Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назбийке Айдарова, актриса: «АША ЧААП БАРАТКАНДАРДЫ УЧУРУНДА ТОКТОТОМ»

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Клип, тасмаларга тартылып жүргөн кыздардын көбү чыныгы жашоодо да сүрөттөгүдөй боёнуп, шиш така кийип, кериле басып жүрүшөт. Кыскасы, "бул тиги клиптеги же тасмадагы кыз" деген статусту карманганы аракеттенишет сыягы. Кезектеги каарманыбыз Назбийке менен маек куруу астында мен дал ошондой кызды күткөм. Кала берсе, ал тууралуу маалымат чогултуп жатканымда "аябай боюн көтөргөн кыз" деген кептерди уккам. Жолугушууга такыр боёнбогон, арык, акырын сүйлөгөн жөнөкөй кыз келгенде кандай таң калганымды айтпай эле коёюн. Андан көрө көңүлүңүздү биздин маектешүүнүн жыйынтыгына бурайын.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы,
күнү – 1997-жыл, 10-август
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кош-Дөбө айылы
Билими – Политехникалык университетинин гидроэнергетика факультетинин 2-курсунун студенти
Учурда – бийчи жана актриса
Тартылган тасмалары жана клиптери – "План Б", "Симулянттар", "ЖинМЭН" тасмаларына, Нурлан Насиптин "Карындаш", Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" аттуу ырларынын клиптерине жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарнамалык ролигине тартылган

– Салам! Маекти сенин актрисалык талантыңдан баштасак. Кайдан жүрүп бул чөйрөгө аралашып калдың?
– 3-классымда апам мени "Жаш-Кыял" бий ансамблине алып барган. Кийин ырчылардын артында бийлеген бир топто бийлеп калдым. Бир күнү мен бийлеген топ менен фотосессия өткөргөнбүз. Аны Съездбек байке көрүп калып, мени "Аруу кызым" аттуу ырынын клибине тартылууга чакырды. 2015-жылдын акыркы айларында аталган клипке тартылдым. Анын артынан эле Нурлан Насиптин "Карындаш" аттуу ырынын клибине тартылууга сунуш түштү. Клипке тартылып жатканда "ЖинМЭН" тасмасынын жаратуучулары кастингге чакырышты. Ага да катышкам. Клипке тартылып бүткөндөн кийин фильмдеги негизги каармандын ролу мага буюрганын айтышты. Биринин артынан бири болуп жатып эле актрисалыкка келип калдым.

– Бул жаатта тажрыйбаң же билимиң жок кыйналган жоксуңбу?
– Аябай оор болду. Тасманын артында иштеген адамдар тартуу иштери башталгыча көп убакытка чейин мени даярдап жүрүштү. Ошондуктан ушул жылы башка окууга которулайын деп чечтим. Чыгармачылык жаатында билим алышым керек экен.

– Көпчүлүк ата-эне ырчылык, актрисалык кыздар үчүн ылайыктуу кесип эмес дешет...
– Биринчи жолу клипке тартылганымда апам "азаматсың" деп аябай кубанды. Себеби ал өзү чыгармачылыкка жакын болгон экен. Режиссёр болоюн дегенде туугандары көнбөй коюшканын айтты. Апамдын бир тууган сиңдиси ди-джей Нурзада Жолдошева гана чыгармачылыкка жакын кесипти аркалай алыптыр. Ошондуктан менин тандоомо эч кандай каршылык көрсөтпөй, колдоп турат.

– Азыр апасын же атасын продюсер же менеджер кылып алгандар көбөйдү. Сенде да ошондойбу?
– Жок, апамдын өзүнүн жумушу бар. Болгону мен үчүн санаа тартып, "жаман жолго түшпө, азгырылба" деген кеңештерин берет. Анан тасмага тартылуу боюнча сунуш түшсө, келишимди жана сценарийди окуп чыгат. Мен муну апамдын мага болгон камкордугу деп түшүнөм.

– Айылга барганда туугандарың сени менен сыймыктанып калышса керек?
– Ооба, мурун Нурзада эжемди кеп кылып "мына, бул баягы ырчы кыз" дешсе, азыр мен барсам "сен клиптеги кызсың да, ээ?" дешип көчөдөгү тааныбаган адамдар деле сурай беришет. А мен мындайда өзүмдү ыңгайсыз сезем.

– Демек, атактуулук аздан келе баштаган го.
– Айылдагы эле учур болбосо, шаарда көчөдө жүрсөм эч ким деле тааныбайт (күлүп).

– Жок дегенде көз арткан жигиттер көбөйгөндүр?
– Жок, баары мурдагыдай. Мен жумушта жумуш боюнча гана сүйлөшүп аша чаап бараткандарды учурунда токтотуп коём. Балким ошол себептен ашык болдум деп артымдан ээрчигендер жок чыгар. Бирок мырза досторум бар, алар убакыт менен текшерилген сырдаштарым.

– А сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Жок. Азырынча мамиле кура элекмин. Анын да ылайыктуу убагы келер. Көп адамдар "ырчы жигиттер менен мамиле курушуң мүмкүнбү?" деп сурашат. "Эч качан, эч качан" деп айтпа" дешет, бирок эч качан андай болбой эле койсунчу (күлүп).

– Байкашымча, жакын досторуңдун катарына апаң дагы кирет окшойт?
– Ооба, ал менин сырдашым, кеңешчим, сынчым. Кийген кийимиме чейин өзү тандап берет. Чынын айтсам, мен сатып алган кийимди баары бир апам жактырбайт, ошондуктан жакшысы, ал алып бергенин кийгеним туура (күлүп).

– Талапчыл эмесмин дечи...
– Оюмдагы нерсе болуш керек деп көгөрүп отурбайм. Жадакалса мени таарынткан адамдарга да көпкө таарына албайм. Бат эле унутуп калам. Өзүм капа кылсам дагы эсимден чыгып кетип эч нерсе болбогондой сүйлөй берем (күлүп). Ошондой учурда "сен мени таарынтып койбодуң беле?!" деп коюшса кана.

– Үй-бүлөң тууралуу кененирээк айтып берчи...
– 3 бир туугандын улуусумун, 18 жаштагы Тагай-Бий жана 8 жаштагы Илгиз аттуу инилерим бар. Апамдын аты Гүлзада, атамдын аты Айдар. Улуу иним менин чоң жардамчым. Тартылуу иштеринен бошобой калганда дайыма үйдөгү жумуштардын баарын жасап, апама жардам берип турат. Анын бар экенине ушунчалык ыраазымын.

– Маегиң үчүн ыраазычылык.

Көчмөндөр оюндарынын жарнамасынан.


Актриса тартылган "Карындаш" аттуу клиптен кадр.


(Сүрөттөр Назбийке Айдарованын өздүк архивинен алынды)
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Актриса Назбийке Айдарова: "Келбеттүү жигиттер жагат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
18.01.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тажадым ушул окшогон ХХХ ХХХ коомго жайылып жатканына
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-18 12:16:53
18.01.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bakaiBBBB, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
19.01.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
admin_superstan, чала сабат деген да бироого шек келтиргенге киреби? Окуусун буто элек болсо чала сабат болобу анан!
18.01.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат, кыргыздын кызы ушундай болот. Мага да ушундай жаркылдаган жар жолукса
18.01.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча жонокой кыыз )
18.01.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik
18.01.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Аябай кубанып турам!
18.01.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
18.01.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик , азаматсын
SUPER.KG видео
19.01.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Татынакай кыз экен бактылуу бол. Кыргызымдын мыкты жигитине баш кош. Бирок Нурзада сага аябай эле уйротуптур суйлоо речинди
19.01.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Угуп отуруп кыйналып да кулкум да келди, дагы не дейт экен деп кызыгып отуруп кордум. Эми не дейм орус тилдуу кыз экен корунуп турат кыргызча кыйналып суйлоп жатканы. Кээ бир белгилуу ырчы кыздарга караганда кыргызчаны билет экен. Тили жаны чыккан кыздай суйлойт экенсин. Мага жактын))))
20.01.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылдашым экен, кызык Нурзада Жолдошованы тааныйм, бул кызды тааныбайт экенмин, кантсе да ийгилик...
20.01.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу кыз экен.Клиптерди көргөндө байкаган эмесмин, бирок жарнамадан көрүп суктанган элем. Бактылуу бол, максаттарына жет!
20.01.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу экен.
21.01.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалал-абадтын кыздары ото сулуу болушат, анча-мынча жигиттерди кидала кылып коюшат-дейт беле... (тамаша)
23.01.2017. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөнөкөй кыз экен мага жакты )))
23.01.2017. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз деген ушундай болуш керек)))
23.01.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой кыз экен адбан жакты бринчи жолу интервью берген кызды жактырып калдым ийгилик калайм
23.01.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокой ,сымбаттуу , сулуу ,адептуу кыз экенсин. Мен сени Омарга окшоттум. Бет тузулушун,суйлогонун жана эриндерин окшошуп кетет экен.
24.01.2017. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай жасалмасы жок татынакай кыз экенсин, ушунундан жазбагын. Менин 94-жылкы уулумдун бешенесине сендей жаркылдаган кыз туш келсе аябай кубанат болчумун, сага жакшы кайнене болор элем, бактылуу бол Назбийке!!!
24.01.2017. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Э Супербек болбогон нерселерди жаза берип менин чумомду чыгырдынар ? Мага бул кызык эмес, кызыктуурак жанылык жокбу? Бул таппасан сыйпалап кал дегенге окшошуптур.
SUPER.KG видео
25.01.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииии аябай жакшы кыз экен. Максаттарына жет!!! Кийингени жакшына, жонокой. Обычно жарым жыланач болуп, тошторун же сандарын корсотуп интервью беришет го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо