«ЭКИ МАС АДАМ УБАЛЫМА КАЛДЫ»

№386 26-март - 1-апрель, 2010-ж.

Тагдыр

Ар кыл тагдырлар бар. Бирине уу сунуп, экинчисине бал сунган тагдыр бүгүнкү каарманга да каарын салгандай. Редакцияга балдак менен кирип келген Мээримдин аянычтуу тагдырына өзүңөр күбө болгула.

«ТӨРТ ЖАШЫМДА БУТУМДАН АЖЫРАП...»
– Мен деле азыр курбуларымдай болуп өз бутум менен басып, балким, мээримдүү эне, сүйкүмдүү жар болот белем? Томпоңдоп ойноп жүргөн төрт жашар наристе кезимде кырсыкка туш болдум. Жолдун четинде ойноп жүргөн мени КамАЗ сүзүп кеткен. Кийин уксам, айдоочу мас абалында машина айдагандан улам кырсык болгон экен. Кырсык болору менен апам менен атам эмне кыларын билишпей, ооруканага чуркашат. Башкы дарыгер ошол учурда конокто отуруптур. Андан башка сабаттуу дарыгер жок болгондуктан, аны мас абалына карабай алып келишет. Дарыгер мастыгы менен менин жабыркаган оң бутумду сандан өйдө кесип салат. Кичинекей болсом да, ошол күн бүгүнкүдөй эсимде. Эмнегедир наркоз да берген эмес. Бутумду кантип кесип жатканын, темир скальпелди (хирургдун бычагы) азыркыга чейин элестете алам. Ал элестен азыркыга чейин денем дүркүрөйт. Ошентип, эки бирдей мас адам менин убалыма калып, түбөлүккө майып атка кондум.
Кийин борборго алып келишкенде бул жактагы тажрыйбалуу дарыгерлер “бутуңду бекер кестиргенсиң. Тизеден ылдый болгондо сөөктөрдү чогултуп, бутуңду калыбына келтирүүгө болот эле” дешти. Адамдардын ушунчалык кайдыгерлигине таң калам. Мени майып кылган айдоочу да, бутумду жок жерден кесип салган дарыгер да кийин менден кабар алып коюшкан жок. Атам милиция кызматкери болгондуктан, айдоочунун туугандары “атасы милиция кызматкери экен. Бизге күч колдонуп жатат” деген куру жалаа менен араң үч жылга кестириптир. Баарынан да “өзү чыга калган. Ата-энеси жакшы карабайт беле” деген сыяктуу ойлорду айтышыптыр. Атам болсо "Кудайга койдум, Кудай өзү жазалайт" деп эле тим болуптур. Айдоочу үч жыл отуруп чыгып кетти. А мен өмүр бою балдак менен басып, майып аталганымды кимге айтам?! Ал айдоочу менин түбөлүккө майып болуп калганымды деле билбейт болушу керек. Эмне дейм, ал кишинин деле үч кызы бар экен. Баары бир менин бейкүнөө аккан жашым, тагдырым ал адамды жөн койбосо керек.

ТУРМУШ СЫНООСУ
– Менин кырсыкка кабылганым үй-бүлөмө да залакасын тийгизди. Оорулуу адамды багыш да оор экен. Атам мени ойлоп жүрүп, инсульт болуп каза болду. Өзүбүз миң-куштук болобуз. Бирок турмуштун айынан Бишкекке көчүп келип, батирде туруп калдык. Апамды, бир туугандарымды жакшы эле кыйнадым. 9-класска чейин орто мектепте окудум. Ошентип, эл катары бойго жеттим.
Күндөрдүн биринде менин көңүлүмдү Талант аттуу кошуна жигит буруп, экөөбүз тил табышып калдык. Ага чейин деле балдар менен сүйлөшүп калчумун. Алгач көптүн катарында эле мамиле жасачумун. Кээде үстүмө үйрүлө калган учурларын, мага болгон мамилесин аяныч катары эле кабыл алып жүргөм. Бирок ал мени сүйүп калган экен. Бир күнү эле “Мээрим, мен сага үйлөнгүм келет” деди. “Сен муну жакшылап ойлонуп туруп айтып жата­сыңбы? Өмүр бою майып адам менен жашоого куду­ретиң жетеби?” дедим. “Мен сени эч кимге кор кылбайм. Бизде баары жакшы болот. Мен сенсиз чын эле жашай албай калдым” деди.
Канчалык ишенбейин десем да ишендирди. Мен деле адаммын да. Менин да жүрөгүм, сезимим, от болуп кайнап турган жаштыгым бар. Талант ала качып кеткенде каршылык көр­сөтпөй эле отуруп калдым. Канчалык бул кадамдын артын ойлоп турсам да, макул болдум. Бул күндөр менин жашоомдогу эң бактылуу күндөр болчу. Бардык иштерди экөөбүз чогуу кылып, Талант менин майыптыгымды кайын журтума билгизбегенге аракет кылчу. Мен деле созулуп отуруп албай, колумдан келген ишти кылчумун. Бир күнү Таланттын теңтуштары мени көргөнү келишиптир. Чай ичкенден кийин сырттан балдардын үнүн угуп калдым.
– Талант, досум, эмнеге мындай кызды алып алдың?- деди бири таңыркап.
– Сүйүп калдым,- деди Талант.
– Сүйүү сүйүү менен. Бирок өмүр бою бул чолок менен кантип жашайсың?
Бул сөз жүрөгүмдү тепчип өттү. Мени кордогондон эмес, “ушул сөздү Талант кантип көтөрүп жатат?..” деген ойдон жүрөгүм кысылды. Көрсө, сүйүү турмуштун катаалдыгын көтөрө албайт тура.

«ДОСТОРУНУН СӨЗҮНӨ КИРИП...»
– Талант экөөбүз болгону жыйырма күн жашадык. Ага-туугандарынын, досторунун сөздөрү башкача таасир этти. Ортодон менин оорум да күчөп калды. Анткени бутумдун майыптыгы эле эмес, боордун циррозу деген дарт да жабышып алган. Боорум чоңоюп, ичим көөп кетти. Бул күндөрү Таланттын мага деген мамилеси өзгөрдү. Сөзү, колу тие баштады. Майыптыгымды күнөөлөчү болду. Мурда кандай көз менен карап алганына түшүнбөй мен ыйлайм. “Бутум жок экенин мурда эле көрбөдү беле, эми мени эмнеге эзип жатат?..” деген ой жүрөгүмдү оорутуп жатты. Кайненемдин да кирип-чыгып мени каарыганы көбөйдү. Ал кичине ичкиликке жакыныраак болчу. Бирок мен анын баарына чыдап жашап жүрдүм. Бул күндөрү боорумдун ооруганы да күчөп калган.
Талантка “мени доктурга алып бар. Кийин, балким, кеч болуп калат. Төрөп, мен да бактылуу болгум келет” деп жатып шаарга келдик. Анткени мен ооруканага көрүнүшүм керек болчу. Ошентип, өзүмдүн апамдын үйүнө келдик. Апамдар менен сүйлөшүп, чай ичип, бир аз отургандан кийин эле Талант ордунан туруп, бир жакка барарын айтты.

«ЭРТЕҢ КЕЛЕМ...»
– “Эртең келем...” деди маң­дайымдан өөп. Мен кала бердим. Бирок ошол боюнча ал мага кайрылган жок. “Эмнеге? Көз жашын куюлтуп ант берген сүйүүсү жыйырма гана күнгө жеттиби?..” дейм өзүмчө. Албетте, мен өзүмдүн абалымды түшүнүп эле турам. Мени дени-карды соо, Таланттай келишимдүү эркек өмүрлүккө жар кылып алыштын өзү эле чоң эрдик. Бирок ошол эрдиктин аягына жетсе эмне?! Талант мени таштап кеткенден бери жашоом ыйдан бүткөндөй эле ыйлай берем. Ар бир кылыгын, басканын, сүйлөгөнүн эстейм. Ушунчалык бир адамды сүйүп, ага байланып калам деп ойлогон эмесмин. Кусаланганымдан өзүмдү жинди болуп кетчүдөй сезем. Азыр деле мага сөз айтып жүргөн адамдар бар. Бирок алардын бири да мени кызыктырбайт. Таланттын мага кылган жаман мамилеси эсимден чыгып, жакшы кылык-жоруктары эле көз алдыма элестей берет. 21 жашта болсом да, өзүмдү 40ка чыгып калгандай, ушунчалык карыгандай сезем. Анткени мен 21 жылдын ичинде көп нерсени көрдүм.
Талант, эгерде бул макаланы окуп жатсаң, мага бир келип кетчи. Болуптур, мени менен жашай албасаң да, өзүң түшүндүрүп, коштошуп кетчи. Угушума караганда сен ичип жүрүпсүң. Мурда аракты оозуңа алчу эмес элең, балким, күнөөңдүн оордугу сени ушуга түртүп жаткандыр. Эгерде келип кечирим сурасаң, мен сени кечиргенге даярмын. Балким, ошол учурда ачууң менен же кимдир бирөөнүн сөзүнө кирип, менден кетип калгандырсың. Менин оюмча, бардыгын башынан баштаганга кеч эмес. Кантсе да “эртең келем” деген сөзүңдү унута албай жашап келем. Таң атса эле келип калчудай сезилесиң. “Эртең келем” дегениң кулагыма жаңырат. Сенин кеткениңе жарым жыл болсо да, келер күнүңдөн үмүт үзбөйм!

Ушундай окурман, айланкөчөк жашоодо эмне деген гана окуялар болбойт. Кандай болсо да, Мээримдин мындан аркы жашоосу жакшы жагына өзгөрүшүн каалайбыз. Мээримдин өзү каалагандай мээримдүү эне, күйүмдүү жар болушуна тилектешпиз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(24)
29.03.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээрим сен аябай сулуу кызсын, бактылуу болосун О.Э. Бактылуу бол! Менин дагы атым Мээрим менин сен менен подрушка болгум келет тел № ди калтырсан мен сага сонун нерселерди айтып берем, жашоодо дагы коп жашаганга жардам берем. Сен ыйлаба мен сени коруп атам сен аябай жакшы кызсын.Же ушул сайтка регистрация кылсан кунуго суйлошуп турабыз жакшы кал .
29.03.2010. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Мээрим сенин тагдырын татаал болуп калыптыр, сен эми кандай жол менен болбосун озун бактылуу кылган жолдору тандап кичине болсо дагы бактылуу болууга аракет кылып жашап жур башка айтаар созум жок. Ал эми Таланттын эрдик кылып сага уйлонгону учун мен ал баланы мээрими бар адам керчиликти сактаган жакшы бала экен деп мен дагы аны сыйлап калдым аны соз эле бузду окшойт "Талант кайрылып ордунду тап"
29.03.2010. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага баардык жакшылыкты каалайм,жана да Бактылуу бол!
29.03.2010. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим баары алдыда! Талант бир куну келет! Ал да чын эле куносун сезип жургондур!!!
29.03.2010. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде чын еле суйсо созсуз келет,адам жакшы умут менен жашарын барыбыз билебиз да Бактылуу бол Мээрим.
30.03.2010. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ne znay chto skazat ochen slojna chto to govorit. Dumay vremya lechit. Posle redaksii ya dumay ty naidesh svoy nastoyashuy polovinku. Ty devushka smotry krasivaya i umnaya ooochen jelay shtoby ty vstretila nastoyashego kavalera.
30.03.2010. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meerim baktyluu bol!!!
31.03.2010. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jindi suunun aynan kanday gana okujlar bolbogon....
Talantka bolso Allax jindi suudan aryluuga,tuura jolgo tushuruugo jardam bersin jana Meerimge dagy Allaxym os meerimin toksun!!!
Jer tegerek jana bir kunu jolugushat degen oidomun...
31.03.2010. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим мен сизди абдан бактылуу болушунузду каалайм.
31.03.2010. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теренинде кеп майыптыкта деле эмес. Буту-колу соо адамдар сизден да оор сыноолорду башынан өткөрүшөт. Адамдын сүйүү деген нерсеси көп учурда аны байлаган, кыйнаган эле бир сезим. Адатта адам аны журокто бапестеп, ого бетер алдейлейт. Антүүгө кенеш бербейт элем. Анткени ошенткен сайын бүт жашоонузду ээлеп, сизди торуна чырмап алат. Натыйжада озунун эле утуласыз. Таланттан озунузду озунуз гана бошото аласыз. Чындыгында бактыны
31.03.2010. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Натыйжада озунуз эле уттурасыз. Таланттан озунузду озунуз гана бошото аласыз. Бошонгонунуз эле жакшы. Чындыгында бактыныз сизге азыр сезилип жаткандай, сизден да алсыз адамдын эмес(Талантты ушундай бааладым, ал деле жакшы чечим чыгарган экен, бирок артык кылам деп, тыртык кылганы алсыздыгы да) Кудайдын анан озунуздун гана колунузда
31.03.2010. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депрессиядан чыгуунун эъ жакшы жолу, бул башкалардын кыйынчылыгын, кайгысын коруп, аларга жардам беруу деп айткан экен бироо. 100% чындык. Мен оз жашоомдо ынангам. Бироого пайдалуу болуунун кубанычын татып корунуз. Мен ишенем, сиз коп сонун иштерге жондомдуусуз.
31.03.2010. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы айтарым Таланттан бошонунуз. Кайрылып келеби, келсин, келбейби, озунузду, бактынызды ага коз каранды кылбаныз. Ийгилик каалайм. Кат жазcaныз болот. Debirad@yandex.ru
31.03.2010. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим кандайсын? Экообуз мындан уч жыл мурун Воронцовкадан жолугуп (тамашалап козум ачык деп сага айтпадым беле), тагдырынды айтып бергенинде эле сага боорум ооруган. Сага жолугуп, сенин кадырына жетпеген Талатты кутуп эмне кыласын, аны унут. Менин айтаарым коп капа болбой, отуп кеткен кунду эстебей, эртенки кун учун жашашын керек. Сени сыйлай ала турган, сени тушуно турган адамга жолугаарына мен ишенемин. Анткени сенин мунозундой адамдар чанда гана жолукса керек. Бактылуу бол. Кат жазсан, жооп
02.04.2010. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мээрим журогунду эзип ага окшогон ээрчиме жигиттерге жалдырабачы бакыт каалайм сага незнакомка
03.04.2010. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал бала чынында созуно кириптир. Биринчи ниети жакшы туз эле экен. Эми деле кеч эмес. Кагылып согулуп кайра эле келет деп ниет кылалы. болгону анын мээсине жакшы жетпей жатат окшойт.
29.04.2010. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ex Meerim emne deyt elem baktyluu bol!Sen suluusun jana baktyluu bol
10.06.2010. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте сен бактылуу болушка имеешь право. Бактылуу бол. А тигилер конечно жазаланышат. Тигил дуйно дагы бар
30.06.2010. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Мээрим Сенин бактылуу болушунду каалайм.Коздуу мончок жерде калбайт дейт ко сенин да келечегин алдыда , кудай деген кур калбайт баарын кудайдан умут кыл Жылдыз
03.08.2010. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kim bashynan otkorgondo gana Meerimdin balayn tuhuno alat. Bashynga kelse baytal jorgo...Meerim, Kayrattu bol. Ozungdu alek kylgan jumush kyl. Vremya Lechit.
11.09.2010. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим бул жашоо кызык.Ал эми сенин жашоон али алдыда,сенин журогундо тунук суйуу,умут бар.Жогоруда айтылгандай алты саны амандар да турмуштун сынагына туруштук бере албай келет.Бул эле эмес мындан да кучтуу суйуу келет.Андан коро жакшы тилекке умтул,женил унаага жетип ал
29.10.2010. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meerim men saga baktiluu bolushundu kaalaim jana u sen jalgiz umuttonom. Birok sen Talantti unutushun kerek bashka nerse menen alektenishin kerek.
05.01.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иншааллах Аллахым жардам берсин !!!!!
15.11.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сага ден-соолук берсин. Жаратканым ушул кыздан жакшылыгын аябасынчы. Талант эркек эмес экенсин сендей адамдарды жер которуп жургонунно тамберем. Суйууну аягына чейин чыгарсан болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо