UFC: ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО РЕЙТИНГДЕ БИРИНЧИ САПТА

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

Кыргызстандык эрежесиз уруш чебери Валентина Шевченко дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү UFC уюмунун рейтингинде өз салмагында 1-сапка көтөрүлдү. Бул айтылуу Ронда Роузинин учурдагы чемпион Аманда Нуньестен жеңилип калгандан кийин мүмкүн болду. Эми мекендешибиз кезектеги атаандашын жеңсе, чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт.

ШЕВЧЕНКО ҮЧҮН ЧЕМПИОНДУК МҮМКҮНЧҮЛҮК

UFC уюмунда чемпиондор бат-баттан алмашып туруусу кадимки көрүнүш. Жаңы чемпиондор, жаңы каармандар көрүүчүлөр үчүн да кызыгууну жаратат. Бир канча жылдан бери чемпиондук курун сактап келген чемпиондорду эл анчейин жактыра беришпейт. Буга бир канча себептер бар. Өзүнө ишенген чемпиондорго ири суммадагы гонорар төлөнүшү керек. Тажрыйбалуу чемпиондор олуттуу атаандаштардан ар түрдүү себептер менен качышат, алар үчүн оңтойлуу каршылаш керек. Жыйынтыгында мындай беттештер кызыгууну жаратпай, көрүүчүлөрдү качырат.
Буга караганда аз убакыттын ичинде болсо да, октагондо кызуу беттеш өткөргөн мушкер UFC уюмунда баалуу. Валентина Шевченко дал ушундай мушкерлерден. UFC’ге келгенине бир жылдай гана болсо да, ал өз салмагында чемпиондукка башкы талапкерлердин катарында. Буллет кезектеги беттешин 28-январда Венесуэла өлкөсүнүн мушкери Жулианна Пенья менен өткөрөт. Эгерде ушул кармашты мекендешибиз жеңе турган болсо, чемпиондук кур үчүн расмий түрдө талапкер аталмакчы.

РОНДА РОУЗИ 48 СЕКУНДДА НОКАУТКА УЧУРАДЫ

31-декабрь күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун кезектеги кызуу беттештери орун алды. Бул – Жаңы жыл алдында көрүүчүлөр үчүн белек болуп, эрежесиз уруштун мыкты мушкерлери октагонго чыкты. Анда жеңил салмак категориясындагы (61,2 кг) учурдагы чемпион Аманда Нуньес менен айтылуу Ронда Роузинин тиреши күндүн беттеши саналды. Шевченкону упайлар эсебинде жеңген Аманда Нуньес Роузини 1 мүнөткө жеткирбей жеңип алат десе эч ким ишенмек эмес...
Көп убакыттан бери октагонго чыга элек Роузи жогорку деңгээлдеги беттешке даяр эместигин көрсөтүп койду. Калыстын белгиси менен эки мушкер тең дароо чабуулга өтүп, соккуларга кимиси туруштук бере албаса нокаутка кулады дей бер... Роузи буга чыдаган жок. Чемпиондун соккулары аны дендароо кылып, калыс беттешти токтотууга аргасыз болду. Болгону беттештин 48-секунду гана өтүп жаткан эле...
"Спорттон кетемби же жокпу, аны эми ойлонушум керек",- деп айтты беттештен соң Роузи. Холли Холмдон кийин Аманда Нуньестен катуу нокаутка учураган Ронданын доору бүткөндөй. Эми аны октагондон эмес, тасмалардан гана көрүп калат окшойбуз...

UFC’де ЖАҢЫ ЧЕМПИОН

Бул күнү UFC’де дагы бир орчундуу окуя орун алды. 10 жылдан бери эч кимге утулуп көрө элек жеңил салмактагы чемпион Доминик Круc чемпиондук курунан айрылды. "Доминатор" атка конгон Круc атаандашы Коди Гарбрандт менен кез келип, 5 раундга созулган кыл чайнашкан беттеш өткөрдү. Чемпиондукка талапкер Гарбрандт ар бир раундда Круcка караганда көбүрөөк таамай сокку узатып, бир канча жолу нокдаунга учуратканга үлгүрдү. Жыйынтыгында упайлар эсебинде Коди Гарбрандт жеңип, UFC уюмунун жеңил салмагында чемпион аталды.
"Жеңүүм үчүн анын бир эле беттешин көргөнүм жетиштүү болду. Эми Круска жаагын калыбына келтирүү үчүн бир нече убакыт керек",- деди жаңы чемпион.
Эми бул салмак категориясында жакынкы аралыкта дагы бир супер беттеш – Коди Гарбрандт-Ти Жей Диллашоу беттеши күтүлүүдө.
Бул күнү көпчүлүк күткөн оор салмактагы Кейн Веласкес – Фабрисио Вердум беттеши Веласкестин жаракатына байланыштуу болбой калды.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
11.01.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Валя,Алга жана алга жердеш!Кур утуп алууна тилектешмин!Ал эми Веласкестин боюн чыдамсыздык менен кутобуз.
11.01.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Валя вперёд!!!
11.01.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Валентинага ийгилик.Чемпиондук беттеште кайра Нуньеске салып женип алса экен.
11.01.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Валентина!Рахмат!
12.01.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым женишти каалаймын Зёма Шевченко!!!
12.01.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Валька алга
13.01.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzdarga emne jok mushtashyp
15.01.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алга шевченко
15.01.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Валентина азаматсын! Кыргызстандын желегин ушунча жылдан бери желбиретип журосун.
16.01.2017. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Валентинанын бойлорун коруп чыктым. Женгенде башка эле мамлекеттин желегин которуп журот ко. Бирок кыргызстанда торолгон экен
16.01.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
argen.96osh,интервьюларында коруп чыксан ана билесин каяктык экенин
16.01.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ронда Роузи мене Валентина Шевченконун боюн коргум келип жатат
17.01.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Timilzhan, алардын урушу болгон жок да, Ронда Роузи титульный бойдо Амандадан утулуп калды. Значит Валентина менен мушташпайт
17.01.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Веласкес один из самых духовитых бойцов,
17.01.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Emil0211, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо