КАЗАКСТАН ВЕТЕРИНАРДЫК КӨЗӨМӨЛДҮ АЛГАН ЖОК

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Казакстан чек арасындагы ветеринардык көзөмөлүн албай жаткандыктан, кыргыз фермерлери өндүргөн продукцияларын экспорттой албай жатышат. Кыргыз тараптын эт жана сүт азыктары ЕАЭСтин базарларында сатыкка чыкпай турат. Кыргыз мамлекети 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсү болгон. Ушул жылдын 26-декабрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына президент Алмазбек Атамбаев катышып, бышып чечилбей жаткан маселелерди талкуулоону сунуш кылды. «Көп өзгөрүүлөр болду: позитивдүү учурлар да, кемчиликтер да. Айрым учурларда терс көрүнүштөр басымдуулук кылып жатат. Ал кыргыз элинин өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушун кабылдоосуна тескери таасирин тийгизүүдө»,- деди президент.
Буга чейин, 2016-жылдын 26-октябрында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы зыяндуу продукцияларды текшерүүчү фитосанитардык көзөмөлдү алган. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде да казак тарап менен ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп, бирок оңдуу жыйынтык берген жок. "Казакстандан башка ЕАЭСтин бардык өлкөлөрү Кыргыз мамлекетиндеги ветеринардык көзөмөлдү алууну жактырган. 4 өлкөнүн эксперттери кыргыз тарап дээрлик бардык шарттарды аткарды, продукциясын чыгарууга болот деп айтышкан. Бул маселени дагы иштеп чыгабыз",- деди вице-премьер Олег Панкратов.
Отурумдун жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү Соода-экономикалык саясатты өнүктүрүү тууралуу билдирүүгө кол койбой койду. Аталган билдирүүдө ЕАЭСтин чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен кызматташуунун негизги принциптери белгиленген, тагыраагы, башкы максаты союздун эл аралык экономикалык байланыштарын өнүктүрүү болуп саналат. Мамлекеттин мындай кадамы союздун ичиндеги барьерлерди алуу зарылдыгына байланыштуу.

Бектур Токтоноев,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо