Ильяз Андаш: "КУРАЛ ЭКӨӨБҮЗ ХИТ ЖАЗЫПТЫРБЫЗ. "СЕЙДАКМАТТЫН ЫРЫ" МЕНЕН ЖАКШЫ АКЧА ТАПТЫМ"

№740 06-январь-12-январь, 2017-ж

Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип түшөбүз.
А, дүйнөдө не кызык,
Ачуу айран ичебиз...
Бул саптарды учурда кичинекей балдардан бери ырдап жүрүшөт. Дуэтти ийине жеткире аткарган ырчылардын бири Ильяз Андаш бүгүн бизде конокто.

– Салам, Ильяз. Жаңы жылың менен, кандай тосуп алдың?
– Амансыздарбы? Сиздерди дагы Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Жылдагыдай эле өзүм туулуп-өскөн Каракол шаарында ата-энемдин кашында, тоок жылын тосуп алдык. Биз эми чоң кишибиз да, жыл тосууда өзгөчө сезимдер деле болгон жок. Иним менен кызым үчүн саат 12ге жакын көчөгө чыгып салют аттырдык, анан баарыбыз эле чарчадык окшойт, уктап калдык.

– Өткөн жыл эмнеси менен эсте калды?
– Маймыл жылы эмгектерим менен эсте калды. 1 жарым жыл мурун өзүмө "Бишкек шаарынан ипотекага алган батиримдин акчасын төлөп бүтүп, чыгармачылыгыма киришем" деп сөз бергем. Өзүңөр баамдагандай шымалана киришкендеги чыгармабыз "Сейдакматтын ыры" жылдын хит ырларынан болду. Бул чыгарманын аркасы менен каякка гана барып ырдаган жокпуз. "Сейдакматтын ыры" менен жакшы акча таптым. Эмгегиме жараша байгелер, куттуктоолор, наамдар болду. Чынын айтсам, кээде уктаганга да убактым жок болуп жатты.

– Үлпөт салонун, тамада борборун ачып жүрдүң эле, ишкерлик колуңдан келет бекен?
– Тилекке каршы, экөөнү тең иштетип кете алган жокмун. Тескерисинче, аларды ачууга кеткен акчамды да чыгара албай, жапканга туура келди. Юрист болоюн деген максат менен окугам, ал деле калды. Чыгармачылыкта жүргөнүмө 9 жыл болду. Анын 6 жылында акчаны чыгармачылыкка салдым. Элге бир аз атым таанылды, жаман эмес, ошого шүгүр. Акыркы 3 жылда ырчылык кесибимдин үзүрүн жакшы эле көрө баштадым десем болот. Ырдап үйлүү, машиналуу болдум, үйлөндүм. "Иштесең-тиштейсиң" деген сөзгө эми ишендим.

– Шоу-бизнесте көп жылдан бери жүрөсүң, оош-кыйыштары, жаманы-жакшысы эмнеде экен?
– Кыйынчылыктары өтө көп экен. Ыраазы да, нааразы да болдум. Кээде таштап салсамбы деп да ойлондум. Кайра жакшы болуп кетсе "эми ыр да, эл тандайт" деп өзүмдү тынчтандырып койчумун. Башымдан кыйынчылыктар көп өттү. Кандай кыйынчылыктар экенин айткым келбейт. Анткени элге өзүмдүн маселемди айтканды жаман көрөм. Тескерисинче, жакшы жактарымды көргөзүп "мени карабай койдуңар эле, мен момундай иштеп жатам" деп эмгегимди далилдегим келет. Эң негизгиси элдин баары менен жакшы мамиледе болууну каалайм. Урушуп-талашпай, жаман-жакшы айтышпай сонун жашаган кандай ырахат.

– Ырчылар күндүзү уктап, түнкүсүн иштешет эмеспи. Мындай ыргак үй-бүлөңдүн тынчын албайбы же көнүп калыштыбы?
– Мен азыр андай тартиптен алыстагам. Эртең менен жумушум саат 8де башталат. Анткени музыкалык мектепте музыка сабагынан мугалиммин. Кечкисин тойлорго чакыруу болбосо, үйгө эрте эле келип калам. Эрте келсем да, кеч келсем да, келинчегим "тамак ичесиңби?" деп сурайт. "Ит аягын жаламайын тойбойт" дегендей ток болсом деле ашканага кирип, бир чыны чай ичип алып уктайм. Буга келинчегим көнүп калган.

– Ата болгондон кийин өзүңдөн өзгөрүү байкадыңбы?
– "Балам, балалуу болгондо билесиң" дегендей көп нерсеге мамилем өзгөрдү. Ата-энем "курткаңды, жылуу шымыңды кий" дешсе, "ушинте эле бересиңер" деп укпай койгон күндөрүм болгон. Кызым төрөлөрү менен ата-энемдин мага берген ошол мээрими менде пайда болду. Апасы азыр кызымды тыйып "антпе, минтпе" деп тарбиялай берет. Мага жадакалса кызымды өз апасынын урушуп жатканы оор тиет. Мен "чача бер, кайра жыйнайм" деп болушуп турам.

– Кызың чоңоюп калдыбы? Кимге окшош?
– Кызым Элина мага окшош, бирок апасына жакын. Анткени эртеден кечке апасы менен отурат, экөө урушушат, кайра табышышат, ойношот дегендей. Келинчегим өзүнүн туулган күнүндө, 5-январда төрөгөн. Кызым 2ге, апасы 22ге чыкты. Эң негизгиси үй-бүлөмдө баары тынч, ден соолуктары бекем, эч нерседен кем эмес. Мен үчүн ушул гана керек. "Үй-бүлөң менен ар кандай көрнөк-жарнактарга тартылбайсыңбы?" деген сунуштар көп түшөт. Бирок аларды эл көзүнө көп чыгаргым келбейт. Анткени кээ бирөө жакшы, кээ бирөө жаман сүйлөйт дегендей.

– Уул апасына окшош келинчек алат дешет. Келинчегиң менен апаңдын окшош жактары барбы?
– Экөөнүн жумшактыгын окшоштурам. Ата-энем экөө тең жумшак кишилер болгондуктан келинчегим Сүйүүгө катуу айтышпайт деле. Сүйүү келин болуп келген күнү эле апам өз кызындай кабыл алып, жакшы көрүп кетти. Мага караганда экөө көп сүйлөшүшөт. "Сүйүүгө куртка алып бердиңби? Жылуу жүрсүн, ооруп калбасын" деп турушат.

– Сүйүү балага өтөт деген сөзгө кошуласыңбы? Сенин сүйүүң балага өттүбү же күч алдыбы?
– Балага болгон сүйүү башка, келинчегиме болгон сүйүү башка деп ойлойм. Келинчегимди да, наристемди да аябайжакшы көрөм. Кызым кичине ооруп калса, отурарга жер таппай калам. Балалуу болгондон кийин өзүмдүн ушунчалык баласаак экенимди билдим. Келинчегим "бала деле ооруйт да, эмне болуп жатасың" деп калат.

– Жубайың азыр эмне менен алек?
– Азыркы учурда медициналык окуу жайда окуп жатат. Андан сырткары кирпик чаптап, макияж жасап, "сулуулук чебери болом" деп жүрөт. Анан менин кызымды багат.

– Кайын-журтуңа кандай күйөө баласың?
– Алар менен өтө сый мамиледемин. Мен күндүз, кээде түнү менен иштеп калганыма байланыштуу мага караганда келинчегим көп барат. Кайын-журтум Кант шаарында турушат. Барганда айылдагыдай көп деле жумуш жок, ошондуктан мага жумуш артпайт деле.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик.

"Балалуу болгондон кийин өзүмдүн ушунчалык баласаак экенимди билдим".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(25)
11.01.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болгула.коз тийбесин.сонун тугойлор.
11.01.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кызы мынча ширин.
11.01.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы сонун кыз экен буйтуйган
11.01.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ыр менен кантип акча табат ээч тушунбойм да, тушунгондор барбы?
11.01.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн негизгиси уй булоонуз бар болсун.
11.01.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
азыр кимдин заманы байлардын заманы а байлар чон той берет тойдо ырчыларды алып келет ырчылар болсо акчага келет бир ыры 100$ жок дегенде эки ыр ырдайт 200$ бир кундо 2-3 тойдо ырдайт ошентип ыр менен акча табат тушундуш☺
11.01.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик калайм
11.01.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jakshyy.. Ui bulosu m-n baktyluu bolsun! Yrdap akcha tabam debei eger yrdy suiso, bashkacha mamile kylsa jakshy yrlary jaralmak dep oiloim....
11.01.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болушсун.Ушундай акылдуу Уй-булоом деп иштеген эркектер кобойсун.
11.01.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu
11.01.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula,kelinchegi jakshynakai eken
11.01.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба ошол ырыныздар аябай хит болду, бирок клипи анча жакпайт, кантсе да ийгилик Ильяз аке
✊ бактылуу болунуздар❤
11.01.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клиби плагиат. Польшалык ырчымайымдын клибине окшоп кетет
11.01.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур сүйлөгөндөрү маанилүү,олуттуу алжаң-калжаңы жок.
12.01.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аялы бойунда бар кезде экоосу ичин коргозуп тушкон суротун элге жарыялагандпн кийин озумчо эле негедир ичимдеги жылуулук жоголуп кеткен буларга деген.Эмнеси болсо да кыргызбыз,мусулманбыз...
13.01.2017. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сейдакматтын ыры,- деп туура эмес аташкан. Анан Мукан Рыскулбековдун кызынан ырдаш учун уруксат сураптыр. Ал киши Ак Кеме киносунда Сейдакматтын ролун ойноп, адыр адыр тоолорду ырдаган экен. Бул ыр толугу менен Ак Кеме повестинин автору, Замандын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовго таандык. Эгер ырдаганга уруксат сурап, мыйзамдуу кылайын десе биринчи Айтматовдун балдарынан сураса болмок. Эх
13.01.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
taalay25, мен да кошулам 100%
13.01.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болушсун.кызы озуно аябай окшош экен
13.01.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сейдакматка рахмат!
13.01.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол. Жагымдуу уй було экенсинер.
14.01.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Садыралиевден маек алгылачы
16.01.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lekarstvosvoegomuja, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
16.01.2017. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сейдакматтын ыры деген аталышы да,,Айтматовдун ыры деп атамак беле анан ким жазса да жанылашты,ырдашты,,менимче бул элдик ыр...Айтматов чыгармасында ырдалган...
17.01.2017. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАШАЛЛАХ кызыныз бултуська экен озунчо эле бактылуу болгула
17.01.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец. Эркектик сапаттары жогору экен. Накта мырза.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо