Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗДЫН АДЕПТҮҮ БОЛУШУ ТАРБИЯДАНБЫ ЖЕ ӨЗҮНӨНБҮ?

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Баланчанын кызын тааныйсыңар да, ошол тууралуу жаман сөз уктуңар беле? Жок, себеби ал өзүн түз алып жүрөт. Мына окуусун аяктап, жакшы жумуш таап иштеп жатат. А түкүнчөнүн кызычы? Ал ошол кыз менен эле тең, же окуусун кыйратпайт, же үй тиричилигине жардам бербейт. Кызым шаарда окуп жатат деп ата-энеси айылдан мал-жанын сатып окуу акысын төлөп, андан сырткары да тынбай эле акча жөнөтүп жатышат. А кызычы, сабагына деле барбай жүрүптүр, окуусунан айдаларда ата-энесин дагы акча керек деп кыйнап жатат. «Беш кол тең эмес» деген чын, башка бир туугандары жакшынакай эле жүрүшөт, мунусу кайдан чыккан? Жакшы окуса экзамендерине деле акча бермек эмес да, ушул экөөнүн кимиси жакшы, ыя? Силер жакшы болсоңор, биз да башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз, «менин кызым мындай ийгиликтерге жетип жатат» деп мактана алабыз. Жаман болсоңор, же көчөгө чыгалбай, же тынч уктай албай калбайлы. Кудай сактасын, кокус жаман болсоңор, өзүм эле башыңарды жулуп алам, анда адам укугу деген сыяктууларды уруп ойнобойм, уктуңарбы?!
Бүгүн жумуштан үйгө барганда улуу 2 кызыма ушинтип бир топко «лекция» окудум. «Жалган сүйлөбө, уурулук кылба, бирөөнүн акысын жебе, сабакты жакшы оку» деген сыяктуу насааттарды буга чейин деле айтып келгем, дагы деле айта берем деңизчи. Мунусуна жумушта айтылган сөздөр себеп болду.
Жумушта кесиптештер менен бир окуяны талкуулап калдык. Анда бир жаш кыз өзүн бейтааныш жигит зордуктаганын айтып милицияга арыз жазып, ал жигит кармалыптыр. Ал кызды бейтааныш жигит түнкү саат үчтө мейманканада зордуктаган экен. Ошону кеп кылып жатып кесиптештеримдин бири «бул кыз түнкү үчтө бейтааныш же чала тааныш жигит менен мейманканада эмне кылып жүрөт? Ал өзү ар ким менен жатып, анан кайра зордуктады деп арыз жазып, акча иштеп жүргөн эле кыз болсо керек...» деп айтып калды. Дагы бири «мүмкүн, ал кыз жолугушууга жакшы ой менен эле баргандыр» десе, дагы бири «милиция кызматкерлери менен ошентип иштешип акча тапкан кыздар да бар. Көрөсүңөр го, зордуктады деп кармалган жигит камалмак турсун, иши сотко да жетпейт. Ошол кызга да, менттерге да акча берип тез эле чыгып кетет» деп чыкты. «Сен дайыма кыздарды эле күнөөлөй бересиң, зордуктагандан кийин жигит күнөөлүү да» деп дагы бири чыкты. «Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» деген кеп бар. Кыздардын көбү бузулуп кетти...» деп дагы бири айтып, ошону менен талкуу көпкө созулду. Айрымдары кызды күнөөлөсө, дагы бирлери жигитти күнөөлөп жатышты. Мен да кызды күнөөлөгөн тарапка кошулуп сөз сүйлөдүм эле, бири «өзүңүздүн да 3 кызыңыз бар. Таба кылбай, тобо десеңиз» деп оозумду жап кылды. Андан соң талкуу баланы кантип тарбиялоо тууралуу уланып кетти. Бири «негизи баланы катуу кармаш керек» десе, дагы бири «менин бир айылдашым кызын өтө катуу кармачу, 11-классты бүткүчө кечинде көчөгө чыгарчу эмес. Бирок кызы борбор калаага окууга келип, көзөмөл жок бузулуп кетти деп угуп жүрөм. Катуу тарбия берген да болбойт окшойт» деп чыкты. Дагы бирөөсү «менин бир таанышым бар, анын чөйрөсүндөгү балдардын көбү нашаа чегишет. Ошолор менен дайыма аралашып жүргөн ал бир да жолу нашаа чеккен эмес. Жакшы же жаман болуш адамдын өзүнөн эле» деди.
Тилекке каршы, чынында жогорудагыдай окуялар көп учурап жатат. Мындан сырткары өспүрүм кыздардын үйүнөн качып кетип, кийин ал жигити менен башка жерде жүргөн жеринен табылган же түнкү клубдарга барып өз ара «разборка» кылган учурлар бар. Кечээ жакында болсо 16 жаштагы кыз төрөп, наристесинин атасы ким экендигин өзү билбей калыптыр... Бул кыздын ата-энеси кызын 3 жигит зордуктап койгон деп милицияга арыз жазган экен, бирок иликтөөдө ал жигиттердин тиешеси жок болуп чыгыптыр. Андан кийин ал кыз ар башка көрсөтмө берип милиция кызматкерлеринин башын айлантып жатыптыр.
Кыздарымдын улуусу 11де болсо, кичүүсү бирге да чыга элек. Ошондуктан азырынча улууларына гана акыл айта алам. Канткен менен улуулары деле кичинекей да, бирок айткан насааттардын бири болбосо экинчиси мээсинен орун алаттыр. Ата-энесин уятка калтырбагандай адептүү адам болоттур деп үмүт кылып отурдум...

Баатырбек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
18.01.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскача айтайын адамдын өзүнөн.
18.01.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте тарбиядан.
18.01.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман жолго түшүшүнө көп нерсе себеп болушу мүмкүн , баары жоктун алдын алуу өтө кыйын , эртең эмне болорун бир Кудай билет.
18.01.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээки 16 жашта зордукталды деп тороп койгон кызды кыстара кеткен турбайбы?
Gulzat86 түзөттү 2017-01-18 23:31:56
19.01.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тарбиядан деп айта албайм. эч качан ата эне жаман тарбия бербейт! 98.2% ОЗУНОН
19.01.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин оюмча:Ата-энесинин тарбиясы кандай болсо балдарыныкыда ошондой болот.
19.01.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менимче кыз бала энесинин кузгусу!Ошол себептен энесин коруп кызын ал деген макал бар болсо керек.Энеси озу кандай болсо кызы дагы ошондой болот!
19.01.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм тарбиялары жакшы болот деп умут кылабыз. Бирок мен буюрса балдарыма 1-орунда дос сырдаш болуп болушунча мээрим токконго аракет кылам. Озуно ишеним лидерлик сапат ошолордон коз каранды.
19.01.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызга кырк уйдон тыю деп бекеринен айтылбаса керек. Кыздын озунон деле зависить этет деп ойлойм мен окуп жургондо мен жатаканада жашачумун кундуз окуп кечинде повар болуп иштечумун жанымда жашаган кыздар Ош, Таластык кыздар эле. Мен Чуйдон. Ал кыздар жума сайын акча салдыртып кафелеп журушчу ар кайсы балдар мн.
19.01.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир эле ата-эне баласына жакшы тарбия берет 100%, ага-эжелерибиз айткандай адамдын озуно да коз каранды,
20.01.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи озунон,экинчиден тарбиядан.
21.01.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден тарбия насаат. Анан калганы адамдын өзүнөн. Ар бир адамда ыйман, наамыс болсо ошондо ата энени да атын булгабайт, озунун аты да булганбайт. Ыйманы кучтуу. Намыска бекем адамдар коп болсун.
21.01.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым. Ар нерседен Аллахым озу сактап,коргосун. Кыз деген уйдун корку. Ошон учун кыргыздар кызга астейдил мамиле жасап, коп нерсеге тыюу салган. Кыздын абиири бир эле уй булонун эмес, бир уруунун абиири.
21.01.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы эле ата-эне балам жаман болсун деп остурсун.Баланы эне торойт бирок кыялын кошо торобойтда.Кыз баланы остуруп эрезеге жеткирип бироонун колуна тапшырыш ото кыйын.Илгеркиден калган макал бар эмеспи кызды 40 уйдон тыюу деп бирок заман Та лабыбы же билбейм азыр 40 уйдон тыюу мункун болбой калдыго
Begim94 түзөттү 2017-01-21 15:10:29
21.01.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиядан коп нерсе коз каранды.
21.01.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Эне жакшы тарбия берсе айткан создорун эстен чыгарбаса керек деп ойлойм а бирок азыр тарбия берсе болбой бузулгандар бар коомго коз каранды поколения жакшы болуш керек досторун ичсе ичет чексе чегет досторго да карайт жакшы болсо айлана баары жакшы болот
22.01.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы Тарбиядан, Тарбияны туураа бериш керек.
22.01.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча ата эне Эч качан балдарым жаман болсун дебейт. Алы жана акылы жеткенче Жакшы тарбия берсем дейт. А бузулуп, жаман жакка барыш баланын озунон да жана айлана чойро,ошол эле чогуу жургон достору да созсуз турдо кесепети тиет.
23.01.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurgul991, жарнамалык билдирүүлөр "Жарнама" бөлүмүндө гана жазылышы керек жана бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюусалынган. Эскертүү!
23.01.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ало
23.01.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saribulak, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
23.01.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озун жакшы болсон, уйдогу мамиле кандай болсо балдарын ошондой болот. Тарбияны энеси бериш керек, атасынан коркуп туруш керек бала. Баланы жашынан, келинди башынан дейтго элибизде.
23.01.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30% тарбиядан, 70% өзүнүн дээринен болот деп ойлойм. Себеби, жакшы тарбия берген жакшы үй-бүлөдөн чыккан балдар бузулуп, ал эми ата-энеси алкаш болгон үй-бүлөдөн жакшы балдар чыгып жатпайбы.
23.01.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи кезекте ата эне өзүн жакшы алып журуусу керек тарбиялуу ичпеген чекпеген үй булоодон жаман бала чыкпайт баардык нерсе ата энеден көз каранды
23.01.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалдуу коз караш айтсак, ар кимдин дуйно таанымы ар турдуу, журогундо ыйманы, башында акылы, айлана-чойросуно мамилеси жакшы болгон болсо жакшы корунуш
24.01.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз сиз каалагандай эмес сиз тарбиялагандай болуп чоноет дейт.Ошондуктан аларга кенеш берип же урушуп тарбиялаганга караганда иш жузундо улгу болгон жакшы. Балдар улгуну досторунан же кошуналарынын балдарынан эмес ата -энесинен алышы керек.
24.01.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балабы, кызбы тарбия берүүдө эң биринчи кезекте эне себепкер болот, андан соң ата. Бала ымыркайында эле көргөн нерселерди, уккандарды кабыл ала баштайт, көбүнчө биз бул кичине, эч нерсе түшүнбөйт, билбейт дешибиз мүмкүн, анын көзүнчө урушуп, жаман адаттарды жасашыбыз да мүмкүн. Ал нерсенин баарын өзүнө алып жатканын билбейбиз. Андан соң чөйрөсү таасир берет, бирок буга да ата-эне фундамент түзүп берет, кандай багыт бериш керек, ошол чөйрөнүн ак-карасын айырмалап билүүсү үчүн да ата-эне себепчи.
24.01.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба ата эне эч качан жаман тарбия берууну каалабайт, болгону айтканын кылып, эркелетип козу мн тен айланып жатып озум билем отугумду торго илем болуп чонойгон баламын байкабай калат же кор тириликтин айынан тарбия берууго убактысы жок б.а мигрант болуп жургон ата энелерибиз да толтура.
24.01.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче уул кыздарды адал тамак менен чонойтсо жаман жолдорго барбаса керек.
20.03.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
60% Тарбиядан. 40% кыздын озунон деп ойлойм. Особенно 13-жаштан, баштап 17,18- жашка чейин кыз балага, каттуу тарбия бериш керек.
20.03.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды, адам кылган да, адам! Адамды, айбан кылган да, адам!!! Кобунчо назло иш, кылабыз да адашып калабыз. Ойлойм сабырдуу, болуп эч качан шашылбас керек деп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо