Роза Шакирова: «АПАМ ӨЗ КОЛУМДАН ҮЗҮЛҮП КЕТЕ БЕРДИ...»

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Апабыз – биздин бейишибиз, ошондуктан айтылса керек «апасы бар адамдар эч качан картайбайт» деп. Тилекке каршы, убакыт дейбизби же ажалбы, айтор, кези келгенде ыйыгыңдан, бейишиңден ажыратып коёт экен. Ырчы Роза Шакирова гүлдөгөн бакчасынан, өмүр бою айтып бүтө алгыс дастанынан айрылып кабыргасы кайышып турат. Кечээ эле «мен үчүн апам – күн, ай, жер, асман» деп ырдап апасына сахнадан гүл сунган ырчы бүгүн апасын эскерип отурду.

«АПАМ ЭРКЕКТЕЙ АЯЛ ЭЛЕ, ӨЗҮ 2 КАБАТ ВРЕМЯНКА САЛГАН»

-Апам Урмат 1953-жылы Баткендин Кайыңды айылында төрөлгөн. Бала кезде кыйынчылык көп тарткан экен. Ал жакта турмушка чыгып, 1 балалуу болгондо ажырашып, кайнатасы баласын алып калган. Кийин менин атама турмушка чыккан. 8 баланы багып өстүрүп, тарбиялап, ар бирибизди окутуп-чокутуп, туурубузга кондурду.
Атам раматылык катуу киши болчу, анын бир сөзүн эки кылган жок. Апамдын чыныгы мусулман аялга тиешелүү кулк-мүнөзү бар эле. Атам 67 жашында көзү өттү, ошол кезге чейин тике карап, каяша айтканын көргөн жокпуз. Атам өмүр бою айдоочу болуп иштегендиктен үйгө түнү келип, таң атпай жумушка кетчү. Жадакалса канча уй, кой, эчки бар экенин деле билчү эмес. Апам байкуш эшикте эркектин, үйдө аялдын жумушун жасачу. Үйдүн жанына эки кабат времянка салдык. Усталар келип пайдубал куюп, жыгач кагып бергени эле болбосо, апам ылайдан дубал тургузган. Албетте, бирөөбүз ылай ташып берип, экинчибиз инилеримди карап, тамак жасашып жаттык. Атам эртең менен таң атып калганда жумушка баратып «ай-ий, ушул жерге чейин уруп койдуңбу, менин кемпирим кыйын» деп мактап коюп кетип калчу. Бизди да кара жумушка бышырды, талаага алып барып чалгы менен чөп чаптырчу. Чөп жыйылганда атам КамАЗ менен барат, апам айры менен чөптү үстүндө турган атама ыргытат эле.

«АПАМ ТИККЕН ПАЛЬТОНУ КИЙБЕЙ КОЙГОНУМА ӨКҮНӨМ»

-Айылдагы ар бир үйдө апамдын сайган саймаларын, кураган курактарын кездештиресиң. Кимдин кызы турмушка чыга турган болсо, апама буюртма берип сеп тиктиришчү. 6-классымда мага килем токуганды, сайма сайганды, төшөк көктөгөндү, курак кураганды үйрөткөн.
Биздин студент кезибиз Союз тарап, кыйынчылык заманга туш келип калбадыбы. Ошондо апам мага пальто тигип алып келген эле. "Уят го, муну мен кантип кием?" деп 2 күн кийип эле таштап койгом. Азыр ошенткениме өкүнөм, апамдын өз колу менен тигилген ал пальтону тапсам киймекмин. Чебердиктен сырткары түш жоруп, кичинекей балдарды эмдеген касиети бар болчу.

«РОЗАНЫКЫНА БАРСАМ ЭЛЕ ЖАКШЫ БОЛОМ ДЕГЕН ЭКЕН»

-Апам шаштырып инимдин тоюн 30-ноябрга белгиледи. Тойдон кийин, 1-декабрда куда тостук, эртеси кудалар бизди чакырып сыйлады. Мен тойдун эртеси келип эле Жаңы жылдык көрсөтүүлөргө тартылып жүрсөм, «апам ооруканага түшүп калды» деп чалышты. 7 жыл мурун атам өткөндө Бишкекке алып келип көрсөтсөк сактап калат белек деген жүрөгүмдө өкүнүч калган. Ошондуктан дароо бул жакка алдырттым. Аэропортто күтүп турсам элдин баары чыгып жатат, апамдар жок. Эң аягында «Тез жардам» менен алып чыгышты. Чуркап эле кирип бардым. «Апа, жакшысызбы?» десем, мени жалооруп карап «үйгө алып кетчи мени» деди. «Азыр дарыгерлерге бир көрсөтөлү, анан барабыз үйгө» деп, апамды машинага агам менен жолдошум көтөрүп салды. Көйнөгүнүн этеги кичине түрүлүп кетсе, алы жок кыймылдай албайт да, уялып ошону жабам деп аракеттенет. Ыйманыңдан кагылайын, апакем, ай. Ооруканага барсак, дем алыш күнү болгонуна карабай дарыгерлер чогула калып бири жүрөгүн текшерип, экинчиси анализ алып жакшы карап жатышты. Жылына 1 жолу келип дарыланып кетчү. Мунусунда «баламдын тоюн өткөрүп алып, 10-декабрда келип дарыланам» деп жаткан. Ооруп жатканда эжелериме «Розага барсам эле жакшы болом» деген экен. Бирок ажал келсе кыйын деген дарыгерлер да сактай албайт турбайбы... Канчалык аракет кылып жан талашканым менен, апам өз колумдан үзүлүп кете берди...

«АПАМ ЖАШАГАН БӨЛМӨНҮ МУЗЕЙ КЫЛЫП КОЙДУК»

-Ата-энени жерге берүү мурас дешет экен. Бирок эч ким апа деп боздобосунчу... Апамдын акыркы айткан сөзүндө «инилериңерди жакшы карагыла, акеңерди ата ордуна көргүлө. Ынтымактуу болгула, силер бир атанын балдарысыңар» деди. Анан «мени кырымдан жаткыргыла» деп суранды. Оңдоп жаткырсак «үүх» деп үзүлдү...
Апанын ордун эч ким толтура албайт экен. Апам жөнүндө сүйлөгөндө эле жүрөгүм лакылдап кысылып чыгам. Эми үйгө барганда кубанып, берерге ашын таппай бизди ким тосуп чыгат?! Учурда үйгө, жерге батпай жүрөм, мындай жоготуу айрыкча кыз балага оор экен. Үйгө кирсем бүт буюмдары турат, апам жок. Эжем Салтанаттын сунушу менен апам жашаган бөлмөнү музей кылдык. Өзү жасаган төшөктөрүн, курактарын, саймаларын сактап койдук. Шифоньерге кийимдерин, жоолуктарын илдик. Биз барганда апамдын жыты жыттанып турсун ал бөлмөдөн дедик, мындан башка аргабыз жок да.
Апам ушунчалык жароокер жан эле. Келиндерине катуу айтчу эмес. «Анын жаш баласы бар, мунусу суукка чыкса болбойт» деп өзү уй саап, өзү эшик шыпырып жаны тынчу эмес. Биз барсак «билет алдыңарбы, кызым, үйүңөргө качан кетесиңер?» деп этият болуп турчу.
Жасаган тамактарына сөз жок. Бала кезибизде айылда кезектешип улак кайтарчубуз, ошондо чабатыга эт, фантазиясына жараша азык-түлүк салып ороп берчү. Аны түштө жечүбүз. Азыр ойлосом, апам ошол кезде эле бизге шаурма жасап берчү экен да. Шорпосунун даамычы, этти чоң-чоң салып куюп берет эле, чекең тердеп жыргап ичесиң. Тандырга нан жаап бизге берип жиберчү, андай нандын даамын эч жерден таппайсың. «Апам жапкан нанды сагынам» деген ырды уксам да маани берчү эмесмин, эми ошол ырдын кадырына жетип, апамдын нанын сагынып, куса болуп ичим туйлап жатканына 40 күн болду. Бул убакыт мага кылымга тете болуп кеткендей сезилет...

"Жолдошум менен таарыныша кетсем "жөн жаша, келсең үйгө киргизбейм" деп урушчу. "Нурсейит, муну катуураак карма, тойго да жалгыз жибербе" деп турчу".


"Апамдын чебердигин мен, акылдуулугун эжем Салтанат, жумушту бат жасагандыгын сиңдим Эркинай тартты".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg


“Апамды жоготуп алганыбызга ишенбей турам” дейт Роза Шакирова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
18.01.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткан жери жайлуу болсун эненин. Розага жана анын бир туугандарына сабыр тилейм.
18.01.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым апаңызга бейишинен орун берсин.
18.01.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун.
18.01.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Роза Эже кайрат кылыныз сабырдуу болунуздар.Апакениздин жаткан жери жайлуу болуп бейиштен оорун алсын...
18.01.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун!
18.01.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апалар аман болсун..
SUPER.KG видео
18.01.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлап алдым ((( Роза эже баардык адамдын башына келчуу нерсе сабыр кылыныз.....
18.01.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апам жапкан нанды сагынам, эн бир таасирдуу соз... Апалар аман болсун!!!
18.01.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр тилеймин, бараар жерибиз аркы дуйно энелерибиз жок дегенде 80,90 жашка чыкса
18.01.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Роза апаныз бактылуу адам экен. Анткени аны дайым эскерип тураар силерден кыздары-уулдары бар экен. Ар бир адам уул-кызымдын алдында кетейин,ошолордон топурак буйрусун дейт. Канчалаган адамдар жалгыздыкта отуп эч кимден топурак буйрубай калып жатпайбы. Энени жоготуу албетте оор,бирок сиздер ынтымактуу жакшы жашап аларды жакшы соз менен эскерип турсаныздар акырети аабат болот. Сиздер бир - бириниздерге жаман суйлоп жат болсонуздар козу откон ата-эне да тынч жатпай кыйналышат экен. Сабыр тилейм
18.01.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаныныздагы эженизби же синдинизби абдан сизге окшош экен. Ылайым Кудай сабыр берсин сиздерге. Апаныз жаш эле экен,бирок айла жок да. Кудайга керек экен алып кетиптир. Бейишин берсин, апаныздын жакындары жана достору менен дайым мамиледе болуп конулдорун алып турунуздар.
18.01.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба айткандарыныздарга кошулам Сабыр кылыныз, кайрат кылыныз Курандан башка айла жок Апаныздын арты Кайрылуу болсун!
18.01.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апаңыздын айылдашы болгонума сыймыктанам. Жаткан жери жайлуу болсун. Сизге жана бир туугандарыңызга сабыр тилейм. Арты кайырлуу болсун.
18.01.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах рахматына алсын
Медиа-портал
18.01.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейиштен орун берсин.Роза сизге бир туугандарынызга сабыр тилейбиз.
18.01.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза Эже кайрат кылын апаныздын бейишин берсин! Апаныздын суроттун коруп энемди эстеп кеттим.
18.01.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сурагын женил кылсын апаныздын Озунузго ден соолук берсин
SUPER.KG видео
19.01.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 баланы тарбиялап остургон апаныздын жайы жаннаттан болсун! Сиздерге сабыр тилейм.
SUPER.KG видео
19.01.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжелер апаныздын жаткан жери жайлу болсун мен да апам жаш кезинде отуп кеткен 53 жашында тиги эже тура айты Апаларды сыйлап урматап алалы козу барда
SUPER.KG видео
19.01.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Элге жарыя кылбай эле койсо болмок экен
20.01.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан топурагы торко болсун,акырети абат болсун Алланын буйругуна каршы баралбайбыз Сабырлуу болунуздар
20.01.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах бейиштен орун берсин.
21.01.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сабыр берсин...Апалардын жаткан жери жайлуу топурагы торколуу болсун..
22.01.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апаңыздын жаткан жери жайлуу болсун!Бул нерсе баарыбыздын башыбызда боло турган нерсе.Ошон үчүн Ата-Энебизди көзү барда сыйлайлы.
SUPER.KG видео
23.01.2017. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрат кылыныздар. Жакшы адамдын омуру кыска деген чын экен да. Козу тируу кезинде эч нерседен кем эмес журот экенбиз да. Качан козу откондо анан окунуп калат экенбиз. Биз да апабыздан эрте ажыраганбыз. Мына 3жылга кетип атат. Эмдигиче атам баш болуп 5бир тууганбыз озубузго келалбай журобуз. Эшиктен апам кирип келчудой болуп кутуп журобуз. Апанын орду абдан жоктолот экен. Сиздерди коруп мен дагы апамы эстеп ыйлап алдым. Эмне кылабыз ыйлап кала берет экенбиз да. Бир келип кеткен кун болгондо гана
24.01.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун...
24.01.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
24.01.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата эненин оордун эч нерсе толуктай албайт,жашоо кызыксыз болуп калат алар жок.козу барда сый гана корсотуш керек,Аттин тагдыр эмне кылабыз ажалга айла жок тура(((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо