"ЖАНЫМ ВЫЗЫВАЕТ..."

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Чогулушта отурган Эрмектин телефону чырылдап, экранда "Жаным вызывает..." деген жазуу күйүп-жанып жатты. Эрмектин жүзүн жылмаюу каптап, кесиптештеринен кечирим сурады да эшикке жөнөдү.
– Алло, Эрмек Бакытович угуп жатат.
– Берекем десе, эртең Жаңы жыл да, үйгө келесиңби?
– Жаным чакырып жатса кантип барбай коёюн. Сөзсүз барам. Байкем келе алат бекен?
– Жумушунан бошобой калыптыр. Анын үстүнө Жаңы жылга жакын Канададан учак келбейт экен дейт го.
– Болуптур, анда экөөбүз эле майрамдап коёбуз. Столдо шампан турса, анан мен атайын шамдарды ала барам, романтикалуу кеч болот. Мен сага сүйүүмдү билдирем...
Кабинеттен чыгып келе жаткан Тунук Эрмектин сөзүнүн аягын угуп кашы серпиле түштү. "Сүйүүмдү билдирем" деп, шүмшүк десе, кечээ эле мага сүйүүсүн билдирип жатпады беле?! Мен да буга ишенип коём!" жигиттин жанына жеткенде сөзүңдү уктум дегенсип жерди оё-оё такылдата басып башка кабинетке кирип кетти. Жигит аны байкаган да жок, телефонду коюп, башчысына кирди:
– Алина Бектемировна, сизден суранайын дегем. Эртең айылга кетейин деп жаттым эле. Мүмкүн болсо жумуштан уруксат берсеңиз...
Бирок жумуштун көптүгүн айткан башчысы уруксат берген жок. Эрмектин кабагы бүркөө чыкты, апасына эмне дейт эми, барам деп койбоду беле. Астынан чыккан Тунукту да байкабай өтүп кетерде ызаланган кыз жеңинен тартып токтотту:
– Эрмек, мага эч нерсе түшүндүргүң келбей элеби?!
– Ой, алтыным, кечир, ойлонуп кетип байкабай калыптырмын сени. Жүрү, түшкү тамактанууга барып келели.
– Алтыным де?! Азыр эле бирөөнү сүйгөнүм деп, мындай бурулуп мени алтыным деп...
Жигит делдейе эч нерсени түшүнбөй туруп калды. Бир маалда эсине келгендей каткыра кызды колтуктап, ой-боюна койбой ээрчитип алып чыгып кетти. Кафеге кирип жай алган соң Эрмек Тунуктун колун кармап, көздөрүнө тигилди. Жигиттин көздөрү ушунчалык мээримдүү эле, ушул каректер көп жигитти чанган сулууну арбап алган. Азыр да жигитти тиктеп туруп ачуусу майтарылып, махабатка мас боло түштү.
– Менин Тунугум, алтыным, бото көзүм, кызганчаагым, таарынчаагым, коёнегим, мышыгым, мамалагым...
Кыз чыдабай каткырып жиберди. Эрмек жылмая сөзүн улады:
– Сен менин телефондон сүйлөшкөнүмдү угуп чаң салып жатасың да, туурабы? Чын эле уктуң, менин сүйгөнүм бар. Мен ал адамды баарынан артык көрөм, ага жанымды берүүгө даярмын...
Жигит сөзүн уланткан сайын кыздын сулуу жүзүнөн ылдый жаштар кулап жатты. Эрмек кызды токтоткон жок, соороткон да жок, бир калыпта сөзүн уланта берди:
– Билесиңби, мен бир жашка чыкканда, байкем үч жашында экөөбүздү апам балдар үйүнө таштап кетиптир. Эне мээримине зар болуп чоңойдум деп айтпайм, эне мээрими кандай болорун билсем ошентип айтсам керек. Жөн гана көп баланын бири болуп күндөр өтө берди. Бир билгеним, ал жакта баары ченелүү болот, убагы менен тамак ичесиң, ойнойсуң, сүйлөйсүң, ашыкча күлсөң да тыюу салынат.
Бир жолу тарбиячыбыз Майрам апа алакандай кагазды көрсөтүп, "силердин апаңар ушул катты таштап кеткен" деди. Катта бизден кечирим сурап, 2-3 айдан кийин, Жаңы жыл күнү келип алып кетерин жазган экен. Андан бери канча Жаңы жыл өттү, апам кайтып келген жок. Бирок мендеги үмүт өчкөн эмес, декабрды чыдамсыздык менен күтчүмүн.
Ошол жылы да кыш, декабрь айы болчу. Майрам апа экөөбүздү чакырды, барсак бөлмөдө бир киши менен аял отурган экен. Тарбиячыбыз "Керимбек, Эрмек, бул кишилер силер менен таанышканы келишиптир",- деди. Экөөбүз тең алайып эле карап туруп калдык. Киши сүрдүү көрүндү, бирок жылмайып турат экен. Аял болсо сулуу болчу, негедир көздөрүндө жаш... Киши ортодогу тынчтыкты бузду:
– Балдар, келгиле таанышып алалы? Менин атым Бакыт. А бул менин келинчегим Айзада...
– Керимбек! – үнүн бийик чыгарган байкем биринчи кол берди. Мен болсо аялды карап тура бердим. Ал да мени тиктеп алып ыйлап жатты. Бул эмнеге ыйлайт?.. Тиги киши урушуп койгонбу же?.. Бир маалда эсиме келе:
– Сен менин апамсыңбы?
– Ме-н... М..ен...- аял токтоно албай ыйлап жиберди.
– Апамсыңда сен, ээ? Сен Жаңы жылда келем дебедиң беле, Жаңы жыл жакындап калбадыбы? Сен келдиң да, ээ?
– Балам, мен кечигип калбадымбы, мени кечирчи? Мен келдим, силерге келбедимби, алтындарым...
Керимбек байкем эмнени ойлоп ыйлады билбейм, мен кубанганымдан, Жаңы жылды бекер күтпөгөнүмдү элестетип алып ыйладым. Кийин билдим, Айзада менен Бакыт өз ата-энем эмес экен, бизди багып алганы келишиптир. Өкүнүчтүүсү, атам жүрөк оорусунан улам бизди эрте эле таштап кеткен. Керимбек байкеме башкача жакын эле, ал үйлөнгөндө кубанып ыйлаганы эсимде. А мен апама жакынмын, ишенсең, өзүмдүн чоңойгонумду жакшы биле элекмин, өтө эркелетип койгон да. Апам менин жаным, ичер суум, бар байлыгым! Апамды сүйгөнүм дегенге толук акым бар! Апамды жаным дегенге толук акым бар! Мен анын номерин да "Жаным" деп сактап алгам, апама болгон сүйүүмдү өмүр бою далилдеп өтсөм дейм, жакшы көрөрүмдү ар бир сүйлөшкөн сайын айтып эскертип турсам дейм. Менин апама кайтарган жакшылыгым ушул эле болсо керек...
– Жинди десе! Башында эле айтпайт белең, апам деп. Мен түшүнбөй эле...
Кыз күлкү аралаш ыйлап жатты. Жигити туруп барып кызды бооруна кысты.
– Ий, жумуштан жибербесе эми эмне кыласың?! Апаң күтөт да...
– Апам күтөт, апам мени дайыма күтөт. Жумуш, көр тирилик табылат. Кандай маселе болбосун чечилет. Апа деген табылбайт. Эч нерсени карабай апама кетем, экөөбүздү табыштырган Жаңы жыл да таарынып калат антпесе...

Эрмек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  29 
Комментарийлер(39)
04.01.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи женесин жаным дейт окшойт депмин.. кийин апама не дейм дегенде тушундум... Керемет создор экен
04.01.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Бирок шам жагып,романтикалуу кеч болот,мен сага суйуумду билдирем дегени жигит кызга айтчу созда.
04.01.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун чыгарма экен.
04.01.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуп ыйлап жибердим. Мен апамды жакшы коромун алтын апам менин.
05.01.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озунун апасы бекен же багып алган апасын Жаным дейт бекен.
04.01.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
апага болгон романтика )). Кызга айтчу сөздү бурмалап коюптур анча жарашпай калыптыр, ошол жери бир аз чыгарманы бузуп коюптур да...
04.01.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
апаларыбыз аман болсун
04.01.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошулам 100%
05.01.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кандайсынар бул эмне жаны сериалбы?
05.01.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апам жаным
05.01.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан соонун жана кайгылуу экен Апаларга мин ирет таазим
05.01.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун экен
05.01.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаным апам бар болун .Апалар дайым бар болушсун еч оорушпасын
05.01.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтын апам бар болун .Апалар еч качан оорушпасын бар болушсун
05.01.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апамды эстеп алып бир ыйладым азыр мени балам жаны жылын менен деп куттуктаган Апам жок баардык апалар аман болсун
05.01.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"жаным апам" деп сакташ керек эле....анан сүйүүмдү билдирем дегени жакпады.......
Энелерибиз бар болсун!
06.01.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
apasy m.n wam jagyp,suiuusun bildirip romantikaluu ke4 otkozgonu emnesi,ondop tuzop anan 4ygarsanar bolmok.
aniraz.zari түзөттү 2017-01-06 00:25:11
06.01.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жазат десе эле жаза берет экен да.энени баардыгы сыйлайт.автор кичине ойлонуп жазсан болмок.
06.01.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер такыр эле тушунбойт окшойсунар, кээбир балдар апаларына эркелеп суйлошот, айтып жатпайбы дагы дале эркемин деп, чыгарма эркеликтин чегинде жазылган. Албетте кыргыздарга жарашпайт денизчи, бирок европалыктар толук эле апалары менен свеча куйгузуп алып аркы беркини суйлошуп отурушу мумкун! Тем более бул которулган чыгарма турбайбы, Канада деп журот го.
06.01.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адам ар кандай суйлойт да. Талдоонун кереги жок менин оюмча. Жакшы бала экен мындай балдар аялынын да кадырын билет. Ал баланын суйуусун кызгангандын кереги жоок. Апакесине болгон суйуусун ошентип билдирет экен. Сонун создор кээ бир инсандар апа мен сизди жакшы кором дей албайт... аттин
06.01.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канадада акеси болуп жататго. Ал канада апасы озу жалгыз айылда. Менин оюмча кыргызстанда эле болгон окуя
06.01.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardyk apalar jakwy. Jakwy apalardanda menin apam en jakwy!
06.01.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болтат озу.
06.01.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вауу мынча сонун )
Эмне романтика бир эле "девушкасына"арналабы?!Эне да татыктуу буга !Керек болсо мындан да сонунуна Татыктуу !
06.01.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаны жылдан башка теманы алсанар болмок туугандар. Биз деги кай жака баратабыз биздин майрам эмес жаны жыл.
06.01.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлап калдым
07.01.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп жатып ыйлап жибердим го. Апакем менин сизди сагындым(((
08.01.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саламатсыздарбы?урматтуу суперадминдер бул чыгарманын башын кантип окусам болот,шилтеме аркылуу жардам бере аласыздарбы.рахмат ишинерге ийгилик
09.01.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur1975, бул сериал эмес, же башы откон санда деген жазуунун коруп жатасынбы? Болгону ушул эле
09.01.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ABDISHkg87, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
15.03.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрмек азаматсын........Бактылуу бол.
20.05.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энелерибиз аман болсун!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо