СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

(Башталышы өткөн санда)

Мейли, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн окуяны башынан баштайын. Былтыр июнь айында Москвага иштегени келдим. Эл үй-бүлөсүн багайын деп иштегени келишсе, мен көп акча таап, кайрадан Кыргызстанга барып бирөөдөн өч алуу үчүн келдим. Атын атабай эле коёюн, Бишкектеги белгилүү, бай деп эсептелген бир фирмада программист болуп иштечүмүн. Ишимди жакшы билгендиктен мага жакшы төлөшчү, менин жашымдагы эч ким деле анча айлык албаса керек. Кийин аялым менен ажырашып, үй-бүлөсүз калганда Бишкекте жашай албай калдым, бир жакка кетиш керек болду. Баары эле мага күлүп, артымдан шылдыңдап жаткандай сезиле берди. Жумуштагылар да кээ бири мени аягансып, айрымдары шылдыңдагансып мамиле кылышат.
Орусияда жакшы программисттерге көп төлөйт деп уккан элем, 100дөн ашуун Орусиядагы ишканаларга резюме жөнөттүм. Акыры Киров деген шаардан чакырышты. Жалгызмын, кармаган эч нерсе жок, дароо эле жөнөдүм.
Барсам, сөздүн кыскасы, ишке кире албай калдым. Мени чакырган Татьяна Ильинична деген аял эле. Өзүн күнөөлүү сезип, "курулушта иштеп турбайсыңбы, башка иш караштырып берем" дейт. Ачуум келип, Москвада тааныш балдар бар эле, ошолорго келе бердим. Дагы жакшы, жаныма көбүрөөк акча алып алган экенмин.
Москвага келип компьютер иши боюнча жумуш издеп 2 ай жүрүп, таба албадым. Акыры акчам аз калганда электр жаатында жумуш бар экен, жакшы билчүмүн, жарыя боюнча Павелецкий деген метрого бардым. 2 кабаттуу чоң эски үй оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан экен, ошол жерде иштеп калдым. Ал жерге Орусиянын жарандыгы менен гана алышарын угуп, сүйлөшүп акча берип жатып бир калмак баланын паспорту менен жумушка кирдим. Ал ошондой кылып акча табат экен. Менин сүрөтүмдү коюп, өзүнүн дареги, аты-жөнү менен мага паспорт жасатып берди. Полиция текшергенде дарегим чыкса болду да. Аты Ильгиз экен, мени баары Ильгиз дешет. Мени жумушка алган адам Иваныч деген молдован, жашы алтымыштарда, бою орто келген, сары, көзү жымшык адам. Дайыма спорттук кийимдерди кийип жүрөт. Жашына карабай аябай шуулдаган, чапчаң. Жаш кезинде самбо боюнча бир жерлерде чемпион да болгом дейт, чынбы же жалганбы, белгисиз. Союз маалында 1 дүкөндү тонойм деп 7 жыл түрмөгө камалып чыгыптыр. Менден башка Иванычтын Егор деген баласы, Слава деген Егордун досу жана Молдовадан келген 3 адам иштечү. Ал жерде 2 ай иштедик, айлыгымды 60 миң рубль деп, 3 маал тамак берчү. Тамагын го аябай "жирный" кылып берип жатты, биринчи, экинчи дегендей. "Акчаны ар айдын аягында аласың"деген эле. Айдын аягында сурасам, "баарыбыз имарат бүткөндө алмай болдук. Бир аз чыдайлы, бул аванс" деп 30 миң рубль берип койду. Берки шериктерим толук акча алышкан окшойт, жаңы кийимдери пайда болуп, күндө сыра ичишип, кыскасы, алганы билинип эле калды. Сурасам баары "аванс эле алдык"деп бир жоопту айтышат. Макул эми, ушунча иштеп койдум, дагы 1 ай иштеп турсам чыдап, акчамды толук алам деп өзүмдү өзүм сооротуп иштеп жүрдүм. Кантип эле бербей коюшсун деп коём. Иванычка ишенчүмүн, себеби 1 жолу прораб менен кыйкырышып кетип, кийин тамактанып отурганыбызда прораб жөнүндө сөз чыгып калганда Иваныч бир жаман сөз айтып жиберип, кайра чокунуп "Кудай, кечир" дегенин көргөн элем. Кудайдан корккон адам мени алдабайт эле.
Ошентип кийинки ай да өтүп, жумуш да бүттү. Иваныч "биринчи күнү акча алабыз, мен сага өзүм чалам"деп мага 30 миң рубль берип жолго салды. Биринчи күн да келди, чалган жок. Экинчи, үчүнчү күн да болду, Иванычтан кабар жок. Акыры 4 күн дегенде өзүм чалдым, чалсам номерин алмаштырып салыптыр, "бул номер тейленбейт" деп туруп алды. Баласы Егорго, досу Славага, берки шериктерине чалсам баарыныкы өчүк болуп, сөздүн кыскасы, мени алдап кетишиптир. 60 миң рубль акчам калып калды. Бир бейтааныш номерден "Капа болбо, акчаны ала албай калдык окшойт. Азыр сотко берем деп коркутуп жатам. Бирок сотко бергидей келишимибиз жок да. Эгер алып калсам берем акчаны" деп СМС жөнөтүп жибериптир.
Айла жок акчадан үмүтүмдү үзүп, башка иш таап иштеп калдым. 1 фирма бар экен, Москванын ар жеринен имараттардан бөлмөлөрдү ижарага алып оңдоп, андан соң ал жерге банктардын филиалдарын ачууга даярдап беришет дешти. Ошол фирмага электрик болуп ишке кирдим. Ал жерге да Орусиянын жарандыгы менен гана жумушка алышат экен, баягы калмак Ильгиз болуп кирдим.
Андрей деген бала видеокамераларды, кыймылды билүүчү датчиктерди, айтор, банкка кирген ар бир тирүү жанды билип, видеого тартып ала турган коопсуздук боюнча иштердин баарын кылчу. Бири-бирибизден керектүү нерселерди сурап жүрүп дос болуп калдык.

Кайрат Какеев

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Башка сандарда:
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 737-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 738-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 740-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 741-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 742-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 743-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 744-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 745-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 746-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 747-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 748-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 749-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 750-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 751-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 752-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 753-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 754-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 755-сан
СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ 756-сан
Комментарийлер(19)
04.01.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
баштан өткөн нерсе окшойт кызыктуу экен
04.01.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман емес окшойт
04.01.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кызыгып калдым
04.01.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оа кызык экен
04.01.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bir juma dagyn.kutmoi
04.01.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чын эле Москвада болгон кишиго менимче
04.01.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кылчу билчумун жасачумун иштечумун деп эле.
04.01.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Дагы не кылчусун?
04.01.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
качан эми калганы
04.01.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Узунураак эле жазбайсыңарбы?
04.01.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иванычка окшош каапырлар коп москвада!
04.01.2017. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык окшойт, кобурооктон жазгылачы сураныч, супер инфо
04.01.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх, Москва, канча кыргызды багып атат экенсин!
05.01.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх кыргызым! Москваны качанкыга чейин гулдотот экенсинер)))
06.01.2017. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызыгып калдым. бир жума кутмой эми. чыгарма учун авторго ыраазычылык билдирем!
06.01.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурунку санын кайдан окусам болот таппай жатам
06.01.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Luna15, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/39061
08.01.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баштан отконго чын эле бул адамдын окуп алып ойго чомулупмун мендагы мосвадагы кундорду эстеп
08.01.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көбүрөөк эле чыгаргыла аз экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо