуктуку келбей коюп, көпкө күтүп калдык. Бир убакта «Тез жардам» келип, дарыгерлери Жумаканды көрүп «эчак эле каза болуптур» деп кетип калышты. Эч кандай жардам берели дешкен жок. Кийин уксак, ал «Тез жардам» сиңдимди сүзгөн машиналар андан алыс эмес жерден дагы бирөөнү сүзүп, ошого келишкен экен, анан ал жактагылар бизге жиберишиптир.
Мен таякелериме телефон чалып чакырдым. Алар келгенден кийин сиңдимдин сөөгүн Сокулуктун ооруканасынын өлүкканасына алып барып, экспертизадан өткөрүштү. Экспертизадан «жүлүнү үзүлүп кетип каза болгон» деген жыйынтык чыгарышты. Эртеси сөөктү чыгарып алып, айылга алып барып жерге бердик.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ БОЛОМ ДЕП КЫЯЛДАНЧУ»

– Жумакан мектепте жалаң «5» деген баага окуп, 9-классты жакшы аяктаган. Ал андан тышкары музыкалык мектептин аккордеон бөлүмүн да бүтүргөн эле. Бийге, ырдаганга аябай кызыккандыктан, көп убактысын ошолорго кетирчү. Мен үйдүн улуусу болгондуктан, мага таянып көп деле үй иштерине аралашчу эмес. Мүнөзү эркек балдардыкына окшош болгондуктанбы, айтор, «милиция кызматкери болом» деп кыялданчу. Биз дагы окуса мындан бир нерсе чыгат деп ал эмне менен алектенсе каршы болчу эмеспиз. Шаарда иштеп жүргөндө мага «айылга барсам сен жок кантип оокат кылам? Ошон үчүн кир жуугуч машина алалы, аз да болсо жардам болот» деп эле айта берчү. Экөөбүз удаа төрөлгөндүктөнбү, аябай жакын элек. Мен ага сырымды айтсам, мага кеңеш бергенге жарап калган эле. Аны жоготуу мен үчүн аябай оор болду. Акыркы күндөрү менден «жакшы адамдар эрте өлөт дейт, ошол чынбы?» деп сурап калган.

«АЗЫР «12-24» ДЕГЕН НОМЕРДИ ИЗДЕЙ БЕРЕМ»

– Ошол окуядан бери 5 ай өттү. Биз ошондо эле Сокулук РИИБине арыз жазганбыз, кызматкерлери «издөө иштери жүрүп жатат» деп айтышкан, бирок күнөөлүү айдоочу дале табыла элек. Сентябрь айында тергөөчүлөр бизди чакырып, кайрадан арыз жаздырышты. Биринчи жазган арызды жоготуп алышканбы же такыр эле карашкан эмеспи, билбейбиз. Жакында чакыртканынан барсак, «бул ишти Чүй облустук ИИББине өткөрүп бердик» дешти. «Новопавловка айылынын кичи базары менен унаа базардагы коюлган камераларды карасак, ошол учурда BMW Х5 автоунаасы өтүптүр, бирок номери көрүнбөй калыптыр» деп жатышат. Аны бизге көргөзгөн жок, милиция кызматкерлери гана көрүштү. Мен сиңдимди коюп кеткен унааны көрбөй калгам, бирок ал унаанын артынан келип сиңдимдин бутун тебелеп кеткен Мерседес унаасы экенин даана билем.
Жумакан каза болгондон бери түшүмө көп кирет. Түшүмдө деле аны издеп, таппай жүргөн болом. Машина сүзүп, аны өлүкканага алып кеткен түнү Жумакан түшүмө кирип, мени карап күлүп, «мен баары бир аларды тынч койбойм» деп кетип калды. Анан «12-24» деген мамлекеттик номердеги машинадан бир аял чыга калып дүкөнгө кирип, ал жактагы элге «менин курбума телефон чалып берип койгулачы. Мен бирөөнү сүзүп алдым» деп айтып жатыптыр. Ошол түштөн кийин мен аял киши сүзгөнбү деп ойлой берем. Ал номердеги машинанын айдоочусу күнөөлүүбү же жокпу билбейм, бирок кайсы жерде жүрбөйүн «12-24» деген номерди издей берем.
Окуума бара жатканда дайыма сиңдимди машина сүзүп кеткен жерден өтөм. Ошол жерге келгенде башым чымыратып ооруп, муунум бошоп, ыйлап жиберем. Балким, "Супер-Инфо" гезитинен ошол сүзгөн айдоочу окуп калып, абийири ойгоноттур, кайрылып келип, күнөөсүн моюнга алып, татыктуу жазасын алар деп үмүттөнөм.

Окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновго кайрылганыбызда, ал дагы деле издөө иштери жүрүп жаткандыгын, азырынча эч кандай майнап чыкпай жаткандыгын билдирди. Ошондой эле анын айтымына караганда, ошол убакта Жумакан Камчыевадан башка кишини унаа сүзүп кеткени боюнча маалымат түшкөн эмес. Сокулук райондук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнөн да ошол маалда жана ал аймакта бир гана Жумакан Камчыеваны унаа сүзүп кеткен боюнча "Тез жардам" барганын билдиришти.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(27)
04.01.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мына ушул жерде жол чырак жок карангы дайыма жол чырактын жоктугунан камералардын жоктугунан ушундай кырсыктар болуп турат мен устудогу бийликтегилерге айтып жатам КОЗУНОРДУ ЧОН АЧЫП ушул ишке тез арада киришкиле болбосо мындай кырсыктар бала берет элдин каргышын алабересиненер!!!
04.01.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баарына кудай карап турат,бир куну жооп бере турган кун келет.сабыр кылыныз.
04.01.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Кан коп узатпайт , балким сузгон адам ичинен сыздап жургондур. Кудай баардыгыбыздын устубуздо. Карап коруп турат. Сиз сабыр кылыныз !
04.01.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жузу ысык,татынакай кыз экен эле.Жаткан жери жайлуу болсун.Сабыр кылгыла.
04.01.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Х5 айдаган киши кантип журду болду экен тушуно кыздын арбагы кирип кыйнап аткандыр.Мындайлар акыры алкаш болуп жинди болуп озун озу жеп тынчыйт.Ички дуйнон женилдеп кичине болсо да озунду ээн эркин сезгин келсе барып куноонду мойнуна алгын ошондо ички дуйнон тынчыйт
04.01.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ ХХХ да. Акчасын алып алган да жыргап журот. Кызга болсо таппай жатабыз деп. Эй ХХХ ХХХ козунорду чоон ачкыла арам акчанар бир куну тешип чыгат! А ак иштеген адилеттуу милиция кызматкерлерине рахматымды айтам.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-05 10:23:29
05.01.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Alibek-0001, кимдир-бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
04.01.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карупция жок дейт больница менен млицияда акчасын жеп ашкыла албай жаткан кантип арам оокат менен жашашат кудайдан коркулачы!кыз байкуш куноолору кечирилип кудайым бейиштен жай берекоор оомин
05.01.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милиция кызматкерлери таппайбыз эле дейсинер, анан айлыкты не кылганынарга алып атасынар?тушунбойм дагы элди коргойбуз деп коюшат
05.01.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде коррупция аябай кучогон. Мени да бироо сузуп кетти эле Сокулуктун соту условно эле кесип койду. Бети жок мага бир тыйын да берген жок. Встречный жазсан берем деп. Кудайым оз баштарына коргозсун
05.01.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушу макаланы окугандардын арасында, балким күнөөлү адам да бардыр......бирок, келип күнөөсүн мойнуна алаттыр дегенге ишенбейм...."көрбөптүр" деп сүйүнүп калды да....
Байкуш кызга жаман болуптур, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаткан жери жайлуу болсун!
05.01.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Милиция табат чындап келгенде, болгондо да тез эле таап коет)))
Видео камера кочодогу достаточно чтобы скрыть просто коррупция ото терендешкен
06.01.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда милицияга жана болницага ишинер тушпосун!!! Ар ким озунорго сак болгула!
06.01.2017. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздын бир туугандарына Аллах сабырдуулук берсин бирок кыргыздын милициясынан жакшылык кутпогуло алар акча учун жашайт.
06.01.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде жолду козомолдоо кызматтында иштегендердин туугандары ото коп ...жапа чеккендерден башкасы.Алакандай жерден издесе иштесе бат эле табат.
06.01.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын жаткан жери жайлуу болсун Аллахым бейишинен берсин
06.01.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай бейишке чыгарсын.
06.01.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камерага БМВ Х5 тушкон экен ошол куну.Просто номери корунбой калыптыр ошондо иштеген көзү азиздерге.Көзүңөрдү чоңураак ачкыла. Көзүңөр көрбөйбү очки тагып карагыла.Өз башыңа ушундай күн түшкөндө көщүң ачылат
06.01.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Балким милиция эчак тапкан. Болгону куноолу киши алардын оозун акча ж а коркутуу менен жаап койгондур.
07.01.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандайча камерага тушбойт жок дегенде 50 метрден тартат камера ошончо жерден камерага тушбосо олгон экен андан коро алып эле койгула ал эмне нокиа2700 дун камерасы дейсинерби тушбой турган калпты да чеги мн айтышса болмок
08.01.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куноолуу качып кайда бармак эле.кан уктатпайт деп коет коо
08.01.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиционерге акча берип койсо алданып журо беришет,ал жагын моюнунарга алгыла,баары эмес бирок арасында бар ошондойлор.Себеби:мындай нерсе баштан откон,ал кылмышкердин да акчасы тугонот ошондо нени алышат экен.Бизге кол салган адамдан да алсуларын алып журушуп акыры табыл
ган.
08.01.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз олум бизди ар кандай жол менен алып кетет экен. Аны кармаган да деле пайда жок. Жазасын кудай берет келип сиздерден кечирим сураса да жакшыраак болот беле. Акчага копкон адамдар ушуну кылышат да. Бирок синдиниздин тагдырына жазылгандыр. Эн башкысы синдиниздин кабырын нурдуу бейишин гулдуу болушун Алладан тилеп дуба кылабыз. Сиз аны кечириниз кудай сизди кечирет.
08.01.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар менин сиздерге кенешим. Бишкекте шаарда жургондо байкап жургуло кеебирлер чынын да эле байкабай калышат машина жок кезде да эки жакты карап анан жолдон откуло ал деген техника катуу ылдамдыкта жургондор болот иштер менен шашып. Бирок шашпагыла шашкан ......... Иши
10.01.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага сабыр тилейм бир гана кыргызстанга милициянын кереги деле жок озу элдерди тоногондон башка пайдасы тийбейт
10.01.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер мага окшогон бир бечаранын баласы болгондо 2 саатта таап 2 минутада мойнуна коюп коймок. Мен табылбай жатат дегенине ишенбейм... Бирок билбейм...
19.01.2017. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым жаткан жери жайлуу кылсын калган бир туугандарына ата энесине сабыр берсин Аамин коррупция ны жок кылыш учун пара бергендинда пара алгандында пальчиктерин чаап салыш керек законго ушул статья ны киргизиш керек болбосо ортодо куноосуз карапайым калк кыйналып жатат азыр адамдар Акчан болсо кулунмун деп эле жашап калыштыго намыс ариет ыйман совесть деген адамдык касиетин унутуп Аллахым ар бир уй булоого тынчтык бер !!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо