Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«60' К» тобунун ырчысы Талант Кадыров: «БУТ ТОСУУЛАРДЫН АЙЫНАН САХНАДАН КЕТКЕНБИЗ»

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Таланттуу ырчы, обончу Алтымыш Кадыровдун жолун жолдогон уулдары мындан 11 жыл мурун «60' К» тобун түзүп, эл жүрөгүнө жакын ырларды ырдап чыгышкан. Талант жана Самат аттуу бир туугандардын «Сүйүү арманы», «Эх, жаным, садагам», «Күзгү махабат» ырлары сиздин деле эсиңиздедир. Бирок акыркы убакта топтун аты чыкпай калган эле, көрсө, Талант мигрант болуп Орусияга кетсе, Самат кафеде музыкант болуп иштеп жүрүптүр. Бүгүнкү маек акыркы учурда «Дос» деген ырды аткарып элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Талант менен болду.

– Талант, кандайсың, «60' К» тобу көптөн бери көрүнбөй калды, кайда жүрдүңөр?
– Жакшы, рахмат. Шоу-бизнестен алыстап кеткенибиздин жөндүү себеби бар. Топтун тарашына чейин түптөлүшүнө бир аз токтоло кетейин. Топ 2005-жылы түптөлүп, иним Самат, анан Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля үчөөбүз ырдап чыкканбыз. Бирок биз баралы деген жерге Эля жумушунан бошобой калып жатты. Эля жок Самат экөөбүз чолок болуп калат экенбиз. Ошентип Элянын ордуна башка кыз алып иштедик. Ал эми тарашыбызга 2000-жылдардын соңундагы айрым ырчылар менен продюсерлердин ортосундагы пикир келишпестикке биздин атыбыздын аралашып калганы себеп болду. Ошондо чын эле бизге бут тосуулар көп болду. Иним Самат мындайды көтөрө алган жок. «Шоу-бизнес деген «балит» нерсе турбайбы, ырдабайм» деп чыкты. Мен эмне кыларымды билбей, Орусиянын Иркутск шаарына жөнөдүм.

– Ал жакта эмне жумушта иштедиң?
– Ал жакка Шайлоо деген байкенин чакыруусу менен баргам. Анын ал жакта он чакты кафеси бар. Бишкектен машинага музыкалык аппаратура, күйүп-өчкөн жарыктарды жүктөп алып Иркутск шаарына 3 күндө жеттим. Чынын айтайын, ал шаардын кафелеринде жандуу үн менен ырдаган музыканттар жок, диск коюп эле бийлешет экен. Мен байкенин 2 кафесин жасалгалоодон баштап тейлөөгө чейин тартипке келтирдим. Өзүм англис, кыргыз, орус, өзбек тилинде ырдай берем. Жаңы кафенин ачылышында кожоюндун ар кандай кызматта иштеген ар улуттан достору келди, алар менин бир нече тилде ырдаганымды жактырышты. Ошентип ачылышына келгендер эле тааныштарын алып келип жатып, кардар топтоп беришти. 2 жыл жакшы иштеп бердим окшойт, «ижара акысын төлөбөй эле кой, өзүң иштет» деп кожоюн 1 кафесин берди.

– Анан ишиң жакшы эле жүрүштүбү?
– Ооба, ишим жакшы болду. Башка таланттарым ачылып, тамада, ырчы, таксист да болдум. Кыргыздар той берсе тамаданы Кыргызстандан чакыртышчу экен. Бир тойго 500-600 адам келип, кыргыздардын баары чакырылат. Тапкан акчама машина алгам, таксист болуп кафемден чыккан кардарларды өзүм эле жеткирип койчумун.

– Келериң менен «Дос» деген ырды жаздырыптырсың...
– Келип Бишкектен 3 бөлмөлүү үй, машина алдым. Буга өзүмдүн тапкан акчам жетпей, насыя алууга туура келди. Ошол эле учурда чыгармачылыкка да киришем дедим. Мурун жардам берип жүргөн ишкер досторума кайрылып, бир аз акча жагынан кайрылышкыла дегем. Сөз жүзүндө макул дешти, берерге келгенде телефондорун албай же өчүрүп качышты. Ошондон улам дос темасындагы ырга кайрылгым келди.

– Чыгармачылыктан бир аз алыстап кетпедиңби, ыр жаздыруу, клип тарттыруудан кыйналган жоксуңбу?
– Клип тартуу учурунда аябай кыйналдым, өзүм уюштуруучу, өзүм режиссёр болдум. Чыгымы да көп болду, дагы насыя алдым. Эптеп эле ырдап чыгайын деген оюм жок. Ошон үчүн улам жакпай отуруп ырдын аранжировкасын 3 жолу жаздырдым. Үчөөнө тең акча төлөндү. Үн дагы 2 жерден түшүрүлдү. Клипте оюнчук курал-жарактарды колдондук, алар да бир топ акча турат экен. Соңунда «Тез жардам», өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери келиш керек эле. Алар кыйынчылык менен табылды. Алдын ала сүйлөшүлгөн «Тез жардам» келбей койсо болобу? Анан «бирөө ооруп жатат» деп алдап чакыртканга туура келди.

– Мигрант болуп кеткениңди апаң Рая Нургазиева кандай кабыл алды?
– Апам «ырдашыңар керек эле, силер атанын баласысыңар да» деп ыйлай берчү. 4 жыл чет жерде жүрүп келсем, апам жылдыз болуп кетиптир. «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында башкы каарман Баатырдын апасынын ролун ойноптур. Ал кинонун чыкканына 2 жыл болгондон кийин көрдүм. Кийин «Бир тууганчик» тасмасында дагы башкы каарман жигиттердин биринин апасынын ролун жаратыптыр. «Апа, сиз бизге караганда жылдыз болуп кетиптирсиз го» деп тамашаладым.

– Жеке жашооңо кайрылсак, уулуңа чейин кыздарың бар беле?
– Ооба, биринчи турмушумдан 2 кызым бар. Кыздарым чоңоюп жатышат, катташып турам. Ажырашкандан кийин көп жыл бойдок жүрүп үйлөндүм. Орусияга кеткенге чейин жубайым менен бул жерден таанышып, андан кийин артынан издеп, кууп жүрүп жеттим дебейинби. Ошо, азыр Раймир деген уулум бар.

– Рахмат маегиңе.

"Иркутскта иштеп жүрүп уулдуу болдум".


"4 жыл ичинде апам жылдыз болуп кетиптир".


"Иним Самат "Дос" деген ырымдын клибинде башкы каармандын ролун жаратты".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(20)
04.01.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
жакшы экен. саясат талкуусун неге жаап койгонсунар? Президенттин озгорткон конситутциясын талкууласак болотго. бул конситутцияны президентАША оз бийлигин бекемдеш учун озгоркону билинип калды. конситут.дагы айрым беренелер болжолдуу президент кеткен убакта кучуно кирип иштей баштаганы озу корсотуп турат АША оз бийлигин бекемдегенин. беренелер кучуно кирсе пример олкону башкарып калышы мумкун. АША тушсо пример болбойт деп эчким кепилдик бералбайт.
04.01.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
rios.07, АШАнын жанын койбой ушу жерге кире калып жазасын го. Премер болбойм деп канча жолу эле айтып журот ко АША.
04.01.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aiba_00,айтса ишене бересинби
04.01.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aiba_00,ашанын жакыны окшойсун
04.01.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rios.07,кандай ишин бар
жон кой АША эненин эгизиби
04.01.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талант азаматсын мен сени кичине кезинен тааныйм бир оорунга тура албаган бала элен
04.01.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу клиби аябай жагат.Кече эле теледен бул клипти коруп алып соонун тартылган,кымбат да тартса керек деп айтып жаттым эле
04.01.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Онорун оркундой берсин чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
04.01.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Клип зынк болуптур
04.01.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иниси саматтан интервью алгылачы. Келишимдуу жигит экен. Эмне жанылык болуп жатты экен анын жашоосунда. Сураныч Супеp.kg
04.01.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kyrgyz.kyzymyn, саламатсызбы? Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
04.01.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эч нерседен коркпогон жигит окшойт. Орусияга 3 кундо машина менен барганына караганда...
04.01.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША не?
05.01.2017. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазбек Шаршенович Атамбаев
06.01.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
adelima, ээ кудай боорду эзесинер да. Аны ким АША кылып алды эле. Мен мурда ушул жонундо угуп бул не болгрн убм деп ойлонуп жургом да. Биз АШАга еачан кирдик эле дееееп.
07.01.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага жагат ырлары молодцы!
07.01.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таланттын озу жалгыз ырдаган "Бир тамчы" ырын киргизип койгулачы сураныч. Жакында китепканадан ырдаганын угуп ушул ыр жагып калды. Алдын ала рахмат!
08.01.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы эми,ушу ларга ким бут тосот эми. ???просто не котируются они и все. Ырларын эч ким деле укпаса керек да.
10.01.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бааары жакты бирок канттан Бишкеке чейин тияка бияка деп анан соткасын очуруп салыпп акчаны бербей койдуу эле значит ошол 500сом менен россияне кеткен турбайбы
25.01.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мухтар атаналиевдин ырыбы калп айтпасам. ырым дегени?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо