ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МЕНЮДАГЫ ЫСЫК ТАМАКТАР

№739 30-декабрь- 06-январь, 2016-ж

Майрамдык дасторкондун көркүн салаттар, закускелер, суусундуктар гана ачпастан, ысык тамактар да ачарын билебиз. Дайыма өзгөчөлүк киргизип, жаңы даамдарды сунуштап, келгендердин көңүлүн алуу кожойкелердин милдети. Анда алар үчүн ысык тамактарды жасоонун жеңил түрлөрүн сунуштайбыз. Баса, тоок жылын жакшы тосуп алайын десеңиз, канаттуулардын этинен даярдалган тамактарды жасоодон алыс болгонуңуз туура.

ЭТ РУЛЕТИ
(6 порция)



Керектелүүчү азыктар:

  • Фарш – 700 грамм
  • Пияз – 2 даана
  • Барбекю соусу (ачуу кетчуп менен алмаштырсаңыз болот) – 100 грамм
  • Жумуртка – 1 даана
  • Сулп эт (уй эти) – 350 грамм
  • Горчица – 1 аш кашык
  • Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:


1. Пиязды майдалап туурайбыз.
2. Чуңкур табакка фаршты, пиязды, жумуртканы, туз жана татымалдарды кошуп аралаштырабыз.
3. Андан кийин сулп этти жалпак кылып кесип алабыз. Анын үстүнө орточо калыңдыкта фарштан салып оройбуз.
4. Баарын ороп бүтүп мискейге тизебиз. Үстүнө артып калган соустан куябыз.
5. Электр мешинде 170 градус температурада 1 саат бышыруу керек.
6. Даяр болгондон кийин тарелкага салып, ашкөктөр менен кооздоп дасторконго коюңуз.

СЫР КОШУЛГАН ШОРПО (5 порция)


Керектелүүчү азыктар:

  • Эт – 600 грамм
  • Каймак май – 2 аш кашык
  • Каткан нан – 2 кесим
  • Каймак – 200 грамм
  • Сыр – 700 грамм
  • Татымына жараша туз, татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

1. Нанды кубик формасында туурап, каймак майга кызарта кууруп алабыз.
2. Сырдын бардыгын өткөргүчтөн өткөрүп, алдын ала дайындап коёбуз.
3. Этти да бир нече бөлүккө бөлүп алып, жумшарта кайнатабыз. Туз салууну унутпайбыз.
4. Даяр болгондон кийин шорпого каймак майды кошуп акырын аралаштыруу керек. Анан дароо оттон алып, майдаланган сырды да кошуп аралаштырабыз. Сыр ысык шорподон эзилип калат. Татымалдарды кошуп, ашкөктөрдү туурап үстүнө себелейбиз. Сыр кошулган шорпобуз даяр!

БӨДӨНӨ ЖУМУРТКАСЫ ЖАНА ЭТТЕН ДАЯРДАЛГАН КЕКС

Керектелүүчү азыктар:

  • Фарш – 1 килограмм
  • Тоок жумурткасы – 1 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Бөдөнө жумурткасы – 12 даана
  • Катуу сыр – 70 грамм
  • Майонез, өсүмдүк майы – 50 грамм,
  • Эки кесим нандын күкүмү
  • Татымына жараша туз
  • (азыктар 12 кекске ылайыкталып көрсөтүлгөн)

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөдөнөнүн жумурткасын 10 мүнөт кайнатып, бышырып алабыз. Алдын ала аарчып коюу керек.
2. Пиязды майда туурап, майга кууруйбуз.
3. Эми фаршка тооктун жумурткасын, туз, нандын күкүмүн жана куурулган пиязды кошуп аралаштырабыз.
4. Андан кийин атайын кекстер үчүн калыпты майлап, фарштан салабыз. Ортосуна бөдөнөнүн жумурткасын коюп, үстүн кайрадан фарш менен толтурабыз.
5. Калыпка салынган фарштын үстүнө майонез сүйкөйбүз. Эң соңунда сырды өткөргүчтөн өткөрүп чубурта салып чыгабыз.
6. Электр мешинде 180 градус температурада 30-40 мүнөт бышырабыз. Муну сууга бышкан күрүч менен ысык тамак, же закуске катары муздак кылып берсеңиз да болот.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
04.01.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм шилекей куюлат го
04.01.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жаны жыл откондон кийин эмне кереги бар эле чыгарып
04.01.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
bolush11, туппа туураа
04.01.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bolush11,кошулааааам
05.01.2017. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менда ошентейин деп аткам.откондон кийин суйлосон, окусан кызыктай эле болот экен.кечиккен гезит болдунарго
05.01.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жаны Жыл отбой эле эми келдиго...
05.01.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилер жаны жыл десе дароо 31-декабрьды ойлошот. 1-январь болду дегиче жаны жыл бутту дейбиз. Туугандар жаны жыл отуп кетпей эле эми келди.
05.01.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны жыл мусулмандын майрамы эмес,мусулмандарда эки майрам бар орозо айт жана курбан айт.
05.01.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаны-жылды майрамда деп эч ким кыйнабайт,ар бир адамга ар кандай.
05.01.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сунун тамактар экен.
06.01.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм жакшы тамактар экен.Кечке эле жаны жыл дей берет экенсинер да.
07.01.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда майрамдап журуп эле, кийин майрамдабай койгонсунар да силер деле.
07.01.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарысы 2майрам бар орозо айт Курман айт дешет ошол 2майрамда ким майрамдайт копчулугу почти 99%эл патага барышат пата кыдырышат пата жок болсо азмаз аш демдеп отуруп коюшат.
08.01.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге мындай болуп кеч чыгып жатат интернете ? Чет элде жургондорго кыйын болуп калат экен Кр болсо ала коюп окуп аласын вс кутчу элем мурун Эми ср кутуп калдыкко.
10.01.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо баргансайын кызыксыз болуп баратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо