Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кайрат Примбердиев: «ОРУСИЯНЫН САХНАСЫНАН ОРДУМДУ ТАБУУГА АРАКЕТ КЫЛАМ»

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

30-декабрь. «Голос» долбоору. Финал. Орусиянын биринчи каналындагы түз эфирди бардык мекендештерибиз чыдамсыздык жана сыймыктануу менен карап отурушту. Анткени финалда кыргыздын жигити Кайрат Примбердиев бар эле. Жыйынтыгы жаман эмес, 3-орунга ээ болду. Кайрат орус элинин да жүрөгүнөн түнөк тапты. Угармандар, калыстар анын талантын баалашты. Элдин сүймөнчүгүнө айлануунун өзү чыныгы жеңиш жана сыйлык.

Кайрат, кирип келген Жаңы жылың менен! Жаңы жылды кайда, кантип тостуң?
– 30-декабрь күнү «Голос» долбоорунун финалы тартылды. Эртеси Бишкекке келели десек учакка билет чыкпай, келинчегим экөөбүз Жаңы жылды Москва шаарынан тосуп калдык. Андан тышкары ал жактагы 2 ресторанда концерт уюштуруп, мекендештерибизге жакшы маанай тартуулоого да жетиштим.

– Өтүп кеткен жыл сен үчүн жемиштүү жылдардан болду...
– Ооба, 2015-2016-жылдар мен үчүн жемиштүү болду. 2015-жылы «Главная сцена» сынагынын супер финалына чейин жетсем, 2016-жылы көптөн күткөн каалоо-тилегим аткарылып «Голос» долбоорунун финалына чыгып, 3-орунду алдым. 2 жыл мурун 30 жашка толгом, Кудай дагы 30 жашта адамга ийгилик берет окшойт. Бул долбоорлордон көп нерселерди үйрөндүм, таасирлендим. Буюрса, ал таасир көпкө чейин сакталып, кийинки кадамдарыма жардам берет деп ойлойм.

– «Голос» долбоорунан четтеп кала жаздаганда Леонид Агутиндин чечимине капаланган жоксуңбу?
– Башында эле жубайым «эгер Дима Билан кайрылса, ошонун командасына өтүшүң керек. Экөөңөр иштеше аласыңар. Ал дагы сага окшоп жаш, экинчиден сахнада өзүн кантип алып жүрүүнү билген, энергиясы ашып-ташкан адам. Сени жактырат болуш керек» деп жүргөн. Бирок алгачкы турда Дима кайрылган жок, Полина Гагарина менен Леонид Агутин кайрылышты. Леониддин чыгармачылыгын баалагандыктан анын командасына өткөм. Бирок өзүңүздөр билгендей, кийинки турда ал мени кулатканда Дима сактап калды. Леониддин тандоосун деле туура кабыл алдым. Анткени ал кишинин келечекке, долбоорго болгон өзүнүн көз карашы, максаты бар. Финалдан кийин мага «Дима сени өзүнө аларын сезгем. Ошондуктан коркпой туруп кетиргем» деди. 3-орун деле мен үчүн чоң жеңиш. Муну менен токтоп калбашым керек, Кудай буюрса, мен багынтчу ийгиликтер алдыда деп ойлойм.

– Сени сактап калуу менен Дима Билан кыргыз элинин сыйына татыды. Устатың тууралуу айта кетсең?
– Тарбиялуу, адамгерчиликтүү, ачык-айрым адам экени экрандан деле байкалса керек. Бирок мен аны өзүнүн ички ойлоруна, өзүнүн ишине ишенген адам катары да бааладым. Эгерде сенден бир нерсе үмүт кылса, ошол үмүтүнө өзү дагы ишенет экен. Даярданып, ырларды тандап жүргөндө 1 мүнөт дагы менден күмөн санаган жок. Кандай ыр сунуштасам да «ой сени билем, кандай ыр болсо да майын чыгара аткара аласың» деп дем берип турду. Сахнаны, өзүнүн жумушун аябай сүйгөн адам экен. Биз жаңыдан сахнага кадам таштаган маалда Дима Билан Орусиянын сахнасын «жарып» турган учуру болчу да. Катардагы жаштарга кошулуп мен дагы чач жасалгамды аныкына окшоштуруп, сахнадагы кыймыл-аракетин туурап жүрчүмүн. Ырларын, аткаруу чеберчилигин да баалачумун. Дима менен чогуу отуруп баарлашуу, дуэт ырдоо мен үчүн кол жеткис кыял эле, ошол учурда ал чоң долбоордо менин устатым болот деп элестете да албайт болчумун.

– «Вечерний Ургант», «Пусть говорят» сыяктуу долбоорлорго катыштың. Сыналгыдан көргөн адамдарың жанынан кандай экен?
– Ал адамдарды сыналгыдан көрүп жүрүп эле бир күнү алардын студиясында, эфиринде отуруп калсаң сүрдөйт экенсиң. Ошол эле учурда сыймыктанып, «ушул жакта отурам, кандай сонун» деген кубанычтар да болду. Иван Ургант жашоосунда деле позитивдүү, турган турпаты менен жанындагы адамдарга энергиясын чачкан адам экен. Көрсөң эле күлкүң келет. Ар бир айткан тамашасы жөндүү. Адамды таарынтпай, шылдың кылбастан көтөрмөлөп тамашага салганы жакты. Андрей Малахов болсо сенин ички сырларыңа чейин билген адамдай мамиле кылат экен. Же алдын ала эфирге келчү коноктору тууралуу окуп же видеолорун көрүп маалымат алабы, билбейм. Студияга киргенде эле жаркылдап тосуп алып, суроолорду жаадыра баштайт экен. Дмитрий Нагиевди жакшы тааный электе керсейген адам деп ойлочумун. Жакындан таанышканда кечке эле кишини тамашалай берген, аябай жакшы адам экенин билдим. Бир окуяны айтайын, түз эфирде Биландын командасынан 3 кишинин бирөөсү эле жарым финалга өтмөй болдук. Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарда, 5 мүнөттүк жарнама учурунда Дмитрий ары-бери басып «алып баруучуга ыраазычылык айтканды унутпайбыз» деп тамаша-чынга салып үчөөбүзгө акырын эскертип жатты. Көрсө, мурда долбоордон четтеген конкурсанттар ага ыраазычылык айтканды унутуп коюшчу тура (күлүп).

– Орусияга тез-тез каттап жаттың. Чыгымдарды ким көтөрдү?
– Мурунку маданият министри Алтынбек Максүтов, Спорт Ордосунун жетекчиси Эдил Касенов сыяктуу агаларыбыз жардам кылды. Андан тышкары дагы көп адамдар көмөктөштү, өзүбүздүн каражат менен да каттап жаттык. Эң негизгиси кыргыз элим мени колдоп, дем берди.

– Жогорудагы долбоорлордон кийин КМШ өлкөлөрүндө да угармандарың көбөйдү. Ойлонуп көрчү сунуштар түшүп жатабы?
– Жакшы сунуштар бар. Январь айынын аягында кайрадан Орусияга барам. «Голос» долбоорунун 4 финалчысы Орусиянын шаарларын кыдырып концерт коёбуз. Азырынча 21 шаарга концертибиз белгиленген, август айына чейин дагы кошулушу ыктымал. Ошол учурда биз Москвада жүргөндө түшкөн сунуштар боюнча такташуулар болот. Негизи эле орус элине ыраазычылык билдире кетсем болот. Интернеттен «сен биздин эстрада үчүн ачылыш болдуң. Токтобо, иште, биз сени күтөбүз» деп жазышууда.

– Демек, чыгармачылыгыңды Орусиядан улантат экенсиң да?
– Музыкада тил, улут болбойт. Эгерде сенин ырларыңды башка жактагылар күтүп жатышса, барып ырдооң керек. Албетте, өз өлкөмдү унутпайм, бирок Орусиянын сахнасынан өз ордумду табууга аракеттенем. Ал жактан чыгармачылыгымды өркүндөткөнүм – кыргыз элине кызмат кылуу болуп саналат. Өлкөбүздүн атын таанытам, жерибизди даңазалайм. Себеби жакын болсок деле Орусияда биздин өлкө тууралуу билбеген жарандар бар экен.
– Сен сынак деп чуркап жүргөндө үйүңдү тоноп кетишкенинен кабардарбыз. Алар кармалыштыбы?
– Орусияга эртең-бүрсүгүнү кетебиз деп билет алып, даярданып жүргөнбүз. Иштер менен келинчегим экөөбүз шаарга чыгып кеткенде үйгө ууру кириптир. Кайненемдин кулагы жакшы укпайт, ал залда балам менен сыналгы көрүп отурганда уктоочу бөлмөгө кирип акча, көптөгөн керектүү нерселерди алып кетишиптир. Ноутбук, фотоаппарат сыяктуу дүнүйө го табылат, болгону ошолордун ичинде балабыздын жаңы төрөлгөнү, алгачкы эмчек эмгени, алгачкы жуунганы сыяктуу сонун көз ирмемдер бар болчу. Ошонун бардыгын уурдап кетишти. Арыз жазганбыз, милиция кызматкерлери аларды издеп жатышат. Бул ишти билгендер эле жасашты окшойт. Эгер алар «Супер-Инфо» гезитинен окушса айтарым, кармалсаңар оңбойсуңар!

– Убактыңды бөлүп маек куруп бергениңе рахмат! Ийгиликтериң мындан да артсын!

«Бир кездерде чыгармачылыгым солгундап кетти. Ошондо келинчегиме «башкалар мага ишенбесе да сен ишенсең, колдосоң, мен арстан болом, бардык тоолорду багындырам» дегем. Эля мага ишенди, түйшүгүмө чыдап жанымда болду. Жыйынтыгы жаман эмес».


«Дима менен чогуу отуруп баарлашуу, дуэт ырдоо мен үчүн кол жеткис кыял эле».


Асхат Субанбеков
Алишер Алиев
star@super.kg


Кайрат Примбердиев: “Дима Билан менен дуэт ырдоо кыял эле”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  23 
Комментарийлер(46)
11.01.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмир козжуоглынын чыккан биографиясын таппай жатам. Супер инфого чыкса к к эле менимче .ссылкасын бериниздерчи мумкун болсо
12.01.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanykey125, саламатсызбы? Бул жерди барактап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/38897
11.01.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайрат сени менен сыймыктанабыз.Дагы дагы ийгиликтерди багындырышыңды күтөбүз.Азаматсың!
12.01.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кайдагы Арсен марсенге эмгек сиңирген бере бербей ушул окшогон балдарга берип котормолош керек да
12.01.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин окмот козу корбу ия эмнеге бербейт Кайрат чыныгы талант жана ичинде кири жок адам экени бмлинип эле турат
12.01.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бер эл артистин нары
12.01.2017. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Emgek sinirgen artistti bersin, Guljigitten kem beken, andan Mirbek Atabekovdon oidorook turat
12.01.2017. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик коштосун. Жонокой бала экен.
12.01.2017. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Наам эмес жарытылуу деле сыйлап коюшпады окшойт аябай аракет кылды эле жок дегенде акчалай сыйлык берип коюшса болмок
SUPER.KG видео
12.01.2017. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат Кайрат чыгармачылык ийгилик онуп осуп россиянын да суйуктуу ырчысы болуп калышына да тилектешмин
SUPER.KG видео
12.01.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың Кайрат. Кыргызды дүйнөгө таанытып жатасың! Дагы токтобой иштей бер. Биз сени менен сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
12.01.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Кайрат оноруно тазим
12.01.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алгала Кайрат алгала,
Бою кичине зор бала.
Бут дуйнону багындыр,
Колдойбуз сени шандана.
12.01.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат иним.Кыргыздын атын тааныта бер.Сендей жердешим менен сыймыктанам.
12.01.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Казактын кайратынан ашып кеттиго чиркин
12.01.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын, Кайрат. Сендей мекендешим бар экенине аябай сыймыктандым. Долбоордо ырдаган ырларыны кайра-кайра ырахаттануу менен угуп жатам. Ийгилик каалайм.
Медиа-портал
12.01.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстандан албаган сыйлык, наамдарды орустардан алып уят кылчы бу чон сооройлорду
12.01.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Голос"тун финалында добуш берем деп смс жибере берип минуска кирген симкам, дагы деле кутулбай ошол боюнча жүрот
13.01.2017. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
illusion,азамат сендей элине күйгөн инсандар көп болсун
13.01.2017. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тиякта бирөөлөр дардайып жатышса керек кыйраткансып биз наам алдык дешиип элдер бизди көрө албайт да дешип ырсайышып наамынар башынарда калсын талант деген мына ушундай болуш керек Кайраттай болуш керек элдер силердей келесоо эмес акчасына кымбат машинасына сулуулугуна кызыккыдай эл деген акты ак караны кара дейт калыстык кылат кана Мирбек кыйын болсоң чет жака чыгып кыйындыгыны коргоз өзүнчө типа элита боло бербей наам силерге ТААТЫЫКСЫЫЗ Кайраттан үлгү алгыла эмгеги 2 айда синип кеткендер
Bubu88 түзөттү 2017-01-13 06:25:44
Медиа-портал
13.01.2017. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Кайрат!!!Уй-булоолук бактылуулук,чыгармачылыгында ийгиликтерди каалайм.
13.01.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец!!! Ийгилик. Ар нерсенин оз убагы бар. Мына сенин жылдызын жаркырап жанган убагын. Убагында биздин типа "Продюсер" аталгандар Кайратты ушундай сынактрга жиберип,же онугуусуно салым кошкондун,онорун оркундоткондун оордуна, эптеп ле акча табышкан. Кайраттын аркасы менен.. анан Россияда ийгиликтерге жетишип баштагнда Ассоль баш болуп жанталашып корсотуулоруно чакырышып. Уят.. ушундай Таланттарды колдой албай келгенибиз!!!
13.01.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Благодаря Жийдешке,Кайратка Азия Микс командасына, Атай Омурзаковго, Тумардагы балдарга, Кыргызстан, кыргыз эли жонундо башка улуттар, башка мамлекеттер таанып билип жатышат. Абдан чоон раxмат Лииично озумдун атыман.... АЗАМАТСЫНАР!!! КУДАЙ КОЛДОСУН ДАЙЫМА СИЛЕРДИ!!!
13.01.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан да бийиктиктерди багындырышыңарга тилектешмин.
13.01.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cөз жок аззамат
14.01.2017. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың ишиңе ийгилик!!!
14.01.2017. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орусиянын сахнасынан ордунду таппасан болбойт анкени каждый пятницаны кутуп биз сага добуш берип колдоп олтурдук,молодец..дагы да колдоп турабыз,эгер Москвага келсен!!!
14.01.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эе сонун дагы бийиктиктерди кутобуз
15.01.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын,ишине ийгилик. Орусиянын сахнасын багындырсан балким орустар наам беришеер. Биздин маданият министрибиз оозун ачып эле отурат. Ким документ толтурса беребиз дейт ал дегени акча дегени да.
15.01.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөз жок красавчик!!!
16.01.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец алга кыргызстанколдоокорсотсо болмок ааа эми кетип калса россияга
SUPER.KG видео
19.01.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял жакшы эр жакшы деп ушуну айтса болот. Аялына чоон рахмат. Кайрат чын журогумдон тилектешмин Россиянын сценасын багынтышына. Менимче сен Россиянын сахнасында озунду ача аласын жана эркин алып журо аласын. Ийгилик ийгилик жана дагы чоон ийгилик.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо