Айгерим Акылбекова, алпаруучу: «ТҮНДҮК-ТҮШТҮКТҮ БИРИКТИРГЕН ЖУБАЙЛАРДАН БОЛОБУЗ»

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

НТСтин «Таң шоола» берүүсүнүн алып баруучусу Эркин Нурбаев «Азаттык+» жаштар берүүсү аркылуу таанылган алып баруучу Айгерим Акылбекованын колун сурап, үйлөнүү сунушун киргизди. Журналистика тармагы аркылуу таанышкан кыз-жигиттин үйлөнүү тою январь айынын аягында өтөт.

КЫЗ-ЖИГИТ ТУУРАЛУУ

Айгерим Акылбекова



Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 19-май
Туулган жери – Бишкек шаары, түбү Алайдан
Билими – БГУнун журналистика факультетин бүтүргөн

Эркин Нурбаев



Туулган жылы, күнү
– 1992-жыл, 14-январь
Туулган жери – Каракол шаары
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин телекоммуникация факультетин бүтүргөн

– Эркин, Айгерим, баш кошуу алдында турасыңар. Кеп учугун экөөңөрдү табыштырган күндөн баштабайлыбы?
Эркин:
– Экөөбүз 2014-жылы «Азаттык» үналгысы өткөргөн кастингде таанышканбыз. Айгерим өзүнө өнөктөш издеп жаткандыктан «сиз кимсиз, эмнеге келгениңизди түшүнүп жатасызбы?» деген суроолорду жаадырып, аябай «такалаган» эле. Мен сүрдөбөй жооп бергенге аракет кылгам. 200 жигиттин арасынан суурулуп тандалганым менен, саясий, орчундуу темаларды чагылдыруу мен үчүн эмес болгондуктан, көңүл ачуучу берүүлөргө ооп кеткем. Кастингден кийин экөөбүз фейсбуктан сүйлөшүп жүрүп мамилебиз уланып кетти.
Айгерим: – Чукчуңдап суроолорду бергеним үчүн ошол кастингди көргөндө азыр уялам. Анда сүйлөшүп каларыбызды билген жокмун да. Чынын айтыш керек, Эркин биринчи көргөндө жеңил-желпи, өзүн эркин алып жүргөн, анча-мынча нерсеге жоопкерчиликсиз мамиле кылчу жигиттей көрүнгөн эле. Болбосо тыпыйып отуруп бермекмин да (күлүп).

– Мамилеңерди жашырып жүргөнүңөрдүн себеби барбы?
А.:
– Ырым-жырымга ишенгендиктен, жеке жашоого этияттык менен мамиле кылып, сыр тутуп жүрүүнү туура көргөнбүз. Эркин колумду сураганда сүйүнүп кетип социалдык баракчама жарыялап жибердим.

– Үй-бүлө куруу жоопкерчиликтүү кадам эмеспи. Бири-бириңердин кандай сапатыңар үчүн төп келишип, баш кошоюн деп жатасыңар?
Э.: – Мен үй-бүлөнү долбоор катары көрөм. Эркектин майка кийип, сыналгынын маңдайында отурганына, кыз кишинин өзүн таштап койгонуна каршымын. Ошондуктан бул долбоордун үстүнөн эки тарап тең иштеп, кадимкидей инвестиция салып турушу керек. Бул үйдөгү тазалыктан баштап, сырттагы коомчулукка чыкканга чейин бири-бирине болгон сый мамиле. Үй-бүлө десе эле «каякка бармак эле?!» дегенден алысмын. Сопсонун кетип калат. Канча деген жигиттер Айгеримге көз артып жүргөндө, 31-декабрда тизелеп отура калып колун сурабадымбы (күлүп). Анткени боорукер, бото көздүү сонун кыз да.
А.: – Эркин аябай жароокер, анын адамдык сапаттарын баалайм.

– Таарынганда кимиңер биринчи кечирим сурайсыңар?
Э.: – Биз көбүнчө менин айымдан урушабыз. Себеби иштөө графигим туруктуу эмес, кечинде тойлордо, кечелерде тамадалык кылам. Кээде жумушка уктабай барган күндөрүм болгондуктан Айгеримге көңүл бура албай калам. Ошондо таарынышып кетебиз.
А.: – Бир жолу 1 жума сүйлөшпөй койгонбуз. Эч кимибиз бири-бирибизден кечирим сурабай, сөздөн сөз чыгып сүйлөшүп кетебиз.

– Айгеримди ата-энең менен тааныштырдыңбы?
Э.:
– 1 жыл мурун эле апам менен тааныштыргам. Ресторанга чакырып маек курганбыз. Апам «ий, балам, сен чоңоюп калган турбайсыңбы?» деген. Көрсө, апам мени кызганат экен да. Мен аны такыр ойлобоптурмун.
А.: – Эркин экөөбүз тамакты алмашып жейбиз да. Ошондо апасы Эркинге тамак түртсө, Эркин мага түртөт.
Э.: – Апам кайра мага түртүп «өзүң же» деп жатпайбы. Акуга берип койсом, апам «эмитен эле баарын берип жатат» деп ойлоп калыптыр.

– Колун сураарда эмне үчүн Жаңы жылды тандап алдың? Той болчу күндү белгиледиңерби?
Э.:
– Анткени кийин унутуп калбайын дедим. Анын үстүнө Жаңы жылга жайылган дасторкон менен бир кутуласың (күлүп). Тоюбузду создуктурбай, январдын акыркы күндөрүнүн бирине белгиледик.
А.: – Буюрса, түндүк-түштүктү бириктирген жубайлардан болобуз.

– Жагымдуу маек куруп бергениңерге рахмат. Бактылуу болгула!

Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg


Алып баруучулар Эркин менен Айгерим үйлөнүү тоюна камданышууда

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(60)
11.01.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula,Erkin tan choguu
11.01.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Erkin tan sholany alpargan kyz menen para bolchu.Emi baktyluu bolushsun
Медиа-портал
11.01.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
11.01.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармашкан колунар үзүлбөсүн!
11.01.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токожан суйчу эле да кааап ага жаман болгон го. Берки кызды алып ал эми токожан тан шооладагы кыздф
13.01.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu,Токожан ким
11.01.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун пара бактылуу болгула
11.01.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркинди аябай жакшы тааныйм. Жонокой жакшы бала. Бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
11.01.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!Соонун пара экенсинер. Баланын козу жайнап туратго укмуш болуп.
11.01.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apasy sonun kaynene bolgudai eken...
12.01.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен аябай жакты. Сонун уй було болгудай. Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
12.01.2017. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көрүп алып сүйүнүп жатам ,кайра кайра көргүм келип эле .Бактылуу болушсун экөө тең жакты Айгерим жөнөкөй ,ачык жасалмасы жок
SUPER.KG видео
12.01.2017. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим эже сонунсуз
SUPER.KG видео
12.01.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула. Коздорунор кулуп турсун азыркыдай.
12.01.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
уйлонуптур деген жанылык деле болбой калды бирге жашап улгулуу уй булоо болгула!!!айрыкча эл адамдары жаштарга улгу болсонор
SUPER.KG видео
12.01.2017. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
12.01.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оо Айгерим бактылуу бол!!! экообуз бир школада окуганбыз ал менден 2класс улуу болчу,школанын президенти болчу, аябай жакшы, тын , жонокой кыз мен лично сыйлайм бактылуу бол.
konur-olon түзөттү 2017-01-12 10:47:01
SUPER.KG видео
12.01.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такие классные счастья вам
SUPER.KG видео
12.01.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун пара экен, бактылуу болгула
12.01.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мынча не ызы-чуу болтасынар.Ким озу булар,тим эле звездалар го комменттерди окусам.Тааныбайт экем и вообще кызыгы да жок.
Медиа-портал
13.01.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркин досумду билем.Мыкты жигит! Айгера аяшка бактылуу болгула!
13.01.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дениза жакчу мага, бул кыз келгенден кийин Азаттыкты корбой калгам . Бул кыз жакпайт мага
13.01.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иананып кетейиним бул баланы мен суйчу элем да
SUPER.KG видео
14.01.2017. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим Эркин экоон тен жарашыктуу тугойлор экенсинер Силерге суктандым
SUPER.KG видео
14.01.2017. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактынар туболукуу болсун,коз тийбесин озунорго окшогон коздору жайнаган суйкумдуу уул кыздуу болгула. Баланын бактысы ата эненин бактысы силерди тапкан ата эненер аман болсун. Аллахым бир озунон башка эч кимге муктаж кылбасын. Тун уйкум качып уктай албай отуруп силерди коруп эне катары чын журогумдон бактылуулук кааладым.
15.01.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Экөө үйлөнсө эле түндүк түштүк биригип калат бекен .
15.01.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосундагы музыканы кайдан тапса болот?
SUPER.KG видео
17.01.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарашпайт экен бала токтоло элекпи айтор суйлогондору бала бакчадагы балдар го. Уйлонуп салалыбы деп кулкум келди
17.01.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлапсыңар бактылуу болгула
SUPER.KG видео
19.01.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музыкасы кандай аталат админ айтып койунузчу сураныч?
SUPER.KG видео
19.01.2017. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз чынында морально даяр экен турмуш курганы. Айгеримдин жада калса суйлоо манерасыда абдан жакты тыпылдап. Эркин жылдыздуу суйкумдуу жигит бирок мага токтоло электей сезилди. Бактылуу коп балалуу болгула кыргыз телесинди жылдызы жанган легендага айланган жубайлар болгула.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо