Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"КЫРГЫЗ АРАГЫ" ЛИДЕРЛИГИН ДАГЫ БИР ИРЕТ ТАСТЫКТАДЫ

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Популярдуу "Horeca Кыргызстан" журналы бир нече жылдан бери "HoReCa тандоосу" сыйлыгын уюштуруп келет. Бул сыйлыктын максаты – ресторан жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн рейтинги жана эксперттердин койгон баасынын жыйынтыгы менен сыйлык Бишкек жана Кыргызстандын башка шаарларындагы мыкты отелдер менен коомдук тамактануучу жайларга берилет. "HoReCa тандоосу-2016" сыйлыгынын финалисттери коомдук тамактануучу жайлардын кардарлары тарабынан интернет добуштары аркылуу аныкталып, ал эми жеңүүчүлөрдү курамында 40 адамдан турган эксперттик комиссия тандайт.
Мыкты отель, коомдук жайлардан тышкары керектөөчүлөрдүн жана эксперттердин жогорку баасына татыган соода маркалары да жыл сайын уюштуруучулар тарабынан сыйлыкка татышат.
"Сатык лидери" номинациясы боюнча "Кыргыз Арагы" соода маркасы өз сыйлыгын татыктуу алды. "Аю" компаниясынын продуктусунун сапатын "Horeca" сыйлыгы дагы бир жолу далилдеди. "Кыргыз Арагы" лидерлик ордун мына, 7 жылдан бери сактап келе жатат! Бул продукт өлкөнүн биринчи адамдарынын столунда гана эмес, кадимки кыргызстандыктардын да майрамдык дасторконундагы алмашкыс атрибутка айланды. Бул "сөзсүз эле чет жерден алынып келинген же өтө кымбат продукту гана чыныгы сапаттуу боло бербейт" дегендин далили.
Сапаттуу продуктунун негизин суу түзөт, ал эми биздин өлкөнүн суусунун сапаты шек жаратпайт. Так ушул суунун, заманбап технологиялардын жана так белгиленген рецепттердин аркасы менен "Аю" компаниясынын продукциялары ата мекендик жана эл аралык сыйлыктар, медалдар менен дайыма сыйланып келет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(1)
08.01.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо арактында сапаттуусу болчу беле сапаттуубу сапатсызбы ичсен баарыбир алкаш болосун жарабайт. Тозоктун тубуно тушуп кете электе ушу ишинерди токтоткула туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо