Гүлзинат Суранчиева: "12 ЖЫЛ КҮТКӨН УУЛУМ ТӨРӨЛГҮЧӨ ЭМНЕНИ ГАНА БАШТАН ӨТКӨРГӨН ЖОКМУН"

№741 13-январь-19-январь, 2017-ж

Өтүп кеткен жыл маданият өкүлдөрү үчүн жакшы жылдардан болду. Түтүн булаткандар, үй-бүлөдө көбөйүүлөр көп болду. Гүлзинат Суранчиева да бир топ жыл бала жытын сагынып жүрүп уулдуу болду. Анда кеп учугун ырчы айым өзү уласын.

– Саламатсыңбы, Гүлзинат? Өтүп кеткен жыл сен үчүн жакшы жылдардан болду десек жаңылышпайбыз, уулдуу болдуң дегендей...
– Саламатчылык. Сөз башында кыргыз элимди жаркырап кирип келген 2017-Жаңы жылы менен куттуктайм. Бул жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай алып келсин! Өтүп кеткен жыл мен үчүн өзгөчө жылдардан болду. Анткени ак эткенден так этип жүрүп, наристе жытын искедим. Кызым менен уулумдун ортосу 12 жаш. Эки баламдын жаш курагы алыстап кетпесин деп буга чейин аябай аракет кылдым. Мен барбаган дарыгер, табып калган жок. Курбуларымдан, тааныштарымдан "бул дарыгер жакшы экен" дегенди уксам эле жөнөп калчумун.
Буга чейин эгиз балдарым боюмдан түшүп калган. Аларды УЗИден билгенден кийин элдин баарына жар салып сүйүнчүлөгөм. Боюмдан түшүп калганда "көз тийип кеттиби, элге айтпай эле койбой" деп ичим ачышып калды. Ошондо катуу депрессия болдум, эстегенде азыр да ыйлап жиберем. Кыскасы, уулум төрөлгүчө эмнени гана башымдан өткөргөн жокмун. Бул сапар боюмда бар экенин эч кимге айтпай, жашырып жүрүп төрөп алдым. Ичимден уул төрөп алсам экен деп кабатырланып, жүрөгүм түпөйүл тарта берчү. Ошол санаамдан кутулуп жан дүйнөм тынчып калды.

– Уулуңа азыр канча ай болду, аты ким?
– Кызымды Рузана деп атасы койгон. Уулума Рауль деген ысымды койгум келген, бирок чоң атасы Ибрагим деген ат ыйгарды. Ибрагим азыр 10 айга толду. Кылыктары чыгып көзгө көрүнүп калды. Жолдошум экөөбүз тең баланын жытын сагыныптырбыз. Баса калып өпкүлөйбүз.

– Бала багуудан алыстап калыптырсыңбы?
– 12 жыл чоң убакыт да, бала бакканды таптакыр унутуптурмун. Башында аябай кыйналдым. Мен жардамга чакырбаган жакындарым калган жок. Кайненем, өзүмдүн апам, эжем, сиңдим, жеңем жардамдашышты. Биринчи жолу эне болгондой эле болдум. Кантип киринтиш керек, кантип жалаягын которуш керек, кыскасы, баарын башынан үйрөндүм. Ата-эне статусун алганда экөөбүз тең жашпыз да, кызымды эмне кылып чоңойтконумду деле билбейм. Анын үстүнө кызым аябай жоош болчу, мага кыйынчылык деле туудурган эмес. Азыр балабыз ооруп калбасын деп ар бир нерсени китептегидей жасап жаткан чагыбыз. Кызым болпоюп эле жата берчү. Уулум укмуш кыймылдуу, алам дегенин алат, колундагысын бергиси келбесе бербейт. Артынан жүрүп арыктап кеттим.

– Чыгармачыл адамсың, ыр жаздыруу, тойлорго баруу деген бар, анын үстүнө мугалимсиң, наристеңди ким карап жатат? Бала багуучуң барбы?
– Бала багуучум бар. Ансыз менин "крышам" кетип калат го. Негизи жаңы төрөгөн аялга сиңдисиби, чоң энесиби, жардамчы сөзсүз керек. Биздин бала багуучубуз жакшы аял, мен ага ишенем. Баламды аябай жакшы көрөт. Тойго кетемби, концерткеби, көңүлүм тынч жүрө берем.

– Жентек той берип, ага-туугандан бата алдыңарбы?
– Кайын-журтумду, өзүмдүн туугандарымды чакырып кан чыгарып бата алганбыз. Бирок чоң той бере элекпиз. Менде дагы бир жакшы жаңылык бар. Жолдошум экөөбүз там салып, жаңы үйүбүзгө көчкөнбүз. Жазында тамдын тою, уулумдун тою кылып, жакын санаалаштардын баарынын башын бириктирели деп турабыз.

– Эми чыгармачылыгыңа кайталы, эмне жаңылыктар бар?
– Жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин. "Энекем" деген ырым чыкты. "Бийле" деген ыр жаздырып жатам. Ушул эки ырга жакында клип тарттырам.

– Токмок тараптагы белгилүү эс алуу жайларынын биринде ырдайт деп уктум, чынбы?
– Ал жакка атайын чакыруулар менен көп барам. Дайыма иштегенге жаш балалуу айымга кыйын болуп калат го.

– Чыгармачылыктын казанында кайнап жатканыңа көп жыл болду, мамлекеттик наамдарга аракет кылып көргөн жоксуңбу?
– Ооба, туура айтасың, чыгармачылыкта кичинемден бери эле жүрөм. Башкача айтканда музыкалык мектепте окудум. 4-класста республикалык кароо сынакта 1-орунду алып, Москвадан 5 жыл стипендия алдым. 2000-жылы пианисттердин эл аралык сынагында баш байгени жеңип, Президенттин "Алтын шаты" стипендиясынын ээси болгом. 2008-жылдан тарта жеке ырчы катары эл аралык сынактарга катышып, Астана шаарынын 10 жылдыгына карата уюштурулган сынакта 1-орунду жеңип алгам. Ошондо жолдошума телефон чалып "1-орунду алдым" деп ыйлаганым эсимде.
Орусиянын "Беш жылдыз" эл аралык сынагына бардым. Тандоо турунда финалга Мирбек Атабеков экөөбүз чыкканбыз. Биздин калыстар "экөөңдү тең таарынтпайлы" деп экөөбүздүн резюмени, ырларыбызды Орусиядагы уюштуруучуларга салышып "өзүңөр чечкиле" дешкен. Жыйынтыгында мен барып "Сочи шаарынын көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүгү" наамына татып кайттым. Кыскасы, ата мекендик, эл аралык сынактарда көп ийгиликтерге жетиштим. Мунун баарын эмнеге айтып жатам? Анткени мамлекеттик сыйлык алып жаткан адам бир нече этапты басып өтүшү керек деп билем. Биринчиден, наам алган адамдын музыкалык билими болушу керек. Экинчиден, ата мекендик, эл аралык сынактарда орунга илинүүсү шарт. Анан ардак грамота, андан кийин Эмгек сиңирген артист наамын алуу кажет. Мыйзамды сыйлаган адам катары бардык этаптарды өзүмдүн эмгегим, талантым менен өттүм деп эсептейм. Сыйлык алчу күндөрүм алдыда деп ойлойм. Эл аралык эмес, ата мекендик сынактарга катышпай туруп алгандарга "сыйлыгыңар кут болсун!" демекчимин.

– Жеке ишкерлик кылайын деген оюң барбы?
– 4-5 жыл мурун 2 квартираны бириктирип сулуулук салонун ачып иштетип көргөм. Мага бир жерден жылбай иштеген жарашпайт экен. Моюнунан байлаган иттей болуп 1-2 ай иштеттим окшойт, анан ижарага берип салгам. Азыр ишкерлик кылайын деген оюм жок.

– Рахмат маегиңе, бешик бооң бек болсун, оорубай, аман-эсен чоңоё бергиле.

"Кызым инисин аябай жакшы көрөт. Эшиктен кирип келгенде ыйлап калса, “карабайсыңарбы, эмне отурасыңар?” деп атасы экөөбүздү урушуп, бизден биринчи чуркап барат".


"Беш жылдыз" эл аралык сынагында "Сочи шаарынын көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүгү" наамына татыдым".


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg


12 жылдан кийин уулдуу болгон Гүлзинат Суранчиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(77)
19.01.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошентсе да эл аралык сынактарга катышып женуучу аталып журот азамат.Ишине ийгилик уй булосуно бакыт.
19.01.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын! Озун тородунбу же кээ бир замандаштарын кумон санагандай багып алдынбы, азербу, кыргызбы... Айтор кантсен да сен энесин. Наристен кут болсун. Омуру, ден-соолугу менен берген болсун Жараткан. Бактылуу бол.
19.01.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гавайиде ырдап жургонун коргом, жайында. Ошондо 2-3 айлык баласын калтырып коюп ырдап журдубу?
Медиа-портал
19.01.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аябай ачык-чындык кылып айтп бериптир-Гулзинат эже очень рады за вас, баланыз баатыр болуп оссун. эми соонун ыр-клиптерди кутобуз сизден.
19.01.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Фиолетовый тустогу кийими устунон тушпойт. Сочиге барып келгенден бери. Мне все фиолетово дейт окшойт ко. Кызына дв ошондой тустогу кийим кийгизиптир
19.01.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер жамааты маеке келген мейман жалан кыргызча суйло керек деген эреже киргизип койсонор кыргыз тилинин онугушуно чон салым кошкон болот эленер
19.01.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен он жыл кутуп торогон эгиз кыздарымы эччч кандай нянкага ишене албайм.
19.01.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анан да кыргызча эле суйлосон не болосун а. Кыргызча жакшы эле билет экенсин го. Кантип таанышып калды болду экен а куйоосу мн. Походу бай го дейм
23.01.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibek-0001, такталбаган маалымат жазып башкалардын башын чаташтыруудан алыс болуңуз. Эскертүү!
19.01.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тантырабай кыргызча суйлосо жакшы болмок.
19.01.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо жамаатынын катачылыгы келген меймандарды кыргызча суйлогуло деши керек эле.
20.01.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун уулунуз. Ийгилик каалайм мурда коп жакчу эмес Гулзинат эже эми бул интервьюсунан к.н жагып калды. Жашарып кетиптирсиз озу эле торогону билинип эле турбайбы. Аны тороп коргондор билет.
20.01.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
өмүрү узуун манастай баатыр жигит болсун
21.01.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыгул бадыевадан интервью алгылачы админ алдын ала рахмат
21.01.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
админ Айсанат Эдигеевадан интервю алыныздар.
23.01.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
farida.kg.1991, Kalmurzaev8900, саламатсыздарбы? Сунушуңуздар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
21.01.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул жерде да акыйнек айтышып жатасыңар эээ,не жок дейм да... бактылуу болсун эжекебиз, баласынын өмүрүн берсин.
21.01.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынч,бакубат болгула.Уул кыздарынардын кызматын коргуло.
Медиа-портал
21.01.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин ишинер канта, багып алдыбы же озу тородубу ,эн башкысы бактылу болсун, наристеси денсолугу чын ширин бобоктордон болсун,бирого сын такканды кыйын билебиз .
22.01.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай күндө болгондо да балалуу болду да бирөөнүн айыбын ачканга машпыз да эмне ишиңер бар дейм да
22.01.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошу Кыргызстандыкпы?
22.01.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы супер инфо сизге суроо кичине кезибизде Алтынай деген кичине кыз ырдачу бийлеймин бийлеймин таанатпай, таарынчак деген жакшы ырлар радиодон берилчу оркестр менен ырдаган. Азыр ошол кыз жонундо бир да макала жок сураныч маалымат Берип койсонуздар
23.01.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamek10, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
22.01.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоосунун улуту эмне?
23.01.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,азер
23.01.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир адамды ушундай кубанычка жеткирсин.
23.01.2017. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Багып алса соптун астында калыптыр да эжекебиз
SUPER.KG видео
23.01.2017. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудайым омуру менен берген болсун. Акыл эстуу балдардан болсун. Артистер депутаттар кыргызча так суйлой албайстарбы? Ырас Кыргыз тилин билбесениз сразу эле орус тилинде суйлонуз да. Жарымы орусча жарымы кыргызча кылбастан. Озунуз деле кийин корсонуз уялат болушунуз керек. Окуп калсаныз го капа болбонуз. Мейлиниз эми уулдун урматын кыздын кызматын корунуз.
23.01.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы? Уулунуз акыл эстуу, ыймандуу, омурлуу, бактысы менен болсун!!! Ишинизге ийгилик!!! ООба бала жоготуу аябай оор сизди тушуном. Менин башымдан да откон. Бактылуу болунуз!!!
23.01.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыздын сулуу кыздары башка улуттан торогону конулду чоктурот. Таза кыргыз торолсо, кыргыз каны аргындашбаса деген тилек. Кантсе да уулунун омурун узун кылсын, бакыт берсин.
23.01.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланыздын омуру узун болсун!Багып алды деп айтканга к антип оозунар барды б илип билбей т уруп бироонун конулун ооруткандан эргуу аласынарбы
23.01.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын ойунар эле укмуш го,багып алган баласын деп,созсуз негатив издеш керек да ээ?жон эле омурун берсин деп жакшы жагын караш жок тооба.
Медиа-портал
27.01.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такыр уятынар жок кээ бироонордун.Кийин баласы окуса эмне болот.Тородубу багып алдыбы ишинер эмне дейм да.Козумдон жаш куюлуп кордум.Аман эсен чонойсун.
03.08.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу мн чын эле жашайбы? Окшошпойт го анан дагы чогу суроттору акыркы убакта жок
Feride89 түзөттү 2017-08-03 14:58:51
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо