Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН САБАЛДЫ?

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Жумуш жоктугунан улам көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, нан таап жүрүшөт. Мекендештерибиз эң көп иштеп жүргөн өлкөлөрдүн катарына Орусия, Казакстан кирсе, андан кийин эле Түркия кирет. Бөтөн өлкөлөрдө иштеп жүрүп айрымдары көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрүшөт. Акыркы 1 ай ичинде Түркияда 2 кыргыз кызы сабалды. Анын бири катуу сабалгандан улам комага түшүп, дагы деле ооруканада. Анын сексуалдык кулчулукка сатылганы айтылууда. Экинчисин болсо кыргыз эле кыздары "сен кыргыз кыздарды түрктөргө кулчулукка сатасың" деп күнөөлөп сабап жатканы интернет булактары аркылуу желдей тарады.

КЫЗЫНЫН АМАНДЫГЫН ТИЛЕГЕН АТА-ЭНЕ

Узаган жылдын 21-декабрында Түркиянын Анталья шаарындагы Коркутели районунда жолдун боюнан катуу сабалып, эс учун жоготуп койгон абалда жаткан жаш кыз табылган. Жанында эч кандай документтери жок болгондуктан, анын ким экендиги бир топко чейин аныкталган эмес. Жабыркаган кызды биринчи Коркутели районунун ооруканасына алып барышкан, бирок абалы оор болгондуктан "Ак-Деңиз" университетинин ооруканасына которушкан. Элина Эргешова аттуу мекендешибиз кыздын сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарып, аны тааныгандарды издеп кайрылган. Кийин туугандары табылып, анын 21 жаштагы М.Н. аттуу Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну экендиги аныкталган. Бул боюнча жабырлануучу кыздын атасына байланышканыбызда, ал "кызым дагы деле комадан чыга элек. Баштапкы абалынан бир аз жакшырып, көзүн ачып калганы менен, эч нерсени эстей албай жатат. Бул кабарды 28-декабрь күнү угуп, ошондон бери ден соолугум жакшы болбой жатат. Апасы 7-январь күнү Түркияга учуп кеткен. Азыр кызымдын жанында. Өзүмдүн жалпы жарандык паспортум бүтпөй жатат, бүтөрү менен мен да барам",- деп билдирди. Кызынын Түркияга качан кеткени, ал жакта эмне иш кылып жүргөнү тууралуу сураганыбызда, "кызым аман-эсен айыксын, анан баары белгилүү болот" деп жооп берди.
Мекендешибизди ушул абалга алып келгенге шектелип Түркиянын укук коргоо кызматкерлери тарабынан 3 адам кармалган. Алардын бири киши өлтүрүүгө аракет кылуу, экинчиси мажбурлап сойкулукка иштетүү боюнча айыпталып жатканы айтылууда. Түркиялык басылмалар мекендешибиздин сексуалдык кулчулукка сатылып кеткендигин жазып чыгышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, маалымат кызматкери Айымкан Кулукеева азырынча бул маалымат тастыктала электигин, түркиялык укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

КЕЗЕК "ПАТРИОТ" КЫЗДАРГА ЖЕТТИБИ?

Бул жуманын башында да социалдык тармактарга 2 кыргыз кызы дагы бир кызды сабап жаткан видео тарады. Анда 2 кыз колдору электр зымы менен байланган, бети канжалаган кызды диванга отургузуп алып "сен канча кызды саттың?" деп суракка алганы тартылган. Өтө "балит" сөздөр менен сөгүнгөн кыздар байланган кыздын оозуна кандайдыр бир суюктукту зордоп ичиришкен. Ошондой эле алардын жабырлануучуну "сутенёрша болуп иштейт, толтура кыргыз кызын бул жакка алдап алып келип, түрк жарандарына сатат" деп күнөөлөшкөнүн угууга болот. Жабырлануучу ал жерде 18 жашынан бери иштерин, андан бери 4 жыл өткөнүн айткан. Тиги кыздар бул кыздын кылыгы үчүн анын "тилиңди чыгар, кесебиз" деп коркутушканы да бар. Бул видеону "Кабарлар" сайтына бир окурман жиберип, "жабырлануучу кыздын аты Эля. Телефонун жана документтерин аны сабаган Малика жана Бегимай аттуу кыздар жок кылып салгандыктан ал азыр иммиграциялык полицияда. Малика менен Бегимай азыр Стамбулда. Номерин таап, алар менен сүйлөшкөнүмдө, мени да коркутушту" деп айткан.
"Бул видео Түркиянын Измир шаарында тартылган деген божомолдор бар. Тышкы иштер министрлиги бул видеодогу окуя, андагы кыйноого катышкан жарандар, окуя кайсы жерде болгон, кимдер катышканы тууралуу тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Түркиядагы элчиликке жана Стамбулдагы Башкы консулдукка тапшырма берген. Бирок, бул видео Түркиянын аймагында эле эмес, башка аймакта мисалы, Кыргызстанда тартылышы толук мүмкүн. Ошондуктан бул боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары да тактоо иштерин жүргүзүп жатышат",- деп Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.
Эгер чындап бул иштин тамырын кармап биле турган болсок, тараза ташы кыздар тарапка да оойт. Дегенибиз, бөтөн жерге барып аргасыздан аянычтуу тагдырга туш келгендер да бар. Бирок өз эрки менен ушул жолду тандагандар да кездешет. Андайлар деле жыргаганынан жаман жолго барбаса керек? Кээ бир ата-энелердин балдарынын ушундай жолду тандап алышына да түздөн-түз тиешелери бар. Анткени кызы же уулу башка өлкөдө иштеп, акча таап жөнөтүп турса болду, ал акчаны кантип таап жатканы аларды кызыктырбайт. Канткен күндө да ар бир аялзатынын сүйүктүү жар, сүйкүмдүү балдардын энеси болуп, татыктуу жашоого укугу бар.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(25)
18.01.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахыым шыпасын берсин э
18.01.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ботон жерде иштеп жургондорду озун сакта.
18.01.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым ынсап ыйман берсин баарыбызга.
18.01.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне дешти да билбейсин
18.01.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калония мындайча айтканда одеклон ичириб жатат бул туркияда эле тартылса керек
18.01.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качанга чейин жарандарыбыз чет элде кор болушат?
18.01.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ тооба кылдым карга да карганын козун чокубайт'Биз адамбыз гоо акыры!
18.01.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ата энеси кызын ойлобойбу жалгыз не болду деп же чынле баарыбирби сойку, (проститутка ) болсо деле?
19.01.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоо коркунучтуу болуп кеттат го,он козун сол козуно душман деген заманга келип калдык окшойт...
19.01.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чыныгы мусулман эркек энесин,эжесин,карындашын,аялын,кызын Түркияга,Москвага эмес,жада калса Меккеге да жалгыз жөнөтпөйт.Ар дайым АЛЛАХТЫН ак жолунда жүрүп,намыска бек туралы Кыргыз жигиттери!!!
Ali-91 түзөттү 2017-01-19 03:09:54
19.01.2017. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым шыпаасын берсин ар бир Кудайымдын пендесине ыйман ынсап ынтымак журогуно боорукердик берсин Аллахым озу туз жолго салсын Аамин
19.01.2017. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ekin4i videonu kaerden korso bolot
19.01.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jesika, саламатсызбы? http://www.super.kg/media/uservideo/181919/
19.01.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адамга кылган жакшылыгын дагы жана жамандыгын дагы озуно кайтып келет!Сабаган кыздар дагы эне болушаар,кыздуу болушаар...
19.01.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздар жердештерин алдап Туркияга алпарып пол жууп иштейсин деп алдап чакырса ишенет да бул жактан барган кыздар.анан алар алдап аз акчага азгырылып жердештерин сатса ал жакта иштеген кыргыз кыздар билип калса керек.оз алдынча жазалашкан окшойт да.Москвада да аз акчага азгырылып азерлер мн жургон кыздар аз эмес.коруп журбойбузбу.
jansezim26 түзөттү 2017-01-19 11:03:17
19.01.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла шыпасын берсин,кайтар дуйно деп койот баары кайтат
19.01.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыргаганынан бул ишке барбаса керек деп туура эмес жазып жатасыздар урматтуу супер инфо...туура алданып мажбурлоо жолу менен мындай тагдырга туш келип калгандарды тушунууго болот жана жардам беруу керек а бирок женил акчаны коздоп оз калоолору менен мындай жолдо жургондорду кечирип болбойт.мен дагы турцияда 4 жылдан бери оорулуу бала карап иштейм. Жана толтура тааныштарым бар тыпыйып эле бала багып уй жыйнап иштеп журушот.коп кыздар мындай жумуштан качып эркиндикти каалап баштарына балээ уйуп
20.01.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 ден сакайып кетишин каалайм ботон элде ботон жерде кыйналып журбой оз элибизге келип мусаапыр болбой ачка калсада тынч оз элинде журушту насиб этсин Парбадигарым.
20.01.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен одноклассниктен бир кызды кордум ачык эле жаш кыздарды Туркияга сойкулукка чыкырып жатканын
20.01.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
патриот балдардан кыздарга өттүбү эми. Аллах сактасын.
22.01.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элимди Аллахым озу колдосун. Ылайым ынтымак берсин, биримдик берсин. Заманыбыздан кандай гана аянычтуу кундор орун алып жатат. Эх Жаратканым, озунун козун туз болсун.
23.01.2017. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Туркияда 2 жыл иштедим бала бактым, 3 этаж уйду жыйнап жууп тамак жасадым. Жумуш оор болсо да конулун ток,хозяйкам ото жакшы эле,кызы да мага эжесиндей мамиле кылчу.Жашаганым ичкен жегеним бекер эле.тапкан акчамды ата энеме салып аттым.Озуно сак болсон Кудай да сени сактайт.азыркы заманда тааныган кишиге деле ишенич жок. Кыбырап бир жерде иштей берсен ак иштин акчасы да адал болот.
23.01.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимге Аллахым ыйман берсин
24.01.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон жерден сабабайт эле куноосу барго ушу
12.02.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп кыздарды сатса алар кыйналатда сексуалдык кулчулука кабылып ичи атышып айерден чыккан кыздар шашпа десе керек да куноосу болбосо неге сабайт эле .жакшы кылыптыр сабап анан эмне кыздары туркторго салып берип жыргасынбы озу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо